спорт

Асылбек Таласбаев:
"Спорт -менин жан дүйнөмдүн булагы"
Кыргыз Республикасынын бокс боюнча бир нече жолку жеңүүчүсү, Бээжин олимпиадасынын катышуучусу (2008), Эл аралык Шопоков турниринин алтын медалынын ээси (2009), 27 жаштагы эл аралык деңгээлдеги спорт чебери Асылбек Таласбаев менен маек курдук. Анда сөз башынан болсун .
- Асылбек, кечээ жакында өткөн эл аралык мелдештеги ийгилигиң менен куттуктайм. Атаандашыңды багындырыш кандай болду?
- Рахмат. Анын да өзүнө жараша техникасы, тажрыйбасы бар мушкер. Чынын айтсам бул жеңишке жетиш мен үчүн анча деле кыйынчылык жараткан жок.
- Ал мушкерди мурда тааныйт белең?
- Кыргызстанда жашагандан кийин өзүңдүн ар бир атаандашыңды тааныйсың да. Бул мушкер менен мен спорттук жыйындарда, спаринг беттештерде, жолдоштук салгылашууларда беттешип жүргөн учурларым болгон. Андыктан мен бул атаандашымдын баардык кыймылдарын, соккуларын, коргонуу ыкмаларын билгениме байланыштуу аягында минтип жеңишке жетип отурам.
- Бокс менен канча жаштан баштап машыгып келатасың?
- Өзүм кичинекей кезден баштап эле спортко кызыкчумун, Кант шаарчасында турганыма байланыштуу ал кезде мен жашаган жерде бир эле бокс ийрими бар болчу. Кийинчерээк "Абдыш-Ата" футболдук клубу уюштурулуп, жакында эле күрөш ачылды. Мен кичинекейимден бокс менен алектенгендиктен башка жакка кылчайбай, бокс менен машыгып жүргөнүмө быйыл 12 жыл болду. Чынын айтсам, мен өзүмдү спорттон бөлүп карай албайм. Спорт менин жан дүйнөмдүн булагы десем болот.
- Спорттун дал ушул түрүн тандап алганыңа ата-энеңдин көз карашы кандай болду эле?
- Атам башында эле спортко баруума шарт түзүп берген болчу. Ал эми апам болсо энелик мээрими менен башында каршы болуп жүрдү. Бирок бара-бара жеңиштерге жетип, ийгиликтерди багынтып баштагандан кийин апам да менин эң жакын күйөрмандарымдан болуп калган.
- Эгерде сага чоң суммадагы акча сунуштап, кесиптик бокска өт десе кандай кылат элең?
-Эгер бокс сүйүүчүлөр арасында чыгууга мүмкүндүк берилсе, анда бармак эмесмин. Себеби, мен чет өлкөгө чыкканда эле туулган жеримди, элимди, шаарымды, туугандарымды сагынып куса болом. Ал эми кесиптик бокска болсо анда тереңирээк ойлонуп, үй-бүлөм менен кеңешип, анан жообун бермекмин.
- Бээжиндеги беттешүүлөрүң тууралуу да кеп козгосоң?
-Чындыгында чучукулак жакшы түшкөн болчу. Аракет кылып жарым финалга чейин барсам болмок. Бирок ошол учурда мелдештерге катышып жүрүп керектүү энергия топтой албай калып, утулууга аргасыз болгом. Эми келечек али алдыда. Кудай буюрса, андай ийгиликтердин дагы көбүн багындырабыз.
- Азыркы мелдеш сен үчүн кандай болду жана келечекке койгон максаттарың тууралуу айта кетсең?
- Бул мелдеш Бээжин олимпиадасынан берки биринчи мелдешим, үч ай тыныгуу алган соң туура бир ай даярдандым. Мен үчүн өтө оор деле болгон жок, жыйынтыгы өзүм күткөндөй болуп алтын медалдын ээси болдум. Буюрса, алдыда Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлөт, эми ошого даярдык көрө баштайм.
- Ийгилик сага Асылбек, спорттогу чоң жеңиштерди багынтып жүрө бер демекчимин.




Эл аралык турнир жыйынтыкталды
Бокс сүйүүчүлөр арасында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 35-чи эл аралык турнир жыйынтыкталды.
25- 30-январга чейинки созулган мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана КЭР мушкерлери күч сынашып, жалпысынан 160 тан ашуун боксчулар өз өнөрлөрүн элге тартуулады.
Беттештин финалдык ачылышында, алгач 60 кг салмак категориясында кыздар арасында беттеш өткөрүлүп, анда биздин өлкөбүздүн атынан Дене тарбия жана спорт академиясынын 19 жаштагы студенти Эшмамбет кызы Уркуя, Казакстан мамлекетинен келген спорт чеберчилигине талапкер Елена Тарасенко менен беттешип, элдин бүйүрүн кызыткан таймаш көрсөтүштү. Бул таймаш калыстар тобу тарабынан жолдоштук беттешүү деп табылып, жеңиш эки спортчунун тең чыгуусу менен аяктады.
Ал эми жигиттер арасында болгон мелдеште 11 салмак категориясы боюнча мыктылар тандалып, баалуу белектерге ээ болушту. Алар Кулдашов Мирсаид (48 кг, Ош), Малабеков Өмүрбек ( 51 кг. Талас) , Хидиров Бахром ( 54 кг. Өзбекстан), Мустанов Рустам( 57 кг, Өзбекстан), Таласбаев Асылбек ( 60 кг. Кант ш.), Рыскелдиев Урмат(64 кг. Эмгек резерви), Гиясов Миржамал (69 кг. Тажикстан), Ислам Канат. (75 кг. КЭР), Борбашев Чыңгыз (81кг. Токмок), Алымжанов Данияр(91кг. Бишкек), Салаев Умид (91кг Өзбекстан).
Мындан сырткары Эл аралык Шопоков турниринин мыкты боксчусу Ислам Канат, техникалык жактан жакшы даярдангандыгы үчүн Рыскелдиев Урмат, жеңишке умтулгандыгы үчүн Бакиров Залкар атайын наамдарга ээ болушту. Эл аралык Шопоков турниринин мыкты калысы болуп СССРдин 1977-жылындагы чемпиону, эл аралык деңгээлдеги спорт чебери Гришковец Валерий арзыса, мыкты калыстар тобуна Рыскулов, Галиев, Гришковец, Аманов, Жээнбаев, Сулайманкулов, Марасулов, Кубадаев, Кочкоров, Айтиев, Нигалов татыктуу деп табылды.




  СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кальзаге спорт менен коштошту
Бокс боюнча дүйнөнүн жарым оор салмактагы абсолюттук чемпиону 36 жаштагы Джо Кальзаге өзүнүн спорттогу карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу билдирүү жасады. Ал берген интервьюсунда:
- Мен 11 жылдан бери дүйнө чемпиону болуп турдум, алдыма койгон максаттарымдын баарын багындырдым жана жеңбеген бир да атаандашым калган жок. Бокстан жеңилбей кетип жатканыма абдан сыймыктанам. Мындай маанилүү кадамга барууга жалгыз өзүм эмес, үй- бүлөм менен кеңешип, андан соң ушундай чечим кабыл алдым, - дейт.
Эске сала кетсек, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону өзүнүн ардактуу кесибинде 46 жолу беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес.

Бишкекте турнир болот
Борборубуз Бишкекте кесиптик бокс боюнча биринчи жолу турнир өткөрүлүшү дайын болду. Бул турнирге бокс сүйүүчүлөрдөн кесиптик бокска өтүшкөн өз мекенибиздин боксчулары катышат.
Алардын арасында Давран Хабиров сыяктуу мушкерлер бар экени аныкталды. Алдын ала божомолдор боюнча турнир 15-февралда өткөрүлүшү ыктымал.

Чемпиондор лигасы
Чемпиондор лигасынын 23-турдагы оюну башталды. Мында кошуналар "Милан" менен "Интер" , "Ювентус" менен "Катании" , "Ромага" каршы "Дженоа", чемпиондор лигасына татыктуу экенин далилдөө үчүн оюн талаасына чыгышат.
"Интердин" патрону Массимо Мараттин:
"Бул жылы футболдо Жозе Мауринью чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болуп,Миландык клуб Европадагы эң алдыңкы клубдардын бири болуп калат" - деп ишендирди. Айта кетсек, миландыктар чемпиондор лигасынын кубогун мындан 44 жыл мурун "Бенфику" командасын жеңген соң ээ болушкан.

Оштун мэри күрөш федерациясын жетектейт
Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов Ош шаарындагы күрөш федерациясын да жетектейт. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын "грек-рим" күрөшү федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев билдирди. Мелисбек Мырзакматов Ош шаарына шаардык дене -тарбия интернатынын курулаарын жана ал интернатта болочок олимпиада жеңүүчүлөрү тарбияланарын, спортту өнүктүрүүгө чоң аракеттер көрүлүп жатканын айтып өттү.

Кыргызстандык кыз эл аралык турнирде
Кыргызстандык теннисчи кызыбыз Ксения Палкина Австралияда өтүп жаткан эл аралык турнирде жарым финалга чыгып жеңишти алдырып жиберди. Машыктыруучусу жок барган жердешибиз Тасманиялык атаандашын биринчи оюнда 7:5 эсеби менен жеңсе, экинчи бөлүнгөн убакта 6:7 эсеби менен жеңилип, чечүүчү болгон оюнда жыгылганына карабай 6:3 эсеби менен алдыга жеңип чыккан. Бирок анын кийинки кезектеги атаандашы Абигали Спирс (WTA нын рейтинги боюнча 24-орунда) менен болгон оюнда 2:6, 2:6 эсептери менен жеңилүүгө дуушар болду.
Даярдаган Темирбек Матаев










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan