КҮНСҮРӨТ

Жаштар кайда баратат?..
Бүгүнкү биздин жаш муундарыбыздын жүрүм-туруму, дегеле маданияты сизди канааттандырабы? Албетте, бул маселеге ар ким ар кандай жооп айтышы ыктымал. Андыктан биз дагы журналисттик иликтөөгө салып, ар кандай коомдук жайларды, жаштар көп топтолчу жерлерди кыдырып чыктык. Чындыгында Кыргызстандын келечек муундары жадакалса көчөдө жүрүү эрежелерин билбей калышыптыр. Кадимки малдан айырмасы жок. Бул сөзгө арданбай деле койсок болчудай. Биздин үч сааттык саякатыбызда көңүл жылытаарлык көрүнүшкө кезиккенибиз жок. Жалаң гана "Кайда барсаң мамайдын көрү" болуп,биз сөз козгогон жаштардын терс көрүнүштөрүнө күбө болуп олтурдук. Адегенде эле редакциябыздан чыгып, №18 - автобустан жай алып кетип бара жатканыбызда бир топ эле жаштар түштү. Адат болуп калгандай алардын бир тобу арткы орундардан орун алып, бүгүнкү күндө ар бир экинчи жаранда бар уюлдук телефонун алып чыгышып, музыка угуп, жайбаракат жол тартышты. Орто жолдон жашы улгайган адамдардын автобуска түшүп жатканын, аларга отураарга орун жоктугун көрүп туруп, көрмөксөнгө салгандар четинен чыкты. Ал тургай кээ биринин саналуу мүнөттөрдө эле көздөрү илинип кетип жатышты. Шуу үшкүрүп, жаштарга нааразы болгон карыларыбыз да жокко эсе эмес экен. Алгач жүргүнчүлөрдүн катарында кетип бараткан 63 жаштагы Жолдош агага кайрылдык.
- Жаштардын мага орун бошотуп бергенине эки эле жыл болду. Ага чейин "ушуларга жаман көрүнбөйүн" деп туруп эле кетчүмүн. Анча-мынча орун бошотуп берген жаштарга "тарбияң бар экен"-деп бата берип койчумун. Негизи азыркы жаштар бир башкача. Уялуу, тартынуу дегенди билишпейт. Улуу кишини көзгө илбей каалаганын жасашат. Бул да болсо ыйманыбыздын жоктугу. Эмне дейбиз, ар бир адамга ынсап берсин эми.
Максат, 18-автобустун айдоочусу:
- Айдоочу катары көп нерсеге күбө болом. Жакында эле бир улгайган жүргүнчү түшүп калды, карасам орун бошотоюн деген киши жок. Бири чөнтөк телефонун чукуламыш этсе, бири уктамыш болуп отурат. Анан чыдабай бир жаш жигитке "чоң жигит, апага орун бошотуп бербейсиңби",-десем: "ал төлөгөн акчаны мен да төлөп жатам" -деп тултуюп тим болду. Дагы бирөөсү: "мен кечээ күнү эле операция болгом"-деп адамды алдайт. Кечээ болсо бүгүн кантип автобуста олтурсун. Муну менен жаштардын баарын күнөөлөгүм келбейт. Кичипейил, элпек жаштардан деле куру эмеспиз. Бирок, жогорудагы көрүнүштөр адамды кейитет.
Андан соң борборго жакындап аялдамадан түшүп калып, айланага көз чаптырдык. "Коомдук унаада карыларга орун бошотосузбу?" деп дароо эле алдыбыздан чыккан уланга суроо узаттык. Бейкапар келе жаткан жигит биздин сурообузга түшүнө бербей, аздан соң:
- Эми анын баары жагдайга жараша болот. Эгер артында олтуруп баратсам, бошотпой деле коём. Элестетсеңиз эшиктен кирип келген адам башкаларды жөөлөп келип артка өзү деле олтурбайт да. Ал эми алды жагына олтуруп калсам, жашы 35терден өтүп калган байке, эжелерге бошотпосом, калгандарына бошоткум деле келбейт. Алар деле биз курактуулар да. Кээде чын ниетиңден орун бошотуп берсең, жадакалса рахмат айтканга жарашпайт. Анан өзүм аларды какшыктап "рахмат" деп коём. Азыр жеке эле жаштар ыймансыз эмес. Улуулардан да улуудай тарбия ала албайбыз.
Мына ошентип, коомдук унаа жаатынан жаштардын, карылардын көз карашын билген соң "Эркиндик бульварына" сапар алдык. Жакшынакай оңдолгон отургучтарга минип олтурушкан кыздар көз жаздымыбызда калган жок. Орундуктар муздактыгын шылтоологон жаштар азыркы Кыргызстандын келечеги аларга сокур тыйындайбы, айтор, баарына кайдыгер карагандай сезим жаратты. Булардан алысыраак жерде сүйкүмдүү кыргыз кызынын чак түштө чылым чегип олтурганын көрүп, эртеңки эне болчу жаш кыздын келечеги бизди ойго салды. Бирок, ал кыздын жалаң жаргон менен сүйлөп, арасына анда-санда сөгүнгөн сөздөрдү кулагыбыз чалганда, уялбагандан өзүң уял болуп аргасыз тетири бастык. Ушул маанайды жараткан жаштарды карап олтуруп, чыгыш өлкөлөрүнүн кинолорун көргөндөй эле болдук. Бул туурасында өз оюн Азамат мындайча билдирди:
- Азыр тамеки тартуу кыздар үчүн мода болуп калды. Айылдан келген карапайым кыздардын буркурата чегип атканын көрүп, эркек жасачу жоруктун аялзатына алмашып кеткенине таң калам. Ошондо өзүмө "мен киммин?" деп суроо берем. Кыздар эркектердин шымынан баштап, оозундагы тамеки, арагына чейин тартып алышты. Эркек менен аялдын айырмасы деле болбой калды го. Кыскасы, аялзаты деген сөзгө арзыбагандар көбөйдү.
Сапарыбызды андан ары уладык. Кыргыз элинин басып өткөн жолун далилдеп турган, биздин мурасыбыз Кыргыз Мамлекеттик тарых музейинин айланасы жаштардын кучакташып, өбүшүп турчу аллеясына айланып калыптыр. Ал жердин ар кайсы бурчунда эки-экиден кыналышкан биздин замандын жаштары турат. Тимеле сейил бакта жүрүшкөндөй. Айланасындагы адамдарды көздөрүнө илишпейт. Караңгы каптап көздүн курчун алып турса да бир жөн эле. Чаламандын чак түшүндө ээн эркин өбүшүп турушат. Муну көргөндө курган көзүбүз өзүнөн-өзү жумулуп кетип жатты. Алардын бул кылыгына бир чети кыжаалаттана, бир чети өзүбүздүн көчөгө чыккан максатыбызды текке кетирбейли деп, сүрөткө тартканга, суроо бергенге үлгүрдүк. Биздин сурообузга мыскыл күлкү биринчи жооп болуп, андан соң "Эмне, бизден башкалар көзүңөргө көрүнбөй атабы?" деп атырыла бир тийишти. Туура, мындай жагымсыз көрүнүштөрдү бул аллеядан башка канчалаган аялдамалардан, парк ичинен жолуктурбай койбодук. Чынын айтыш керек, мындай көрүнүштөргө калк ичи кадыресе көнүп, көнүмүш адатка айланып калыптыр. Бул жаатында Эл аралык университетинин мугалими Апишева Махабат өз оюн мындайча билдирет:
- Азыр жаштар арасындагы мени иренжиткен маселе көчөдөгү өбүшүүлөр. Каалаган жерине тура калып эле чапташып, "чопулдашып" киришет. Кадимки эле маймыл. Көрүп туруп көрмөксөнгө салып айласыз жол улайсың. Жок дегенде кыздарыбыз сынын жоготпосо. Илгери ата-энебиз антип өбүшмөк түгүл көчөдө көбүрөөк бастырчу эмес. А, азыр демократия деп эле кыргыздын маданиятын, менталитетин унутта калтырышты. Мына ушундай биздин келечек муундарыбыздын таалим-тарбиясын көрүп алып элибиздин эртеңкисин ойлоп ичим тызылдайт.
Андан бери келип жаштар дейин десек,"Таза шаар үчүн" деген ураанды кулагынын сыртынан кетирген энелер балдарын маңдайына олтургузуп алып, жайбаракат чемичке чагып жаткандарына күбө болдук. Мотурайган бөбөктөр эс алуучу бульварда ойноп жатышса, бери жакта солкулдаган жигиттер тамеки чегишип, какырынып-түкүрүнүп турушат. Мына ушундай окурман, биздин азыркы жашап жаткан чөйрөбүз...
Даярдаган БЕШЖЫЛДЫЗ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan