Обон - сенин гезитиң!

Урматтуу окурмандар! 1-февраль күнү сиздер сүйүп окуган "Обон" гезитинин кайрадан чыга баштаганына бир жыл толду. Мындай аз убакыттын ичинде бир топ ийгиликтерди жаратып, өз окурмандарын таба алганы чоң жетишкендик. "Обон" гезитинин алгачкы жаралуусу, баштапкы баскычтары тууралуу маалымат берүү үчүн гезиттин кожоюну Орозалиев Дүйшөмамбет Азыбаевичке собол узаттык.

"Обондун" келечектеги максаттары чоң"
- Алгач "Обон" гезитинин жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз?
- Турдумамат Гаипбердиев деген киши (Толик аке дечү элек) ушундай гезиттин идеясын көтөрүп мага келиптир. 1995-жылдан тартып мен гезиттин кожоюну, ал киши башкы редактору болуп гезитти чыгара баштадык. Жаңыдан баштаганда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок ошол мезгилде Маданият министринин орун басары болуп иштеген Түгөлбай Казаков акысыз кеңсе бөлүп берип, чоң жардам кылган. Гезитибиздин негизги максаты кыргыз маданиятын даңазалоо, нукура таланттарды, деги эле өнөр адамдарын колдоо болгондуктан кеп кеңешин аяган жок. Ал мезгилде "Обон" республикалык маданий гезити азыркы мезгилдеги кээ бир гезиттерге окшоп жеңил-желпи, ушак-айың менен чектелген эмес. Кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, тарыхы, ыры, обону, маданияты, жалпы эле кыргыздын кыбыр эткен кыймылы биздин гезиттин өзөгүн түзчү. Дүйнөлүк маданият, классикага да чоң орун берчүбүз. Кыскасы, негизги максатыбыз өнөр адамдары менен карапайым адамдардын ортосунда көпүрө болуу эле.
- Ошол мезгилде окурмандардын гезиттерге болгон көз караштары кандай эле?
- Ал мезгилдеги гезиттердин ичинен Жаныбек Жанызактын "Каттамасы" менен Мелис Эшимкановдун "Пайшамбасынан" башка гезиттер азыркы кээ бир басылмаларга окшоп көчө деңгээлине түшүп кеткен эмес. Окурмандардын гезиттерге болгон табити, элдердин маданияты дагы башкача эле. Театрга, маданиятка болгон мамиле бийик болчу. Ал кезде концертке, театрга барсак кадимкидей эс алып келчүбүз. Андагы ырлар, обондор да азыркыларга окшобой жалаң профессионалдардын колунан чыкчу. Ал эми окурмандардын гезитке болгон табитин буруп "алигиге" такагандар аталган эки гезит эле. Биздин гезит андай жылаңач, жеңил-желпи материалдарды жазбай эле, нускабыз 20 миңдин тегерегинде болчу.
- Азыр окурмандар көбүнчө кандай багыттагы басылмаларга көңүл буруп жатат деп ойлойсуз?
- Эми гезиттер өздөрүнүн багыты боюнча саясий, экономикалык, маданий, рекламалык, медициналык, көңүл ачуучу ж.б. болуп бөлүнөт. "Обон" гезити негизинен маданий гезит эле, бирок базар шартына ылайык, окурмандардын суроо-талап, табитине жараша биз дагы өзүбүздүн продукциябызды берип жатабыз. Мисалы, "Адабий Ала-Тоо" деген гезит кыргыз адабиятынын дөө-шааларынын асыл ойлору, чыгармалары менен жарык көрсө да, гезит базарында өтүмсүз болуп жатат. Муну менен окурмандардын табитинин кандай экенин байкасак болот. Демек, биздин окурмандар жеңил-желпи маанайдагы гезиттердин көбөйүшүнө өздөрү өбөлгө түзүп жатышат.
- Орто жерде "Обон" гезити жабылып калбадыбы. Буга эмне себеп болгон?
- 1998-жылы экономикалык кризис болбодубу. Ошол учурда президент Аскар Акаевдин пресс секретары Каныбек Иманалиев жөнүндө болгон окуяны жазганбыз. Ошондон кийин К. Иманалиев чоңдугуна салып Жучков деген адвокаты экөө гезиттин кызматкерлерин ары-бери сүйрөгөндүгү себеп болсо, бир жагынан кризис да себеп болду. Ал учурда азыркыдай күчтүү компьютердик техника, түстүү беттер менен чыгуу түшкө кирчү эмес. Азыр бардык шарттар бар, гезит чыгаруу оңой. Анан кайрадан 2008-жылдын 1-февралынан баштап чыга баштадык.
- Мындан 13 жыл мурун өз окурмандарын таап, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган "Обон" гезитинде иштеген журналисттер кимдер эле?
- Президенттин басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Нурлан Шакиев "Обон" гезитине чоң салым кошкон. Жаш кезинде бизге келди эле, абдан тирикараак, тырышчаак жигит болчу. Өзүнүн жакшы жагын көрсөтүп тез арада жооптуу катчылыкка, андан кийин редактордун орун басарлыгына жетти. Гезитти алдыга сүрөй баштаган Нурланды 20 жашында жаштыгына карабай башкы редакторлукка ишеним көрсөттүм. Жаңылган эмес экенмин, ал ишеничимди актады. Мындан башка мурдагы "Де-факто" гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова, акын кыздар Венера Бөлөкбаева, Айнагүл Базарбаева, Назгүл Осмонова жана Кыял Сабиракунова, Нарынкүл Назаралиева, Сайрагүл Дуулатова, Карамат Токтобаева, Качкынбек Саралтегин, Шекербек Калыков, Абдымамбет Сариев, Бешболуш Матисаков, Алмаз Адишев, сүрөтчү Өмүраалы Тойчиевдер "Обондун" түптөлүшүнө салым кошушкан. Андан сырткары, Сакы Садыков, Мыктыбек Өмүрзаков, Бакбурбек Аленов, Жаныбек Атамбеков, Айданбек Акматовдор дагы "Обон" менен кызматташ болушкан.
- Сиз жалпы журналисттер жөнүндө айттыңыз окшойт. Ал эми гезиттин дизайн жагын ким жасачу эле?
- Нурландын Кылычбек Султанов деген досу "Обон" гезитинин компьютердик жасалгасын штатта болбосо дагы бир жарым жылдай жасады окшойт. Абдан кичипейил дизайнер болчу. Күлүп коюп жүрө берчү. Азыр да ошондой болсо керек, "Супер инфо" супер болгонуна караганда. Андан башка Жаныбек Жанызак да дизайнер катары биз менен иштешкен.




Обон - маданий гезиттердин башаты
1995-98-жылдары "Обонду" оболоткондордун айрымдары менен баарлаштык
"Обон" көрүнүктүү гезит болчу"
Жаныбек Жанызак, журналист:
- Мен компьютердик жасалганы гана жасагандыктан ичиндеги материалдарга кийлигишчү эмесмин. "Обон" дурус гезит болчу. Аягына чейин Дүйшөмамбеттин оюндагыдай болгондо абдан өнүкмөк. Орто жерден бирөөлөр бузуп койбодубу. Ал эми жалпы жамаатыбыз ынтымактуу, аракетчил болчу. Бирок көбүнчөсү орто муундагы журналисттер болгондуктан жаштар саналуу гана эле. Гезиттин өтүмү жогору болуп ошол убактагы көрүнүктүү гезит "Обон" болчу десем болот.

Кылычбек Султанов, "Супер инфо" гезитинин кожоюну:
- Мен ал кезде "Кыргыз Руху" гезитинде иштечүмүн. Анда түстүү гезиттер жок эле. "Обон" гезитинде атайын кызматчы катары иштебесем да досум Нурланга жардам катары кызматташкам.

"Обонго" он тогуз жашымда келгем"
НурланШакиев, Президенттин экс-басма сөз катчысы:
- "Обон" гезитине чейин башка гезиттерге макалаларым чыгып калчу. Толик акенин сунушу менен 19 жашымда "Обонго" келип калдым. Кесиптештеримдин ишеничи менен 20 жашымда башкы редакторлукка көтөрүлдүм. Кантсе да жаштык кезим бул гезитте өтүп калды да, жүрөгүмө абдан жакын кабыл алам. Былтыр кайрадан чыга баштаганда абдан сүйүндүм. Ар бир жаңы санын күтүп окуганга аракет кылам. Ошол учурда иш үстүндө көп кыйынчылыктар болгон деле жок. Бирок компьютердин азабын жакшы эле тартканбыз.
Азыркы мезгилде басма сөздүн өтө татаал атаандашуусунда жашап жатасыздар. Ошентсе да аз убакытта окурмандардын оозуна алына баштаганыңардын өзү жетишкендик. Ишиңерге ийгилик каалайм. Калемиңер ар убак курч болсун.

"Ар бир күнүбүз майрам эле"
Бешболуш Матисаков Жоробаевич, БАТП "Лиганын" башкы директору:
- Мен дагы 26-27 жашымда эки жылга жакын "Обон" гезитинде корректордун милдетин аткарып иштеп калдым. Ишибиз абдан кызыктуу, жамаатыбыз ынтымактуу элек. Ар бир күнүбүз майрам эле. Эс алуу кылып тоого чыгып, Ысык-Көлгө барган учурлар болгон. Кызыктуу учурлардын бирин айтып берсем, мен өзүм макала жазып иштебейм да. "Обон" чыгаарына эки күн калганда келип окуп берем. Анан бир күнү мага айтпай эле "сенин дарегиңди бир кыз сурап жатат, үйүңдүкүн билбей койдук. Дордойдогу контейнериңдин номерин, катарын дааналап жаздык" деп жалган жерден өздөрүнүн ойлорунан чыгарып гезитке жазып коюшуптур. Аны айылдагы туугандарым окуп алып, туура эмес кабыл алышып, "сен үйлөнсөң деле кыздарга дарегиңди берип жүрөсүңбү" деп мени тилдешкен. Анда менин аялым бар болчу да. Эми бул сыяктуу кызыктуу учурлар көп эле болчу. Негизи журналисттер кызыктуу окуяларга көп туш болот эмеспи.

"Эмгек жолумду
"Обондон" баштагам"
Сайрагүл Дуулатова, журналист:
- Менин эмгек жолум "Обон" гезитинен башталган. Алгач практикага барып, калып калгам. Журналист катары ММК чөйрөсүнө "Обон" аркылуу аралаштым. Тажрыйба топтодум. Акын Венера Бөлөкбаевадан чыгармачылыктын сырларын үйрөндүм. Эсимде калган бир окуяны айтып берейин. Негизи мен шоу жагын көбүрөөк жазчумун. Бир жолу Алина Жетигенова концерт коюп, ал концертти сындап жазып чыккам. Гезит чыккандан кийин атын атабай эле коёюн, бир ырчы келип "сен Алинаны тааныбайсыңбы, ал белгилүү ырчы болот" деп аябай урушкан.

"Мен үчүн "Обон" ак жолтой болду"
Айнагүл Базарбаева, акын:
- 1995-жылы "Обон" гезити ачылганда мен да журналист болуп иштегем. "Обондун" кожоюну Дүйшөмамбет Азыбаевич бизге жакшы жардам көрсөткөн. Негизи ошол кезде чыккан гезиттер "Обондон" үлгү алышкан деп ойлойм. Эки жарым жылдын ичинде жооптуу катчы да болдум. Жамаатыбыз менен бирге кызыктуу күндөрдү өткөрдүк. "Обон" гезити чыккан сайын бизде өзгөчө эргүү, ишке болгон кызыгуу жаралчу. Жумушка майрамга бараткандай көңүлдүү барчубуз. Нурланбек Шакиев, Венера Бөлөкбаева, Бешболуш Матисаковдор менен чогуу, ынтымактуу иштешип калдык. Жамаатыбыз мага абдан жакчу. Мен үчүн "Обон" акжолтой болду десем болот. Себеби, бул гезитте иштеп жүрүп турмушка чыктым. (Күлүп) "Обон" гезитин аябай мактаптыр дешсе керек. Мен болгонун гана айттым.

Уландысы 18 - бетте









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan