Адабият айдыңы

Акын Мариям Буларкиева 70 жашта
Акынга калем карматкан айыл турмушу
- Ырга бала кезимден баштап эле кызыктым. Мектепте окуп жүргөндө райондук "Лениндик Туу" деген гезитке ырларым жарыяланып, "О-ой, сонун жазат турбайсыңбы" деген мактоо сөздөрдү угуп калсам, "Менин деле колумдан келет экен" дегенчелик кылып көөдөнүм көтөрүлүп калчу. Айылдын турмушуна аралашып, жайлоонун кооз жаратылышында чоңойдум. Кыркалекей тизилген 30-40 боз үй. Ар биринин короосунда кой, козусу бар. Кээ бирде түнкүсүн койлорго карышкыр тийип, эртең менен элдин баары эле "түндө карышкыр келбедиби, үч-төрт коюмду жеп кетиптир" деп калгандарын угабыз. Ошондо:
Коюмду кезүүгө коштум деп койду,
Анысын карышкыр келип жеп койду,-деген саптар жаралып, ыр жазуу мына ушундан башталды.
Университеттин тил, адабият факультетинде окуп, ал жерде дубал гезиттин редактору элем. Өзүмдүн кара сөз жазган үч-төрт жардамчым, сүрөтчүбүз болуп, жакшы окуган студентти мактап, начарын сындап, сүрөтү менен чыгарып койсок эле тарых, биология, география, айтор бүт факультеттин студенттери ал дубал гезитибизди жабалактап окушса, биз мактанып тим эле бутубуз жер баспай калаар элек. Өзүмдүн "Тынчтыктын туусу жаркыра" деген ырымды алгач ошол дубал гезитке чыгарсам, Мукамбаев деген кыйын агайыбыз бар эле: "Ой, Мариям, окудум, жакшы жазыпсың, сен жазганды улант" деп койсо жетине албай кубанып, ал ырым "Кыргызстан пионери" гезитинде жарыяланды. Ал учурда мыкты-мыкты мугалимдерден билим-сабак алып калыптырбыз. "Жакшылардан үлгү алгыла, жакшысы силерге жуксун" деп турушчу.
Пачкалап алган гонорар
Азыр жазуучулар Союзун жетектеп турган Омор Султанов агайыңар, өмүр бою мектеп деректири болуп иштеп жүргөн Сыдыкбеков Камбарбек, дагы бир топ балдар, кыздар окудук. Бизде университетте балдар көп, ал кездеги Женпедде (И.Арабаев атындагы университет-М.М) кыздар көп болчу. Майрамкан, Субайылдалар Женпедден бизге адабий кружокторго келип катышып турушчу. Мен өзүм жалаң эркектин арасында өсүп калгангабы, эркек мүнөз кыз элем. Балдарды, Оморду деле байкатпай чалып, көтөрүп урчумун. Алышып ойноп, окуп бүтүрдүк. Иштедик. Биз жакшы учурда жашаптырбыз. Гезиттерге ырларың, китептериң чыкканда пачкалап гонорар акча алаар элек. Баары арзанчылык, айылдыктардын баарына каалаганын алып берип, кенен басып-турчубуз. Баарына жетчү. Азыр эми… Жаш балдар өткөндө жыйын өткөрүшүп ырларын окуп беришти. Жакты, жакшы жазып атышыптыр. "Азыр гезиттерден гонорар күтпөй, ырларыңарды чыгаргыла, бергиле, эл окусун, эл билсин. Ошол силерге дем-күч" дедим.
Кыргыз эли таланттарга бай эл. Жеринин сулуулугу! Манасы эле эмне?!.. Ушул жерден бир эле мисал менен айтсам, анда жаш кезибиз. Чоң Сары-Ойдо Смирнов деген башкарма бар эле, Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон, кыйын киши болчу. Ошол чакырып калды. Саякбай Каралаев, Түкөм (Сыдыкбеков), Шүкөм (Бейшеналиев), Саткын Сасыкбаев, дагы бир топторубуз жөнөп калдык. Балыкчыдан өтө бергенде бак-шактуу жакшы жер бар экен, эс алабыз деп ошол жерге токтодук. Жаныбызда бышкан эт-ашыбыз, бөтөлкөлөр да бар. Улууларыбыз баягы бөтөлкөнүн беш-алтысын бошотушуп, сонун сөздөр сүйлөнүп, биз болсо ичпейбиз, алардын жакшы сөздөрүн угуп олтуруп, анан кайра жөнөдүк. Жолдон гүл көтөргөн окуучулар тосуп алышты. Айылдын чоң клубунда эл тим эле жыкжыйма, жаш-карысы менен. Башкарма өзү, биздин акын-жазуучулар сөздөрүн сүйлөшүп, анан эң аягында Сакеме "Манас" айтуу кезеги келди. Бир топ эле кызуу болуп калгандыктан эки жагынан экөө жөлөп-таяп алып чыгышып, олтургузушту. Өзү кара тору, бетинде бир бырыш жок, чымыр киши болчу. Анан айтканын бир көрүп ал! Тим эле шумдук, буркурап ыйлачу жеринде ыйлап айтты. Таң калганым, айтып бүткөндө баягынын бири жок, сопсоо гана түшүп келбедиби. Эл шатырата кол чаап, суранып атышат. Таланты шумдук эле. Чыкем канча айтчу эле, талантын баалап. Ээрчишип эле эл аралап жүргөн жакшы заман болчу. Азыр эми бизди кийинки муун жакшы тааныбай, билбей калды го. Каалаганым эле жакшылык болуп, таланттуу балдар-кыздар өссө экен дейм. Ары-бери карагыча жылдар өтүп, минтип юбилейим деп олтурам. А жүрөк дале жаш бойдон, баары эсте кала берет экен.

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Эл акыны:
- Биз институтта окуп жүргөн кезибиз абдан кызыктуу учур экен. Окуу жайлардагы студенттер бири-бири менен байланышта болуп, адабий кружоктор уюшулуп, ага чоң-чоң акын-жазуучуларды чакырып суроо-жооп алчубуз. Тил-адабият эле эмес башка факультеттер, мисалы математикада окуган кыздарды кружокторубузга чакырып, "Жалаң эле математика деп жүрө берсең кругозоруң өспөй калат" деп катыштырчубуз. Мына ошол кечелерде аябай активдүү катышкан, университетте окуган кыз Мариям Буларкиева болчу. Көп учурда үстүндө кош этек көйнөк чыптамасы менен, башында үкү тебетей кийип алчу. Шаар жеринде өөн учурашына карабай кийинип, кемер кур курчанып, шуру-шакектерди тагынып алчу. Абдан бала кыял эле, ал мүнөзү азыр деле бар. Өзү лирик - акын да. Баса, айта кетүүчү нерсе Мариямдын ырларын Насирдин Байтемиров жактырып калып "кыздардын ичинен жакшы акын чыгып келатыптыр" деп Мариям сүйүнгөн. Студент кезинде эле китеби чыкты.
Китеби үчүн акчасын да жакшы алды. Тааныш-сырдаш, чогуу окуган балдар-кыздардын баарын ресторанга чакырып аябай коноктоду. Деле акчасын аяган жок. "Ай, биринчи китебиң болсо, акчасына өзүңө эстеликке деп бир нерсе алдыңбы?"-десем, "Экөөбүзгө бирден кофтага жетээрлик акча калды",-деп күлүп, экөөбүз базарга бардык. Эсимде, окшош кызыл кофта алып экөөбүз тең кийип жүрдүк. Анан "үйүмө барып учурашып келейин" деп ошончо акчадан үйүнө кант-чайлык эле калса керек менин билишимче. Азыр ошол күндөрдү эстеп алып күлөбүз. Китептерибиз чыкса эле чогула калып, ортого салып окуп, ойлорубузду айтып, чай алып беришип эле жүрчү экенбиз. Бири-бирибизге болгон боорукерлик сезим күчтүү болчу. Эми быйыл Мариямдын юбилейи, жакшы сырдаш катары жакшы билем, атак-даңк деп кубалабаган, аялга таандык пастыкка барбаган, боорукер, пейили ак аял. Мен турмушка чыкканда курбу кызым болуп, узатып барган. Кааларым өмүрү узун болсун, балдарынын карьерасына көз салып өстүрдү. Алардан урмат-сый көрсүн. Тоолорду кыдырып, муздак сууга жуунганды жакшы көрөт, ден соолугу бекем болсун.
М.Молдобекова




  Кой,кой жигит

Сөзү М.Буларкиеваныкы
Обону Э.Мукамбетовдуку

Алина Жетигенованын аткаруусунда ырдалып жүрөт
Кой, кой, жигит көп караба жалдырап,
Көз карашың көңүл отун жандырат.
Балким сүрүң, же сүйүүнүн күчүбү,
Чоктой ысып эки бетиң албырат.

Кой, кой жигит алган жарың бар туруп,
Сүйүүгө анча кылган болбос мартчылык.
Өз жарыңдын кадырына жетпесең,
Мага кайдан сенден артсын жакшылык.

Кой, кой жигит, мага көздү кадаба,
Карашыңдан эмне пайда садага.
Андан көрө ак сүйүүңдү алмаштыр,
Үй-бүлөңө, балтыр бешик балага.

Кой, кой жигит мага көздү кадаба,
Алпештесин, эркелетсин замана.
Эмгек менен бактыбызды куралы,
Алган жарга аппак болуп жана да.





  Тагдыр тамашасы

Өз тагдырыма өзүм балта чаптым...
Кыш. Бурганактап эшикте ак кар жаап жатты. Күнүмдүк жумуштарым менен шашылып, Ала-Тоо аянтынан өтүп бара жатканымда, алдыман шарактаган топ кыздар чыкты. Өзүм да кыздарга бир саам тигиле, суктануу менен карап чыктым. Артымдан "байке" деген жылаажындын добушундай кыздын назик үнү угулду. Мени бирөөгө окшоштуруп жатышабы деген кыязда кылчайып карасам бою узун, аркар мүчө, келишимдүү бир кыздын мага карай гүл сунуп келе жатканын көрдүм. Көргөн көзүмө ишенбедим. Табышмактуу бул кызды көргөндө алдымда ак куу учуп келе жаткандай сезилди. Жаныма жакын келип бир даана роза гүлүн мага берип жатып: "байке, бул кыздар болуп мелдештик эле алдымдан ким чыкса, мен ошого ушул гүлдү бермекмин"-деп, жылмая "эми утуш меники"- деп басып кетти. Дендароо болуп эмне кылаарымды билбей, үнсүз, таштай катып саамга туруп калдым. Кыздардын кубулжуган күлкүлөрү мени бир аз тынчсыздандырганы менен жигиттик намысым туйлап, тартынбастан аларга карай бет алдым. Алар да менин келээримди билишкенби, айтор, каалгый басып бара жатышты. Албетте, сүрдөбөй койгон жокмун, билгизбегенге аракет кылып, ардемелерди сүйлөмүш болом. Жалаң кыздар жана мен болуп кыздарды ээрчип майрамды улап кете бердим. Баягы жерден өз жумуштарымды жыйыштырып салдым. Мага гүл сунган бийкечтин аты Алия экен. Ошол гүлдүн таасириби же, чындап эле жылдызыбыз келишип калдыбы, айтор, Алияга арбалып, кете албай байланып калдым. Алия да мени кетиргиси келбегендей. Акыры кыздарды жатаканаларына жеткирип коюп, үйдү көздөй сапар алдым. Ал күн мен үчүн жомоктой эле туюм калтырды. Алия мен үчүн дүйнөдөгү перилердин периси болуп жүрөгүмдү ээлеп алды.
Үйгө мынчалык кеч келчү эмесмин, кечиккенимден улам келинчегим сарсанаа болуп, уктабай олтурган экен. "Жолдон теңтуш балдарга жолугуп калдым"- деген жалган шылтоону айтып, "ал эми гүлдү сага арнап ала келдим" деп кутулуп кеттим. Мындайды күтпөгөн келинчегим мага ыраазы болуп, дасторконун жайнатып, "ич, же, суукта үшүдүң го"- деп күйпөлөктөп, берээрге эч нерсесин таппай жатты. А менин оюмда жалгыз Алия. Ошол күндөн тартып, Алиянын жатаканасына тынбай каттачу болдум. Ал деле менин аялым бар экенин билсе да, билмексенге салып жүрө берди. Ошентип сүйүүгө мас болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде, аялым балканактай уул төрөп берди. Ошол жылдары менин жашоомду шайтан аралап, үйгө түнөбөгөн күндөрүм да көбөйө баштады. Балалуу болгондон кийин бардыгын токтотом деп ойлочумун. А бирок андай болбоду. Менин көзүмдү май басып, көпкөлөң тартып жүргөнүмдү астыртан байкап жүргөн аялым бир күнү: "Сага эмне болду? Жылан чакпай, жылкы теппей. Балалуу болсок дечү элек. Ал тилегибизге да жеттик. Сага эмне жетпейт, балаңдын келечегин, эртеңки жашообузду ойлонсоң боло?! Эгер чындап эле мени менен жашоого көңүлүң жок болсо ачыгын айт. Мени да беймаза кылбай кете бер, төрт тарабың кыбыла" деп чекит койду.
Эмне кылам, баардыгын түшүнүп турсам да өз башыма өзүм ээ боло албай калдым. Балама да аталык мээримимди төгө алган жокмун. Эмнегедир башка үй, башка аялдай сезилип, өз үйүмө да келгим келбей, бассам-турсам оюмдан Алия кетпей койду. Кичинекей чакан бизнесим бар эле, андан түшкөн кирешени Алияга сарптайм. "Үйдө акча жок, тамак аш алып келбейсиңби" деген аялымдын сөздөрү кулагымдын сыртынан эле кетчү болду.
Ушундай жашообуз канчага уланмак эле дедиби, бир күнү келинчегим төркүндөрүнүкүнө барып келем деп кеткен боюнча кайрылып келбеди. Билинбей арадан көп эле убакыт өттү, мен да артынан кайрылып барбадым.
Ошентип Алиянын туулган күнү да болуп калды. Эмне белек алсам деп базар кыдырып жүрүп теңтуш балама жолуктум. Айылдан келипсиң деп сыйлап, экөөбүз көпкө отурдук. Ичке бир аз градус киргенден кийин мактаныч менен жашоомду, Алия жөнүндө айтып бердим. Сөзүмдүн аягына чейин кунт коюп угуп отурган досум: "Эми эмне кылайын деп жатасың?" деп сурады. Ошондо да моюн бербей "эмне, кеткен өзү, тим кой өзү келсин"- деп эдиреңдедим. Досум менин кыска ойлонгонумду, жашоом чындап бузулганын түшүндү окшойт. Тунжурап көпкө ойлонуп отурду да: "Мен сенин жашооңо кийлигишпейм, өзүң чеч. Баары бир биринчи аялыңа жетпейт. Ортоңордо бала турат. Бул күнүмдүк жыргал күндөрүң да өтөт. Ойлон досум... "- деп какшап айтып жатты. "Азыр деле кеч эмес, аялыңа бар. Ал баары бир кечирет" деген акылы да таасир бербеди. Өзүмчө мунун кандай иши бар, өз жашоосун билсинчи дегенчелик кылып маани да бербедим. Ошондо балага деген аталык сезим неге ойгонбоду экен. Алия менен никесиз эле жашап алдым. Туугандарыма болсо "аялым өзү эле кетип калыптыр, жумуштан келсем жок"-деп айтып койгом. Апамдын жалгыз баласы болгондуктан, ал да мен эмне айтсам ошондон чыкчу эмес. Менин жалган шылтоомо ишенип апам да: "тим кой, өзү кеттиби өзү келсин. Баласы менен төркүнүнө канчага чейин батаар экен, сен аны урбасаң, сокпосоң, көптү да" деген сөздөрү менин да чырагыма май тамызды. Бирок, байкуш аялымда эмне күнөө? Жада калса төрөп, ооруканада жатканда да барган эмесмин. Эми ошол каталарымды ойлосом түтөп кетем. Балалык чагымды эстесем, өзүм да атасыз чоңойгом. Кичинемден тартып тайларымдын тарбиясын алгам. Эми, ошол тагдыр кайрадан кайталанып, балам да таятасынын колунда. Бала кезимде "неге менин атам жок, атасы менен болгон кандай жакшы" деп ойлончу элем. Ошол ойлорумдун таш-талканы чыгып, жалган көздөргө азгырылып ушундай жашоого туш болуп отурам. Балага баары бир атанын катуу тарбиясы керек экени мага аябай билинди. Өкүнүүдөн башканын баары өтүп кете берет экен. Алия менен болгон жашоом да көпкө узабады. Баш аламан жашоодо жүрүп бизнесим да токтоп банкрот болгонумда "Россияга барып иштеп келем" деген болуп, болгон акчамды алып кете берди. Эми ойлосом, эмнесине кызыкканымды деле билбейм. Көрсө менин акчама азгырылып, мени да азгырып, жалган өмүр сүрүп жүргөн экен. Ага мен эмес менин акчам керек турбайбы. Башында эле досум айтканда анын акылына неге көнбөдүм экен дейм. Байлыгың да, акчаң да колдун кири экен. Баары жуулуп, азыр иштеген ишимден, же үй-бүлөдөн жок талаада калдым. Мындай жашоомо эч кимди күнөөлөбөйм. Жалгыз гана өзүм күнөөлүмүн, өз турмушумду өзүм чече албагандан кийин кайсы арыма басып жүрөм деп кээде арданып ичип кеткен күндөрүм да көбөйдү. Ошентип, бир сулуу үчүн өз жашоомо тескери секирик жасап, азыр бир тамдын бурчунда камалып отурам.
Тирүүлүктөн үмүт үзбөйм. Балким, жаңылдым жаздым деп кечирим сурап барсам,аялым кечирээр бекен дейм. Эгерде кечирсе өмүр бою алаканыма салып багаар элем. Үй-бүлөнү сактап калуу бул эркектин милдети эмеспи. А мен сактап кала албадым. Баламды сагындым, көргүм келет. Кандай бала болду дейм. Кантип барып бетин карайм? Мен сенин атаңмын деп кантип айтам? Мага окшогон арсыз атаны ким кабыл алат? Угушума караганда келинчегим азыр шаарда иштеп жүрөт дейт. Акмалап, издеп келем. Өкүнөмүн.
Баламды көргүм келет, кечир мени.
Мен силерди сагындым.

Жазып алган А.Атабекова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan