Куудулдар биздин айылда

Куудул айтыш
Күнү кечээ редакциябызга Тынар Курбаналиев, Камчы Сарыбаев, Кубик Калыков, Борончу Кудайбергенов, Аскат Сулаймановдорду чакырганбыз. Чакыргандагы оюбуз бир аз чайлашып, бильярд ойноп узун кептин учугун улап, элге күлкү тартууласак дегенбиз. Биринчилерден болуп Тынар келди. Камчы Сарыбаевден башкасы убактылары жоктугун айтышып сыпайы коштошушту. Ал эми Камчы болсо бильярд ойногонду билбейби, же Тынар менен айтышкандан корктубу, "Мына, саат 3тө барып калам" деп жатып, бир маалда телефонун өчүрүп салса болобу. Ошол бойдон келбеди. Абды Кадырматов эр экен, айтаарым менен Кара-Балтада жүргөнүнө карабай "барам" деди. Ал келгиче Тынар бильярд ойноп аны күтүп калды. Аңгыча Абды "Одиссейин" алкынтып айдап келип эшик алдына токтоп, ала келген комузун ары-бери бурай салып, Тынар менен минтип амандашып кирди.

Ассалоому алейкум,
Асылым Тынар аманбы,
Амандашсам жаманбы.
Атадан калган салт экен,
Амандашып алалы.
Кара тер кетип мойнуңан,
Катуулап ойноп калыпсың.
Көп атып бир шар киргизбей,
Көкөлөп ойноп алыпсың.
Кожожаш болуп кеткенсип,
Көп эле мээлеп алыпсың.
Мээлеген менен пайда жок,
Мээлебес адам кайда жок.
Көп мээлеген адамдын,
Мээси жок болот дечү эле.
Мээлеген менен андайдын,
Кээси болот дечү эле.
Көпчүлүктүн алдында,
Көп мээлебей тез аткын.
Тез атканда бек аткын,
Бек атпасаң бери тур.
Утулдум ака деп айткын, -деп Абды куудул токтоп калды. Тынар аткан шар тешикке кирбей калып, кезекти Абды алып октоло калды. Учурдан пайдаланып Тынар комузду колго алып айтылуу Аксылык акын Жеңижоктун абалына салып айтып турган жери.
- Аманмын Абды жан ака,
Айбаты күчтүү кан ака.
Тердеп бир ойноп жатканым,
Тамаша кылып атканым.
Бешимден бери мен күтүп,
Береним Абды келет деп,
Беш жолу ойноп жибердим.
Азандан бери мен күтүп,
Алты ирет ойноп жибердим.
Абды акем качан келет деп,
Бешимден бери Абды ака,
Эмне кылып жүрөсүз?
Азандан бери Абды ака,
Айкырып кайда жүрөсүз?
Адатыңча Абды ака.
Ары-бери чапкылап,
Спирт ташып жүрсүңбү.
Ал болбосо Абды ака,
Арак сатып жүрсүңбү.
Спирт ташып жүрбөсөң,
Анын жайын айта отур.
Арак сатып жүрбөсөң,
Анын да жайын айта отур.
Мен мээлесем бек мээлейм,
Бек мээлесем тек мээлейм.
Алты мээлеп бир атам,
Алтоону бирдей кулатам.
Жети мээлеп бир атам,
Жетөөнү бирдей сулатам.
Аңдабай калдың Абды ака,
Алтоону бирдей киргиздим.
Жетпей калдың Абды ака,
Жетөөнү бирдей киргиздим, -деп Тынар куудул чекесинин терин шыпырып ыргытып, баятан бери Абды куудулду күткөнүн, алты партия бүткөнүн айтып келип токтоду. Карс эттире бир атып, тарс эттире бирди киргизген Абды оозунан пулемёттон ок чууругандай сөз чуурутуп айтып турган жери экен, угуп турган эл экен.
- Ээй, бешимден бери сен күтсөң,
Береги Кара-Балтадан,
Келаткан жайым мына бу.
Азандан бери сен күтсөң,
Анау Кара-Балтадан,
Келаткан жайым мына бу.
Спирт ташып жүрдүң деп,
Шылдыңдаба Тынаржан.
Арак сатып жүрдүң деп,
Шакаба кылба Тынаржан.
Спирт ташып жүргүдөй,
Сезону эмес спирттин.
Арак сатып жүргүдөй,
Арааны эмес арактын.
Сага окшоп бекер ойнобой,
Мен тойдон келе жатырмын.
Тоголок шарды мээлебей,
Мен ойдон келе жатырмын.
Өлгөн торпок көздөнүп,
Өкүрө бербе Тынаржан.
Сага окшогон "жаш куудул",
Теңим эмес Тынаржан.
Сен көздөнгөн "сопляк",
Ченим эмес Тынаржан.
Менин теңим Борончу,
Кубик менен Кабыл да.
Борончу, Кубик, Кабылды,
Айтыша келсем алдырбайм.
Чабыша кетсем чаптырбайм,
Сага окшогон балага.
Чаңымды дагы таптырбайм-, деп токтоло калды. Баятан кезегин күтүп турган Тынар:
- Ээй, казакка барып Абды ака,
"Жатыр" деп сүйлөп калыпсыз.
Алматыга барып сиз,
"Атыр" деп сүйлөп калыпсыз.
Казактар сизге арпаны,
Нан деп берип жатканбы.
Бул жактан жеген наныңыз,
Нан эмес эле саманбы.
Султаны болбой казактын,
Ултаны болуң кыргыздын.
Буудайы болбой казактын,
Саманы болуң кыргыздын.
Ал жакта деле "Катыяң",
Жаш болуп калып атабы.
Балапан алсаң казактан,
Каз болуп калып атабы? - деп токтоду. Буга терикпеген Абды куудул андан ары коё берди.
Кыргыздар буудай бербесе,
Не кылайын Тынаржан.
Келбеттен кудай бербесе,
Не кылайын Тынаржан.
Келбетим сендей болгондо,
Жүрбөйт белем Тынаржан.
Жаш кезди текке кетирбей,
Күлбөйт белем Тынаржан.
Казакта "Катя" жаш бойдон,
Жаш эмес дале кыз бойдон.
Катя менен Абдыны,
Көрө элек казак андан көп.
Тотукан менен Абдыны,
Угалек казак мындан көп, -деп токтоп суу ууртады. Анда Тынар:
- Мага окшоп чачың болгондо,
Турбайт элең Абды ака.
Катындан катын жаңыртып,
Дуулайт элең Абды ака.
Катын-кыз деген өң карайт,
Мага окшош сулуу жигитти,
Бир эмес эки жүз карайт.
Ошондуктан Абды ака,
Бир катын менен жүрөсүз,
Ким билсин бирок Абды ака,
Канчоосу менен "жүрөсүз", -деп Тынар токтоду. Абдыга оңдой берди болуп, сөз коштоду:
- Ырасында чын айттың,
Так ошол катын-кызды тың айттың.
Ырасында өңүм серт,
Серт болгону жакшы экен.
Анткенимдин себеби,
Анау жеңең менен сыйлашып,
Шу убакка чейин жашадым.
Дагы эле жашай беремин,
Сага окшоп кокус мен калсам.
Эки-үч катын алмакмын,
Ага да болбой кез-кезде,
Кыздарга чуркап бармакмын.
Ошентип жүрүп бир күнү,
Жеңеңден,
Ажырап такыр калмакмын, -деп Тынарды аңтара сайып өттү. Тынар да карап турчубу айтышты андан ары улап кетти:
- Абды ака, кокуй актанба,
Кыздарга барбаймын деп мактанба.
Кечээ Жалал-Абад шаарынан,
Бизди ээрчип кыздарга,
Барганың калппы Абды ака.
Барып алып сиз анда,
Жолуң болбой мостоюп,
Калганыңды унутпа.
Кыздар кээде ошентип,
Кыпкызыл чайга чакырат.
Сизге окшогон куудулдар,
Барабыз деп бакырат, -дегенде Абды мындайча жооп узатты:
- Кокуй Тынар антпегин,
Сен анда жөө калып кеткенсиң.
"Жеткирип коюң ака" деп,
Асылып алдың жаш бала,
Акылы жок мас бала.
Сен антип айтып атканда,
Инисин таштап талаага,
Ага кантип кетет калаага.
Асылым Тынар тура тур,
"Мерсиңдин" башын бура тур.
Айтышып атып экөөбүз,
Араздашып жүрбөйлү,
Сүйлөшүп атып экөөбүз,
Сөгүшүп кетип жүрбөйлү.
Чуңкур акыл адамча,
Чукушпайлы Тынаржан.
Акылы пас адамдай,
Алышпайлы Тынаржан.
Андан көрө экөөбүз,
Бильярдды мыкты ойнойлу.
Айтыша бербей экөөбүз,
Кел эми минтип токтойлу, -деп комузун дубалга жөлөп, өйдө болду. Анын сөзүн Тынар эп деди, айтканың жакшы кеп деди. Ошону менен экөө бир далайга чейин бильярд ойноп, оюндун кумарына тойгон соң, биринин машинасын бири түртүп, үйлөрүн көздөй кетишти.

Жазып алган
Рахбар Алымкулова




Жаңы ысым
Өнөрүң болсо өргө чап

Белгилүү куудулдардын арасына кошулуп куудулдук өнөрү менен таанылып келе жаткан жаш талант Канат Шанаев бүгүн бизде мейманда.

Канат Шанаев 1988-жылы 22-январда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн.

- Канат айтсаң, Талант Анарбаевдин тобуна кандайча келип калдың?
- 2006-жылдын жай мезгилинде куудулдукка сынак өткөрүп, топко балдарды алып жатканын угуп кокусунан эле кошулуп калдым. Бирок, мындай бактылуу кокустукка учуроо менин бала кезимден берки тилегим эле. Башкача айтканда, куудул болуп, ыр ырдап сахнага чыксам деп кыялданчумун.
- Анан ал кыялданууң андан ары кандай уланды?
- Оо, сурайсыз да. Талант байкенин өзү менен кантип таанышып калганымды айтып берейин. Дос балдарым менен көчөнүн боюндагы арыктын жанында сүйлөшүп олтурсак, бир машина токтоп "балдар баланча көчө ушулбу, Акматбек деген кишинин үйү кайсы?" деп сурап калды. Биз шашылып жооп бергичекти, жаныбызга басып келип, "араңарда куудул балдар жок беле, эртең Ошто кастинг болот. Барып катышкыла" деди эле, ойлонбой туруп мен барсам болобу десем, макулдугун айтып мага көп ишене бербегендей жылмайып койду. Ошентип, Талант байкени ээрчип барып, кастингден абышкалардын, кемпирлердин үнүн туурап өтүп кеткем.
- Куудул катары сахнага чыгып жүрөсүң. А ырчылык өнөрүңдү жөн гана хобби катары кабыл аласыңбы?
- "Ашык дөөлөт баш жарбайт" деген сөз бар го. Куудулдукту ырчылык өнөрүм толуктап турат десем болот. Эгерде табиятыңдан таланттуу болсоң эмнеге аны элге тартуулаганга болбосун. Колуңдан келсе болгонун болгондой төгүп, өнөрүң менен өргө чабыш керек.
- Устатың Талант Анарбаевдин сахна менен коштошуп жатканы сенин жүрөгүңдү ооруткан жокпу?
- Чынында үч жылдын ичинде устатым менен бирге жүрүп көптөгөн нерселерди үйрөндүм. Сахнанын сырларын, ак-караны ажырата билдим, бирге сатира ойнодум дегендей. Азыркы учурда Талант байкенин сахнаны таштап кетип жатканына абдан ичим ачышып жатат. Бирок, сахнадан кеткени менен менин жанымдан кетпей, жөлөк-таяк болуп, кеп-кеңешин айтып жүрөөрүнө ишенем.
- Жаш болсоң да жеке концертиңди берип жатасың. Концерт кандай өзгөчөлүктөргө бай?
- Ош шаарында тушоо кесүү концертимди берип жатам. Өзгөчөлүктөрү абдан эле көп. 90% күлкү десем болот. Мактабайын, бирок Кыргызстан боюнча Ошто куудулдарды абдан баалайт. Менимче, ар бир концерт берген адам өзүнчө изденип, башкаларга окшобогон идеяларды жаратат болуш керек. Концертке келген адам менин концертимдин өзгөчөлүктөрүн өздөрү байкай алышат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып менин талантымды колдоп кеңештерин айткан агаларым Тынар, Рысбек байкелериме да ыраазычылык билдирем.
Маек курган
Акыл Карачач









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan