маалымат

Гүлжигит ооруканадан чыкты
"Коштошуу", "Ай бийке" деген ырлары менен элдин оозуна алынып калган ырчы мырзабыз Гүлжигит үч күн мурун ооруканадан чыкты. Тактап айтсак, чыгармачылык менен алектенип, гастролдо жүргөндө шамалга урунуп калганын байкаган мырзабыз, дароо врачтарга кайрылганда бөйрөгүнө катуу суук тийгенин айтышкан. Республикалык ооруканада он күндүк дарылоо курсунан өтүп, денсоолугун чыңдап алды.

"Кеңеш" тобу англиялык
жарандарды кыргызча ырдатты
Дуэт ырлары менен күйөрмандарын топтой баштаган "Кеңеш" тобу бир тойдо англиялык күйөрмандарына жолуккан. Мындай сюрпризди күтпөгөн ырчылар Мүзүр менен Гүлмира эч нерсеге ишенбей таң калышкан. Себеби, "Нике кайып"деген ырын англиялыктар авторлорго кошулуп, башынан аягына чейин так жана туура ырдап беришкен. "Кыргыз ырын англиялыктар созуп жатышса, кантип суктанбай тура алабыз, биздин күйөрмандар бир гана кыргыз улуту менен чектелбейт экен" деп сүйүнөт Мүзүр мырза.

Сема, Семага гүл берди
" 90-60-90" аттуу ыры менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган Сема, аталган ырга жаңы клип тарттырып бүттү. Муну уккан "Аралаш" куудулдар тобундагы куудул байкелерибиз, 6-февраль күнү "Ар бир айдын алтысында Аралаштан күлкү" аттуу концертинде сахнада сатиралуу клип тартып, залдагы элге күлкү тартуулашты. Башкача айтканда, Семанын образын Абдылда Иманкулов, Кундуздукун Рахман Разыков ойносо, продюсери боорду эзген Борончу болгон. Элестетиңиз мындай көрүнүштөгү жандуу клиптин өзү эле күлкүлүү болсо керек. Муну көрүп залда олтурган ырчы Сема сүйүнгөнүнөн сахнага чыгып, "Семага" гүл тапшырды.

Жубайлардан жаңы ыр
Чыгармачылыкка өтө жоопкерчилик менен караган, жаш жубайлар Замир Сабитахунов менен Эллада Асылбекова "Алтын балалык" деген эски ырды жаңы аранжировка менен ырдап чыгышты. Учурда бул ыр радиотүйүндөрдөн тынбай жаңырып, угармандарга жакшы маанай тартуулоодо. Бул ырга клип тартууну пландаган ырчы жубайлар дагы жаңы ырларды жаздырып, сахна кийимдерин тиктирип, быйылкы жылдын эсебинен отчёттук концерт берүүнү максат кылышууда.

Мерген жентек той берди
Ырчылардын арасында "Дыңкы жеңе" деген атка конгон белгилүү ырчы Мерген Турган уулдуу болуп, "ата" деген статусту колуна алды. Үч айга уланган жентек той тууган-урук, жоро-жолдоштордун батасын алуу менен аяктады. 3кг 700гр салмакта төрөлгөн небересине чоң энеси Раатбек Санатбаевдин ысымынан улам Ханраат деген ысымды ыйгарган. "Жаңы төрөлгөн уулум өзүмө куюп койгондой окшош" деп сүйүнөт Мерген мырза.

Мээрим Мураталиева жакында "сюрприз" тартуулайт
Ырчылык өнөр менен кошо пародия жанрын дагы алып жүргөн Мээрим Мураталиева БГУнун дүйнөлүк экономика жана бизнес бөлүмүн бүтүрдү. Буюрса, жакын арада дипломун колуна алат. Мээрим Мураталиева учурда жаңы ырларды жаздырууда.Ырчы айым "жаздын алгачкы айында элиме, күйөрмандарыма тартуулай турган сюрпризим бар",-дейт.


Роза баласына
суук тийгизип алды
Роза Шакирова үйдө бала менен отурса дагы чыгармачылыктан алыстаган жок. "Үйлөнүү той" деген ырына клип тарттырып бүтүп, жакын арада клиптин ачылыш аземин өткөргөнү турат. Ошондой эле сөзү Медер Осмоналиевге, обону өзүнө таандык "Бул дүйнө" деген ырды жаздырууга даярданып жатат. "Бала менен отурсам да чыгармачылыгыма көңүл буруудамын. Бала багуу дагы өтө чоң милдетти, түйшүктү, жоопкерчиликти талап кылат экен. Жакында эле балама суук тийгизип алып, ооруканага жатып чыктык. Буюрса, азыр жакшы болуп калды",-дейт ырчы кыз.

Даярдагандар Акыл Карачач, Даркүл Кемелова




 

Кыргызстанда интернет колдонуучулар азайды
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 760 миңге жакын интернет-колдонуучу бар. "Интернет жана укук" эл аралык конференциясында "Интернет саясаттын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева билдиргенине караганда, интернет-колдонуучулардын санын аныктоо коомдук фонд жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында билинген. "Акыркы эки жылда колдонуучулардын саны 60 миңге өскөн. Мындай аз сандагы өсүш энергетика кризисинин жыйынтыгы десек болот. Мунун натыйжасында Кыргызстан интернет-мейкиндикте 150 миң колдонуучусун жоготкон.
Интернетте колдонуучулардын саны аз сан менен өскөндүгүнө карабастан, түзүлгөн сайттардын саны 1,4 миңге жеткен. Бүгүнкү конференцияга катышкандардын пикиринде, интернет республиканын экономикалык өсүшүндө маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле аталган эл аралык конференция Жогорку Кеңеше интернетти көзөмөл кыла турган мыйзам кабыл алуу же жөнгө сала турган башка механизмдердин табылышына көмөктөшөт.

Жайыл районуна жардам берилет
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Чүй облусунун Жайыл районунда 94 үйдү текшерип чыгышып,он бир үй авариялык абалда деп табылды. Кырсыкка учураган үйлөрдүн көпчүлүгү жакында Чүй облусунда болгон эки жер титирөөдөн кийин жапа чеккен, алардын айрымдарын тезинен бузуу зарыл. Аларда жашаган үй-бүлөлөргө министирликтен убактылуу жашоого чатырлар же тез тургузулуучу үйлөр түрүндө жардам көрсөтүлмөкчү. Жайыл раймамадминистрациясынын башчысы Замирбек Эсенаманов бөлүнүп бериле турган тез тургузулуучу үйлөр үчүн министрликке ыраазычылыгын билдирди.

Калкыбыздын саны канчага көбөйдү?
Кыргызстандын калкы 2008-жылы 5,224 миллиондон 5,276 миллион адамга чейин көбөйгөн.
Жалпысынан уюмдардын баасы боюнча КМШ мамлекеттериндеги калктын саны бир миллион адамга өсүп жана 281 миллионго жеткен.
Калктын өсүүсү бардык Борбор Азия региону боюнча белгиленген. Биринчи орунда калкынын саны 27,072 миллиондон 27,4 млн. адамга чейин өскөн Өзбекстан турат. Казакстандын калкы 15,572 миллиондон 15,766 миллион адамга чейин, Тажикстандын калкы 7,064 миллиондон 7, 289 млн. адамга чейин көбөйгөн.

Ваканция жарманкесине келиңиз
Жакында Бишкекте кезектеги ваканция жарманкеси өтөт.
Жарманкенин катышуучуларына 400 ашык ваканциялар сунушталат. Иш чараны жаштардын эмгек биржасы уюштуруп, ага жумуш издеген жаштардан тышкары кадрларга муктаж ишканалар, уюмдар катышат.
Белгилей кетсек, январь айында уюштурулган ваканция жарманкесинде 169 адам жумуш орундарына жолдомо алышкан.
Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш чараны өткөрүүдө ишкерлердин салымы чоң. Алар жумуш орундары тууралуу маалыматтарды берип, ордунда жумушчу иш берүүчү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алган. Бул жакка келген адамдардын көпчүлүгү соода, калкка кызмат көрсөтүү жана билим берүү тармагы боюнча жумуш издегендер болгон.

Кылмышкер кармалды
ИИМдин мамлекеттик атайын күзөт башкармалыгы Өзбекстандын А. Хасанов аттуу жаранын киши өлтүрдү деген шек менен кармады. Бишкектеги үйүндө Назаров аттуу Кочкор-Аталык жаранды бычак менен сайып, натыйжада ал ооруканада көз жумган. Учурда кылмышкердин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.




Улуулардан улама
К.Карасаевдин сөздүгүнөн
Май көтөн бала
"Май көтөн бала, май көтөн"-бөбөк төрөлгөндө, кемпирлердин айта турган жакшы тилеги.
Ал мындай тилекте айтылат: бөбөк төрөлгөндөн кийин иш оңолуп кетсе, элге бейпилчилик орносо, же артынан тилеп жүргөн эркек бала же кыз бала төрөлсө, иши кылып эле бардык иш оңунан чыкса, бала май көтөн аталат.

Чыккан кыз-чийден тышкары
"Чыккан кыз-чийден тышкары"-деген макал, башка эл болуп кетти, эми биздики эмес деген мааниде колдонулат.
Аталган макалдын түйүнүн чечмелесек "күйөөгө чыккан кыз бул үйдө чийдин аркасынан жатпайт, ошол барган жеринде чийдин аркасына жатат" -деген сүйлөм чыгат. Башкача айтканда: "күйөөгө чыккан кыз бул үйдө өлбөйт, ошол барган жеринде өлөт" деген мааниде. Кыргыз элинин салтында өлүктү боз үйдүн бир капшытына коёт да, соккон чий менен калкалайт. Ошол чийдин ары жагында жуулат, кепинге оролот. "Чий"-өлгөн кишинин акыркы калканчасы. Мына ушундан улам, бүтүн бир ойду эл кыскартып, "чыккан кыз чийден тышкары" деп макал кылып алган.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan