Билгениң оң

Эң кымбат кырсыктар
Ким болбосун сыналгыдан күн алыс болгон кырсыктарды көрүп үрөйүбүз учуп жакабызды карманабыз. Ал эми төмөндөгү эң оор кырсыктар адам баласынын аң сезиминде жана тарыхта түбөлүк сакталаары талашсыз.
х х х
2004-жылы 26 - августта кадимки машина бензин ташыган унаага келип урунган. Жыйынтыгында Калифорниядагы эң чоң делинген көпүрөлөрдүн бири жарактан чыгып, мамлекеттин казынасына бир топ эле зыянын алып келет. Оңдоп - түзөө иштери 358 миллион долларды камтыган. Албетте, бул оор кырсыктардын бири адамдардын өлүмү да болгон.

х х х
"Титаниктин" чөгүшү эң оор, эң кымбат кырсыктардын катарын толуктаары талашсыз. Анын жалпы суммасы 150 миллион долларды түзөт.
х х х
2008 - жылы 12- сентябрда Калифорнияда сүзүшкөн эки поезд эң оор кырсыктардын катарында. 25 адам каза тапкандан тышкары "Метролинк" компаниясы оңдоп- түзөш үчүн 500 миллион доллар каражат жумшашкан. Анын ичинде каза болгон адамдардын үй-бүлөсүнө төлөп берген акчалар да кирет.
х х х
Нефть платформасында катуу өрт чыгып анын жыйынтыгы 167 адамдын өлүмүн, 3- 4 миллиард долларга чыгым болушкан. Бул оор кырсык бир нече жумушчунун унутчаактыгынын айынан келип чыккан. Анткени, алар керектүү клапнды жаап койгонду унутуп коюшкан.




Кызык экен
??Дүйнө жүзү боюнча адамдар кадимки кырсыктарга караганда эшектен кулап же эшек тээп ийип өлгөндөрдүн саны арбын. 1997 - жылы самолётко караганда эшек менен саякаттагандар көп кайтыш болгон.
??Госпиталдардын көбүндө адамдын өлүмү кечки саат 4 - 6 ларга туура келет, себеби дал ушул маалда адамдын организми болуп көрбөгөндөй алсырайт. Эгерде адам башы менен тамды сүзсө 1 саатта 150 калорий жоготот.
??Электр столуна отургузулган өлүм жазага милдеттүү түрдө 40 адам катышышы керек.
??Бир кездерде адамдын заарасын кийим тазалоочу каражат катары пайдаланышкан.
??Калонканын чоргосунан кичинекей тамчылап аккан сууну чогултса бир жылда 12 000 литр сууну түзөт, ал эми бир тамчы нефть иче турган 25 литр сууну жарактан чыгарат.
??Эң алгачкы дарыкана Багдадда биздин заманга чейин 1000-жылы ачылган.
??"Ramses" деген маркадагы презерватив Египеттин фараону Рамзес IIнин урматына аталган. Баса, анын 160 баласы болуптур.
??Бир күндө бир куту чеккен адам жарым жылда жарты чыны смола ичкенге барабар. Жыл сайын статистика боюнча эң көп акча ичимдик менен чылымга королот.
??Кофени көп ичкендер ичпегендерге салыштырмалуу жыныстык катнашка көбүрөөк барышат.
??Эң биринчи акы төлөп кире турган даараткана Англияда пайда болуп, анын баасы 2 пенсаны түзгөн.
??Суд экспертизасы адамдын жынысын, расасын жашын бир гана тал чачынан аныктай алышат.




24 манжасы бар бала
Камани Хаббард аттуу ымыркай январь айынын аягында Сан Францискодо жарык дүйнөгө келген. 24 манжасы бар наристе эч кимдин деле жүрөгүн түшүргөн эмес, тескерисинче баарына кубаныч тартуулаган. Буга чейин деле мындай элдикинен көп манжасы бар балдар анда - санда төрөлүп келген. Адатта ашык манжалар кыймылсыз абалда болсо Каманиники оноо тең кыймылда, анын кайсынысы ашык, керексиз экенин доктурлар ажырата албай жаткан кездери. Алгач төрөлгөн наристеге эч ким деле маани берген эмес экен. Баары жайында көрүнгөнү менен кийин гана манжаларын саноо акушеркалардын оюна келген. Үч килограмм салмакта төрөлгөн баланын атасыныкы да алгач алты манжасы болсо кийинчерээк бирөөсүн алып салышкан. Ата -энеси журналисттерге сыймыктануу менен өзгөчө төрөлгөн баласы тууралуу маалымат беришкен. Ал эми доктур Майкл Трис: "Эгерде мындай ымыркайлар көбүрөөк төрөлсө кыйын гитарист менен пианисттер көбөйөт эле",- дейт тамаша - чын аралаш.

Кызыктуу маалыматтар
??Британиянын кээ бир аралдарында үйлөнүү тойлордо эң баалуу белек жасалма тиштер болгон. Анткени, тиштеринен эрте эле айрылып, жасалма тиш салынуу алар үчүн сонун көрүнүш болгон.
??Тиш адамдын калыбына келбеген жалгыз организми.
??Мао Цзездун эч качан тишин жуубаптыр, тишин тазалоо үчүн ал чайдын жалбырагын чайнап, "жолборстор деле тишин тазалашпайт да" деген ойду бетине кармап келген.
??Электр столун стоматологдор ойлоп чыгарган экен.
??Бир куб метр жыгачтан жарым миллион тиш чукугуч жасоого болот. Ал эми кытайдын Куланг шаарында керектен чыккан тиш чукугучтарды кабыл алуу үчүн жети борбор бар. 45 гр колдонулган тиш чукугучту өткөргөндөргө 35 доллар төлөп беришет.
??1999-жылы 9-апрелде Аризон штатындагы Финикс шаарында "Дени сак жылмаюу үчүн" деген акция өткөн. 1365 миң окуучу тиш щётканын формасындай болуп тизилип, туура 3 мүнөт 3 секунд тиштерин тынымсыз тазалашкан.
??Людовик I - тушунда аристократтар жалаң суюк тамак гана ичишкен. Анткени алардын бул аракетинин негизги максаты бетке, ууртка бырыш түшүрбөө болгон.
??Байыркы заманда Япониялыктар тишти кол менен жулушса, кээ бир өлкөлөрдө бүйлөнүн ооруганын басыш үчүн кыйналып каза болгон адамдын тиши менен сүртүшкөн экен.
Даярдаган Анара Дүйшөналиева





Канчалык деңгээлде чыгармачылыкка жөндөмдүүсүз?
Чыгармачылык жүз бул сөзсүз эле улуу музыкант же белгилүү режиссёр болуу эмес. Эгерде оригиналдуу түрдө тамак куурусаң да жөндөмдүү деп айтууга болот. Адам бир көргөнүн жасап кеткендиги боюнча жанда жок жөндөмдүүлүгү, зээндүүлүгү менен тубаса чыгар келет. Эмесе, төмөндөгү тестин жардамы менен өзүңүздүн канчалык деңгээлде чыгармачылыкка жөндөмдүү, зээндүү экендигиңизди текшерип көрүңүз.

1. Эгерде жетекчилик сизге башкаруу мүмкүнчүлүгүн берсе...
а)Анда менин кол алдымда иштегендерди эчак миллионер кылмакмын.
б)Каалагандай идеяларды ишке ашырып, компанияны эң бийик деңгээлдеги катарга кошом.
в)Кесиптештеримдин жардамысыз иштей албайм.
2. Экзотикалык өлкөлөргө эс алууга барсаңыз эмнени үйрөнмөксүз?
а) Жылан менен коркпой ойногонду.
б) Эрежеси менен жеп-ичкенди.
в) Эч нерсе үйрөнбөй эле эс алгым келет.
3. Биринчи жолу мурда көрбөгөн шаарга туристтик топ менен бардыңыз дейли. Бош убактыңда эмне кыласың?
а)Эсиңде калган кооз жерлерди эстеп отурасың.
б)Адашып калбаш үчүн чогуу баргандардын жанынан чыкпайсыз
в)Кызыктуу маалыматтарды жыйнаш үчүн жөнөйсүз.
4. Чет тилиндеги татаал бир сөздү катасыз кайталай аласызбы? Эгер анын кандай чечмеленерин билбесеңиз дагы.
а) Ооба, жеңил эле.
б) Сөзсүз анын түшүндүрмөсүн билиш керек.
в)Кайталагым келбейт.
5. Катуу ойлонгондо кандай абалда болосуз?
а)Канча аракеттенсем да уйкум келбейт, тамак-ашка табитим тартпайт.
б)Жалгыз болгум келет.
в)Тамактан күчүмдү чыгарам.
6. Чоң энеңизден мураска калган билерикти эмне кыласыз?
а) Ар дайым колумдан түшүрбөй тагынып жүрмөкмүн.
б) Күрөөканага өткөрүп акчасын пайдаланмакмын.
в) Кооздук үчүн үйгө эле коюп коём.




Жообу:
А-варианты көбүрөөк болсо:
Сиз ийгиликсиздикке жол бербейсиз, өзүңүзгө терең ишениңиз жана "жок" деген сөздү айтпаңыз. Кээде сиз көп сүйлөбөй ойлонуп каласыз. Сырттан карагандарга таң калаарлык көрүнөсүз. Ошол учурда ички дүйнөңүздө чыгармачыл жаңылыктарды же пландарды ойлонуп жаткан болосуз. Негизгиси ошол жаңылыктарды, өзгөчөлүктөрдү туура ишке ашырып, идеяңызды башкаларга алдырып жибербеңиз жана маанайыңызды түшүрбөгөнгө аракет кылыңыз. Сиз оптимисттик көз карашта гана жашаганыңыз оң.

Б-варианты көбүрөөк болсо:
Сиз үчүн колго гитара алып созолонуп ырдоо сөзсүз эмес. Жөндөмдүүсүз, бирок аракеттенбейсиз. Чоң маселени эки өткүр сөзүңүз менен эле чечип коёруңузду өзүңүз билесиз. Мындай маселелер үчүн сизге көп кайрылышпайт. Эгерде убагында кайрылган болсо, сөзсүз жемиштүү жыйынтыгын берет. Ал эмес сиз чыгармачылык кесипти, мисалы, сүрөтчүлүктү тандаган болсоңуз, аз убакыттын ичинде пайда көп тапкан ийгиликтүү галерист болуп чыга келесиз. Жүзүңүз, жарашыктуу келбетиңиз жашооңузду контролдоп, акыркылардан болуп калууңуздан сактайт.
В-варианты көбүрөөк болсо
Чыгармачылык жөндөмдүүлүк сизде качандыр бир кезде болгон. Ал жөнүндө эстеп эле коюшуңуз керек. Бирок, негизги маселе эмнеде жатат? Эгерде ал жөндөмдү убагында пайдаланбасаңыз, албетте жоголуп кетет. Убагында колдонушуңуз керек эле. Бирок сиз ансыз деле жашооңузда туруктуулукту тапкансыз. Ошентсе да кайрадан чыгармачылык илхомдоруңуз жарылып чыга албай жол издеп жүрөт. Ошондуктан кээде өзүңүздү өзүңүз түшүнбөгөндөй табышмактуу сезимдер курчай берет. Өзүңүздүн жөндөмүңүздү сынап көрүңүз. Мурда таптакыр жасабаган нерсени жасаганга аракет кылысаңыз баары ойдогудай болот.
Даярдаган Кыял Орозбекова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan