Классташ

"Гүлжигит директордун шапалагын көп жеди"
Бир партада олтуруп, сырыңды билип алгамын
Ырчылар арасында бүгүнкүдөй тенденция күчөп турган учурда саны көп сапаты жок дедирбей, аз бирок саз ырдап "Коштошуу", "Ай бийке" аттуу ырларындагы мукамдуу кайрыктары менен эл оозуна алынган Гүлжигит Сатыбековдун классташтары Нурбек менен Нургазы бүгүн бизде мейманда.

Директордун жазасы
- 8-класстан баштап тамеки тартканды үйрөндүк. Сабак учурунда акыркы партага отуруп алып партанын алдына жашынып чегет элек. Ошентип жүрүп бир күнү кармалып калдык. Агайыбыз доскага тизип алып чөнтөктөрүбүздү аңтарды эле Гүлжигиттин чөнтөгүнөн эки куту ширеңкенин даны чыкты. (Анткени шымыбызга данды чагып тамеки күйгүзчүбүз да). Дагы бир балабыздын чөнтөгүнөн газетага оролгон махорка чыкты. Анан агай партага башыбызды сүздүрүп, өзөргөнчө сабап, бир куту тамекини тынымсыз чектирип жөтөлүп калганча жазалады. Ал аз келгенсип сабак бүткөнчө 45 мүнөт стул көтөрүп доскада турганбыз.

Шишиген эки баш
- Төө басты деген да шумдук оюнубуз бар эле. Бир жолу сабак учурунда мугалимибиз жоктугунан пайдаланып адатыбызды баштадык. Адегенде мени басып жыгылышып, он баланын алдында калдым. Гүлжигит он биринчи болуп ат кылып чаап атса директорубуз кирип келип, карап тура берет. Көп өтпөй демим кысылып, өңүм кумсарып баштаганын көрүп, Гүлжигитти башка чапса, шапкеси учуп кетет. Агай Гүлжигит менен алаксып калганда балдардын баары качып кетишти. Жинденип калган директорубуз "ойногуңар келип атабы, мына силерге" деп экөөбүздү желкелеп алып сүзүштүргөн. Эртеси Гүлжигиттин дагы, менин дагы башыбыз шишип мүйүз чыгып сабакка барганбыз.

Узун чачтуу Сатыбеков
- Нурбек досум айткандай, чынында Гүлжигит бейбаштыгынын азабын көп тартты. Айрыкча директорун шапалагын жегенден рекорд койду. Бир жолу да класстын ичинде пара тээп ойноп атып, доскага буту тийип кетип чоң картинаны түшүрүп жиберип, директордун мушун алып башы томуйган.
Биз 7-8-класста окуп жүргөндө чач өстүрмөй мода болуп кеткен. Мектептен тыюу салынып, ким чач өстүрсө кайчы менен башына атын жазмай болгон. Ага карабай Гүлжигит чачын желкесине түшүрүп алчу. Линейка сайын "чачы узун Сатыбеков" деп чыга берип популярдуу болуп кеткен. Анан класс жетекчибиз тажаганда кайчы менен "Г" деп маңдайына жазып эн коюп таштады. Ошондон кийин окуучулардын баары "эн" деп шылдыңдай берип анан чачын кыскарткан.
Эсимде, бир жолу Гүлжигитти шкафтын ичине бекитип коюп сабак бүткөндөн кийин унутуп кетип калганбыз. Ал эбак эле уктап калган экен. Уйкудан турса эле эч кимдин үнү угулбайт. Бакырса да эч ким укпайт. Акыры айласы кеткенде күч менен тердеп-тепшип, эшигин буза тээп араң чыгыптыр.

Талкаланган оюнчуктар
- Биздин окуучулук күндөр Аксы районунун Мукул айылындагы Калмат Алымкулов атындагы Мукул орто мектебинде өттү. Алгач 6 жашыбыздан даярдоо курсунда окудук. Гүлжигит ошондо эле аябай шок, тентек бала эле. Оюнчуктардын баарын талкалап, тамакка тойчу эмес. Ичи челдейген томолок бала болгондуктан "таш курсак" деп койчубуз. Баарыбыз чогуу "Быссымылда" деп хор айтып туруп тамак жечүбүз. Гүлжигиттин шоктугунун кесепети тийип 2-классында таш атышып ойноп атып Кылыч деген классташыбыздын башын жарып койгон. Андай болгону менен бизге караганда сабактардан жакшы окуйт эле. Мектепте окуп жүргөндө көп ырдачу эмес. Бирок "Мен чоңойгондо Бек Борбиев болом"-деп айта берчү. Негедир бала кезинде күлдүрүп, интермедияларды жакшы аткарчу. Анан биз сен Бек эмес Күмөндөр болосуң деп калат элек. Азыр эми өзүнүн тилегине жетип Бек Борбиевдин чөйрөсүндө жүрөт. Биз ушундай таланттуу классташыбыз менен сыймыктанабыз.

Касиеттүү алма бак
Негизи балалык кез дегенде эле күлкүлүү көз ирмемдер эске келет да. Эми Гүлжигиттин кызыктуу окуяларынан айтып берейин. Биздин айылда республика боюнча аянты, сапаты жагынан экинчи орунда турган алма бак бар. Окуучулук күндөрдө көп убактыбызды дал ошол алма бакта өткөрдүк. Ал касиеттүү алманы коро кезинде жесең оозуң памада жегендей кыпкызыл болуп калчу. Сабактан чыккандан кийин күндө ошол алманын түбүндө жүрчүбүз. Бир күнү майкабыздын ичине толтуруп алып жеп атсак кароолчусу кармап алып оозубуз талып калганча атхот чыгартпай коро жедирген. Ошондо Гүлжигит ичи ооруп, кан басымы көтөрүлүп сабакка барбай үч күн үйүндө жаткан.

Гүлжигитти ашык кылган Акмарал
- 9-класста окуп жүргөндө биздин мектепке башка айылдан Акмарал деген кыз келип балдардын баары ошол селки менен ооруп калганбыз. Гүлжигиттин бешенесине алтообузду ашык кылган Акмарал Гүлжигиттин Чынара деген тууганы менен дос болуп калып Чынараны ортомчу кыла койгон. Гүлжигиттин алгачкы ыры Акмаралга арналып, азырга чейин айылда ырдалып жүрөт. Гүлжигит досумдун жазган каттарын чогултсак бир том китеп болот. Мен билгенден Гүлжигит ошол кызды катуу сүйдү, бирок тилекке каршы арзуусуна жетпей калды.

Кыздардан алынган каттар...
- Классыбызда Гүлжигит менен Улан деген бала мончоктой тизип жазышчу. Силердин кол жазмаңар сулуу деп экөөнө кат жыздырчубуз. Кат демекчи, биринчи жолу 8-классыбызда 7-класстын кыздары биздин балдарга "сүйлөшпөйлүбү" деп кат жазышыптыр. Анан биздин намыскөйүбүз Гүлжигит "Бизге минтип кат жазгыдай биз эмне кыз белек, биз аларга "лох" көрүнүп атабызбы" деп балдарды уюштуруп, ошол кыздардын классына кирип алып, кыздарды аябай сөгүп, кол көтөргөнгө чейин барганбыз. Ошол күндөрдү азыр эстеп алып жинди экенбиз деп күлүп калабыз.




  Мектеп шиңгилдери...

Нурзада Жолдошева, ди-джей:
"Бек Борбиевдин фамилиясы ким эле?"
- (күлүп) Мектеп дегенде эле Тагай деген классташымдын бир жоругу эсиме келе берет.Бир жолу кыргыз-тил сабагынан жер- суунун, белгилүү адамдардын аттарын жазгыла деп тапшырма берип калды.Мен экинчи партада Сардар деген бала менен олтургам. Биздин алдыбызда Тагай деген сабактан начар окуган классташым олтурган. Бир убакта баарыбыз жанталашып жазып атсак Тагай артты карап: "Сардар, Бек Борбиевдин фамилиясы ким эле?"- десе ошол жерден классты жаңырта күлүп, бир топко чейин күлкүмдү тыялбай, тиги классташымды бушайман кылгам.Азыркыга чейин Тагайды көрсөм күлкүм келе берет.

Өсөр Козуев, ырчы:
"Врачтардын боорун эзип..."
- Анда мен 2-класстын окуучусу элем. Эмнегедир денеме атымды жазып, сүрөт тартып ойногонду жакшы көрчүмүн. Үчүнчү күн эле. Айылда бир оору пайда болуп, облустан врачтар текшерип келип калышты. Окуучуларды бирден кабыл алып баштаганда эле мен качып жөнөдүм. Эмнеге дебейсизби? Анткени адатымча денемдин колум жеткен жерине "Өсөр" деп ручка менен балчайтып жазып алгам. Качып бараткан жеримден врачтардын алдына алып кирди. Дале болсо көз алдымда турат. Мурутчан бир врач "көйнөгүңдү көтөр"- деди. Көйнөгүмдү бекем кармап алып, тырмышып коё бербей ыйлайм. "Ийне сайбайбыз, жөн эле көрөбүз, ач"-дешет. Ага да болбой башымды чайкап жалдырайм. Ансайын бири-бирин карап таң калышат. Акыры жанагы врач киши балтайган колдору менен колумду кармап туруп, көйнөгүмдү көтөрүп эле "Ооу, бу эмне?" деп жиберди. Анан "Өсөр" деген жазуунун окуп алышып "атыңды жазбасаң адашып кетесиңби. Ушундан уялып аттың беле"- дешип, бир топко чейин боорлору эзилип күлүшкөн.

Ж.Калдарова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan