Кыргыз шоу дүйнөсү

Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат Паровоз
Роза Аманова: Ибрагим ага, кыргыздын салттуу музыкасын кандай түшүнөсүз? Эл өкүлү, маданият комитетинин мүчөсү катары салттуу кыргыз музыкасынын эң оор абалын билесизби?

Турусбек: -Уйкуну абдан жакшы көрөм. Анан дайыма бирөөлөрдү сүйүп жүрөм. Сүйүү адамды карытпайт.
Турусбек Ненага суроо узатат: -Нена, качан көрсөм көңүлүң ток жүрөсүң да. Көңүлүңдүн токчулугу апаңдан калды беле же атаңданбы?

Ибрагим: -Албетте, билем. Мен кыргыз салттуу музыкасын, обондорун билбесем эл артисти, профессор болмок эмесмин. Учурда бул боюнча Маданият министирлигине да тапшырма берилип, атайын көркөм кеңеш түзүлүп, иштеп жатышат.
Ибрагим Мергенге суроо берет: -Азыркы жаш эстрада ырчылары кыргыз эстрадасына кандай салым кошуп жатат деп ойлойсуң?

Мерген: -Эстрадага салым кошконго жакшы эле аракет кылып жатышат. Бирок, ырдаган ырларынын акценттери туура эмес болуп жатканы өкүндүрөт. Улуу муундардан кеп-кеңеш алышса жакшы болмок.
Мерген Турусбекке суроо берет: -Турусбек, сен такыр карыбайсың ай, ушунун сырын айтып койчу ай мага? Дайыма жап-жаш болуп жүрөсүң го ай?

Нена: Ха-ха-ха! Экөөнөн тең калган болуш керек. Ушундай мүнөзүм өзүмө да аябай жагат.
Нена Сыймыкка суроо таштайт: -Сыймык байке, ырчылардын кайсы сапатын баалайсыз?

Тынай: -Ойлонмок түгүл ырдап да көргөм. Өзүм комуз черткенди билбесем да, балдарга черттирип ырдаганда каалагандай созуп, моокумуң канганча ырдайт экенсиң. Андай ойду "конечно" ойлогом. Мага абдан жагат.
Тынай Мирбек Атабековго суроо берет: -Сен дагы буга чейин ресторандарда иштеп, үнүңдү оңдоп, такшалып келдиң. Эми кайра ресторандарга барып иштейм деген оюң барбы?

Мирбек: (күлүп) -Андай ресторандарга барып турабыз. Болоттун калыңын кармаш керек да. Көп ырдабай калсаң үнүң бузулат. Ошондуктан практика болуш үчүн кээде ресторанда иштеген досторума барып ырдап турам.
Мирбек Гүлшан Молдоевага суроо берет: -Гүлшан эже, бүгүн супсулуу болуп калыпсыз. Ден соолуктарыңыз кандай? Айтсаңыз, дикторлук кесибиңизден кандай канаат аласыз?

Сыймык: -Аа, кандай десем, эң биринчиден адамгерчиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн, элге болгон алымдуулугун жана ысык-суукка карабай эл үчүн эмгек кылгандыгын баалайм.
Сыймык Тынай Алыбаевге суроо берет: -Тынай, эстрададан башка нукура кыргыздын аспаптары менен ырдайын деп ойлондуң беле?

Гүлшан: -Рахмат, алтыным. Сен дагы мыкты ырчылардын катарына кошулуп келатасың. Эгерде өз кесибиңден канаат албасаң анда, иштебей эле коюш керек. Сөзсүз түрдө адам иштеген ишинен канаат, ырахат алыш керек.
Гүлшан Канат Култаевге суроо берет: -Канат сен баарыбызды сагынтып кайда жүрөсүң? Сен билесиңби, биз сендей чыгаан режиссёрго суусап турган учурубуз.
(Уландысы кийинки рейсте)

Клип таржымалы
"Эң кымбатым ата-энем"
Ырчылардын ак эмгегинен жаралган клиптер тууралуу билгиңиз келсе, "Клип таржымалы" рубрикасы сиздер үчүн кызмат кылат. Ырчы Фархат Кеңешбек уулу жана анын бир тууган агасы Максат Токтоналиевдин аткаруусундагы "Эң кымбатым ата-энем" аттуу ырынын клиби жөнүндө сөз кылабыз.
Ырдын жаралышы
Бул ырды Фархат өзүнүн тушоо кесүү концертинде сүйүктүү ата-энесине арнап ырдап чыккан. Сөзүн Саткын Шайдылдаева эжеге жаздырып, обонун бир тууган агасы Максат жараткан. Ата-энесинин мээримин, талыкпаган эмгегин чагылдырган ырдын негизги мазмуну бир тууган ага-ининин дуэт ырдап чыгышына түрткү болгон. Ошентип, жай мезгилинде аталган ырга белгилүү режиссёр Сагын Ниязалиеванын жана бир тууган эжеси Светанын сунушу менен Суусамыр жайлоосунда клип тартылат. Ата-энеси ар жыл сайын Суусамырдын гүлдөрүн терип, мал жайып жайлоонун көркүн чыгарып, балдарын эс алууга чакырат. Табигаттын сулуулугу менен ата-эненин улуулугун даңазалаган клип эки күндө толук тартылып бүтөт. Мындай эмгек Фархаттын ата-энесине болгон алгачкы белеги экени айтпаса да көрүнүп турат.
Кызыктуу окуялар
Ондон ашык адам катышкан клипте кызыктуу учурлар көп болуптур. "Бала деген бала, баланын иши чала" дегендей, клипте көрсөтүлгөн кичинекей небере балдар камерага түшпөй, улам-улам качып кетип тентектигин карматышкан. Мына эми тарталы десе, балдар тоону көздөй качып кетип, карматпай убара кылышканда, алдап-соолап таттууларды берип тартышкан экен. Ал эми Фархаттын чуркап келе жатканы баарынан кызык болуптур. Ырчыга жайлоонун мелүүн жели, таза абасы таасир эткенби, же катуу сүрдөгөнбү, чуркап келатып камерага жеткенде чалынып жыгылганы айланасындагы адамдарга күлкү тартуулаган. Ушул эпизодду да эки-үч ирээт тартышкан экен. Ата-энесинин ары-бери небере жетелеп басканы, улуу адамдардын шайын кетирсе, караңгыда от жагып олтурушкан туугандардын оту күйбөй кийимдери ышталган. Ырчы мырзабыз бөбөктөрүнүн жардамы менен бир топ отун чогултуп келсе да, от жакшы тутанбай, караңгы болуп камерага тоскоолдук келтирген. Адамдан амал качып кутулбайт эмеспи, ары жакта токтоп турган үч авто машинаны айдап келип, оттун айланасына токтотуп, фараларынын жарыгын пайдаланып тартышкан. Мына ардактуу окурман! Үч мүнөттүк убакытты талап кылган ырчыларыбыздын клиптери үч күн дегенде тартылып бүтүп, кандай гана эмгекти талап кылаарына ынандык.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan