Артисттердин архивине саякат

ДАЙЫРдын Белен белектери
Өзүңүз жактырган ырчыңызга качандыр бир кезде чын жүрөгүңүздөн белек берген болсоңуз, ал белегиңиз сөзсүз түрдө кумир туткан ырчыңыздын үйүндө бекем сакталуу. Мындай дегенимдин себеби, "Фан клуб" рубрикасы дал ушул белек кылынган белектер тууралуу сөз кылмакчы. "Фан клубдун" бүгүнкү саякаты жаш ырчы Дайыр Исмадияровдун архивинде болду.

Жолборс терисин жамынган Дайыр
Жаныбарлардын сулуусу аталган жолборсторду туулган күнүнө карата күйөрман кыздар атайын белек кылышкан. Себеби, Дайыр жолборс жылында төрөлгөндүктөн жылына тууралап, жолборстой күчтүү, сулуу болсун деген жакшы тилекте бул белектерди арнашкан. Ар бир белектин өзүнчө сыры, тарыхы болот эмеспи. Дайыр жолборсторун көргөндө өзүн баатыр сезип күчтөнүп алмай адаты бар экен.

Күйөрман кыздын кемеси
Биз Дайырдын архивине саякатка чыгып жүргөнүбүздө белектеринин көптүгүнө башыбыз айланып, алардын көлөмдүүлөрүн гана тандап чыгарганды туура көрдүк.
Дайыр мырза мындан эки жыл мурун өзгөчө белекке ээ болгон. Тактап айтканда, телефон аркылуу күйөрман кызы менен таанышып, достук мамиледе болуп жүргөн. Ал кыздын: "Эмне белек алганды жакшы көрөсүң?"-деген суроосуна: "Мага жүрөктөн чыккан белектердин баары жагат. Мен кемеде сүзүп, жаратылышта эс алганды жакшы көрөм" деген жоопту берген. Көп убакыт өтпөй чыныгы күйөрман экенин билдирип, өз колунан узуну бир метр, туурасы 70см өлчөмдө кооздолгон көк түстүү кеме жасап, ырчынын үйүнүн алдынан тосуп чыккан. Мындай күтүлбөгөн сюрпризге Дайыр абдан таң калганынан ыраазычылык сөздөрүнөн башка эч нерсе айталган эмес. Бул кеме Дайырдын архивиндеги эң алгачкы жана өзгөчө белектерден болуп саналат.

Хан мамалак жана кытай көчү
Ал эми бул сары түстөгү мамалакты төрт-беш кыз УТРКнын эшигинин алдына келип "Дайырга берип коёсузбу" деп ырчынын продюсери Канат Кадыржанга таштап кетишкен. Бул көлөмдүү жумшак оюнчук бөлмөнүн төрүнөн орун алып "хан мамалак" атка ээ болгон. Дайыр Кытайда окуп жүргөндө бир кафеден Анара аттуу кыз менен таанышкан. Атайын ал кызга арнап музыканттарга акча төлөп "Сүйөм сени" деген ырын ырдап берген. Окуусу аяктап Кыргызстанга кетип жатканда Анара эстеликке деп Кытай көчү чагылдырылган сувенирди тартуу кылган.

Мындан сырткары ырчынын майда-барат белектери, ар кандай жумшак оюнчуктарынын түрлөрү архивинде сакталыптыр.
Даярдаган Айнура Султанова




Бир күндүк чыгымыңыз канча?
Чөнтөгүңдү карачы, сөлкөбайың саначы...
Учурда акчанын гана арааны жүрүп жатканын ким тана алат. "Пулуң болсо кулуңмун" дегендей, заманыбыз күн санап эки нукка бөлүнүп бара жаткандай. Анынсыңарындай "Акчалуунун колу, акчасыздын көзү жайнайт" деген сөз бекер айтылбаса керек. Мисалы, биздин элге төбөсү көрүнгөн жылдыздарыбыздын арасынан акчанын арты менен канчалык деңгээлде жарк этип чыгып жаткандары айтпаса да түшүнүктүү. Албетте, баарын бир беткей айтуудан алыспыз. Кыскасын айтканда, сиздер сүйгөн ырчылардын бир күндө канча акча сарптай турганы тууралуу концерт учурунда сурамжылап, бирден санатканга да үлгүрдүк.

Омар:
- Менде 200 доллар, 576 сом бар экен. Кечээ бул акчаны Алматыдагы корперативдик кечеден алгам. Буга эмне сатып алаарымды ойлонуштура элекмин. Акча чөнтөккө токтош кыйын го. Суусап калсам суусундук ичкенге, машинама май куйганга, телефонума бирдик салганга билинбей кете берет. Сыягы күнүнө 2000 сомдон кем эмес керектелет.

Максат Бегалиев:
- Эртеден бери машинама май куйдум, кафеге кирип тамактандым, сагыз алып чайнадым. (күлүп) Эми мына өзүң көргөндөй болгону 230 сом калыптыр. Азыр абдан суусап жатам, ошондуктан буга суусундук ичсемби деп турам. Күнүнө аз дегенде 1000 сом сарптайм.

Кундуз Канатбек кызы:
- Урмат менен Нелянын той концертине бүгүн атайын 9000 сомго сахнага ылайык көйнөк сатып алдым. Баса, бет май жана көз боёкторумду жаңырттым. Ошолордон ашкан 2500 сом акчам калыптыр. Эми мунун деле бат эле орду табылып калат. Чынын айтсам, күнүнө 1000 сом керектейм. Акча суу деген чын экен.

Гүлзат Байзакова:
- Ай-ий, акча дагы санатасыңарбы? Меники аз эле суммада да. (тамаша) Түштө эт алгандан кийинки 3800 сом турат. Кыскасы эртеден кечке 2000 сомдун тегерегинде майда-барат нерселерге керектейм. Машинама май куям, бирдик салам, түштө тамактанам. Бирок, негизинен тапкан акчамдын көпчүлүгү ырларымдын аранжировкасына, сахна кийимдериме сарпталат.

Айнура Тургунбаева (Сакиш):
- Мен сага тыйындарымды бирден санап берейинчи. Мына 13 сом болду. Буларды чогулта берип, кийин кемпир болгон кезимде илгеркидей чач учтук кылам. Кудай ушул тилегиме жеткирсин. Садага болоюн, жаныма акча салгандан коркуп калгам. Чөнтөкчүлөргө бер жагы 4-5 капчыгымды алдырдым. Анан кантип баарын салып алайын. Көчөгө чыгаарда дайыма ченеп гана салып алчу болдум.

Ынак Осмоналиев:
- Менде майда эле тыйын-тыпыр турат. Азыр санайынчы, мына 290 сом чыкты. Буга чейин тамеки алдым, телефонума бирдик салдым. Азыр концерттен чыксам, бул акчама машинама май куйдурам. Эгерде чоң нерсе сатып албасам, бир күндө 500 сомдун тегерегинде керектейм.

Марат Жанталиев (Бопуш):
"Менде дегеле акча жок" деп Марат байкебиз акчасын санабай, эки колун чөнтөгүнө салып, нары-бери басып турган. Бир мезгилде байкоосуздан чөнтөгүн оодарып жиберсе 200 сом чыгып калбаспы.
Колу менен бетин баса калып: "Көрүп калдың, ээ. Мейли эми санаса санап берейин. Мына, 300 сом бар экен. Биздин күнүмдүк керектөөчү акчабыз кыздарымды мектепке жеткирип барып, кайра алып келген жол киребизге, түшкү тамактануубузга кете берет. И-ий, кайсы бирин айтайын, деги акча көп коройт. Анан телефон деген балээге бирдик салабыз. Азыр ансыз иш да бүтпөй калбадыбы. Бирок, тапкан акчамды дароо аялыма алып келип берем. Себеби, ал үнөмдөп жакшы кармайт.

Даярдаган Рахбар Алымкулова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan