Атактуулар ааламы

Блиц-анкета
Толук аты - жөнү: Безруков Сергей Васильевич
Туулган жылы,күнү: 1973-жыл, 18-октябрь, жылдыз белгиси тараза
Бою: 173 см
Баш-аягы 40 кинодо роль аткарган.
Жанрлары: драма, комедия, криминал.
Эң алгачкы сүйүүсү 1-класста башталган.
Жакшы көргөн жаныбары - ит, жылкы.

Сергей Безруков:
"Көп балалуу болгум келет"
Бир канча тасмаларда башкы каармандардын ролдорун аткарып, бир топ атакка жетишкен Сергей Безруков ага чыныгы популярдуулук "Бригада", "Есенин" кинолорунан кийин келгенин баса белгилейт. Чынында азыр Сергей Безруков деген ысымды кимдер тааныбайт? Алтургай аны көчөдөн "Белый" деп чакырып мойнуна оролгон күйөрман кыздарынын аягы бүгүнкү күнгө чейин суюла элек экен.

- Эң алгачкы сүйүүгө канча жашыңызда туш болдуңуз эле?
- Эң биринчи сүйүү мага 1-класста келген. Өзүмдүн классташым Катя Евсеева класстагы кыздардын эң сулуусу болбосо да, башка кыздардан акылы менен айырмаланчу. Экөөбүз сезимибиз тууралуу ачык айта албай, жолугушканда тиктешип, жылмайып тим болчубуз. Көрсө, ошондо мен анын колун кармаганым үчүн эле өзүмдү аябай бактылуу сөзчү экенмин. Сонун, таза, аруу сезимдерим Катяга байланыштуу болгон.
- Жубайыңыз Иринаны да бир көрүп сүйдүңүз беле?
- Экөөбүз Грециядан биринчи жолу таанышканда андан көзүмдү алалбай көпкө тиктеп турганым эсимде. Бирок тилекке каршы, бири-бирибиз үчүн жаралганыбызды сезип турсак да, башыбыз бош болбогондуктан, тагдырдын жазмышына моюн сунганга аргасыз болгонбуз. Ирина күйөөсүн сүйбөсө да, эс тартып келе жаткан баласын биринчи жолдошу Игорь Ливанов менен бирге тарбиялаганга милдеттүү болчу. Ал кезде мен атактуу деле эмес болчумун. Ирина мени атактуу актёр катары эмес, жөн гана адам катары жактырганы аябай кубандырат. Ошентсе да мен сүйгөн адам биринчи никесинен кол үзгөнгө көпкө чейин батынбай, эки анжы ойдо жүрдү. Ирина экөөбүз үч жыл жарандык никеде жашадык. Бир чети эркек үчүн жарандык нике аябай ыңгайлуу. Себеби, ашыкча милдет, жөнү жок талаптар болбойт. Бирок мен Ира менен түбөлүккө кол кармашам деп ошондо эле чечип койгом. Мыйзамдуу баш кошкон күн менин эң бактылуу күнүм.
- Сиз биринчи жолу турмуш курсаңыз, бирок Иринанын экинчи никеси болуп калганыңыз ортоңордо ыңгайсыздыкты жаратпайбы?
- Эч качан андай абал болгон эмес, болбойт дагы. Ирина мурунку жашоосун эстебейт. Мен дагы эстетпегенге, ал тууралуу сөз кылбаганга аракет кылам. Экөөбүз жашообузду таптаза барактан баштаганбыз. Мен экөөбүздүн жашообузду булгабаганга кам көрүп келем.
- Ирина сизден жети жаш улуу эмеспи, жашыңардагы айырма сезилсе керек?
- Андай деле эмес. Ирина менден жашы жагынан улуу болгону менен жан дүйнөсү жаш кыздардыкындай. Ишенчээк, баёо, сүйкүмдүү мүнөзү мага жашыбыздагы айырманы таптакыр сездирбейт. Анын үстүнө Иринаны мүчө-келбет жагынан жаратылыш таарынтпаптыр. Мен да жубайымдын сулуулугун сакташ үчүн үй ичиндеги көп түйшүктөрдү өзүмө алам. Мисалы, азык-түлүк сатып келүү дайыма менин мойнумда, оор сумкаларды такыр көтөртпөйм. Анын үстүнө Ира энесинен эрте айрылган. Ошондуктан апасынан албаган мээримди, сүйүүнү, жылуулукту бергенге дайым далалат кылып келем.
- Баласы Андрей менен кантип тил табыштыңыз? Сизди ата дейби?
- Эмнеге өз атасы (Игорь Ливанов) турганда мени ата деши керек? Өз атасы менен ал бат-бат жолугушуп турат. Каникулду атасыныкынан өткөрөт. Мени болсо жөн эле атыман айтат. Мен буга терикпейм деле. Негизгиси экөөбүз тил табышып мамилебизди оңдоп алдык. Бул нерсе мен үчүн чоң жетишкендик. Өкүнүчтүүсү Андрейге кенен убакыт бөлө албай келем. Ошентсе да ал мага таарынбайт. Негизи Андрейдин кулк-мүнөзү Иринага окшошуп кетет. Айта кетпесем болбойт, мен келечекте көп балалуу болгум келет.
- Үйүңөргө көп конок тосконду, ызы-чууну жактырбаганыңыз чынбы?
- Ооба, чынында эле үйүбүз табышмактуу сепилге үндөшүп кетет. Мен адатта удаа-удаа тасмаларга тартылып, пьесаларда ойногондо өзгөчө моралдык жактан аябай чарчайм. Андай учурда албетте, ызы-чууну жактырбай каласың. Ал эми достор менен ресторандарга барып жакшы эле көңүл ачам, көпчүлүк маалда тынч үйдө сүйүктүү адамым менен болгонду жактырам.
- Атаңызга кайсы сапаттарыңыз окшош?
- Атам бул жашоодо дайым мага үлгү болуп келген. Чыдамкайлыгым, жоопкерчилигим, туруктуулугум атама окшош деп мактана алам. Албетте, Василий Безруков деле идеалдуу адам деп айта албайм. Аракты ичсе да чени менен ичип, көп сүйлөгөндү жакшы көргөн адам.
- Сиз өзүңүз ичимдик менен кандай мамиледесиз?
- Ичимдиктин кандай түрү болбосун маанайды көтөргөнгө жардам берет. Ал эми секс жаатында ичимдик колдонууга кеңеш бербейм. Анткени сүйүктүү адамыңдын алдында катуу уят болуп калышың мүмкүн.
- Кайра эле жеке жашооңузга кайрылсак, жубайыңыз менен урушуп кеткенде элдешүүгө ким биринчи кадамын коёт?
- Биз көп деле урушпайбыз. Андай учур болуп калса мен Ираны барып бекем кучактап, кулагына жылуу сөздөрдү шыбырайм. Менин оюмча аял кишини биринчи кечирим сураткан туура эмес.
- Тамак жасоодо жубайыңызга жардам бересизби?
- Негизи мен ашканага аралашканга акыркы күндөрү убактым жетпей, колум тийбей жүрөт. Ира алдыма алып келген тамакты ылгабай жей бермей жакшы адатым бар. Ал эми мурда бир аз да болсо жардам берип тамакка керектүү нерселерди жууп, тазалап берчүмүн. Азыр тынымсыз чыгармачылык менен алектенип жатканымды көргөн аялым көп деле тынчымды ала бербейт. Азыркы тапта бир эле учурда эки-үч спектаклде ойногонго репетиция жасап, андан тышкары киного да тартылууга ролдорду жаттап, чынын айтсам менин ар бир мүнөтүм эсептелинген.
- Сизди көпчүлүк актёрлор атактуу адамдын баласы деп жакшы көрүшсө керек?
- Андай деле эмес, менин атам элдин сүймөнчүлүгүнө айланган актёр деп ишенимдүү айта алам. Бирок мен ушул күнгө чейин атамдын атын пайдаланып көргөн эмесмин. Ал эми атамдын талантын сыйлаган актёрлор тууралуу сурооңузга жооп кыла турган болсом, ооба, алар чынында эле мага кеп-кеңешин, атасынын баласы деген мактоо сөздөрүн айтып стимул берип турушат.




  ШОУ-БИЗНЕС
жаңылыктары

Алексей Серовдун өмүрүнө коркунуч туулду
"Дискотека авария" тобунун солисти Алексей Серовго телефон чалып, анын дарегине ар кандай коркутуулар түшүп жаткан кези. Анткени, ал жакында эле кийимдерди химиялык жол менен тазалоо жайын ачып, ага "Химчистка № 1" деген атты ыйгарган. Иши алдыга жүрүп ити чөп жеген бизнесменге чакан бизнесиңди жаппасаң өлтүрөбүз деген билдирүүлөр мөндүрдөй жаап жаткан кези. Учурда Алексей массалык маалымат каражаттарынын баарына бул окуя тууралуу жар салып, өзүнүн коопсуздугуна катуу кам көрүп жатат. Өзүнүн ар бир кадамын акмалап турганга бир нече жан сакчы жалдап, милицияга арыз менен кайрылды.

Мурат Насыровду эскерүү кечеси болот
Чыгармачылыгына көпчүлүк суктанып келген ырчы Мурат Насыровдун жаркын элесине арналган кече 12-мартта өтөт. Атайын ырчы тууралуу тартылган кыска метраждуу кино көрсөтүлүп, кечеде мен ырчы дегендин баары Мурат Насыровдун репертуарындагы ырларды аткарышат. Бул чоң программада Алена Апина, Диана Гурцкая, Батырхан Шукенов жана башка бир топ ырчылар катышат. Белгилей кетчү нерсе, мындай демилге анын сахналаш жакын достору тарабынан көтөрүлгөн.

Денис Мурзин бутунан оор жаракат алды
"Инфинити" тобунун солисти Денис Мурзин бутун сындырып алды. Кечинде жумушунан шашып келе жатып үйүнүн кире беришинен жыгылган. Эсин жоготкон Мурзин бейтапканадан көзүн ачкан. Азыркы тапта Денис бейтапканалардын биринде травмотология бөлүмүндө жатат. Жакынкы арада анын бутуна операция жасашы күтүлүүдө. Ал эми бир-эки айдан кийин гана кадимкидей баса алат экен.

Билан Кулецкая менен кол кармашат
"Евровидениеден биринчи орунга ээ болсом сөзсүз үйлөнөм" деп берген убадасын Дима Билан эми аткарууга киришти. Төбөдөн басып турган кризиске карабай, жакын арада ырчы жигит сүйгөнү Лена Кулецкая менен түбөлүккө кол кармашканы турат. Учурда Лена Парижде фотомодель болуп иштеп жаткан чагы. Дима экөө үйлөнгөндөн кийин ал Москвага көчүп келип, экөө чакан ишкана ачууну пландап жатышат. Ал эми болочок жубайы Парижден келээри менен Билан ага камдап койгон белегин тартуулайт. Жакында эле зергер дүкөнгө баш баккан ырчы 40 000 еврого шакек алган.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan