Концерттен кийин

Султандан сүйүшкөндөргө "сюрприз"
Гезитибиздин өткөн сандарында сүйүшкөн түгөйлөргө ырчы жигит Султан Садыралиев табышмак каткан. Оюндун шарты боюнча табышмактын жообун туура жана биринчилерден болуп жиберилген түгөйлөр Султандын "Менин сүйүүм" аттуу жеке концертине күбө болуп өз колунан белек алышмак. Табышмактар гезит бетине жарык көрөөрү менен эң алгачкы болуп Азамат жана анын жүрөгүнүн жарымы Урматбек кызы Айжамал Султандын сюрпризине ээ болушту. Редакцияга чакырып колдоруна Султандын концертине чакыруу билетин тапшырып, кечки саат 18. 30да Спорт Ордосунан жолуктук.
Концерттин башталышында эле Султан өзүнүн сүйүүсү Сауле менен тааныштырып элдин оозун ачыргандан кийин, "Обон" гезити аркылуу Султандын сюрпризине ээ болгон түгөйлөрдү сахнага чакырды. Айжамал менен Азамат элден сүрдөштүбү, же Султандын өз колунан белек алышаарына ишенишкен жокпу, ким билсин эки- үч жолу чакыргандан кийин гана ордуларынан козголушуп дүркүрөгөн кол чабуулар менен сахнага бет алышты. Гүлүн жана белегин берген СУЛТАН: - Айжамал, Азамат сиздердин жеңишиңиздер жана махабат майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эмне демекчимин,

жүрөгүңөрдө ар дайым алоолонгон сүйүү болсун, таза, аруу махабаттын кадырына жеткен түгөйлөрдөн болушуңарга чын жүрөгүмдөн тилектешмин, - деген жүрөктөн чыккан каалоолору менен бирге жалпы сүйүшкөн түгөйлөргө "Сүйүү оту" деген ырын жаңыртты. Ал эми конкурсту жеңген түгөйлөргө кандай шартта таанышып, ортодогу сүйүүсү кантип алоолонгонун билүү максатында собол узаттык.
Айжамал Урматбек кызы, 20 жашта: -Азамат экөөбүз Көлдө эс алып жүргөндө таанышканбыз. Ошондон бери жылдызыбыз келишип кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки жылдын жүзү болду. Жигитимдин токтоо, туруктуу, анан сабырдуу мүнөзүн баалайм. Адам менен бат тил табышууга жөндөмдүү болгондуктан, алгач таанышканда эле алды артыман чыгып түрдүү суроо берип, тамашалап, бат эле көңүлүмдү арбап алган. Буюрса окуумду бүткөндө баш кошолу деп жатабыз.
Азамат Исраилов, 23 жашта: - Айжамалдын ачык - айрым, шайыр, аккөңүл мүнөзүн жактырам. Тамашаны күлкүнү аябай жакшы көрөт. Бири- бирибизге мүнөзүбүз, кыялдарыбыз төп келишкендиктен турмуш жолуна атанабыз деп тилек кылып келебиз. Кудай буюрса, Айжамал окуусун бүтөөрү менен кыялыбызды ишке ашырабыз. Экөөбүзгө ушундай керемет кеч, жакшы маанай тартуулаган үчүн "Обон" гезитине, Султан Садыралиевге чын жүрөгүбүздөн ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым эле ушинтип элге жакшы маанай тартуулап, көңүлүн көтөрүп жүрө бериңиздер!
Ал эми Султан өзүнүн чыныгы сүйүүсү менен концерттин соңунда тааныштырды. Бактыгүл деген бийкечтин чын эле бактысы тоодой окшойт. Көпчүлүк кыздардын бүйүрүн кызыткан ырчынын багына жаралган кыз тууралуу маалымат алууга ашыктык.
- Султан, Бактыгүл казак кызы экен деген сөздөрдү залдан кулагым чалды...
- Бактыгүл кыргыздын эле татынакай кызы. Жогорку окуу жайлардын биринде окуйт, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп табышканбыз. Кудай тилегибизди берсе баш кошуп кыргыздын санын көбөйтөбүз. Бактыгүл менин чыгармачылыгымды сыйлап, мага түшүнүү менен мамиле жасап келет.
Эмне демекчибиз, эки жаштын маңдайы жарыла кубанып турган көтөрүңкү маанайын көрүп, биз да бери жактан кымыңдап сүйүнүп калдык. Келечекке койгон аруу тилектериңер ишке ашып, ар дайым сүйүүнү даңазалап, бактылуу жаштардын катарында жүрө бериңиздер!
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




  Жаңы ысым

"Мурдагы сүйлөшкөн кызымдын уулунун аты да Чыңгыз"
Бүгүнкү күндөгү "ырчымын" дегендер ыйык сахнанын көркүн ачабы же жөн гана өз кызыкчылыгын ойлоп жүрүшөбү, айтор, "жылдызмын" дегендер жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап кетти. Ошолордун тизмесине кирип, алардын катарын толуктаган дагы бир жаш талант Чыңгыз Арстанбековду сиздер менен "Жаңы ысым" рубрикасы аркылуу тааныштырабыз.

- Чыңгыз, дарактын учу деле жөн жайдан кыймылдабасын жалпыбыз билебиз. Дегеним, сен да чыгармачылыктын чыйыр жолуна адашып түшүп калбагандырсың?
- Мен негизинен эле ар бир ишти жети өлчөп бир кескенди жакшы көрөм. Анын сыңарындай, бул жолго да терең ойлонуунун артында келдим десем жаңылышпайм. Балачагымдан музыка дүйнөсүнө келип, ат салышып жүрүп мектептин маданий иш чараларын бирин калтырбай, ырдап бийлеп, мектептин жылдызы болууга да жетиштим. Кийинчерээк эмнегедир өзүмдү спорт жаатында сынап көрүү үчүн футбол менен бир топ убакыт ооруп жүрдүм. Жүрөктө музыкага деген алоолонгон жалын мени кайрадан чыгармачылыкка тартып келди деп айтсам болот. Ошол учурда аяш атам Мухтар Атаналиев "Эл ырчысын эл тандайт" деген конкурс өткөрүп, конкурс бүткөнчө катышуучулар менен чогуу жүрдүм.
- Өзүң аткарган алгачкы ырды алгач кайсы жактан уктуң эле? Анда кандай сезимдер болгон?
- Ар бир адамдын алгачкы жасаган кадамдары өзгөчө болот го. Ошол сыңары менин алгачкы чыгармамды биринчи "Кыргызстан обондору" радиосунун толкунунан таксиде кетип баратып уккам. Чынын айтсам, ушунчалык толкунданып, сүйүнүп, эки жумадан ашык убакытка чейин кубанычымды жашыра албай сүйүнүп жүргөнүм эсимде.
- Ал кайсы ыр эле?
- Сөзү өзүмдүн калемиме таандык, обону Ильяз Абдыразаков жазып берген "Гүлзар ай" деген ыр болчу. Бул ыр менин визиттик картам же болбосо ийгиликтин ачкычы болуп калды.
- Аны кимге арнаганыңды билсек болобу?
- Бул ыр менин бир убактагы жүрөгүмдүн ээси, жан дүйнөмдүн жарымы болгон сүйлөшкөн кызыма арналып жазылган болчу. Гүлзар аябай ак жолтой кыз экен, менин чыгармачылыгымдын башаты катары жолумду ачып берди.
- Теледен, радиодон ырларың ар дайым кетип туруу үчүн продюсердин ролу аябай чоң экендиги жашыруун эмес. Сен дагы продюсер менен иштешсең бир топ алга жылат белең?
- Продюсер менен иштешейин деген ойлор да жок эмес. Бирок "алгандын бермейи да бар" дегендей, эгерде мен анын жардамынан пайдалансам, демек мен да ага беришим керек. Жакшы бир продюсер таап калсам эч токтоосуз иштешээр элем. Учурдан пайдаланып мени ушул топко кошуп, жаңыдан чыгып келатканымда жардамын аябаган Жылдыз эжеге да чоң ыраазычылыгымды билдирем.
Нурзат Жусупова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan