Түркүн дүйнө

Кайып болгон көк бээ
Өмүр бою жылкы баккан, азыр сексендерге келип калган карыя минтип кеп салып отурду:
- Балдар, бу кудайдын жазганы менен болчу жаратылыштын кубулмалары көп эмеспи. Жомок, уламыш дегендин өзү чындыкка шайкеш келип, болгон нерседен улам келип чыгат да. А, жанагы "кайып болуп кетет" дегендерге да көп ишене беришпейт. А мен ишенем. Буга, ишенгениме бир себеп болгон. Эмесе угуп тургула.
Жаш кезим эле. Бир кудабыз куда-сөөккө байланыштуу бир бээ алып келди. Эки асый болгон, жалдуу көк бээ экен. Буга чейин кызыр кала берчү, быйыл да кызыр деди. Балким, силердин жылкыга кошсоңор айгырыңардан токтоп калаар! Тууп берээр! Болбосо, эттүү неме, союшка кулундуу бээге алмашып ийсе болоор!-деди.
Кулундар жаңы байланып калган кез эле. Көк бээни айгырга кошсок, ал адегенде "имерип" аткандай болгон. Бир маалда кулагын жапырып, кубалап кирсе болобу. Айлабыз кеткенде айгырды эки күн ороолоп тушап салдык. Акыры, бизге жеңилген айгыр көк бээни кубалабай калды.
Көрсө, бизге келээрде эле көк бээ айгырдан токтоп келген экен да, аны сезген айгыр кубалаган тура. Ошентип, жыл айланып көк бээ да кара кашка кулун тууду. Бир күндө эле көк бээ менен жарыша чуркап калды.
Баарынан кызыгы төрт-беш күндөн кийин башталды. Эртең менен жылкыга барсам көк бээ кулуну менен четте жүрөт. Биздин күрөң айгырдын терилери тытылган, тамтыгы жок. Үйүрдү үйгө айдасам көк бээден айгыр качкандай түрү бар. Үйгө айдап келгенде гана атам айтты: "Айгыр тиги кулунду өгөйсүнтүп, кулунун коруган көк бээ экөө аябай салгылашкан тура. Карабайсыңарбы, күрөң айгыр тиги кулунду тим эле жеп ийчүдөй карап атат. Деги байкаш керек".
Акыры, кулундарды байлоочу күн келди. Эки-үч күн болгон. Бир күнү жаңы эле кулундарды байлап, үйгө кирип чайга отурганбыз. Бир убакта жылкынын асынаган үндөрү чыгып калды. Атып чыгып жетип бардым. Шумдугуң кургур! Баягы кара кашка кулундун курсагы жарылып жерде жатат. Күрөң айгыр чайнап салганы белгилүү болчу. Көк бээ кадимкидей тизелеп алып, кулунун жалдан тиштей өйдө тартат. Диртилдеп аткан кулун бир маалда жансыз болуп калды. Кудая тобо, ошондо биринчи көрүшүм, көк бээнин эки көзүнөн тең жаш чубуруп атат. Баарылап көк бээден араң кулунду ажыратып, мууздап, сойгону алып кеттик.
Түштөн кийин эле көк бээни үйүрдөн таппай калдык. Ары-бери чапкылап издеп кирдик. Аңгыча, тээ "Туу чокудан" көрдүм. Дүрбү салып карап бир эсе таңгалдым. Себеби, көк бээ жинди немече тегеренип жатат. Атка камчы басып, кара терге түшүрө "Туу чокуга" жетип келдим. Көк бээ боз үйдөй эле жерге тегерене бериптир. Андан кийин эч из жок. Атам да, кошуналар да келишти. Эч кимибиз таппадык. Учуп өлсө карга-кузгун көрсөтөт эле. Чокунун тегереги деле андай киши баралбай калчу жер эмес эле.
Ошол бойдон көк бээни таптакыр таппай калдык. Баягы алып кеткен жерине да барбаптыр. Антип качкан күндө да аткан октой кетпейт эле. Алигиче эч нерсеге түшүнбөйбүз. Болгону, кулунуна күйүт тарткан эне кайып болуп кеткенине гана ишенебиз.
Карыянын жогорудагы сөзүн угуп отуруп: "Атаганат, баарын билген адам баласы жаныбардын да тилин билсе кана!.."-деген өкүттүү ойдо тунжурадым.
Жазып алган
Асанбек
Кулманбетов




  КриМЖАҢЫЛЫКтар

Жасалма акча менен жан баккандар
Кыргызстандын борборундагы "Баят" базарында жалаң жасалма 500 сомдук акча менен (344 даана) 60 жаштагы Сокулук районунун Көк- Дарак айлынын тургуну кармалган. Милиция кызматкерлерине кимдир бирөө телефон чалып жасалма акча алып жүргөн эргул тууралуу маалымат берген. Дароо анын артынан түшкөн милиция кызматкерлерине ал каршылык көрсөткөн. Жанынан 4 боо жасалма акча табылган, баардык суммасы 172 000 сомду түзөт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аял кишиге кол салган эргулдар
13- февралда кечки саат 9 дар чамасында Октябрь районундагы Беларусь көчөсүндө жалгыз жашаган аялдын үйүнө үч киши кирип, анын үйүн тоногонго аракет кылышкан. Алар аялды дароо мылтык менен коркутушуп ири суммадагы акча талап кылышкан. Бактыга жараша аял спорт менен машыккандыктан дароо эле жанын коргогонго киришкен. Ызы- чуу чыккандыктан кошуналар келгиче кылмышкерлер олжосуз келген жолуна кайтышкан. Үч эркек кантип бир аялга кол салышты экен деп бул окуяга күбө болгондор таң калышууда. Азыркы тапта кылмышкерлерди кармоого баардык чаралар колдонуп жатат.

Кыргыздар казак боордошторду тоноп кетишти
Чүй обласына караштуу Аламедин районундагы РИИБне казак жараны К. Тойталиев арыз менен кайрылган. 28 жаштагы Тараздын тургунунун айтымына караганда Маевкадан таңкы саат бештерде анын "Мерседесин" МАИлер токтоткон. Эч кандай шек албаган ал машинеден түшсө МАИ кызматкеримин дегендердин эч кандай документтери, алтургай формасы да жок, жөн гана Кыргызстандын жарандары болуп чыккан. Төрт кылмышкер анын колун толгоп, күч колдонушуп жанындагы 700 миң казак тенгесин алып коюшкан. К. Тойталиев жеке ишканасын иштетип, "Дордойго" товар алганы келе жаткан. Ал болгону кылмышкерлердин "Тайота" маркасындагы машинасынын номерин эстеп калган. Бирок ал да жасалма болуп калышы мүмкүн. Учурда ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышкерлерди кармоонун аракетин көрүп жаткан кездери.

Кесиптештерин келекелеген офицер
Чүй обласынын "Кемин" чек арасынын аскер башчысына үч статья менен кылмыш иши козголду. Анткени, ал солдаттарды өзүнөн улууларга зордук көрсөтүүгө үндөгөн. Тагыраак айтканда, солдаттарды тизип алып бирөөсүн катардан чыгарып чечинтип, катарда турган беш солдат менен жыныстык катнашка бар деген буйрук берген. Анын буйругун жылаңач солдат да, берки бешөө да аткаруудан баш тартышкан. Буга чейин мындай келекени солдаттар далай эле жолу башынан кечирип келишкен. 28 жаштагы капитанга мурда эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми азыр кызматтагы абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жана кол алдындагыларга келеке мамиле жасагандыгы үчүн ага мыйзам катуу чараларды колдоноору анык болду.
А.Дүйшөналиева




Байыркы замандагы жазанын түрлөрүнөн
Ар бир адам колу менен кылган кылмышын мойну менен тартаары ырас. Бүгүнкү заманга жат, бирок байыркы заманда оор кылмыш кылган адамдарга дал ушундай өлүм жазалардын түрүн колдонуп келишкен.

Гильотина менен кесилген баш
Гильотина - кылмышкердин башын кыюу үчүн атайын механика менен иштеген курал. Гильотинанын эң негизги куралы кыйгач бычак оор салмакта болгондуктан, өйдө жакта атайын жип менен байланып турган. Өлүм жазасына алган адамдын башын тоголок кынга кийгизип, бычак байланып турган жипти чечип салышкан. Бул куралды 1738-жылы туулган Гильотен аттуу адам ойлоп тапкан. Анткени, ага чейин кылыч менен кылмышкердин башын кескен адамдын психологиясына оор таасирин тийгизгендиктен, бир аз да болсо жараны жеңилдетүү болгон. Бул машина 1792-жылы ишке кирип, эң алгачкы жолу өлгөн адамдардын башын кесип көрүшүп, жакшы жыйынтык берээрине көздөрү жеткен соң кылмышкерлерге колдоно башташат.


Карга кузгунга жем болгондор
Байыркы Римде мындай жаза бир топ убакытка чейин өз актуалдуулугун жоготкон эмес. Адатта кыз зордуктаган же болбосо киши өлтүргөн оор кылмышка баргандарга ушундай жаза колдонулган. Адамдын чоң сөөктөрүн жанчып, чала жан бойдон дөңгөлөккө таңып, ачык асманга калтырышкан. Жаны көзүнө көрүнүп, кылмышкер карга-кузгунга жем болуп устакандалган.
Ал кылмышкерди кабыргасынан асып кыйнап өлтүрүшкөн. Аял киши болобу, эркек киши болобу, Римде баардыгына бирдей жаза колдонушкан.

Бир үй-бүлөгө бирдей жаза
Ал эми байыркы Египетте мамлекет башчыларына, же болбосо жөн гана жогорку даражадагы адамдарга каяша кайтарып, айтканын кылбаган адамга эң оор жаза колдонулган. Акыр-чикир жуулган эң кир сууну чоң казанга кайнатышып, ага үй-бүлөсүндө канча адам болсо ошонун баарын салып кайнатышкан. Андан соң башка үй-бүлө мүчөлөрүн калтырып ошол акарат айткан адамды эки тактайдын ортосуна коюп таңышкан. Жыйынтыгында эти толугу менен эзилип, жаны кыйналып жашоосу менен кош айтышкан. Бул жаза эң адилетсиз жазалардын катарын толуктайт.

Аттын жардамы менен денени бөлүү
Денени бөлүү- тарыхта колдонуп келген жазалардын бири. Аты айтып тургандай эле жаза алган адамдын денеси төрткө, же андан көп бөлүктөргө бөлүнөт жана элдин алдына алынып чыгат. XIX кылымдын башында XVIII кылымдын аягында бул эң оор жаза колдонулбай калган. Англияда, Великобританияда денени бир нече бөлүккө бөлүп "популярдуу" жаза катары саналган. Оор кылмыш кылган адамды бир аз убакыт асып, чала жан кылып туруп, денесин кердиртип салышкан. Эң биринчи бул жазанын курмандыгы Уэльский Давид болгон. Андан соң 1535-жылы Сэр Томас Мор ушундай жазаны башынан кечирет. Денесинин бөлүктөрүн ар бир шаарга таратып берилип, башы Лондондогу көпүрөгө коюлат. Францияда кылмышкерлердин денесин аттын шарданы менен бөлүшсө, Россияда жөн гана балталап салышчу.

А.Дүйшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan