Обонтөр

Рустам Аташев:
"Кинону кино тартып жатат"
Замандын талабына ылайык техниканын өнүгүп жаткан маалында кыргыз искусствосунда бир топ жаңылануулар байкалууда. "Аракет кылсаң берекет" дегендей, талыкпаган аракеттин артынан түшүп, кино сүйүүчүлөрдүн суроо-талабын аткарып келе жаткан режиссёрлордун бири Рустам Аташевге суроо узаттык.

- Рустам мырза, жаңы кино тартуунун алдында турам дедиңиз. Кандай сценарий менен иштеп жатасыз?
- Жаңы кинонун идеясын Бакыт Орозалиев сунуштап, кенен форматтагы криминал, боевикти чагылдырган сценарийди жазып бүтөйүн деп калдым. Кинонун негизги идеясы акыйкаттык үчүн күрөшүү болуп саналат. Башкача айтканда, криминалдардын чөйрөсүндө да акыйкаттык, чындык бар экенин көрсөтүү. Албетте, махабат темасы да камтылат. Бир сөз менен айтканда, бүгүнкү күндөгү болуп жаткан эң негизги көйгөйлөрдү чагылдырып, аны менен бирге жаштарды спортко кызыктыруу, үндөө болуп саналат. Айырмасы кыргыздын кыздары да спорт менен машыгып, криминалга аралашканы өзгөчө эпизодду түзөт. Кудай буюрса, жогорку техникалык аппараттар менен иштеп, кинонун сапатын жакшы тартууга аракет кылып жатам.
- Сиз тараптан даярдыктар күчүндө эле экен. Ал эми катышкан актёрлор кандай тандалат? Же мурунку кинолоруңузда катышкан каармандар эле ойношобу?
- Актёрлор менин стилим боюнча эле тандалып жатат. "Министрдин кызынын махабаты" кинотеатрга коюлуп жатканда "Эркектер" кинокомедиясына кастинг жүрүп актёрлор тандалса, 6-марттан баштап "Эркектер" киносу кайрадан "Манас" кинотеатрына коюлат. Ошол убакта элдин арасынан таланттууларды жаңы киного тандап алабыз. Кээ бир эпизоддорго атайын профессионал актёрлорду катыштырайын деп жатам. Бул жолу бардык тармактан кошулуп, чыныгы актёрлор, спортсмендер, ырчылар да болушат.
- Ар бир жаңы киноңузду элдин арасынан тандалып алынган жаңы актёрлор коштойт. Тажрыйбасы жок актёрлорду киного тартуу сизге кыйынчылык туудурбайбы?
- Мен муну дайыма айтып жүрөм. Негизи ар бир киного ошол эле актёрлорду тарта бергенден көрө, жаңы жүздөрдү алып чыксам элге көбүрөөк кызыктуу болот го деп ойлойм. Менин максатым элдин арасынан киного тартылам деген таланттууларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен киного жаңыланууну киргизүү.
- Буга чейин демөөрчүсү жок эле төрт кинону койдуңуз. А балким, бул чоң көлөмдүү киного кимдир бирөө колдоо көрсөтүп жаткандыр?
- Туура. Менде эч кандай демөөрчү болгон эмес. Бул жаңы киного да колдоо көрсөтөм дегендер азырынча жок. Жеке өзүмдүн каражатыма тартканы жатам. Албетте, биринчи кинону тартууда абдан кыйналгам. Кийин ар бир кино өз чыгымын өзү актап, кийнки жаңы сценарий менен иштөө уланууда. Тактап айтканда, кинону кино тартып жатат десем болот.
- Кино кайсы жерлерде тартылат? Деги эле башынан аягына чейин канча адам катышат?
- Болжолдуу түрдө баш аягы болуп 200гө жакын адам катышат. Сьёмка борборубуз Бишкекте, Ошто жана Кыргызстандын кооз жерлеринде тартылат. Кино тартуу убагында канча адам болсо, ошончо тамак-аш, жашаган жайлар менин мойнумда болот. Кудай буюрса, "быссымылда" деп жаз мезгили менен кино сьёмканы баштайбыз.
- Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Маектешкен Акыл Карачач




Алина Жетигенованын жоопкерчилиги жокпу?
Кумир менен күйөрманга көпүрө болуп келаткан гезитибиздин "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикасынын төрүнө бул жолу белгилүү ырчы Алина Жетигенованы чакырган элек. Аттуу-баштуу ырчы айымдын макулдугу менен рубриканын шарты боюнча 11-февралда саат 15-00 гө жолугушууну белгилегенбиз. Ырчылардын жумушу көп, унутчаак экенин билген адам катары бир күн мурда эжеге эскерттим. Ага да жүрөгүм чыдабай белгиленген күнү эртең менен чөнтөк телефонуна чалсам өчүрүлүү экен. Анан ырчыны пир тутуп, сыйлаган күйөрмандары саат экиден тартып бирин-серин келе башташты. Айтылган убакытка аз калганда байланышсам коңгуроо кеткени менен трубка көтөрүлгөн жок. Айла кеткенде уюлдук телефонуна sms жиберип, келип калат деген үмүт менен күйөрмандарын кармап олтурдум... Саат үч эмес төрт жарым болду, Алина эжекебиздин карааны да көрүнбөйт. Бул убакытта сабагынан качып, жумушун таштап келген күйөрмандар "эми келбейт го" деп тынчсызданышып көңүлдөрү чөгө баштады. Ал эле, бул эле деп алаксытып отурган менде да шылтоо калбады. Мындай көрүнүш ушуну менен экинчи жолу кайталанып жатат. Кызыгы, күйөрмандарынын ишеничин четке каккан гезитибиздин №34 санындагы кумир да Алина эжекебиздин тун уулу Азиз Жетигенов болчу. Эмне дейбиз, эгер убактылары жок же башка себептери болсо адегенде эле ачык айтып, ак сүйлөсө биз кыйнабайт элек. Эл оозундагы, эл көзүндөгү "жылдыздар" канчалык жоопкерчиликтүү болсо бизге эмес өздөрүнө эле жакшы эмеспи. Азиз го мейли, жаш, а канчадан бери чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп ыр дүйнөсүнүн сересине түшүп калган Алина Жетигенованын ушул жоругу атына жарашпайт го. Өзгөнү болбосо да, өзүн сыйлап бир коңгуроо менен абалын түшүндүрүп койсо эрдик жасамак. "Сүрөткө түшүп, кол тамга алып, Алина эже менен жакындан баарлашабыз" деген окурмандарыбыздын максаттары ишке ашпаган соң, алардын ой-пикирлерин гезит бетине жарыялап коюну туура көрдүк.

Алтынай
Таалайбек кызы:
- Мен Алина эжени бала кезимден кумир тутуп келем. Анын баскан-турганы, сахнада өзүн алып жүргөнү мага жакчу. Эжеге жолугам деп сүйүнүп атайын Токмоктон келдим эле. Чоң эле ырчынын ушундай кылганы болмок беле. Бизди убара кылбай, сөзүнө бекем ырчыларды чакырыңыздарчы сураныч.

Гүлнара
Кочкорбаева:
- Алина эжени чыгармачыл адам катары сыйлайм. Колу бошобой калса керек. Жакшы көргөн эжеме капачылыгым жок.

Эмирлан
Эркинбай
уулу:
- Биз Алина Жетигенованы урматтап келсек, күйөрмандарына ушундай мамиле кылганы туура эмес. Мен саат экиде келгем, төрт жарымга чейин күттүм. Мындан ары кумириме ишенбейм.

Эсенбек:
- Чынын айтсам атагы чыккан Алина Жетигенованы ушундай жоопкерчиликсиз деп ойлогон эмесмин. Ушунча кишини күттүргөн уят да эми.

Дамира
Карыбекова:
- Мен жумушумду таштап, администраторум менен урушуп атып келген болчумун. Эмнеси болсо да Алина эжеге аманчылык, жакшылык каалайм.

Ж.Калдарова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan