бал убак

Февралда төрөлгөн жылдыздар
Биз кечирип жаткан бир күндө канча адам дүйнөдөн көзү өтсө, ошончо наристе жарык дүйнөгө келерин жана көзү өткөн кайсыл бир адам кандайдыр бир узак убакыттын аралыгында кайрадан жараларын окумуштуулар эчак далилдеп беришпеди беле. Биз дагы мурунку тагдырында кимдин ким экенин билип бере албасак дагы, айрым белгилүүлөрдүн февраль айындагы туулган күндөрүн тизмелеп берели дедик.


Акбар Сүйүнбаев
"Досум дос элең го коон үзгөндө" деген сыяктуу студенттик күндөрдө анча-мынча болсо да Султан экөө катуу достошуп, азыр болсо анчалык деле Султанга жакындабаган бул жигиттин мүнөзүнө таң калсаң да болот, баа берсең да болот. Ал Султандын сүйүүсү эмес "Ал менин махабатым" деп ырдаган ырында атаандашкандай сезилгени менен жашоодо бир адамга жамандык жасап же бир да жолу ат салышып атаандашкан жан эмес. Балким Нарындын кең пейилдиги кан жанына таралып алган тарбиясы мыкты болгондугуна байланыштуудур. Ал эми жанын кыйнап иштебей эс алганды жактырганына караганда жекшемби күнү туулган болуш керек. Эмне деген күндө дагы Жайнагүл эжекеси бойго жетип Нарындан борборго кеткенден көп өтпөй эле "эжемдин ордун мен ээлеймин" дегенсип, 1986-жылдын 15-февралында Акбар да адыраңдаган боюнча жетип келген.

Жайнагүл Калчаева
"Достор" аталган сегиз айымдын улуусу да, сулуусу да болгон "Карыларым", "Алымкандын ыры" сыяктуу салмактуу ырлары менен калк арасынан кадыр тапкан Калчаева Жайнагүл эжекебиз 1960-жылдын 7-февраль күнү бийик тоолуу Нарын жергесинде кадимкидей эле жер үйдө жарыкчылык менен таанышкан. Элге талантын тартуулап, ошол эле учурда эл үчүн иштеген айыл өкмөт болоорун жердештери ошондо эле баамдаган окшойт. Жентек тойго нарындыктар көмөчтөгү көмкөрүлгөн нанын таштап коюп чуркап келишкен тура.

Султан Садыралиев
Тай тарабынын домбрасын колуна кармап, "Кудача кыз" тамашасына таңсык болуп атып, чыгармачылыктын босогосун аттады эле. "Он жашар баланын арманын", "Күйдүм чок" болгуча боздоп жүрүп, акыркы учурларда жылдыздардын жылдызы болуп чыга келди. Ал эле эмес ырчыларды жөөлөп жүрүп отуруп шоу-бизнестеги султандыкка жетип алган. "Жөнөкөй жигит" жакынкы күндөрдөн бери Кыргызстандагы кыздардын баарын болбосо да теңинен көбүн "Менин күйөрмандарым", "Менин сүйүүм" деп бекем бооруна кысып башка ырчы жигиттерге ыраа көрбөй жаткан кези. Көзү анчалык бакырайбаганы менен жүзүндө жылдызы жанып бадырайып турган ырчы Султан Садыралиев 1986-жылдын 3-февралында жарк этип жарыкчылыкка чыга келген.

Урмат Усенов
"Байкеңден сенин байкеңден, байкең да бир топ шайкелең" деген сыяктуу гүлдөн гүлдү жыттап, кыргыз кыздарынын биринен сала бирин тандап жатып "Бал татымым" Бактыгүл эмес Неля болчу деп суудан кургак чыга келген таланттуу, татынакай ырчыбыз Урмат Усенов да улуу Манастын мекени Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Карасай айылында Бейшенбек атанын эркек балдарынын улуусу болуп февраль айында жарык дүйнөгө келген. Манас өңдүү ымыркайды үч карын эмес үч кашык сары май менен оозандырган экен. Таланттуу болорун табигат да билгенби, айтор, Урмат төрөлгөндө "жер силкинип, күн күркүрөп, кыян жүрүп кеткен" дейт энеси.

Аида Маканбаева
"Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" дегендей, тамырын түптөп, оорчулугун өз мойнуна жүктөп Гүлшайыр Садыбакасова кыздардан топ түзүп жолго салып койгондон кийин "Бул кайсы ырчы?" "Кыз-Бурактагы" ырчы" дегенчелик болуп, жүз эмес эки жүз да эмес, үч жүзгө жакын кыздын аты чыкпадыбы. Мына ушул жумшак жылуу уянын ичинен чымчыктай үнүнөн эчак алыстап, булбулдун үнүнө жетейин деп калган дагы бир ай чырайлуу жаш ырчы Аида Маканбаева атакесинин келаткан майрамы менен куттуктап жыйырма биринде жарыкчылыкка жетишип келип калган.

Даярдаган Кыял Орозбекова




 "Обон"-почта

ОП-52-01. Күттүм сизди ар бир мүнөт өткөн сайын, таң агарып ай ордуна баткан сайын. Бирок сиз бул күтүүнү сездиңизби, сезип туруп же башка менен кеттиңизби? +770265876хх.

ОП-52-02. Мейли мени жакшы көрбө, мени сүйбө, бирок мен сени сүйөм Афтандил. Апаң Шууркан эжеге, акең Матен акеге, жеңең Гүлнарага чоң салам. 07771643хх.

ОП-52-03. "Самал" базарындагы Гүлизага салам. Аябай өзгөрүп кетиптирсиң, мени көрсөң да көрмөксөн болосуң. Арабызда канча нерсе болуп өттү. Сен ошол күндөрдү унуттуңбу? Мен али да унута элекмин. Акылбек.

ОП-52-04. Ислам Акматов, сага чыгармачылык ийгилик. Сенин үнүң демиме дем кошуп, чексиз кыялдарга жетеленет. Ооруган дартыңды ырларың менен дарылап, аман бол! Гүлайым.

ОП-52-05. Алыскы Кеңеш айылында жашап жаткан атам Абдыкадырга, апам Өктөмгө салам жолдойм. Кызыңар Гүлбарчын.

ОП-52-06. Атам Касымов Султанга, апам Камбарова Замирага чоң салам. Эч качан оорубагыла. Бишкектен кызыңар Султанкулова Жаңыл.

ОП-52-07. Нарындагы апам Айнурага, атам Камбаров Эрнистке жана бөбөктөрүмө чоң салам. Ороз.

ОП-52-08. Астанада иштеген досторума салам. Ар дайым бар болгула. Алибек.

ОП-52-09. Табышабыз кадыр көңүл келишсе, таарынабыз көңүлдөргө кир кетсе. Таарынганга таарынарың бар болсун, таарынычың жаза турган жан болсун. Оштон Нурмухамед.

ОП-52-10. Шумкар, сен да мендей армандын, сагынычтын, кайгынын ортосундасың го дейм ээ. Балким, Кудай да ошончолук экөөбүзгө берээр чыгар. Сени менен жакындан таанышкым келет. Пери.

ОП-52-11. Күндөрүм арман беле, сүйүүң да жалган беле? Кудайым чоң азапты башыма салган беле? Жаным, сени ушунчалык сагындым. Пери +770228943хх.

ОП-52-12. Ырчы Даниель, суранам мага чалчы. 0555301431 Айпери.

ОП-52-13. И.Арабаев атындагы КМУнун ИИСПО факультетине, өзгөчө ПГ-24 группасына салам. Дүйшөналиева Альбина.

ОП-52-14. Салам менин сүйүктүү газетам "Обон!". Менин саламым токтогулдук ата-энеме, досторума жана мени тааныгандардын баарына салам. Токтогулдук Чолпон.

ОП-52-15. Токмоктук Турат, сени сагындым. 0772843228 номерина чалып койчу, эгер окусаң. Махабат-90.

ОП-52-16. М.Иманбеков сүйүү күнүң менен! Мен сени сүйөм. Махабат-90.

ОП-52-17. Арал, Барчын салам. Бар болгула ар дайым. Акони.

ОП-52-18. Папанда жашаган менин сүйүктүү досум жана аяшым Мээрим жана Сыргак 14-февраль майрамыңар менен чын дилим менен куттуктайм. Силерге чың ден соолук, арчадай узун өмүр каалайм. Ылайым экөөңөр бактылуу болгула. Силерди урматтап Жони жана Акжуурат.

ОП-52-19. Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында жашаган менин сүйүктүү жигитим Бакытбек уулу Жоодар, сени 14-февраль майрамың менен куттуктаймын. Сага бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт, кең келечек, жамандыкты билбеген, жакшылыкты издеген адам бол. Менчелик сени эч ким сүйө албайт. Экөөбүз кудай буюрса бактылуу болобуз. Мен сени эч кимге алмаштырбайм. Кай жерде жүрсөң сени кудай колдоп, аман бол жаным. 05550080хх.

ОП-52-20. Жаным Пазылбек кызы Аида бактылуу бол. Москвадан Бека. Ж.

ОП-52-21. Сенин сүйүүң жаап өткөн өткүндөй, мезгил жетсе көчүп өтөр көчкүдөй. Менин көңүлүм сүйүүдөн бүт өчкөн, сезим оту сүйүү үчүн бүт өчкөн. Оштон Нурмухамед.

ОП-52-22. Жалал-Абад облусунун Тайгарев айылындагы Т.Кошматов атындагы 10-мектептин бүтүрүүчүлөрүнө, айрыкча 11-а класска чоң салам. Эля, Гули.

ОП-52-23. Апа, ар дайым уул-кыздарыңыздын, неберелериңиздин бактысына бар болуңуз. Тезирээк айыгып кетиңиз. Кызыңыз Саламат.

ОП-52-24. Жалпы смсчилерге ысык салам. Кочкор районундагы Кара-Коо орто мектебине салам. Өзгөчө Айчүрөк, Айдай силерге экзамендерден ийгилик каалайм. "5" деген баага тапшыргыла. Жази-93.

ОП-52-25. ОП-50-18, мен жүрөм алыста сени эстеп, туйлайт да жүрөгүм элеңдеп. Тагдырга жазыптыр турмушту, Бектемир жан Ledi сүйсүн деп. Бека.

ОП-52-26. Бою узун, сулуу кыздар менен таанышкым келет. Атым Улан 0772103233.

ОП-52-27. Мен өз сүйүүмдү тапкым келет. Кайдасың менин өмүрлүк жолдошум? Мен акылдуу, түшүнүктүү, билимдүү, ыймандуу 25-30 жаштагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышам. Жеңил ойлуулар убара болбогула. Сиздер үчүн номерим 0772831161.

ОП-52-28. Базар-Коргон районуна караштуу Кызылай айылында жашаган досторум Шабдан, Кеңеш, Хуснидин, Миша, Бердиш жана "Минчестрге", Манас жана Каба көчөсүндөгү досторго, мени тааныгандарга ысык салам. 07771518хх .

ОП-52-29. Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүндө жашаган квартиранттарга салам. СННК даватка чыгып келдиңерби? Кудай кааласа биз да...07771518хх .

ОП-52-30. Салам "Обон", ишиңерге ийгилик, чың ден соолук, узун өмүр. Адинай сен өз жолуң менен жүрчү, макулбу? Рианна.

ОП-52-31. Досубуз Хан-Шайды 14-февраль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ханка, сага ден соолук, бакыт, ошондой эле дүйнөгө аты чыккан эң ийгиликтүү "бизнес леди" болушуңа тилектешпиз. Ар дайым жадырап жайнап жүрө бер. Досторуңдун, группалаштарыңдын жана РГСУнун кыздарынын атынан Айпери.

ОП-52-32. Кымбатым Кари, 14-февраль туулган күнүң менен куттуктайм. Сага чың ден соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Кыргыз элимдин керегине жараган кыздардан бол. Дамир КZ.


ОП-52-33. Урмат Усенов, өзүңүздүн тумар кызыңызга үйлөнсөңүз жакшы болмок. Сиздей жароокер жанга достукту бек туткан кыз түбөлүк жар болмок. А эки жүздүү чыккынчы эмес. Лазиза.

ОП-52-34. Бактыгүл, сен сулуусуң. Сени көргөндө кыргызымдын ушундай чүрөгү бар экенине сыймыктанам. Сени жанымдай жакшы көрөм. Бека.

ОП-52-35. Кара-Суу районунун Жылкелди айылынын тургундарына ысык салам. Айрыкча, 87-88 жылкы балдарга. Тюменден Төлөгөн.

ОП-52-36. Көөдөндөгү таптаза, туптунук, аруу сезимим сага байланыптыр. Бирок, тагдыр сага мени кошподу. Сага болгон сезимимди башка жанга арнай аламбы? Кеңеш бере аласыздарбы? Канткенде ал адамды унута алам?+77026587644.

ОП-52-37. Даниель, Алихан, силерге ден-соолук, ийгилик. Ар дайым бар болгула. Урматым менен Рианна.

ОП-52-38. Супер смсчилер командасына салам айтам. Алтындарым, сагындым силерди. Качан жолугуп чер жазышабыз? Жака-Жазгүл.

ОП-52-39. Сүйүшкөндөр күнү менен бүткүл кырыз элин куттуктап, өчпөс сүйүү каалайм. 07733186хх.

ОП-52-40. Өз тилинин баркын билбей, орусча сүйлөп жүргөн туугандарга салам. Кыргыз эли тили менен сакталып келген. Анан ушинтип аны тамандын алдына калтырабызбы? 07733186хх.

ОП-52-41. РКТАЛ лицейинин окуучулар жана мугалимдер жамаатына салам. Достор, ар убак күлүп жүргүлө. Жалаң бештерди алып коюп. Ийгилик! Жака-Жазгүл.

ОП-52-42. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы Арык айылындагы Калинин мектебинде каникулга чыккан 11-а классынын окуучуларына салам. Каникулду жакшы өткөргүлө. Чымкенттен классташыңар Гүлкайыр.

ОП-52-43. Анекдот: Кошунасы терезеде олтурган кичинекей Таштанга: - Таштан, терезеде эмне олтурасың? - Атам менен апам караңгыда сүрөт чыгарып жатат. Эртеси дагы кошунасы: - Таштан, эмне кылып олтурасың? Таштан: - Дагы сүрөт чыгарып жатышат. Кошунасы: -Айтып кой, күйүп кеткен плёнкаларын мен жакка ыргытпасын. Нурик.

ОП-52-44. Бир кишинин шымы жыртылып калган экен, жанындагыларга эскертип: -Мага эстетип тургулачы, базарга ушул шым менен кетип калбайын,- десе жанындагылар:- Сен да ошону эстетип тур да ,-дешиптир. 07771518хх.

ОП-52-45. Бурул, сагындым жаным сени. Кабарыңды билдирчи, сүйөм сени. Саша. 07774156хх.

ОП-52-46. Отуз-Адырдагы №75 мектептин 11-а классындагы Рахманова Гулиза, Айдаралиева Розага салам. Жакшы окугула. Алматыдан эжеңер Жылдыз.

ОП-52-47. Урматтуу Космос Чыдынов, кандай кыздарды баалайсыз? Келинчегиңиздин кандай болушун каалайсыз? Апаңыз аябай жакшы киши экен. Ошко бирге кеткенде таанышкам. Чынара 07722955хх.

ОП-52-48. Жаным Алтынай, сен экөөбүздүн ойлогон максаттарыбыз орундалышын күндө кудайдан тилейм. Бизге каршылардын ою ташка тийсин. Махабатым бир сен үчүн жаралган. Өзүң болчу кучагымда туйлаган. Кучагымда сүйүү антын бердиң сен, кетпеймин деп башка адамга эч качан. Н 877274.

ОП-52-49. Алтыным Сезим, мен сени сүйүп калдым. 0777505хх.

ОП-52-50. Сүйбөйм сени артыңдан жүгүнүп, муз тоңду жүрөгүмдө. Зарыгып ушул убакка чейин сен деп жүрөм. Бир дагы бала менен сүйлөшпөйм. Сен мага жаман сөз айткан жоксуң. Билбейм барган сайын мүнөзүң өзгөрүп баратат. Жашасам да жалгыздыкты жамынып. Мен сага кайрылып барбаймын. Алматыдан Асел.

ОП-52-51. Алтынай, сен менин жашоомдогу жарымымсың. Практикага кетсең сагынып кантип чыдайм? Сарсанаа боло берем сагыныч ойлор менен. Ашыгып бир өзүңө мен сени сүйөм дегем. Бул сөздү бек кармаймын. Башкага көз салбаймын. Сүйөөрүм жалган эмес. Мен сени алдабаймын. Н...к 8702446.

ОП-52-52. Кербен Куба жана Гүланда смс жазбай калдыңар го? Барчынай.

ОП-52-53. Космос, кандайсың? Ошто радио "Алмазда" иштегениңде таанышканбыз. ОшМУ да окуган кыздар эсиңдеби? Сени сагындык. Уят кылбай чакырып кой бизди. Нурзида, Аида, Улара, 0777123254.

ОП-52-54. Смсчилерге салют. Мага смс жазгыла. Жооп болот. 0550965244, Макуся.

ОП-52-55. "Обондун" балдар-кыздары, силер сонун смсчи экенсиңиер. Эрлан.

ОП-52-56. Мейли жаз болсун, мейли күз болсун. Бири-бирибизге саламыбыз түз болсун. Улуу заттан суранаарым, жалпыбыздын ыйманыбыз бүт болсун. Жараткан эгем бул дүйнөдө эч кимди ыйманынан, акыл-эсинен айырбаса экен. Ахилес.

ОП-52-57. Чымкенттеги "Бекжан" базарында кофта саткан ай чырайлуу Замирага салам жолдойм. Сени мен түбөлүк сүйөм, жаным. Мен с....к.

ОП-52-58. Ардактуу Урмат байке, Неля эже, сиздерге кааларым бакыт-таалай, узун өмүр, тоодой улуулукту, Ысык-Көлдөй тереңдикти, сүттөй ак пейилди каалайм. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Сүйүү, ашыктык, арзуу деген мас адамды соо кылат. Эки жылдыз баш кошту, ар дайым бактылуу болушсун. 05505561хх.

ОП-52-59. Менин саламым Чымкентте иштеген туугандарыма, ошондой эле аяшым Нургазы менен Жаңылайдын үйлөнүү тою менен куттуктайм. Аларга ак сүйүү, тунук махабат каалайм. Аяшың Назгүл, досуң Мамбет.

ОП-52-60. Гүлкайыр, сени туулган күнүң менен куттуктайм. Мелис менен түбөлүк кол кармашып бактылуу өмүр сүргүлө. Ортоңордо жанып турган сүйүүңөр өчпөсүн. Назгүл.

ОП-52-61. Эң жакын досторум Сабира, Айгүл бар болгула. Базар-Коргондон Назгүл.

ОП-52-62. Оо, Айдеми Айка, талантыма баа бергениң үчүн чоң рахмат! Болду досум уктум, сен айтсаң мен кантип жок дейин. Байланышып тур. Хан-Шай.

ОП-52-63. Жалал-Абад шаарындагы ИПТда билим алып жатышкан ПС группасына салам жолдойм. 07771518хх.

ОП-52-64. Супер ырчы ИльязАбдыразаковго: Талантыңыз мындан да өнүп-өссүн, аброюңуз мындан да аша берсин. Ильяз деп аталган ысымыңыз эч качан өчпөй жылдыздай жана берсин. Ильяз байке сиз суперсиз. Алина-93.

ОП-52-65. Саламым ОП-51-133, Эляга жолдонот. Ар дайым аман бол. Астанадан Даир.

ОП-52-66. Саламатсызбы Нурзада эже? Сизге ийгилик. Жердешиңиз Ш...а.

ОП-52-67. Сузак районундагы Ынтымак айылында жашаган атам Чубак, апам Зулайка, акам Тыныч, жеңем Бунириге, сиңдим Нурпери, иним Өмүргө салам жолдойбуз. Биз силерди жакшы көрөбүз. Москвадан Элнура, Жанара.

ОП-52-68. 1987-82-жылкы балдар-кыздар менен достошкум келет. Ноокенден Мээрим.

ОП-52-69. Чаектеги таенеме, таякем Алтейге, Дукешке, эгиздерге салам. Элнура.

ОП-52-70. 87-мектептин 6-д, б, г жана 8-а класстарына салам. Элнура.

ОП-52-71. Хан-Шай, сага бир аз капамын. СМС жаз же телефон чалчы суранам. Болбосо ооруп калам. 0772789624.

ОП-52-72. Салам досум, сага жалганчы болот окшоймун. Өзүң билгендей азыр бир аз кыйынчылыкта турам, бирок, насип кылса барам, сен капа болбогун. Рахима.

ОП-52-73. Анекдот: Кайненеси күйөө баласына: - Балам, таманыма тикенек кирип кетти алып берчи. Күйөө баласы ийне менен чукуп жатса, кайнененин шым жагынан "чуйк" деген доош чыгып кетет. Кайнене: - Балам, тикенек көрүнөбү? Күйөө бала: - Үнү чыгып жатат өзү жок, сасык жыттанып да жатат,- дептир. Нурик.

ОП-52-74. Супер теле алып баруучу Космос байкеге ысык салам. Ар дайым бар болуңуз, бай болуңуз, бактылуу болуңуз. Айсулуу.

ОП-52-75. "Кулагер" базарында иштеп жаткан Калыйнурду 23-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Узун болсун өмүрүң, ачык болсун көңүлүң. Өчпөсүн мукам үнүң. Кут болсун сенин туулган күнүң. Элиза.

ОП-52-76. Анекдот: Маршруткадагы кулактандыруудан: Конкурс жарыяланат. Ким эшикти үзө жапса, айдоочудан сиз үчүн арноо, куттуктоо сөздөрүн жана эң кымбат болгон кулак түпкө белегиңизди алып кетүүңүздү унутпаңыз. Таха.

ОП-52-77. Сузак районунун Кара-Алма айылында жашап жаткан балдарым Исламбек, Мунарбек, Бекназар, Шахназар, Улашбекти 23-февраль майрамдары менен куттуктайм. Россиядан Нуралиева Пашайым.

ОП-52-78. Салам Кызыл-Кыя. 07770506хх.

ОП-52-79. Нурмухамед сагындым сени, сагындым ошол күндөрдү. Эсиңдеби, машинаңды мен айдап баратып МАИге кармалганбыз. 05557918хх.

ОП-52-80. Кызыктуу гезитим "Обонду", сүйүктүү ырчым Ислам Акматовду майрамдары менен куттуктайм. Силерге бардык жакшылыктарды, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Гуляжан.

ОП-52-81. Алмаз майрамың менен! Сага бардык жакшылыктарды каалайм. Эң башкысы сен ойлогондой жашоо болсун. Ат-Башыдан Элнура.

ОП-52-82. Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылынын жалпы тургундарына, үй-бүлөмө, бир туугандарыма, классташтарыма салам жолдойм. Бекбоева Алина.

ОП-52-83. Төө-Моюндун кыздарына чоң салам. Азизага өзгөчө салам. Алибаба.

ОП-52-84. Жалпы СМСчилерди 14-февраль сүйүү күнү менен куттуктайм. Жибек-94.

ОП-52-85. Адинай аттуу кызга кайрылам. Сен 10 жыл бою "Кыргызстан обондорун" угам дейсиң. Күнүгө бир радиону эле мактап жүрөсүң го. Элден деле уялып койсоң болмок. Угуп жатышат баары. Бирине айткан сөздү экинчисине айтып жакшы көрүнөсүң. Мактангандын да чеги болот.Өзүңдү принцесса кылып сүрөттөдүң эле го? Кой, антпей жүр. Таттуу.

ОП-52-86. Бардык СМСчилерди майрамы менен куттуктайм. Бирдиктери түгөнбөсүн. Кыздар ыймандуу болгула. Элиза Жапаровна.

ОП-52-87. Эмне үчүн Урмат менен Неляга жабыша бересиңер? Аларга жаман сөз айтсаңар менден таарынбагыла. Андан көрө жакындарыңарга салам жолдогула. Наргиза.

ОП-52-88. Саламатсызбы Космос байке, мен сизге узак өмүр, ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгилик каалайм. Ар дайым бар болуп, үй-бүлөлүк бакытка бай болуңуз. Наргиза.

ОП-52-89. Темирлан, баары бир сени жакшы көрөбүз. Кызыл-Кыядан Айсулуу, Айпери.

ОП-52-90. Алсырап турат азыр жаным билсең, жүрөгүмдүн жарымы сенде кеткен. Шумкар.

ОП-52-91. Салам Айзирек, Бегимай, Азиза, Нуржамал жана 8-б классына жолдонот. Баарыңарды 14-февраль сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм.Сүйгөнүңөргө жеткиле. Бегай.

ОП-52-92. Даниель, мен сени сүйөм. Сенин ырларыңды сүйүп угам. Айпери.

ОП-52-93. Баткен шаарынын 1991-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам. Гүлшан.

ОП-52-94. Саламым досторум Аселя, Мадинага жолдонот. Айпери.

ОП-52-95. Бакай, салам! Менин атымды сатып СМС жазган адамдарга сөз жок. Сенин атыңдан мага да СМС жазышкан. Эмне максат менен жазышты билбейм. Мен алдаган адамдарды аябай жаман көрөм. Бирок кек сактабайм. Калемиң курчуй берсин. Ийгиликтерге жетише бер. Абда.

ОП-52-96. Кайрат Нуртасты 20-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Ушул жаштын көбүн жаша. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Айсулуу.

ОП-52-97. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына жана супер СМСчилерге жолдонот. Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, түгөнгүс бакыт жана кең пейил каалайм. Эч качан кабагыңыздар бүркөлбөй, бар болуңуздар. Абда.

ОП-52-98. Улуу урматтуу, намыскөй, ыймандуу "Супердин" жылаңач кыздарына болушкан Нургазы мырза! Мага мылтык такап өлтүрөм десе да, 2 миллиард акча берем десе да, 3-сулуу болуп эле баратсам да андай ыплас иштерге барбайм. Сен ошол СМСти мага жазгандан мурда ойлонушуң керек болчу. Аял алам десең ошол кыздарды ала бер, мен төрт колдоп "За"мын. Мен сени эмес атыңды да уккум келбейт. Билесиңби "Обон" сен үчүн эмес, жалаң гана жакшы, ыймандуу, асыл инсандардын гезити. Демек, эс ал. Хан-Шай.

ОП-52-99. Сүйүктүү иниме арналат. Төрөлдүң иним менин татынакай, жаралдың бул дүйнөгө жакшынакай. Кубантып элдин баарын уул болду деп. Оо жараткан бала бердиң , ден соолугун неге бербедиң? Тогуз кызга акыл бердиң, баарын бердиң. Бир баладан аядыңбы акыл-эсин. Ишенем жаратканга, бакыт берчи, иним Аманга. Бегай.

ОП-52-100. Абалым мени кыйнады, арзыгандай боло албай. Арзып күткөнүмө жете албай, арманым мени кыйнады. Жарты жүрөк жараланды кайрадан, жандай көргөн жаным биргем, жаныман. Жүрөк сыздап, көңүл муздап баратат. Жан дүйнөм бир көңдөйгө айланат. Оштон Нурмухамед.

ОП-52-101. Алматыда "Болашак" базарында 11-катардагы досум Манаска чоң салам. Бекем ден соолук, ишине ийгилик каалайм. Алтынай.

ОП-52-102. Алматыдагы бөлөм Айканы 12-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Алтуна.

ОП-52-103. Кыргыз элимди, жаштарды, түгөйлөрдү, сүйүшкөндөрдү майрамыңар менен куттуктайм. Сүйүүңүздөр түбөлүктүү болсун. Сүйүү деген оюнчук эмес бул дүйнөдө, сүйгөнүңдү сүйүш керек түбөлүккө. Сүйгөнүңдү сүйө албасаң түбөлүккө, сүйбөй эле кой, сүйгөнүңдү түгөйлүккө. Кара-Балтадан Эрик.


ОП-52-104. Томпоска жаным, мен да сени жакшы көрөм. Сүйгөнүңдү таап ал. Боке.

ОП-52-105. Расул менен Нурбек доско супер салам. Силер сонун досумсуңар. Расул, студенттик күндөрдүн доорун сүрүп жүрө бер. Чипо.

ОП-52-106. Жаным, мен сенин теңиң эмесмин, бирок сагыныч деген эң жаман экен, кабарыңды билдирчи? Р.А.А.Т.

ОП-52-107. Билесиңби сүйүүмдөн жаңылганмын, өзүңсүз жашоого кабылганмын. Жалынып келээриңди күндө самап, билесиңби түбөлүк сагынаарым. Бир кезде алыс-алыс жакта элек, ал кезде таанышпаган жаштар элек. Таанышып достошууга алып келген, болду го коммерциялык жолдор себеп. Жаным сени сагындым, сен билбесең да жүрөгүң сезет. Пери.

ОП-52-108. Кара-Балта шаарында жашап жатышкан кайындарымдын жана айылдагы ата-энемдин февраль айында катар-катары менен кирип келген туулган күндөрү менен куттуктайм. Аларга ден соолук, узун өмүр, жашоодогу жакшылыктарды, ийгиликтерди каалайм. Ылайым ойлогонуңар орундалып, өмүрүңөрдө бейпилдик бийлеп турсун. Кызыңар, келиниңер Кыял.

ОП-52-109. Бүткүл кыргызымдын мырзаларын 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Өзгөчө Мирбек Иманбековду чын жүрөгүм менен куттуктайм. Бар болгула, аман болгула. Зайка.

ОП-52-110. Салам! "Обондун" көркү Хан-Шайдын туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сага кааларым узун өмүр, чың ден соолук, бакыт-таалай, ар дайым басар жолуң ачык болсун. Сүйгөнүңө жет. Айгөлөк.

ОП-52-111. Урматтуу ОП-51-27, Кудайды элестетиш кыйын эмес, эгер кудай бар экенине ишенсең. Ким кандай ойлойт биле албадым, бирок Кудай ой жеткис, акыл менен сүйлөп бергис ыйык. Айгөлөк.

ОП-52-112. Кыргызымдын сыймыгы, баш кошту эки талантың. Бактылуу бүлө болсун деп, бир кылып кудай жараттың. Үйлөндү Урмат, Неля деп, жар салып элге тараттың. Концертин көрсөм экен деп, Бишкекти көздөй бараттым. Гезиттен окуп капыстан, чакан ыр сап жараттым. Чакыруу билет алсам деп, оюмда мени саматтың. Урмат, Неля мен силердин Ысык-Көлдүк фанатыңармын. Кол кармашкан экөөңдөн атактуу бүлө жаралсын. 05550017хх.

ОП-52-113. Космос аке, сиздин "Ала-Тоо" маалымат программасынан чыгышыңызды чыдамсыздык менен күтөм. Кудайым сизди колдосун. Мен да сиздей журналист болгум келет. Мага номериңизди бериңизчи? 0773540679 Нургазы.

ОП-52-114. Cаламатсыздарбы кыргыз калкым жана СМСчилер. Мени да кошуп алгыла. Эркин.

ОП-52-115. Саламым алыскы Лейлек районунун Маргун айылынын тургундары авам Турдуев Жумагул, апам Гүлнара, иним Жыргал, сиңдим Жыпарага, чоң атам Баба, чоң энем Айымсаатка жана баардык туугандарга жолдонот. Биздин бактыбызга бар болуңуздар. Бишкектен Гүлзат.

ОП-52-116. "Бекжан" базарынын 2-кабатындагы Эрлан, мен сени сүйөм. Таанышууга болобу? Сырдуу кыз.

ОП-52-117. Салам Космос! Сен аябай жылдыздуусуң. Көз тийбесин, бактылуу бол. Мариям.

ОП-52-118. Нурайка, мен сени сүйөм, ишенчи жаным. Максат.

ОП-52-119. "До, Ре, Ми, Ля, Си". Кыздар мунун мааниси эмне, жазгыла. 0777151886.

ОП-52-120. Классташтарым Каратаева Бактыгүл, Бузелбаева Сагипага салам. 1991-жылы №5-мектепти бүткөнбүз. "Обон" аркылуу кабарлашкыла. Элмира.

ОП-52-121. Кумир менен баарлашууга М.Атабековду чакыргылачы? Жази.

ОП-52-122. Оштун перилери Роза, Айгерим, Гүлзина, Асел, Бегайым, Карлыгач, Назира, Айзада, Рахат майрамыңар менен. Лидерлер мектебинен Нургазы.

ОП-52-123. "Супердин сулуусуна" катышкан кыздарга: Конкурсуң намысыңдан улукпу, намыстуумун деген сөзүң курукпу? Эгер болсо намысыңар кичине, түшпөйт элеңер сүрөткө чечине. Бүт Кыргызстан, атаң, апаң, тууганың көрдү го сүрөттөгү балчайган. Намысыңды Малайзияга сатыпсың, ырымды окуп селейип сен калыпсың. Оштон Нурмухамед.

ОП-52-124. Кайрат Нуртас, майрамың менен. Сүйгөнүң менен бактылуу бол. Айсулуу.

ОП-52-125. Сапар Эркебаев, сүйкүм жылмаюңуз, жылдыздуу келбетиңиз менин жүрөгүмдөн орун алган. Эгер ушул СМСти окуп калсаңыз 0777029525ке чалып коюңуз. Сизди терең урматтаган Лейлектен Турдуева Гүлзат.

ОП-52-126. Мирбек Иманбековго: Мен алысмын куса болом сагынам, жаным сүйүп жалгыз сени ойлоном. Ашыктыгым ого бетер артылат, сагынганда сүрөтүңдү карасам. Зайка.

ОП-52-127. "Обондун" супер СМСчиси Хан-Шай, сени сүйүп калдым. Нургазы.

ОП-52-128. "Обон", жаштар тууралуу жакшы жазыптырсыңар, бирок, ал жерде ата-энелер да күнөөлүү. Себеби, алар жакшы тарбия берсе жаштар андай жолго барбайт болуш керек. Жаштар, келечек биздин колдо экенин унутпайлы. Зайка.

ОП-52-129. Жашым 24тө, жогорку билимдүү, түшүнүктүү 30 жашка чейинки мырзалар менен таанышкым келет. 0773407028.

ОП-52-130. Салам "Обон!". Оо, менин сүйүктүү дикторум Космос менен "Обондун" төрүндө баарлашат экенбиз да буюрса. Режиссёрлор роль сунуштаса адвокат болсоңуз куп жарашат. Кино жаатында да өзүңүздү сынап көрбөйсүзбү? 07731243хх.

ОП-52-131. Отуз-Адырда жашап жаткан Рахмановдорго салам. Ошондой эле чоң атам Кадырдын тез айыгып кетишин каалайм. Гүлиза-91.

ОП-52-132. Гүлбешекер, көздөрүң ойноок, бир башкача ажарлуу экенсиң. Дин сабагын алганың мени кубандырат. Бирок жигиттер жакпаганын түшүндүрүп берчи? 0772105058.

ОП-52-133. Салам Нурка! Сенин келе жаткан майрамың менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сүйгөнүңө жет. Акмарал.

ОП-52-134. Урматтуу Космос, сен "Алмаз" радиосунда иштеп жүргөнүңдө ишемби жана жекшемби күндөрүн чыдамсыздык менен күтөөр элем. Азыр болсо "Ала-Тоо" программасын үзбөй көрөм. Сен Москва шаарынан жакшы кабарларды айтканыңда ого бетер сүйүндүм. Космостой бийик жетишкендиктерге ээ бол. Ошко иштер менен келгениңде же Ноокаттын алмасын сагынып, туулган жериңди көздөй бет алганыңда бир күйөрманың сени күтөт. Кааласаң байланыш. Номерим редакцияда. 07771117хх.

ОП-52-135. Билемин мунун баары сүйүү экенин, карачы сүйүүнүн бекемдигин. Канчалык сени ойлоп эстесем да, билемин сенин сүйүүң башка экенин. Чымкенттин "Бекжан" базарынан Елена.

ОП-52-136. Сүйүү сен эстен тандырасың, сезимге ашыктык отун жандырасың. Табышкан бактылуу эки жашты, бакыттын кучагына калтырасың. 07701386хх.

ОП-52-137. Бакуля менен Неляны салыштырганга мүмкүн эмес. Кыргыздын периси, сахнанын ажары, менин сүйүктүү ырчым Бакуляга "канатный" салам. Гүланда.

ОП-52-138. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таран-Базар айылында жашап жаткан атабыз Залинбекти 13-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Чың ден соолук узун өмүр тилейбиз. Россиядан кыздары Бактыгүл, Базаргүл, Насипа, Наргиза.

ОП-52-139. Салам Наргиза туулган күнүң менен. Окууңа ийгилик. Наристеге, досторума жана башкаларга да салам. Мени унутпай телефон чалып, СМС жазып тургула. Саламат.

ОП-52-140. Мен сени ушул убакытка чейин эч кимге алмаштырган жокмун. Сен мени эмне мынча кыйнадың, жаным? Менин сага кааларым тек гана бакыт. Мен сени зордоп сүйдүрө албайм, жаным Елена. Бишкектен Саша.

ОП-52-141. ОП-51-21 Кербен-Куба сөзүңдө калет жок кемчилик. Жакшылык мага тилегениң бул адамгерчилик. Рахмат. Саламым менен Бакай.

ОП-52-142. Канча адамдын башына арман салган, сүйүүсүнө жете албай боздоп калган, эми ишенбейм бул армандуу сүйүүгө эч качан. Мээр.

ОП-52-143. КР-Пахарь айылына чоң салам. Ата-энеме, апчеме ошондой эле менин курбуларыма, досторума, 94-95-толпага ысык салам. Айылдагы кыздарды Валентин күнү менен куттуктайм. Нурик.

ОП-52-144. Кыздар менен таанышам. 0773901360.

ОП-52-145. Космос Чыдынов байке, чың ден соолукта болуңуз, ишиңиз илгерилей берсин, алтын башыңыз аман болуп, алып баруучулук кызматыңызды өтөй бериңиз. Гүлзина-91.

ОП-52-146. Жалал-Абаддыктарды майрамдары менен куттуктайм. Астанадан Таалай.

ОП-52-147. Учурба бактыңа конгон кушуң, махабат эки жашка арнайт күчүн. Карачы табышып эки жүрөк бактылуу, Жашоодо ыйык сүйүү болгон үчүн. Бакай.

ОП-52-148. "Бекжан" базарында иштеген сулуу кыздар Елена, Сүйүнгүл, Гүлнурга чоң салам. Мага капа болбогулачы алтышкалар. Бишкектен Саша.

ОП-52-149. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты . Биринчиден баарыңардын ишиңерге ийгилик, ден-соолук каалайм. Мен сиздерден сурайын дегеним, сайтка ар жуманын жаңылыктарын убагында чыгарсаңар жана астротөлгө да киргизип ар жумага чыгарып турсаңар жакшы болмок. Анда ийгилик силерге! Динар.

ОП-52-150. Оштук Нурмухамед аке, эч кайгырбаңыз, баары жакшы болот. Аллахтын сүйүктүү пендеси болуңуз. Аллах жардамчыңыз болсун. Сиз менен таанышсам болобу? 0772831161. Оштук карындашыңыз.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan