Окумал

Сандан-санга
Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
(Башталышы өткөн сандарда)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Үңкүрдүн оозунан баш багып карап, Нурактын карааны үзүлгүчө көз айырбай турду. Качан гана караан ойго түшүп, көрүнбөй калганда бир капшыты сыйрыла түшкөнсүдү. Чындап жалгыздык башка түшкөнүн сезе, үшкүрүнө көпкө турду. Нурактын аялынын улам күңкүлдөп, күйөөсүнө бир нерселерди күбүрөп-шыбырап, жаман көргөнүн жашырбаган бойдон карматкан эски төшөк, жууркандарды карай, зээни кейип атты. Бир маалда төр жактан ыктуураак жер таап, таштын кычыктарына өскөн куурайчалардан жулуп келип, шыпыргы кылып чогултуп, бир топ жерди шыпырды да, жатканга ылайыктап тердик, ичмек, көрпөлөрдү салып койду.
Жай чилдесинин болуп турган убагы болсо да, өзү турган жер ак мөңгүлүү тоо, зооканын аралы болгондуктан суук эле болчу. Денеси чыйрыгып кирди. Үңкүрдөн башбага, эки жакты элеңдеп бир топко карап турду да, эч бир караан көзгө илешпегенин сезе, үңкүрдөн чыгып карагай-черди аралай, куурай терип кирди. Куураган чабынды, чырпыктардан бир топ чогултуп коюп, үңкүрдүн ооз жагына чыгып, эки жакты карап отурду. Ар кайсы жерде урчук-урчук аска-зоолор гана көрүнгөнү болбосо, аппак кар чөгүп жатат. Кар үстүндө кыйма-чийме издер жатат. Карышкыр, чөөнүкүбү, түлкүнүкүбү, айтор, ажырата албайт эле. Болгону өзү турган үңкүргө чейин келип кеткен Нурактын атынын гана изи жатат. Акыры орунтугуна келип, кымыздан кере-кере жутуп, нандан бурдап сугунуп алып жатып калды.

Тооруган ажал
Эмнегедир чочуп ойгонду. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле. Акырын тыңшай, үңкүрдүн ооз жагына көз жүгүрттү. Сырттан кирген күңүрт шооладан улам, үңкүрдүн оозунда бир караан турганын көрдү. Дене-бою чымырап, муздап чыкты. Аста кыймылдай, чөнтөгүнө колун салып, ширенке алып чыгып жандырып жиберди. Аста өйдө боло жарык менен жыйылып турган чырпыктардан алып, жатаарда күйгүзүп, жылынып отурган очокко салып жиберип, күйгүзүп кирди. Үч-төрт чырпык алып, баштарын күйгүзүп алып, үңкүрдүн ооз жагына басты. Эч нерсе көрүнбөйт. Бир саамга тыңшап турду. Жымжырт. "Коркконго кош көрүнөт" болгон окшойм. Эч нерсе деле жок го..."- деп кобурана, кайра төр жакка басты.
***
Кандайдыр бир дем алган үндү уга, чочуп кетти. Уктап кетиптир. Көзүн ача берип, жанында бир караан турганын сезди. Тулку-бою катып калгансыды. Кыймылдоого шайы келбей калды... "Өлөт деген ушул турбайбы"-деген ой гана мээсин аралай берди. Караандын дем алганы эле болбосо, кол салып жибербегенинен улам, Токуш да акырындык менен өзүнө келе баштады. Даярдап койгон жууркан алдындагы бычакка колу жетти. Эми куралы колуна тийгенге эрдемсий да түшкөнсүдү. Ошентсе да караандан көз айырбай тиктеп турду. Улам көзү үйрала, караандын төрт аяктуу жаныбар экенин байкай: "Карышкыр..." деген ой башына келе, эрдин тиштей, болгон күчүн жыйнай берип, бычакты карыштыра кармай, бакырып тура калды:
- А-аах!!!
Караан артка бир секирип алгансыды. Токуш эми даана көрдү. Төрт аяктуу жырткычтын көздөрү күйүп турган:
- Ыр-рр!.. -деген ыркырак үн чыгарган жырткыч бир саамга тиктеше түшкөнсүп, болгон күч менен Токушту көздөй секирди. Токуш бычакты жырткычты туштай кармаган боюнча жырткычтын илеби менен кошо кулап түштү. Жырткычтын тырмактуу колдору көкүрөгүнө бата түшүп, азуулу оозунан шилекей чачырай, колкосун жулуп алууга аз эле калган боюнча Токуштун үстүндө кыркыраган бойдон кыймылсыз калды...
***
Коюн жайып, ак карлуу төрдүн этегине чейин алып келген Нурак эки жакка дүрбү салып, киши көрүнбөгөн соң жылгачага салып, Токуш турган үңкүрдү көздөй жөнөдү. Атын диңкилдетип жүрүп отуруп, бат эле үңкүр жайгашкан зоонун этегине жетти. Кайра-кайра ышкырып көрдү эле, жымжырт. Токуштан дайын жок.
Эки жакты элеңдеп карап-карап алды да:
- Токуш! Токуш дейм!-деп кыйкырып кирди. Айласы кеткенде ээрге арта салынган куржунду ийнине арта, кар малтап, үңкүрдү көздөй жөнөдү.
- Биякта тургусу келбей качкан го? "Эшекти отко айдаса бокко качат" деген ушу да, акмак десе! Милициянын колуна түшүп берет дагы, темир тордо чирийт эмепи!..-деп кобуранып баратты.

(Уландысы кийинки санда)




Биз жөн эле көчөлөп жүргөнбүз го деп ойлогом, бирок андай болбой чыкты. Бахид мени бир жер үйгө ээрчитип кирди. Ал менден ушул жерде кичине күтө тураарымды суранып ичкери кирип кетти да бир топто чыкты. Ал сыртка чыкканда жалгыз эмес, жанына дагы бирөөнү ээрчитип алыптыр. Анын капкара каштары, коңкойгон мурду тигил тараптан экендигин аныктап турган болчу. Ал Бахидден бир нече жаш улуудай көрүндү мага. Алар өз ара тажикче сүйлөшүп келе жатышыптыр. Мени шекшибесин дедиби, же түшүнсүн дедиби айтор, менин жаныма келгенде кыргызча сүйлөшүп калышты.
- Күтпөген мейманым келген тура, биз менен отуруп кетиңиздер, бүгүн менин туулган күнүм,- деди тиги неме жоон үнү менен колдурап. Бахид башкача жайдары:
- Элмира, таанышып ал, бул киши да биздин айылдан. Мында таксист болуп иштейт,- деди. Мен бул кишини мурда бир жерден көргөндөй болдум, бирок кайдан көргөнүмдү такыр эстей албадым. Такси менен көп эле жүрбөдүмбү шаар ичинде, ошондо түшсөм керек деп ойлодум. Ушул учурда тиги киши кадимки шаардыктардай колун сунуп:
- Абдубахир,- деди. Бахид үчүн ал кишинин көңүлүн калтыргым келбей, өзүмө жакпаса да колумду сунуп:
- Элмира - орой үн менен учураштым. Абдубахир мени абдан таң кала карап, ушундай кумарлануу менен тиктеди. Ал көз караштан мен, көзүндө күч болсо чечиндирип жибергиси келгенин ачык сездим.
Үйгө кирдик, бул мезгилде бир топ караңгы кирип калган эле. Эң кызыгы, туулган күнү болуп жаткан адамдын эч кандай коногу да жок экен. Ошондой эле туулган күнгө тиешелүү маанай деле байкалбайт. Мындай кырдаал бир сыйра жүрөгүмдү шуу эттирди. Бирок мен Бахидге ишенгендиктен, анын мындай жалгыз туулган күн өткөрүп жатканына анча деле маани бербедим. Абдубахир үйүнө киргизип алып, үстөлдүн үстүндө турган кир идиштерден жана үйдүн ичинин чачыгынан өзүн ыңгайсыз сезди.
- Өзүң жалгыз болгондон кийин жашоо ушундай эле болот экен. Үй ичин жыйнаган киши жок, жумуштан келесиң да жатасың. Силерди башка жерге меймандасам болот эле, бирок ага шарт жок.
Ал досу Бахидден кечирим сурабай эле менден кечирим сураганы мага түшүнүксүз бойдон калды. Менин баамымда ал мында далайдан бери жашаса керек, кыргызчага тили так келет экен.
Мен үйдүн ичин жыйнаштырып жибергенче ал экөө тышта сүйлөшүп турушту да, качан мен үйге кире бергиле дегенде, Абдубахир бир жакка барып анан келээрин айтып шашып кетип калды. Бахид экөөбүз калдык. Шаардык кыздар баарын эрте үйрөнөт дешкени калп. Чынымды айтсам, мен буга чейин жигит менен өзүнчө калып көргөн эмесмин. Бахидге ишенгендиктен мен бул жерде аны менен жалгыз калгандан корккон жокмун. Бир гана үйдөгүлөр сарсанаа болбос үчүн аларга өзүмдүн кабарымды билдирип коюу жагын гана ойлонул жаттым. Ошондой эле мендеги бир сезим дал ушундай жигит менен калган жалгыздыкты эңсеп турганын баамдадым.
Биз бир далайга сүйлөшүп отуруп түн бир оокум болуп кетиптир. Бахид тиги досунун келбей турганын, биз экөөбүз ушул жерден таң тосоорубузду айтты. Мурда бул багытта тажрыйбам жок болгондуктан, сөзсүз ушундай кырдаал болоору тууралу эч ким айтпагандан кийин, мен тиги Абдубахирдин эмне себептен бизди жалгыз таштап кетип калганын анализдебедим.
Ал эми таң тосуу жөнүндөгү идея мага жакты. Ошондуктан мен Бахидден үйгө телефон чалып аларга өзүмдүн кабарымды билдирип коюум керектигин билдирдим. Менин мындай сунушум Бахидге жаккандыктан анын жүзү кадимкидей жайнап кетти. Бирок бир нерсеге бушайман болгондой:
- Сен азыр үйдөгүлөргө эмне дейсиң?- деп сурады. Мен эч нерседен шекшибей туруп эле:
- Дос кызымдын туулган күнү болуп ошондо отурам деп коём дедим. Менин шылтоом ага майдай жакты. Бахид менин сунушума шыр макул болду да экөөбүз сыртка чыктык. Ал бул жерде далай болсо керек, ачкычтын да кайда коюлаарын билет экен. Ошентип телефон издеп биз көчөдө жүрөбүз. Жакын арада телефон жок болуп чыкты. Бахиддин буга абдан маанайы бузулду. Кудайдын буйругу менен кийинки көчөдөн бир телефон будканы таптык. Мына ошондо Бахид кадимки жаш баладай сүйүнгөнүнө мен абдан таң калдым. Эч нерсени баамдаган жокмун. Телефонду апам алды, ал менден санаасы чыдабай телефондун жанында отурганын айттырбай сездим. Жанагы тапкан шылтоомду айта салдым эле, ал мага ишенип, бирок өзүмө сак болушумду эскертип трубканы коюп койду. Апам менен сүйлөшүп бүткөнчө Бахид таптакыр эси ооп калган кишидей дем тартпай турду.
Экөөбүз жетелешип алып кайра жанагы үйгө бардык. Жолтоо болгон эч ким жок. Далайга чейин аны-муну сүйлөшүп отурдук. Бир маалда менин уйкум келе баштады. Бахид мага төшөк салып берди, чынында мен тиги кишинин төшөгүнө жаткым келген жок. Ичине кирип жатпасам да сыртына жатып уктап алышымды өтүндү. Анын бул сунушун туура деп эсептедим да, салынган төшөктүн сыртына жата кеттим.
Бахид жарыкты өчүрдү да, менин жаныма келип жатты. Ал калчылдап жаткандай бат-бат дем алып, жаныма жетээри менен сыга кучактап аймалап кирди. Башында каршылык көрсөтүп түрткүлөгөнүм менен анын тигинтип эркелетип жатканы мага да жагып, бара-бара каршылыгым азайды да акыры толук анын эркине баш ийип бердим. Баары уйкусуроонун арасында болуп жаткандыктан, мен анын маңызын көп деле тетири алган жокмун. Бир билгеним, магдыраган жылуулук, жигиттин мурдумду өрдөп, анан тулку-боюмду багындырган өзгөчө жыты болуп калды. Андан ары экөөбүз эзилишип, табияттын таттуу мыйзамына баш ийдик.
Бир маалда эсиме келдим. Эртеңки күндү, андагы жарыкчылыкты, ата-энемдин уят-сыйытын, өзүмдүн кыздык намысымды эстегенде уйкум умачтай ачылды. Үстүмдө жаткан Бахидди кандай алып ыргытып жибергенимди билбейм. Бирок баары кеч болуп калганын түшүндүм, ушундай капкайдагы бирөөнүн кир төшөгүнүн үстүндө маанисиз караңгы түндө ушундай иш болгонуна абдан ызаландым. Көзүмөн жаш тегеренди. Менин ызаланып турганымды билгендей Бахид мойнуман кучактап:








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan