ТЕАТР ЖАНА ЖАНДҮЙНӨ

Президенттин стипендианты, Жаштар сыйлыгынын лауреаты Айжан Акылбекова:
"Жолдошум менден 18 жаш улуу"
Айжан Акылбекова... Бул ысымды кимдер гана жүрөгүнө жашырбады. Анын ай чырайлуу жүзүнө, кайталангыс талантына суктанып, сугун артпаган кыргызда пенде калган жок го, чиркин! Адеп кыргыз фильми жанданып, кино сүйүүчүлөрүнө жаңылык кирген мезгилде бул татына кыз жарк этип чыкпады беле. Жарнамалык роликтерден, клиптерден дайыма биз азыр сөз козгоп жаткан талант ээсин көрчүбүз. Кийин турмуш жолун улап бизнесмен адамга турмушка чыккан. Мына ошол бойдон ал сулуу чыгырмачылыктан алыстап кеткендей болду. Бирок, эки уулдун мээримдүү энеси болгондон кийин деле Кыргыз драма театрында иштеп жүргөн. Аз убакыттан бери анын театрдан биротоло чыгып, сүйгөн кесибин таштап мусулман динин тутуп, Кудай жолуна түшкөнүн билдик. Анда төмөнкү маек сиздер үчүн...

- Айжан, көптөн бери көрүнбөй күйөрмандарыңдан бир топ алыстап кеткендей болдуң. Ананда сүйгөн кесибиңди таштап, театрдан биротоло чыгып кеткен турбайсыңбы?
- Эң негизгиси чыгармачыл адам болгондон кийин иштеген жериңде толук кандуу чыгармачылык болуш керек деп ойлойм. Ошондой эле ушак-айың кептерге, көралбастыкка жол болбосо дээр элем. Дагы бир өзөктүү маселе театрда эң башкысы профессионал режиссёр жок болуп калды. Мурда студент кезде режиссёрдун берген ролун ойной бере турган болсок, азыр биздин өсүп, жетилүүбүзгө убакыт келди. Бирок, тилекке каршы бизди өстүрө турган профессионал режиссёр жокко эсе экенин тана албайбыз. Мен үчүн таланттуу режиссёр Алмаз Сарлыкбеков агайдын бул дүйнөдөн өтүп кетиши чоң жоготуу болду. Аны менен иштешип көнүп да калган элек. Кайталангыс талантты жоготуп алдык... Албетте, театрда улуу муундагы мыкты актёр, актриса эже-агайлар бар. Бирок, эки кесиптин кандайдыр бир деңгээлде өз ордулары бар эмеспи. Ошондуктан ал жерге кетирген энергиямды башка олуттуу жумуштарга жумшасам деген чечимге келдим.
- Ал кандай олуттуу жумуш болду экен?
- Чечиле турган маселелер өтө көп. Жолдошум экөөбүз ал туурасында ойлонуштуруп жатабыз. Бизге пайда алып келе тургандай иштерди караштыруудабыз.Чыгармачылык жеке эле театр, сахна менен чектелбейт да. "Кыздын кырк чырагы бар" дегендей, менин да кырк чырагымдын бири күйүп, жакшы жумушка иштеп калаармын. Негизинен чыгармачылыкты туура пайдалансам деген тилектемин. Бул маселе жакын арада чечилип калат. Ал жөнүндө ачык айтпай турайын.
- Театрдан бут тосуу, көралбастык, ушак -айың сөздөрдөн улам кеттим дейсиңби?
- Жок, мага бут тосушту деп айта албайм. Ал жактагы жалпы атмосфераны айтып жатам. Кыргызда мындай жакшы сөз бар го. "Бактылуу адам жумушуна шашып келсе, үйүнө шашып кетет" деген. Бирок, менде андай болбоду. Тескерисинче, жумушка эмнегедир кийинки күндөрү сүйүнүп келе албадым. Ал эми үйүмдө, албетте, сүймөнчүк эки балам, жолдошум күтөт. Бул жагы мен үчүн бакыт. А театрга келсең бирөөнүн көңүлү чөгүп турганын, дагы башка көрүнүштөрдү көрөсүң. "Кокуй, буга туура эмес сүйлөп алып, кийин соттошуп жүрбөйүн. Учурашпай калбайын " деп кадимкидей кооптонуп турасың. Кыскасы, коркуу сезим менен жашап калдык. Менимче бул көрүнүш театрга эч кандай пайда алып келбейт деп ойлойм.
- Театрды таштаганыңдын бирден-бир себеби сени Ислам динин тутуп, намаз окуп, хиджаб кийип калган дешет...
- Театрдан эмне себептен кеткеним туурасында жогоруда айтып кеттим.Албетте, намаз окуу ар бир мусулман баласынын парзы. Ошондуктан мен дагы намазга жыгылып жатам. Беш маалга өтө элекмин. Негизи намаз окуган адам ал жөнүндө элге маалымат бербей жашыруун окуш керек экен. Эми мага түз суроо берилип жаткандан кийин, мен да ага так жооп берүүм зарыл. Аял киши намаз окуса үйгө кут алып келет экен. Ал эми эркек окуса кут эшик алдында айланып турат дейт. Албетте, бул көрүнүш балдарыңдын да тарбиялуу өсүп чоңоюшуна жакшы себеп болот. Жаңы өспүрүмдөр чоңдордун кылган аракеттерин туурап жүрүп, эс тартып чоңоёт эмеспи. Ошондуктан, учурда мусулман китептерин окуп ал жаатынан да билим алып жатам. Ал эми хиджаб жөнүндө айтсам өзүң көргөндөй жөн эле жүрөм. Балким, аны да кийип калам же такыр кийбей калышым мүмкүн. Аны убакыт өзү көрсөтөт. Намазды жолдошумдун кысымы менен эмес өзүмдүн ниетим менен окуй баштадым. Чынын айтсам учурда сахнага чыкпай калганымды туура деп эсептейм. Ал жерден бирөөнү сүйөсүң, бирөөнүн аялы болосуң дегендей. Ушул жагы мага тоскоолдугун жаратып, бир аз кыйынчылыкты туудурмак. Ошондуктан туура чечим кабыл алганыма ыраазымын.
- Чындыгында Таттыбүбү, Бакен өңдүү таланттардын ордун басар сен элең. Келбетиң да сахнанын жүзү болчу. Сенден эл жакшы нерселерди күткөн...
- Легендарлуу таланттарга салыштырганыңарга өзүмдү ыңгайсыз сезип кеттим. Рахмат. Туура, кандай гана каалабайлы сахна баары бир сулуулукту талап кылат. Ошентсе да жаш, сулуу таланттар чыгып келатат. Андыктан мени менен гана сахна, чыгармачылык токтоп калбайт. Бирок, мени учурда кейиткен нерсе профессионал эмес адамдардын киного тартылып жатканы. Кээ бирине акчалуулар тартылса, кээ бирине режиссёрлор акчасын аяп жөнөкөй адамдарды тартып жатышат. Экранды, көрүүчүлөрдү сыйлашса болмок.
- Учурда сага киного тартылууга сунуштар барбы?
- Албетте, сунуштар бар. Бирок, мага ылайыгы келбеген ролдор. Эгер өзүмө туура келген ролго чакыруу болуп калса, аны аткаруудан баш тартпайм.
- Баса, сөзүңө аралжы, сага жолдошуң кафе да ачып берген турбайбы?
-Ооба, аны иштетип баштаганыма бир жылдын жүзү болуп калды. Кафе ачканымдын негизги себеби, чыгармачылыктан башка колумдан эмне келээр экен деп кызыктым. Эгер менин башыма кыйынчылык түшүп калса, же театрдан кетип калсам "мен жанымды эмне кылып багып кете алам?" деп ойлодум. Көрсө, аял кишинин колунан келбеген нерсе жок экен. Бат эле өздөштүрүп кеттим.
- Мурда официантка болуп иштегениң кандайдыр бир таасир берсе керек?
- Менин ал кезде кафеде иштеп калганым ата-энеме берген жазам болчу. Себеби, мени атамдар мектепти аяктаган соң актёрлукка тапшыртпай коюшкан. "Мен силерди уят кылам. Жалгыз кызыңарды окута албайсыңарбы? Силерден эч нерсе сурабайм. Өз акчамды өзүм табам. Өмүр бою официантка болуп иштейм" деп аларга аябай таарынгам. Анда мен официантка болуп иштесем тигилер уят болот деген окшойм. Ошондо үйдөгүлөр мени туура түшүнүп искусство институтуна тапшыртышкан.
- Мына ушундай кыйынчылык менен келген кесибиңди кантип таштап салдың?
- Туура, таштап салыш оор болгон жок десем жаңылышып калам го. Ошол кездеги акыбалымды өзүм гана терең түшүнбөсөм, башкалар кандай түшүндү билбейм. Мен чындыгында сахнаны аябай сүйгөн адаммын. Азыр деле жакын досторум, группалаштарым телефонума чалып алышып, таң калып жатышат. Мен мурда ушунчалык өзүмчүл кыз элем. Эгер ошол мүнөзүм азыркыга чейин калыптанып калганда, театрды гана тандамакмын. Үй-бүлөмдү экинчи орунга коюп, бир максатты көздөмөкмүн. Бирок, мен анте албадым. Мен аларга мээримдүү эне, жакшы жубай болууну кааладым. Мен үчүн бактылуу, туруктуу үй-бүлө күтүү эң башкы себеп болду. Мисалы, жолдошум көңүлүмдү карап театрга башында эле жумушка чыгарган. Менин айтканымды орундатып, каалагандай шарт түзүп берди. Анан мен да алардын көңүлүн табышым керек экен. Ошондуктан, өзүмдүн ой жүгүртүүм менен ушундай кадамга бардым. Жолдошумдун кийлигишүүсү болгон жок. Баарын өзүм чечтим.
- Чыгырмачыл адамдардын жүрөгү такыр башка эмеспи. Качандыр бир мезгилде театрга кайтып келем деп ойлобойсуңбу?
- Бир чечимге келдим, эми артка кайта албайм.
- Айжан, жалаң эле чыгармачылыгыңдагы көйгөйдү сүйлөшө бербестен, кел андан көрө үй-бүлөң туурасында ой бөлүшөлү?
- Жакшы болот. Улуу баламдын аты Бакай, үчкө чыкты. Кичүү уулум Атахан бир жашта. Бакай мага жакын болсо, кичүү уулубуз атасына жанын берет. Бакайдын алты айында эле тили чыккан. Ал эми учурда Атахандын тили "тиякка-биякка" деп чыгып, бизди кубандырып турган чагы. Үйдөн кандай музыка чыкпасын экөө бири-биринен калышпай бийлешет. Анда атасы: "Ушу силер да артист болуп кетесиңер го" деп күлүп калат.
- Чын эле артисттик жолду тандашса кандай карайсың?
- Артист кылып алардын жүрөгүн ооруткум келбейт. Мисалы, менин жүрөгүм абдан ооруп калды. Балдарымды да ал чөйрөгө киргизип алып, кайра аларды башка кесип тандатып кыйноодон алысмын. Мухтардын кесиби архитектор болгону менен азыр бизнесмен. Ошентсе да чыгармачылыкты жакшы түшүнгөн адам. Жеке эле мага эмес, башка бул чөйрөдөгү инсандарга жардамын аябай келет. Башында чочулаганым да ырас. Өзүнүн кесиби бөлөк болсо, мени кандай түшүнө алат деген тынчсыздануу болгон. Бирок, мен ойлогондой болбоду. Ал адам мени терең түшүндү.
- Жолдошуңдун кайсы сапатын баалайсың?
- Адам менен тил табыша билет. Анын чыдамкайлыгына ушунчалык баа берем. Кандай гана кыйынчылыктар башында турса да, эч качан аны сыртына чыгарып, жанындагы адамды бушайманга салбайт. Ичтен сызып жүрө берет. Сыртынан анын капа болгонун эч бир байкабайсың. Ушул мүнөзүнө таң калып "адам баарына чыдай алат турбайбы" деп ойлоп калам. Анан да адам көңүлүн ооруткан жан эмес.
- А кемчилиги барбы?
Эгер кемчилиги болсо мурун эле кетип калмакмын да. (тамаша) Чындыгында анын чоң кемчилигине күбө боло элекмин. Балким байкабасам керек.
- Мына ушундай кемчиликсиз адамдын жубайы кандай унаада жүрөт болду экен?
- Жолдошум кандай машина жалдап берсе жүрө берем. Өзүм айдагандан көрө айдоочуну айдатып алганды жактырам. Машина тандап убараланбайм. Мен үчүн баары бирдей.
- Таарынышып кеткен мезгилде ким биринчи жазылат?
- Мен аябай көптө жазылам.Эгер ошол учурда сүйлөп, же таарынычымды жазганга аракет кылса, ого бетер жиним келет. Бул мүнөзүмдү жакшы билген жолдошум көпкө чейин жайыма коюп коёт. Бат таарынам, көптө жазылам.
- Жолдошуң сенден канча жаш улуу?
- Он сегиз жаш. Мен башынан эле өзүм теңдүү кыздар менен пикир алышып кете алчу эмесмин. Аларды өзүмдөн кичүү сыяктуу элестетээр элем. Ага караганда чоңдор менен бат тил табышам. Дос кыздарым да менден улуу. Сахналаш курбуларым Мээрим, Албиналар менин сыр бөлүшчү жакындарым. Бирок, ошентсе да ички сырымдын баарын төгүп салбайм. Өзүндөй эч ким сырды бекем сактабаса керек. Анын сыңарындай, мен да сырымдын жарымын ичиме катам.
- Чарчап, чаалыгып турган кезде кайда барып эс аласың?
- Аялзаты боюнда бар кезде обужогураак болуп калат го. Ошол мезгилде жакының жаныңда туруп, колдоп турганга не жетсин. Мен негедир төрөгөндөн кийин депрессияга түшүп кетем. Анда эжелерим "Буулуккан иттей болуп калдыңбы?" деп тамашалап калышат. Алар айткандай чын эле буулугуп калам. Үйдө олтуруп калуу дайыма эл арасында жүргөн адамга кыйын болуп калат экен. Андай учурда мага Кыргызстан да тардык кылып калат. Акыры Турция, Кытай же Россия өлкөлөрүнө барып эс алып келем. Мага ушул жактар гана ылайыктуу, тез барып келе калганга. Себеби , балдарымдан өтө алыс кете албайм. Ал эми мекенимден көлдө эс алганды жактырам. Кышкысын да барууну адат кылып алдым окшойт.
- Маегиңе рахмат.
Маектешкен
Рахбар Алымкулова














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan