Федор Емельяненко
Толук аты-жөнү -Емельяненко Федор Владимирович
Каймана аты - Акыркы император
Жарандыгы - Орусия
Боюнун узундугу - 183см
Салмагы - 104кг
Рингдеги өзгөчөлүгү - сокку узатууну да, күрөшүү ыкмасын да бирдей колдонуп кеткендигинде
Өткөргөн беттештери - 32 жолу жеңүүчү болгон

Ааламга кеткен жол айылдан башталат
Эрежесиз эр мушташтын "Рингс", "Прайд", "М-1 Global" версиялары жана мушташ самбосу боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Федор Емельяненко планетабыздагы эң атактуу спортчулардын катарында.
Ааламга атактуу чемпион Федор 1976-жылы 28-сентябрда Украинанын Луганский областында жарык дүйнөгө келген. Атасы Владимир Александрович газ электр ширетүүчүсү, апасы Ольга Федоровна мугалим болуп эмгектенген. Ата-энеси балдарына өздөрүнүн аталарынын ысымдарын ыйгарып коюшкан. Федор үй-бүлөсүндө экинчи бала, андан улуу Марина аттуу эжеси жана Александр, Иван деген инилери бар.1978-жылы иниси Александр төрөлгөн соң үй-бүлөсү менен Белгород обласынын Старый Оскол шаарына көчүп келет. Дал ушул жерден Федор өзүнүн спорт үчүн жаралгандыгын сезип, биринчи жолу "дзюдо жана самбо" машыгуу залынын босогосун аттайт. Жаш кезинен көптөгөн мелдештерге катышып жүрүп, өзүнүн эрктүүлүгүн, шамдагайлыгын, тырышчаактыгын жана алдыга карай койгон максатына жетүүгө умтулгандыгы байкалат. Машыктыруучулардын купулуна толгон Федор 1995-жылы Ата-Мекенге кызмат өтөөгө чакырылат. Аскерге кетер алдында болочок чемпион 70кг салмакта болуп, армиядан да тынымсыз машыгып жүрүп, үйүнө карай жол тартканда Федор өзүнө 20кгдан ашуун салмак кошуп кайтат. Күчкө толуп келген Федор машыгуусун улантып, 1998-жылы мушташуу самбосу боюнча эл аралык деңээлдеги спорт чебери наамына татыктуу болот.
Алгачкы сүйүү
1982-жылы кичинекей Федя биринчи класска барат. Окуп жүргөн кезинде өзү менен бир партада чогуу отурган Оксана деген кызга ашык болуп калат. Алгач Федор Оксана менен отургандан сүрдөнүп, мектепке барбай койгон учурлары көп эле болгон. Бара-бара сүйгөнүнө башка жигиттер көз арта баштаган учурда гана, Федор алардан кызганып өз сүйүүсүн билдирет. Кыз-жигит болуп жүрүшкөн эки жаш турмуш босогосун бирге аттоого сөз беришип, 1999-жылы баш кошушат. Ушул эле жылы алмончоктой Маша аттуу кыздуу болот. Бирок бул бактылуу көз ирмемдер көпкө узабай 2006-жылы ажырашышат. Ошол эле жылы Марина деген кыз менен таанышып, ага үйлөнүп, учурда Василиса аттуу кызы бар.
Спорттук кадам
Профессионалдык карьерасындагы биринчи келишимин ал "Рингс" федерациясы менен түзөт. Мындай чоң спортто ага каршылаш катары Рикардо Арона, Тсуеши Косака, Керри Шол, Гери Гудридж аттуу спортчуларга чыгып, баарынын үстүнөн жеңишке жетишип, 2001-жылы "Рингс" версиясы боюнча чемпиондук курдун ээси болуп чыга келет. Бирок мында анын жалгыз жеңилүүсү Тсуеши Косакадан болот. Чындыгында эч кандай жеңилүү да болгон эмес, Косака "Рингс" багытынын тыюу салынган чыканак соккусу менен Федордун кашын жарып алат, жакшылап изилдешпей туруп эле калыстар тобу жеңишти атаандашына ыйгарып коёт. 2005-жылы кайрадан экөө "Прайд" версиясы боюнча беттешип,Косакону техникалык нокаут менен талкалайт. 2003-жылы "Прайд" федерациясы менен келишим түзөт. "Прайд" багытында Федорго каршы Кевин Ренделман, Мирко Крокоп, Зулу, Марк Колман сыяктуу мушкерлер менен күч сынашууга туура келет. Өзүнүн олуттуу атаандашы катары ага Кевин Ренделман жана Мирко Крокоптор менен болгон беттештери айтылат. Атаандашы Ренделмандан балбандарга тиешелүү болгон "прогиб" ыкмасына кабылган Федор заматта анын колун кайрып, өз чеберчилиги менен жеңишке жетет. Эми аны ринг үстүндө буттарынын соккулары менен белгилүү болгон Хорватиялык полиция Мирко "Крокоп" Филипович күтүп турган болот. Бөлүнгөн убакыттын акыркы секунддарына чейин мушташкан спортчуларга күбө болушкан калыстар тобу жеңишти Емельяненконун пайдасына чечет.
2003-2006-жылдары катарынан "прайд" версиясы боюнча чемпион болуп, 2004-жылы "прайддын" Гран-присинин супер оор салмактагы жеңүүчүсү болуп калат. Мындай жеңиштерге жетүүнүн ийгилиги катары өзүнүн ринг үстүндө активдүү кылган чабуулдары, күрөштү да, сокку бергенди да шайкеш алып кеткендигинде. Анын таамай берилген соккусуна атаандаштарынын каршылык көрсөтүүсү күмөн.
Путиндин купулуна толгон чемпион
2008-жылы ар апта сайын чыкчу "Спорт" журналынын рейтингинде, дүйнөнүн 25 спортчусунун ичинен 8-чи орунга ээ болгон. ( Боксчу Флойд Мейвезерден бир тепкичке өйдө) 2008-жылдын ноябрь айында болгон самбо мушташы боюнча биринчи жолу болгарлык Благойу Ивановко 5:8 эсеби менен жеңилип, үчүнчү орунга илинди. Ушул жылдын 24-январында Анахаймада болгон беттеште каршылашы Андрей Арловскийди биринчи раунддун ортоңку мүнөттөрүндө каптал соккусу менен нокаутка түшүрүп, өзүнүн чыныгы чемпион экендигин дагы бир ирет далилдеди. Кезектеги атаандашы болуп Америкалык Джош Барнет каралууда. Ошол эле учурда Бразилиялык Витор Белфортко каршы чыгуусу да толугу менен мүмкүн. Бул мушташты Виторда, Федорда күтүп жаткандыгы дайын болду. Федордун алдына койгон чоң максаттарынын бири Голливуд жылдызы, UFCтин чемпиону Ренди Кутюр менен күч сынашуу. Бул мелдешти дүйнө бир эмес төрт жылдан бери күтүп жаткан кези. Беттештин ушул убакка чейин болбой жатканынын себеби, UFCтин президенти Дон Уайттын каршы болуп жаткандыгында.
Фанаттарынан "Сүйүктүү мушкериниңердин кезекте ким менен чыгуусун каалайсыз?- деген суроосуна, көпчүлүк иниси Александрды көрсөткөн. Балким, ага-ини эл астына ринг үстүндө чыгуусу да мүмкүн. Кошумчалай кетчү нерсе, Федордун мушташуу өнөрүн көргөнү келген коноктордун катарында Орусиянын экс-президенти Владимир Путин жана актёр Жан Клод Ван Дам да бар экендигин, ал тургай Владимир Путин Федордун колдоочу күйөрманы экени да айтылган. Бош убактысында Федор китеп окуганды, сүрөт тартканды жана музыка укканды жакшы көрөт. Андан сырткары, кыздарын машинасына салып алып шаар айланып, аларга баалуу белектерди бергенди жанындай көрөт. Күйөрмандарына дагы бир кубаныч тартуулайын деген Федор, режиссёр Александр Якимчуктун "Пятая казнь" деген киносунда Голливуддун жылдыздары болгон Майкл Медсен, Рутгер Хауер менен бирге роль жаратып жаткан учуру.
Даярдаган
Темирбек МАТАЕВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan