Күүгүмдөгү сырдашуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек
сиңирген артисти Зейнеп Шакеева:
"Кыялыма жеткен жокмун
Мындан бир топ жылдар мурда кыргыз сахнасында тал чыбыктай буралган он жети жаштагы секелек кыздын үнү жаңырып, ар бир кыргыздын жүрөгүнөн, көңүлүнөн орун тапкан эле. Мына ошондогу секелек кыз Зейнеп Шакеева бүгүн алтымыш жашка келип, небере жытын жыттап отурган кези. Бир кездеги сахна ханышасы болгон Зейнеп эженин ыр дүйнөсүнө келген кезин, жаштыгын эсине салып, үй-бүлөсү, бүгүнкү күндөгү жашоосу тууралуу маектештик.

- Зейнеп эже, артка бир аз кылчайып, балалыгыңызга кайрылсак...
- Менин балалыгым азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш колхозунун Жетиген деген айылында өттү. Мен бала чагымда бардык жагынан лидер болчумун. Мен үчүн окуу болобу, ыр болобу, кара жумуш болобу, эң биринчи болушум керек болчу. Ал кезде мектептен кызылчага алып барышчу. Жарышып кызылча жыйнап, план төкчүбүз.Сабактарды дагы жакшы окучумун. Адвокат, юрист болгонду жакшы көрчүмүн. Немец тилинен берген мугалимим чет тилчи бол дечү.
- Анан кантип ырчы болуп калдыңыз?
- Бала кезимден эле ырдап жүрсөм да ырчы болуу таптакыр оюмда жок болчу. Мен Жамал Сейдакматовадай актриса болгум келчү. Жамал эжени кумир тутчумун, ал катышкан кино, спектаклдерди калтырбай көрчүмүн. Арсен Өмүралиев, Тамара Жумакаевалар биздин айылга келгенде аларга суктанып, ошолордой болсом деп кыялданаар элем. Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деп, мен кыялыма, ойлогон оюма жеткен жокмун. Ал кезде актриса болуш үчүн Ташкенттеги театралдык институттан билим алышың керек болчу. Ал институт студенттерди төрт жылда бир кабыл алчу экен. 1965-жылы эле кабыл алыныптыр. А мен болсо мектепти 66-жылы бүттүм. Ошол учурда эле Кыргыз драма театрында театралдык студия бар экен. Мен аны билген эмесмин. Төрт жыл бош жүрө бермек белем деп Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Ал жерде сегиз күн окугандан кийин эле Филармониядагы "Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солистка керек" деген жарнаманы окуп калып бардым. Оркестрдин солисткасы Сабира Суранчиева эже декретке кетип ордуна солистка издеп жатышыптыр. Чукул арада Россияга эки айга гастролго барышмак экен. Мени оркестр, аккордеон менен ырдатып көрүшүп кабыл алышты. Анан үйгө барып атамдан уруксаат алып, оркестр менен Россияга барып келдим.
- Эң алгачкы ырдаган ырыңыз "Он сегиз жашпы?"
- Жок, аны кийинчерээк ырдагам. Россияга кетээрдин алдында Бейшеке Жандаров агайдын "Жыпары белең баланын", "Сагынга"деген ырларын жаздырып жүрсөм, ошол жерде Аксуубай агай Аваз Чикеевге "Тоолор" деген ырын жаздырып жатыптыр. Менин ырдаганымды угуп, дарегимди алып калды. Россиядан келгенден кийин Аксуубай агай оркестрге келип "Он сегиз жаш", Таалайбек", "Чагылган" деген үч ырын берип, обондорун үйрөттү. Ал учурда "Жыпары белең баланын", "Сагынга" деген ырлар популярдуу болуп калган болчу.Оркестрде 1982-жылга чейин иштедим.
- Сизден кийин "Он сегиз жашты" көп эле ырчылар ырдап келе жатат. Аларга кандай баа бересиз?
- Мага Кутман Жолдошевдин ырдаганы абдан жакты. Кутман ырдын обонун бузбай жакшы ырдаган. Венера Сатылганова деген кыз да ырдап жүргөнүн уктум. Ырдын мааниси "Он сегиз жаш өтүп кетти" деген сыяктуу кайгыруу, өкүнүү болсо, ал секирип бийлеп, кубануу менен ырдап койгон.
- Өзүңүздүн жеке концертиңизди бере алдыңызбы?
- Жок, бере алган жокмун. Бир гана жолу менин элүү жылдыгымда Рабиха Алыбаева уюштуруп, УТРКнын концерттик студиясында концерт бергем.
- Атыңыз чанда кездешчү, өзгөчө ат. Ким койду эле?
- Атамдын Кутман деген инисинин аялы Асем деген жеңем коюптур. Кутман байкем райкомдун биринчи секретары болгон. 1937-жылы репрессия убагында кетип ошол бойдон дайынсыз экен.
- Кандай үй-бүлөдө, канча бир туугандын арасында чоңойдуңуз?
- Мен алты бир тууган болчумун. Үч эркек, бир кыз бир туугандарым каза болуп калышкан. Менден он эки жаш улуу эжем экөөбүз эле калганбыз. Ал дагы алтымыш төрт жашында каза болуп калды. Азыр мен жалгыз калдым. Атам "Эркек балдарымдын бирөө дагы токтобой калды" деп кайгырып калаар эле. Кийин мен "Шакеева" деп эл оозуна алынып калганда "мейли эми, эркек балам жок болсо да атанын кызы дедирген кызым турат" деп калчу. Мен турмушка чыгып нике кыйдыргандан кийин жолдошумдун атасы "Биздин фамилияны аласыңбы?" деп калды. Мен атамдын фамилиясы менен эле жүрөм деп макул болгон эмесмин.
- Жолдошуңуз менен кандайча таанышып, турмуш жолуна кандайча аттандыңыз эле?
- Жолдошум экөөбүз бир колхоздон болгондуктан бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Бирок ал менин жолдошум болуп калат деп таптакыр ойлогон эмесмин. Мен күйөө деген төрт-беш жаш улуу болуш керек деген ойдо жүрчүмүн. Белек экөөбүздүн ортобуз бир жарым эле жаш айырма болчу. Теңтуш катары жакшы мамиледе жүрчүбүз. Филармонияда он күнгө концерт берип жатканбыз. Ал кезде мен бир концертте комуз менен, оркестр менен эки жолу чыкчумун. Бир күнү теңтуш балдар келишиптир. "Бүгүн 3-февраль Бараттын туулган күнү. Биз белекке деп альбом алып койдук. Апасынын бөйрөгүндө таш бар экен, ооруканада жатат. Бараттын көңүлүн көтөрүп барып коёлу" дешти. Ал күнү төртүнчү эле концерт бүткөн. Ал кезде он күн койсок он күн бою аншлаг болуп, белет жетпей калчу. Ошентип Барат деген теңтуш баланын үйүнө бардык. Куттуктап, бир аз шампан ичип алып үйдөн чыктык. Машина менен мени жеткирип коюшмак болуп, ар кайсыдан кеп кылып кобурашып келатканбыз. Жолду деле байкаган эмесмин, бир маалда эле Белектин үйүнө келип калыптырбыз. Көрсө, балдар мени Бараттын туулган күнү деп алдап коюшуптур. Ал жерден мени үйгө алып кирип отургузуп коюшту. Жашмын да, күйөөгө тиет деген ушу деп отуруп калдым. Бат эле ачуу басарга да барып келишти. Апам аталаш инимден "Бир айыл болбосо бир жөн, бир айыл болгондон кийин атаңды жаман сөзгө калтырбай отур" деп кат жазып жибериптир. Ошо менен жумушка чыкпай үйдө алты ай олтуруп калдым. Жолдошумдун ата-энеси ырдашыма каршы болушкан. Анан совет министри Сакен Бегматова деген эже Чүйдүн райкомпартиясына кайрылып "Зейнепти жумушка жибербей жаткан кайнатасын партиядан чыгарабыз" дейт. Кайнатамдар шаарда жашай турган үйлөрү жок деп шылтоолошот. Сакен эже үй алып берем деп мени кайра жумушка алып келип, сөзүнө туруп үй алып берген. Ошол учурда мени филармониядан кетиребиз деп жатышкан эле. Азыр ойлосом жолдошум деле ата-энесинин сөзүнөн чыкпай, укчу экен. Мен деле "иштейм" деп, бир ашыкча сөз айтканды билбептирмин.
- Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай карачу эле?
- Белек өзү дагы жакшы ырдачу. Менин ырчы экенимди билип туруп үйлөндү. Ачыгын айтсам, чыгармачылыгымды түшүнүп, моралдык жактан жакшы эле колдоо көрсөттү. Бирок тегеректегилер кыйын болот экен. Бир жолу Чаткалда концерт коюп жүргөнбүз. Мен өзүм менен кошо баламды ала баргам. Нуртай Борбиев деген кайнатамдын карындашынын баласы бар болчу. Ал киностудияда оператор болуп иштегендиктен оркестрди тартам деп Чаткалга кошо барган. Тууган болгондон кийин Нуртай баламды жетелеп, ойнотуп жүргөн болчу. Анан дароо биздин оркестрдин кыздарынан Белекке кат келиптир. Белек мага көргөзүп экөөбүз аябай күлдүк. Катты ким жазганын кол жазмасынан эле таанып койдум. Катты алып барып көргөзүп "тааныдыңбы?" десем, кызарып кетти. Анан "Билесиңби, Нуртай деген Белектин бир тууган жээни болот" дедим. Ал "Кечирип кой" деп кечирим сураган. Дагы жакшы, кат жазып жибериптир, эгер кат жазбай эле бирөөлөрдөн айттырып жиберсе ким экенин билбей калмакмын да. Белектин мүнөзү дагы ачык эмес болчу, көп нерсени ичине сактап жүрө берээр эле.
- Наамды кайсы жылдары алдыңыз?
- Он жылдан кийин, күн-түн дебей иштеп жүрүп анан алдым. 1976-жыл болчу.Отпускага чыгып айылга баргам. Жолдошум теңтуштары менен чөп чаап, тамак жасап берип аткам. Гуля, Анархан деген сиңдилерим "Сиз наам алыптырсыз, гезитке чыгыптыр" деп сүйүнчүлөп келишти. Гүлмайрам Момушова, Алтынбек Сапаралиев үчөөбүз чогуу алыптырбыз.
- Балдарыңыз, неберелериңиз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Беш балам бар, эки эркек, үч кыз. Тогуз неберем бар, сегиз эркек, бир кыз. Балдарымдын эки кызымдан башкасы үйлүү-жайлуу. Балдарымдын баары жакшы ырдайт. Азыр убагында баарын тең музыкалык окуу жайларга окутуп койгондо үй-бүлөлүк ансамбль ачып алмак экенбиз деп калам. Ырчыларга азыркыдай жеңил болоорун билсем балдарымды ырчы кылмакмын.
- Жолдошуңуздун кесиби ким эле?
- Жолдошум айдоочу болчу, ооругучакты иштеп жүрдү. Экөөбүз отуз тогуз жыл бирге жашадык. Көп жыл ооруп жүрүп, мындан эки жыл мурун каза болду.
- Учурда небере багып үйдө отурган экенсиз. Ырды, сахнаны сагындыңызбы?
- Чынын айтсам, сагынгандай деле болгон жокмун. Айчүрөк Иманалиева менен бирге гастролдоп жүрдүм, былтыр Каныкей Эралиева менен Ысык-Ата районун бүт кыдырып келдик. Өз үнүбүз менен ырдадык. 2008-жылдын аягында Эрмек Мойдунов "Жүрөктө калган ырлар" деп жалаң эски ырчылар менен бирге концерт уюштурган. Эртең концерт деген күнү мен ооруп калып тез жардам менен ооруканага жатып калдым. Грипп деп үйдөн дарыланып жата бергем. Аягында аябай катуу оорудум. Эми февралдын он бештеринен кийин Токмокко эски ырчылар менен концерт беребиз. Кудай буюрса, ден соолук болсо барам го.
- Зейнеп эже, биз менен баарлашып, маек куруп бергениңизге рахмат. Буюрса, март айында алтымыш жашка чыгат экенсиз. Сизге бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Ырларыңыз элдин жүрөгүндө көп жылдан бери өчпөй жашап келаткан сыңары, сиз дагы көп жашаңыз!
- Рахмат кызым, силердин ишиңерге да ийгилик каалайм.
Даркүл Кемелова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan