КҮНСҮРӨТ

Ыйманыңды ыдыратпа мусулманым!
Фанаттар десе болобу?
"Заманың түлкү болсо түлкү бол, күлкү болсо күлкү бол" дегендей, убакыт өткөн сайын бирин-бири туурап "мен молдомун" дегендер көбөйүп баратат. Кечээ эле бутунан тура албай мас жүргөн аракечтер, биринин шапкесин экинчисине кийгизген алдамчылар, же бирөөнүн ак никесин бузуп, түгөйүн азгырган жеңил ойлуулар, бүгүн узун кийип, селде оронуп, эрдине төрт сакал коюп, өздөрүн молдо сезип алгандарына жол болсун. Бирок биз кандай деген күндө деле дин илимдүүлөрү "Эгерде кечээки кетирген күнөөлөрүн мойнуна алып, бүгүн оң жолго басып ыйманга келсе, күнөөлөрү кечирилет"-деп жатышпайбы. Анда "Жаш кезимде жасаарымды жасап, жашаарымды жашап алайын, кийин деле кудай кечирет"-деп мурдунун учун көрө албаган кыска ойлуу замандаштарыбыз туура эмес түшүнүп алышат экен да. Борончу куудул айткандай: "Кудайды классташ" кылып алгандар да кездешпей койбойт. Ал эми айрымдары динге ишенет десе эле оокат-жайын жыйыштырып, үй-бүлөсүн ачка-ток калтырып, "Кудай өзү багат" деп кырк күн, токсон күнгө cозулган дабаатка жөнөп кетишет. Буларды "дин фанаттары" деп атоого болобу?
Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, баласы үчкө карап, келинчегинин сегиз айлык боюнда бар, батирге акча төлөп жашап жатса, эптеп-септеп миң сом акча таап коюп "калганын да көрө жатаарсыңар, Кудай багат, Кудай колдойт"-деп дабаатчыларга кошулуп кырк күнгө алыска кетти. Жамандыкты сүйлөбөйлү, ошол кырк күндүн ичинде келинчеги көз жарса миң сом менен кайсы төрөткананын эшигин түртөт. Дабаатка чыгып, элди үгүттөйм дегенден көрө, эң алгач өзүңдү үгүттө, андан кийин башкага айт. Мусулман парзы болгон Ажыга аттанууда деле негизги шарттардын бири ушундай сыяктуу. Ажылыктан кайтып келгенче үй-бүлөң кошунаңдан бир тыйын карыз албагандай шарт түзүп берип кетиш керек. Дабааттын да ошол сыяктуу талаптарын аткарыш керек. Жараткан да сактанганды сактап, аракет кылганды колдойт эмеспи.
Ушул тууралуу дагы бир көрүнүш. Жараткан жалкоо адамдын көзүнө көрүнүп "сен бактылуу болосуң" деген экен. Адам "качан бактылуу болом"- деп күтүп жүрө берип картайып кетиптир. Картайган кезинде Жараткан дагы көрүнөт. Адам "Мен качан бактылуу болом?" десе, "Сен качан аракет жасаганда"-деп жооп берген экен.



Турмушка чыгуунун оңой жолу
Динге туура эмес түшүнүп, жасалма ыйманга келген мусулман жаштарыбыз диндин баркын төмөндөтүүдө. Ага болгон башкалардын ишенимин жоготууда. Алар орозо учурунда орозо кармаган болуп, жума күнү келип намазга жыгылып, сыртка чыккандан кийин спирт ичимдиктерин ичип, жаман сөздөрдү оозанып, өздөрүн эркин сезип алышат. Аялдардын намазга жыгылып, сабак угуп кетүүсү үчүн мечитте атайын бөлүнгөн жайга жоолук салынып, узун кийинип, жакшынакай болуп кирген айрым кыз-келиндерибизди мечиттен анча узай электе эле байкасаңыз, жылаң баш, кыска юбка, же төшү ачык көйнөк кийип баратканына күбө болосуз. Муну менен алар дин ишеними мечиттин гана ичинде дегендей мамиле кылышат. Ал эмес дин илимин түрө окуп, ыйманга сугарылып жатат деген хиджапчан кыздарыбыздан да жигиттерге жагынып, турмушка чыгып кетүүнүн оңой жолун издегендер да кездешпей койбойт экен. Албетте, тулку-бою жабылып, эркекке тик карабай, ыймандуу көрүнүп турган аялзатына кайсыл бойдок суктанбасын. Турмушка чыгып алган соң "ал эле, бул эле, апийимдин гүлү эле" деп андан ары эбин таап кетпей эмне?

Тилемчиликти бизнес кылып алгандар
Ал эми жума намаз күнү борбордук мечитти айланта курчаган тилемчилерди көрүп зээниң кейийт. Кээ бирлери чындап эле жумушка жарамсыз майыптар, аларга түшүнсө болот. Ал эми айрымдары кудайга шүгүр, акыл-эси ордунда, дени-карды соо замандаштарыбыз уят-сыйытты жыйыштырып кайыр сурап отурушат. Булардын атайын ээлеген орду бар. Эрте келип, кеч кетишет. Кээде акча бербеген оюңа койбой колуңдан да жула качышат. Жөн эле тилемчиликти бизнеске айландырып алышкандай. Бул көрүнүш жеке эле бизде эмес, ыйык Мекке Мединада да бар тура. Кудайдан коркпогон кай бирөөлөр африкалык негр балдарды наристе кезинде уурдап келип, мунжу, же ийри кылып өстүрүшүп, ажыга баргандардан кайыр суратат турбайбы. Буларды угуп отуруп өлкөбүздө жоголгон наристелер "ушундай тагдырга туш болгон жокпу?" деген кооптонуу пайда болот. Эмне демекпиз, бул ачуу чындык. Алакандай Кыргызстанда алдагандай окуялар болуп жатса, дүйнөнү кеп кылбай эле турганыбыз оң. Кандай болгон күндө да өзүн-өзү алдап, динге туура эмес мамиле кылгандар Кудай алдында жазасыз калбаса керек.

Мектепке караганда мечит көппү?
Дагы бир жалпыбызды ойлонто турган көйгөйлүү маселе, таалим-тарбиянын бузулушу, аялдан ыйман жоголуп, эркектен намыс кеткени, карылардан кут качып, балдардын үйдөн безгени күн санап өсүп, эртеңкибиз күүгүмдөнүп келет. Байкасам кадырын сактап, жаштарга үлгү болгон аталар, энелер азайып кетти. Айрымдары баласы, небереси теңдүүлөр менен бөтөлкөнү бөлүп ичип, теңтуш болуп сөгүнүп жүрүшөт. Айрымдары "карыганда дүнүйөгө көзүң тойбой калат" демиш болуп, экини алтоо кылууга жандалбастап, ачкөздүгү, сараңдыгы менен кадырын кетирип жатышат. Улуу сөздөн баштап, акыл-насаат айткан касиеттүү картайгандар көп эмес. А жаштарды айтпасак деле белгилүүдүр. Бош болсо арак, тоюп алса чатак, бирин - бири сабап дегендей, жеңил-желпи күн өткөрүп келишүүдө. Алардан кем калбаган кээ бир жаш эле келиндер кошо жарышып көчө таптап ичип, акырында эркектерди талаштырып тынышат. Ак никесин бузуп, биринин аялын бири алып, биринин эрине бири тийип алгандар андан көп. Аялы бала төрөп, түмөн-түйшүктөн ооруп калган кезинде көздү жумуп, жаш аял издеп басып кеткен эркектер да толтура. Алар эмне аялдык назиктик, энелик улуулук, же аталык намыс тууралуу унутуп калышканбы? Эмнегедир ушундай көрүнүштөргө акырындап көнүп да бараткандайбыз. Мындай нерселерге бут тосуп, токтото алабызбы?!..
Диний маалыматтарга таянсак, мечиттер көбөйүп, келгендердин саны арбып жатат дешүүдө. Ошону менен бирге эле жогорудагы жоруктардын көбөйүүсү эмне үчүн? Кудайды жокко чыгарган атеисттик көз караштагы заманда деле ыйман, ынтымак күчтүү болуптур. Азыр айрым айылдарда мектепке караганда мечит көп. Балким, ал мечиттердеги дин кызматкерлери астейдил иштебей жаткандыр деген да ой келбей койбойт. Албетте, "чала молдо дин бузар" болуп айрымдары күйүтү түтөп, жакынынан айрылып турса жаназа үчүн баасын бычып туруп алгандар да бар экен. Андан ары молдодон тарбия алмак тургай, эл ага жоопкерчиликтүү да мамиле жасабайт эмеспи.


Маматов Шакир Ажы, Бишкек шаарынын казысы:
"Ислам жолун-дагы алдыңкы мамлекет болобуз"
- Башка дин үгүттөөчүүлөрү айылдарда эркин эле элди үндөп жүрүшөт экен. Аларга каршы сиздерде эч кандай чара колдонулбайбы? Ислам дини да ошол сыяктуу үгүт иштерин жүргүзүп, китеп, гезиттерин бекер таратып, элди кызыктырса болобу?
- Өзгө диндер үчүн үгүт ишин жүргүзгөндөргө биз каршы боло албайбыз. Ал маселени өкмөт чечет, өкмөт чара көрөт. Ал эми биздин дин боюнча куран китептерди мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче таратып жатабыз. Эгерде алар сыяктуу китептерди чыгаруу үчүн каржылаган демөөрчүлөр болсо биз да таратмакпыз. Бирок, бекердин кадыры жок болот. Андай кыла турган болсок, алардын китептери сыяктуу жерде-сууда жатып, ысырап кылуулары да мүмкүн. Ошондуктан керектөөчүлөр өздөрү эле сатып алганы тура.
- Жарандык нике тууралуу эмне айта аласыз? Учурда жолдошу алыска иштеп кетип, үйлөнүп, аялы күйөөгө тийип алгандар көп кездешүүдө.
- Азыр калк арасында нике кагазы жок деле нике кыйдырып жашап жаткандар көп. Эгерде аял-эркек чыныгы үй-бүлө куруу үчүн бел байласа, бир эркек эки аялдын күбөлүгү менен нике кыйдырып, сүрөөлөрдү окутуп, туттум деген сыяктуу эрежелерин жасаса нике кыйылат. Бирок жубайынын макулдугусуз башкага үйлөнүп же тийип алуу чоң күнөө. Шарият боюнча аял киши согушка кеткен жолдошун 90 жыл күтүшү керек. Бул "өмүр бою" деген сөз да. Болбосо талак бермейинче никесин аттоого мүмкүн эмес.
- Мечиттер көбөйүп, жаштар агылып келип жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле учурда уурулар, сойкулар, талап-тоноонун саны азайган жок. Эмне үчүн? Балким, мечиттерде тарбиялык жумуштар ойдогудай болбой жаткандыр?
- Мечиттер салынып жатат. Бирок казинолор, оюн-зоок мекемелери жабылып, арактар сатылбай, токтоп калган жери жок да. Же ошол мусулмандардын бардыгы мечитке келет деп ойлойсуздарбы? Ыймандан мурда да жеңил азгырыктар азгырып жатпайбы. Анын үстүнө гезиттерди барактасаң динди жамандайт. Сыналгыда динди тескери үгүттөөчүлөрдү көрсөтөт. Туура эмес тутунуп, диндин баркын кетиргендер да жок эмес. Ошентип элдин ишенимин кетиришет. Болбосо, чынын айтсак, мечиттер көбөйгөн сайын элдин, өзгөчө жаштардын ыйманга келип жатышканы күндөн-күнгө арбып жатат. Мурун бир айылда бир молдо тапсак таап, таппасак жок эле. А азыр кудайга шүгүр. Жаш мусулман, азыркы чырпык келечекке мөмөлүү дарак, ал өзү ыймандуу, келечекте анын балдары да ыймандуу. Бир эле мисал, эгер атасы намаз окуса бүтүндөй үй-бүлөсүнө таасир бере алат. Эгерде өзү ичип жатып баласына акыл айткан болсо, анын сөзү өтүмсүз, таасири жок болот. Ошондуктан жер-жерлердеги мечиттердин көбөйүүсү коомду оң жакка бурууга чоң себепчи. Ушуну билишибиз керек. Андыктан, менин айтаарым келечекте биз ыйман, ислам жолундагы алдыңкы мамлекеттерден болобуз.


Динди туура түшүнөлү
"Динсиз жашаган адам жаман жолго басып, оюна эмне туура келсе ошону жасай бериши мүмкүн. Ошондуктан жогорудагыдай көрүнүш болбой койбойт. Эгерде диндин шарттарына таяна турган болсок, төмөндөгүдөй мусулман баласы кечээки жасаган кемчиликтерин бүгүн оңдоп, күнөөлөрүн мойнуна алып, Аллахтын астында чын дилинен ниет кылса кечирилет. Молдонун жаназа окууда өз баасын койгону куранды саткан болуп эсептелет. Жок, эгерде сооп катары адам жоготкон тарап өздөрү берсе, андан көңүл иши болуп саналат. Эгерде мурдагыдай жаман жоруктарын кайрадан кайталай турган болсо, кечирилгис күнөө болот. Ал эмес аялзатынын намаз үчүн борбордук мечитке келүүсү сөзсүз эмес. Андан көрө үйдөн окуса сообу көбүрөөк. Угуучу катары келгендерге мындай шарт университеттин астында эки жылдык курс болуп ачылган кыз-келиндер окуу жайында бар. Бирок алардын сыртка чыгып чечинип, окуу жайга келип кийинип алуусу тууралуу талаптарды койбойбуз. Ал эмес медресеге тапшырган кыздарды да кысымга албайбыз. Качан толук маалыматка ээ болуп, ыйманга келгенден кийин өздөрү жоолук салынышат. Тартип бузуулар жокко эсе. Жумасына бир-эки жолу адеп сабагы өтүлөт. Жогорудагы динге жеңил карап, күйөөгө чыгыш үчүн окуган кыздар жөнүндө кабарыбыз жок. Алардын түпкү дээрине, ыйманына, кабыл алуусуна жараша"-деп жооп берди устаз Гүлкайыр Сыдыкова.

Даярдаган Кыял Орозбекова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan