Атактуунун арзуусу

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замирбек Үсөнбаев:
"Алгачкы сүйүүм кошуна кызга арналган"
Ар бир адамдын жүрөгүндө аздектеген махабаты, арзуусу болот эмеспи. Деги эле сүйүү деген сезимге бир аныктама берип, алтургай аны сүрөттөп дагы айта албайбыз. Бул сезимди жүрөк менен туюп, жан дүйнөң менен сезмейинче анын баркы да билинбейт. Махабат, сезим тууралуу өз оюн билдирип, жүрөгүндө бапестеп, баалаган арзуусу жөнүндө биз менен баарлашкан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, профессор, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев "Атактуунун арзуусу" рубрикасынын кадырлуу мейманы болмокчу.

Сулуулук деп аялзатын түшүнөм
- Замирбек ага, бүгүн сиз менен төкмө акын катары эмес, жөн гана адам катары сиздин боз улан кезиңизге, жаштыгыңызга кайрылып, сүйүү, махабат тууралуу баарлашсакпы деп турам. Сезим жөнүндө эмне айта аласыз?
- Кандай десем, сезим деген адам баласынын ички сезимин козгоп, жан дүйнөсүн кандайдыр бир башкача сезип калган деңгээлге алып келе турган нерсе. Бирок аны кандай кабыл алыш адамдын өзүнөн болот. Мен жаш кезимде өнөргө, комузга, музыкага, ырга деген өзгөчө бир сезим болгон да. Балалык кезимден тартып өнөр адамдарын көргөндө менде кандайдыр бир толкундоо, умтулуу пайда болчу. Көрбөсөм дагы угуп аткан үн, чертип аткан күү жан дүйнөмө бир башкача эргүү берчү. Бул эми өнөргө болгон эргүү сезими. Негизи сезим жөнүндө окумуштуулар атайын изилдесе дагы изилденип бүтө элек. Миллиарддаган адам болсо ар кимдин аркандай сезими бар, кабыл алышы да башка. Менин өзүмдүн ички дүйнөм, айлана-чөйрөгө балалык кезимден баштап кылган мамилем чоңойгон сайын өзгөрө баштады десем болот.Сулуулукка суктануудан улам сезимдер ойгонуп, кыялданып далай акындар ыр жазып, жазуучулар чыгарма жазып жүрүшөт деп айтылып жүрбөйбү. Мунун чындыгы бар. Сулуулук деп мен аялзатын түшүнөм. Анткени аялзатын эч качан сулуу эмес деп айтууга болбойт. Сулуулук деп биз биринчи эмнени айтабыз? Кээ бири сулуу деп айлана-чөйрөнү, жаратылышты айтышат. Ал деле айтыла берсин. Бирок, менин оюм боюнча сезимди козгой турган сулуулук бул аялзатынын сулуулугу. Анткени аялзатынын сулуулугуна баардыгы байланыштуу. Мисалы, сахнада турсам да элдин арасынан өтүп бараткан айымды көрүп калышым мүмкүн. Ошол дагы сезимди козгошу мүмкүн да. Ошол көз ирмем кыялыңа башкача таасир берип, чыгармачылыгыңа жаңылык тапкандай болуп, эргүү пайда болот. Аны бир көргөнүң эле болбосо, тааныбайсың деле. Мен көбүнчө акындык менен алпуруштум. Совет доорунда чарбаларга, чогулуштарга барганда алдыңкыларын, жетишкендиктерин баса белгилеп ырдасаңар деп калышчу. Ошолордун ичинде жап жаш эле кыз-келиндер, саанчылар, чабандар бар болчу. Анан ойлойсуң да, булар керээлди кечке саанда жүрсө, тоодо жүрсө кандай болот деп. Ошондой болсо да ырдап атканда аларды карап көз карашынан, элге кылган мамилесинен да сулуулук пайда болуп турганын байкайсың. Дүйнөдө алты миллиард эл болсо ошонун жарымынан көбү аялзатыдыр. Ар биринин бири-бирине окшобогон, сезимдерди козгой турган сулуулугу бар.

Өзгөчө сезим
- Боз улан кезиңизде сизге алгачкы жолу өзгөчө бир сезим тартуулаган селки болду беле?
- Мен жаш кезимден эле чыгармачылык менен алпуруштум. Акындык өнөргө сүңгүп кирип, ал мен үчүн жомоктогудай нерсе болду. Аябай кызыгып, анын терең сырларын ачсам дедим. Бирок мен үчүн татаал болду, анткени анын көп сырлары бар экен. Улуу аксакалдарды көрүп калдым, бирок ал кезде мен өтө жаш элем. Алардын мектебинен өткөн жокмун. Акындык өнөргө өзгөчө көңүл буруп, оюмдун баары ошондо болгондуктан сулуулук чыгармачылыктын деңгээлинде гана менин сезимимди козгочу. Кийин бир кызды көрүп менин жан дүйнөмдө мурдагыдан башкача, өзүм сөз менен айта алгыс сезим пайда болду. Ал кыз менин кошунам болчу. Анын Тамара деген эжеси медициналык институтта сабак берчү. Клара деген сиңдиси музыкалык мектепте окугандыктан ага аккордеон керек болуп калыптыр. Анан Тамара эже "Убактың болсо дүкөндөн аккордеон карап, жакшыраагын тандап берчи, мен сиңдилеримди жиберейин"деп мага кайрылды. Менин филармонияда иштээримди, аккордеон чертээримди билишчү да. Дүкөнгө мен жактырган кошуна кыз сиңдиси Клара менен барыптыр. Ошондо аны биринчи жолу көрүп, ошол жерден тааныштык. Аты Саадат экен. Эмнегедир ошондон кийин эле аны көргүм келип, жолуккум келди. Мурда менде мындай сезим таптакыр болгон эмес. Негизи сезим жөнүндө сөз менен айта албайсың, адамзат жер жүзүндө канча жашаса дагы бул ачылбаган сыр бойдон калат деп ойлойм. Бул сезим жаңырып далай музыкалык чыгармаларга, поэзияларга жазыла берет. Бирок түгөнбөй турган нерсе.

Ашыктык ырын ырдаткан жүзүм бак
- Анан ал сүйүүңүзгө жеттиңизби?
- Ачыгын айтсам ага деген сезимимди билдирүү оңойго турган жок. Короодогу жүзүм бактын арасына отуруп алып аккордеон, комуз менен кыргыздын махабат, сүйүү, ашыктык тууралуу эски ырларын, Рыспайдын ошол кездеги белгилүү ырларын ырдачумун. Угабы, укпайбы деген ой менен ырдачумун. Көрсө, угулчу экен, короодон катуураак сүйлөсөң эле угулчу. Анан канча деген ойлонуу, толгонуудан кийин гана, бир айдан ашык убакыттан соң сезимимди араң билдирдим. Ал дагы менин сезимиме жооп берип, бир жылдан ашык кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.Ошентип менин алгачкы сүйүүм кошуна кызга арналган. Апам мага"Өзүңө жаккан кызга үйлөн балам, бирок мага бир көргөзүп кой" дечү. Анан бир күнү Саадат жумуштан келе турган маалда апама "Мага жаккан кызды көргөзөйүнбү?" дедим. Апам экөөбүз дарбазанын алдындагы отургучка отуруп алып Саадаттын келишин күтүп жаттык. Саадат көчөдөн өтүп баратканда апам аябай карады да: "Үйлөнө бер балам, баскан турганына караганда жакшы бүлө болчу кыз экен" деди. Апам өзү абдан кыраакы, сөз билги адам болчу. Апамдын сынынан өткөндөн кийин көңүлүм жайланып калды. Анан ата-энелерибиздин макулдугу менен үйлөнө турган күндү белгилеп, Саадатты үйүнөн кол менен эле алып кеттик. СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаева эже биздин кошунабыз болчу. Ал өзү ачык-айрым, шайыр, шартылдаган эже болчу. Анан мен үйлөнөөрдө "Замирбек, сени мен бир тууган инимдей көрөм. Сендей жигит жөн эле үйлөнбөй, өзгөчө маанай менен үйлөнүшү керек. Колуктуңдун үйүнө шаңдуу ыр менен барабыз. Силердин келечегиңер, турмуш жолуңар ар дайым шаңдуу, жарык маанайда өтсүн" деп, ыр ырдап, колуна гүл көтөрүп алып, менин байке, жеңелеримди кошо ырдатып шаан-шөкөт менен Саадаттын үйүнө биринчи жол баштап барган. Ошентип Саадат экөөбүз кол кармашып турмуш жолуна аттанганбыз.

Жаштыгымды каякта деп ойлосом...
- Үй-бүлөнүн бекем болушу эмнеде деп ойлойсуз?
- Жашырганда эмне, негизи өнөр адамдары көбүнчө турмуш кура албай, ажырашып, кандайдыр бир себептер менен үй-бүлөлүк жашоосу бузулуп калып жүрбөйбү. Албетте, алардын ар бирине мындай-тигиндей деп аныктама бергенден алысмын. Бирок адам өзүнүн сезимин, тапкан сүйүүсүн кадырласа, бапестесе, ардактаса ошондо гана үй-бүлө бекем сакталат деп ойлойм. Үй-бүлө курууда Саадат экөөбүз тең жаңылбаптырбыз, анткени жашообуз бүгүнкү күнгө чейин түшүнүү, сый менен уланып келе жатат. Беш балалуу болуп, аларга камкордуу ата, мээрман эне болуп, колубуздан келишинче жакшы таалим-тарбия бергенге аракет кылдык. Азыр чоң ата, чоң апа, таяне, таята болуп небере жытын жыттап отурган чагыбыз. Мен бир жерде "жаштыгымды каякта деп ойлосом, балдарымда, неберелеримде калыптыр" деп ырдаптырмын. Анынсыңарындай, өзүмдүн ички дүйнөмдөгү жылуу, жакшы сезимдердин баары азыр балдарыма, неберелериме арналып жатат.
Даркүл
Кемелова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan