Адабият айдыңы

Акын Кыялбек Урманбетов:
"Өзүмдү башы жок чабандестей сезем..."
- Быйыл эр ортону элүүгө келипсиз, атаңыз Совет Урманбетовдун да 75 жылдык юбилейи экен, кут болсун!
- Ырахмат.
- Адегенде кепти ошол ата-баланын ортосундагы бир окуядан баштасак. Сиз атаңызга таарынып, "ыр жазбайм" деп айныган учуруңуз болгон дешет го?
- Атама таарынган эмесмин, анын жоро-жолдошторуна нааразы болгонум бар. Анда 8-класста окусам керек. Бир күнү атам үйгө капалуу келди. "Балаңа ыр жазып бергениңди токтотпойсуңбу, сенин көзүң өткөндө анын убалы кимге дешпедиби жанагылар!" деп туталанып алыптыр. Аны уккан мен да чыртыя түштүм. "Деги жазбай койсом кутуламбы" деп ыр калемин алыс ыргыттым. "Уулум, ар ким оюна келгенин оттой берсин, сен андан бийик болуп, ансайын өчөшүп жакшы жазышың керек!"- деп атам байкуш өчкөн отту жандыргысы келгендей чырылдайт. "Жок!" деп көгөргөн мен керосин куйса да күйбөчүдөй көрүнөм. Ошентип жан дүйнөм эки жылдай ырдан кысыр калды. Айылдагы Түкү деген классташ досум суранганда гана эки-үч сүйүү ырын жазып бергем, ошо кездеги белгилүү бир обондорго салып. Ой, анан жаман гитараны асынып алып, классташтар түн ичинде Торайгырдын көчөсүн жаңыртчубуз. Чынында атама көрсөтпөй кез-кез жазып деле жүрдүм. Бирок сыртыңа чыкпагандан кийин өзүңө батпай, бук болуп кетет экенсиң. Анын үстүнө алгачкы сүйүүм ойгонуп, күйүп-жанып жүргөн кезим болсо. Бир күнү ачыкка чыктым, мындай бир сегиз сапты бетиме кармап алып:
Атасы эле көздөнүп,
"Атасынын өзү" деп.
Айтпасаңчы агатай,
Кантип ошол сөзүң эп.
Көз отумду бөлүшүп,
Болгум келбейт ортоктош.
Өжөрлүгүм жетишет,
Атам мага өзү окшош!..
- Поэзияны ат майдан, акындарды чабандес деп элестетсек, азыр сиз атаңыздан озуп чыктыңызбы?
- Балээнинби! Тамеки чеккен жагынан эле ашпасам, теңелиш кыйын. Атам Совет- башы бар чабандес, поэтикалык ойду карманып, түбөлүгүн ойлоп салмактуу жазчу. Андыктан оңой менен ырларына обон чыкпайт, он чактысы гана ырдалып жүрөт. Ага салыштырмалуу мен өзүмдү башы жок чабандестей сезем. Заман агымына ылайык обондуу ырларга басым жасап, заказ менен жазып жүрбөймүнбү. Элге жакканына караганда жаман жазбасам керек. Азыр китеп бетин ачпай калган адамдар деңиз түбүндө чөгүп жаткан берметти байкабай, үстүндө калкыган булутту гана көрөт тура. Ошондуктан өлгөн жолборстон тирүү мышык артык болуп мен жүрөм "атам Советтин арбагы ыраазы болсун" деп коюп.
- "Азыркы обондуу ырлардын мааниси тайкы болуп кетти"- дегенге кандай карайсыз?
- Түз карайм, "калк айтса, калп айтпайт" да. Чын-чынына келгенде мааниси жок ырлар деле көп жаралчу, бирок көркөм кеңеш деген электен өтүп, мыктылары гана элге тартууланчу. Мурда өнөрпоздор атын чыгарып, даңаза болгонго умтулса, эми тыйын-тыпыр тапканга, эптеп кара жанды бакканга басым жасап калбадыкпы. Мурдагылардын дагы бир артыкчылыгы-адегенде мыкты тексти тандап алып, анан ошого ылайык обон жаратчу. Эски ырлардын сөзү-обону жуурулушуп, төгөрөгү төп келип, бир бүтүн денедей туюлганы ошондон. Азыр болсо... Андыктан саны бар, сапаты жок ырчылар да көбөйүп, өз билгендериндей талкан чалууда. Чыгармачылыктагы анархия - башаламандык өкүм сүрүүдө деп чорт кесе айтсак деле болчудай. Маданият министри Султан Раев суй жыгылып, "обондуу чыгармаларды чыпкалап иргеп, орду-ордуна койбосок болбой калды" деп канкакшап жүргөнү бекеринен эмес. Эгер бул күрөштө Султан палван чындап көкжалдыгын көргөзүп, алиги ээ-жаа бербеген ээнбаш анархияны чалкасынан түшүрсө, элибиз чоң жеңишке туйтунат. "Илгеркидей жугумдуусу жок" деп арман кылбай, угумдуу ырларды сезимге уютабыз.
- Сиз Гүлнур, Актан, Ырыскелдилер менен алака түзүп, тыгыз байланышта иштешип келесиз. Ал эми азыркы жаш ырчыларга мамилеңиз?
- "Үйрөнүшкөн жоо атышканга жакшы" демекчи, көптөн бери иштешкендер сырдана болуп, көңүлдүн төрүндө ар убак. Жаш ырчыларга деле көзүм түз. Өнөр дүйнөсүндө өйдө-төмөн болот, бирок аял-эркек, улуу-кичүү деп бөлбөй, жакшы чыгарма деп гана жанды отко ташташ керек. "Сотка" аркылуу кайрылган жаштар арбын эле, соодалаша келгенде көбү четке чыга беришет. Кыязы, ары-бери чүргөй салган бекер оокатка кынык алышса керек. Алардын баарына түтө аламбы! Ыр-менин наным, бирок нан заводундай бир калыпка салып, күнү-түнү күргүштөтө кантип "оптом" чыгарасың? Ар бир ырдын өзүнчө даамы, жыты, калыбы болушу шарт. Кээде бир обонго үч-төрт ырдын үлгүсүн жазууга туура келет. Соңку кезде Ома, Гүлзинат, Нурзат, Айгүл Чалова сындуу жаш ырчылар заказ берип жүрүшөт. Алардын үмүтүн актадымбы деп адегенде чочулайт экенсиң, анткени азыркы жаштардын суроо-талабы, сүйүүсү да башкача. Жакында Гүлнур Сатылганованын сиңдиси Наристе да бир жакшы обонду тандап алыптыр, ошого ыр заказ берди. Ал өз репертуарына эмитен аяр мамиле жасап, булбул таңшык эжесинин үнүн гана үлгү кылбай, марттыгын кошо мурастаса жаман ырчы болбойт...
- Китебиңиз качан чыгат? "Кош жылдыз" деген ырыңыздын таржымалын айтсаңыз?
- Чынында 1990-жылдан бери китебим жарык көрбөптүр. Ырдалып жүргөн ырлардын күчү менен эле эл оозуна эптеп илээшип жүрсөм керек. Буюрса, ушул күзгө чейин эки-үч китеп чыгарууга далалат бар. Каражат жагын караштырып жатам. Атам Советтин да юбилейлик китеби моюнда дегендей. "Кош жылдыздын" шумдуктуу деле тарыхы жок. Үй-бүлө өзүнчө мамлекет болсо, үч ыйыгы болушу керек эмеспи. Гербим-ата-бабамдан мурастаган аты-жөнүм, желегим-балдарым, толук кандуу мамлекетке гимн гана жетишпейт турбайбы деп атайын жазгам. Аялым экөөбүз үй-бүлөлүк салтанаттарда ырдап калабыз. Бирок биздин обонубуз Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов ырдагандан такыр башкача. Ошентип, "Кош жылдыздан" кийин ата-энемден бөлүнүп чыгып, өз алдынча түтүн булатып мамлекет болгом.

М.Молдобекова




Ак санат
Сөзү Кыялбек Урманбетовдуку
Обону Эркин Мээркановдуку
Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Адам болуп жаралып,
Дүйнөгө бир келген конокпуз.
Кадырлашып калалык,
Бүгүн конок, эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбе,
Тилегиңе жаркын үмүт кош.
Кейисең да кечинде,
Эртең менен күндү күлүп тос.

Күмүш күндөр миң,
Бирок, досум, түшүнгүн,
Эң кымбатың -эртең эмес, ушул күн!

Кайырма:
Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби, шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын!

Өмүр бою өчүрбөй,
Жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө.
Өткөн ишке өкүнбөй,
Кубанычты чакыр үйүңө.
Көңүл эзген муң жаман,
Көзүбүздөн кээде жаш тамып.
Бузулса да бул заман,
Адам бойдон калгын сакталып!

Тагдыр ушу деп,
Таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыма жетем деп.





Ойлонбой тапсаң - олжого тунасың
Адабий сынак
"Адабият айдыңы" рубрикасы сиздин билимиңизди текшерип, ойлонтуп, мээңиздин бырышын көбөйтөлү деген ойдо атайын жаңы сынак жарыялады. Он дегиче туура жообун таба калып, шаршемби күнү саат 9-30дан 10-00 гө чейин телефон чалган, алгачкы үч окурман "Обондун" атайын байгелери менен сыйланышат. Байланыш телефону: 44-98-21. Калбаңыз, чамдаңыз!
"Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасын
кыргызчага кайсы акын которгон?
"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деп көп жерде айтылат. Кимден калган улуу сөз?
Мен киммин?
Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы.
Бул ыр саптары кайсы акынга таандык?
Айтматовдун "Аселинин" арзыганы Данияр да?..
"Акындар сөздүн эң кымбатын, кийимдин эң арзанын тандашат",- деген кепти "Агымчы" кайсы акын-журналист айтат билесизби?
"Жетимдер", "Астра гүлүнүн" автору ким?
"Жыландын сүйүүсү" чыгармасы жазуучу Эмил Өмүракуновдукубу же акын-журналист- жазуучу Жыпар Исабаеваныкыбы?




Сойку болуп төрөлбөйт
Эркектерди жек көрөм
Көөдөнүң бүтүн, көзүң таза секелек кезиңде каалагандай ой жүгүртүп, каалагандай кыялдана берет экенсиң. Ал эми кезегиң келип, оюң орундалаар учурда адам деген улуу сөзгө арзыбаган айрым бир акмактар көөдөнүңдү жаралап, көзүңдү кирдетип, мөлтүрөгөн тунуктуктун таш талканын чыгарып салса, секелек сезим кыялданганың сен каалагандай болбой калат тура.
Мен өзүм жер берекеси болгон Ысык-Көл өрөөнүндө туулуп өстүм. Атам мен он төрт, эжекем он алтыга чыкканда катуу оорудан каза болуп калды. Эркек бир тууган жок болгондуктан эжекем экөөбүз үйдөгү, сырттагы жумуштарды да аткарып калдык. Өлгөндүн артынан өлбөйт экенсиң, эптеп элдир-селдир жашоо өтө берди. Апам көп өтпөй эле айылдагы бир эркекке көңүлү жакын болуп кетти. Ал андай кылган сайын менин апама деген сый мамилем бөксөрө түштү. Эжекем жоош жана бир мүнөз болгондуктан анчалык деле кыйналган жок. Мен болсо чычалап, чарт жарылып урушуп, тигинисин үйдөн кууп чыкканга чейин барчумун. Тогузунчу классты аяктагандан кийин апам мени эжекеме кошуп Бишкекке алып келип, таежемдин Дордой тараптагы бош вагонуна киргизип кетти. Эжем жогорку окуу жайлардын бирине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырды. Мен болсо окубай калдым. "Азырынча иштеп турсам кийинки жылы тогуз жылдык билимим менен окууга тапшырам" деген таттуу оюм бар эле. Ошентип вагондо жашап, иштеп калдык. Дордойдогу ашканалардын биринде ашпозчунун жардамчысымын. Кудайга шүгүр, эжекем экөөбүздүн тапканыбыз ичкен жегенибизден артып, элден кем эмес кийинчүбүз.
Көп өтпөй эжекем сүйлөшкөн жигитине турмушка чыгып, апам айылдан келип каада-салтын кылып, милдетин аткарып кетти. Мени айылга алып кетүүгө мажбурлады. Мен ага макул болбой койдум. Билбейм, азыраак иштеген акчага кызыктымбы, же кой дээр кожосуз эркин жүргөн жашоо жактыбы, айтор түшүнбөйм. Анын үстүнө ал кезде апам көңүлдөшү менен ачыкка чыгып жашап калган эле. Балким, ошондо апамдын сөзүн уксам мындай болмок эмесмин. Ошон үчүн "сулуу болгуң келсе сүттү көп ич, бактылуу болгуң келсе апаңдын сөзүн ук" деп бекеринен айтпаса керек.
Ошентип эжекем турмушка чыгып, вагондо жалгыз калдым. Таежемдин шаарга жаңы келген кайындары жашоого жай таппай жүрүшүптүр. Алар көчүп келип мени менен чогуу жашап калышты. Туугандарын бетине кармап таежемдин менден алты жаш улуу баласы мас болуп келип калчу. Мааниси жок, калп сүйлөп отуруп түн оокумда араң кетээр эле. Эмнегедир ошол бөлөмдү көргөндө өзүм да коркуп кетчүмүн. Кара баскан ошол күнү ал дагы баягыдай мас абалында чалынып кирип келди. Үйдөгүлөрдүн баары жумушка кетип, жалгыз эле мен калгам. Жүрөгүм "шуу" дей түштү. "Келгиле" деп эле ордумдан тура калдым. Ал болсо жоготконун издегендей ары жак бери жакты карап, эч кимдин жок экендигине көзү жеткенден кийин эле мага корстон болуп сүйлөй баштады. Мен анын кебетесинен коркуп эле калтырап калдым. Колумду кайрып, чачымдан уучтап алды. "Кыйкырба, өлөсүң" деди да, бир колу менен курун чечип, менин да шымымды чечүүнү буйрук кылды. Каршылык кылып жалдырасам угуп да койгон жок. Өзү шыпырып жерге жыгып туруп,ит кумарын кандырып кыздык абийиримден ажыратып салды. Буркурап, боздоп жаттым. Ал болсо ишин бүтүргөндөн кийин эле, эч кимге ооз ачпасымды, ачсам өлтүрүп кетерин айтып үйдөн чыгып кетти. Алымдын кеткениненби, же денемдин ооруганынанбы, эсимди жыя албай боздоп жаттым.
Ошондон кийин ал менин артымдан аңдычу болду. Качан үйдө жалгыз калганда эле келет да баса калат. Жумушка барган жолдон көрсө сүйрөп кетет. Же жытымдан сезеби, билбейм. Эптеп эле анын көзүнө көрүнбөсөм экен дечү болдум. Ал окуя тууралуу ооз ачып эч кимге айткан жокмун. Айта турган адамым да жок эле. Күндүзү эл арасында билмексен болуп жүргөнүм менен түнкүсүн ый менин сырдашым. Канча жолу өзүмдү өзүм өлтүрүп салуу тууралуу ойлондум. Бирок жашоонун жарыгынан үмүтүмдү үзө албадым. Эжекеме барып айтып, бугумду чыгаргым келет. Тигил акмактан корком. Ошентип жүрүп боюма бүтүп калыптыр. Ал нерсе оюма да келген эмес. "Өз көңүлүм менен жатпагандан кийин зордуктоодон бүтпөйт" деп жүрүптүрмүн. Көрсө, андай эмес экен. Жок кылуу үчүн кылбагандын баарын жасадым. "Таштандыга таш тийбейт" болуп эч кандай жардам берген жок. Боюмдан алдырып салайын десем акчам жок. Же иштегенге жумушум жок. Тигинден коркконумдан иштебей да калгам. Үйдө жалгыз калгандан жүрөгүм түшүп, акыры эжекемдикине көчүп кеттим. Андан башка жашынаар жерим, ишенээр тууганым жок. Ошентип алардыкына жашап калдым. Эжекемдин көчөсүндөгү бир жигит менин кирип чыгып жүргөнүмдү көрүп, жактырып калыптыр. Артымдан калбай ээрчийт. Менин акыбалымды билбейт да деп аяп, болгон сырымды айтып бердим. Бөлөмө ачууланып мага боор ооруп жатып, баары бир мага үйлөнөөрүн, курсагымдагы баланы өзүнүкүндөй асырап аларын айтып жалдырады. Мен болсо ишендим. Бардык кыйынчылыгым унутулуп, ушундай келишкен шаардык жигиттин аялы болоорума жетине албай, сүйүнүчтөн көз жаш төктүм. Кантип макулдугумду бергенимди билбейм. Айтор, ага да аял болуп бердим. Жанымдан чыкпай өзү жашаган батирге конокко чакырып, аялы катары мамиле кылып жүрдү.
"Азыраак убакыттан кийин үйлөнөбүз"-деп сөз берген. Бирок, туура бир айдан соң аты-жыты жок жоголуп кетти. Оңой эле жоготуп алганыма ишенбей, кайра-кайра ал жашаган үйгө бара бердим. Издей бердим. Жок, чындап качып кеткен экен. Курсагым болсо күн өткөн сайын чоңоюп айламды кетирди. Эжекем, жездемдерден уялганымдан чоң жоолук менен таңып алам. Көбүнчө эңкейип отуруп кир жууйм. Жашырынып бөлмөмдөн чыкпай жатам. Алар болсо "сен толуп кеттиң"- деп коюшат. Уялганымдан жерге кирип кетким келет. Баламды жээрийм, жок кылайын дейм. Ишке ашпайт. Бир күнү буулугуп отуруп эч максатсыз эле Дордойго чыктым. Мурда чогуу иштеген тааныш байкеге кезигип калдым. Анда курсагымдагы жети айлык болчу. Ал кайра-кайра такып сурап, баштан аяк угуп алды. Ал төрөлгөнчө бир таанышыныкына жашап турушумду сунуштады. Төрөгөндөн кийин балдар үйүнө же тааныштарыңдыкына таштап коёсуң деп үйрөттү. Айлам жок эжекемдикинде жаман жакшы көрүнгөнчө көздөн далдаа болууну туура көрүп, ойлонуп ойлонбой макул дедим. Кээде түшүнбөй кетем. Эмне үчүн бир тууганыма айтпай, кайдагы эркектерге сырымды айтып бердим экен? Сыягы, анда эртеңки күнүмдү элестете турган куракка жете элек окшойм.

(Уландысы кийинки санда)
К.Орозбекова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan