Маалымат

Оомат Ош филармониясында
Мамлекеттик иш-чараларга активдүү катышып, калкты маданий жактан тейлөөнү кеңейтип, жакшырткандыгы үчүн Ош облусттук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясы Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан 2008-жылдын жыл жыйынтыгы боюнча "Мыкты филармония" деп табылып, атайын диплом менен сыйланды. Аталган филармониянын өнүгүп-өсүүсүнө он жылдан бери филармонияны жетектеп келаткан тажрыйбалуу, кыргыздын чыгаан аялзаты, КРнын Эмгек сиңирген артисти, Жаштар сыйлыгынын лауреаты, маданияттын мыкты кызматкери Гүлшайыр Садыбакасованын эмгеги чоң. Андыктан эжеге чыгармачылык бийиктик каалап, ийгилигиңиз кут болсун демекчибиз.

Ар бир айдын алтысында "Аралаштан" тамаша
Күлкү сүйүүчүлөрү, сүйүнчү! Мындан ары бир жыл бою ар бир айдын алтысында Кожомкул атындагы спорт ордосуна келсеңиз, бооруңуз эзилгенче күлүп, жарпыңызды жазып кетесиз. Дал ошол күндөрү сиздер сүйгөн "Аралаш" куудулдар тобу тамаша тартуулап, ай сайын ар башка программада күлкү сунушат. Андыктан арманда калбай көрүп кетиңиз.

Алтынай Нарбаевага Президент аккордеон белек кылды
Ыр дүйнөсүндө аккордеондо кол ойноткон жалгыз бир айым бар. Ал КРнын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева. Бул өнөрдү карапайым калк гана туйбастан, ырчынын ырларын мурдатан угуп, өзгөчө талантын баалаган президентибиз Курманбек Бакиев жакында Германиядан атайын талант ээсине арнап алып келген 8 миң долларлык заманбап аккордеонун белек кылды. Кубанычы койнуна батпаган ырчы гезит аркылуу үй-бүлөсүнүн атынан өлкө башчысына ыраазычылыгын билдирип: "Бул мага мындан аркы чыгармачылыгыма чоң жоопкерчиликти алып келди"-дейт.

Темир Түркияда
Жаш ырчылардын баштоочусу аталган таланттуу ырчы Темир Назаров мындан эки жыл мурун Түркияда өткөн 15 өлкө катышкан эл аралык конкурста жеңишке жетишип, мамлекетибиздин желегин желбиретип келген эле. Дал ошол конкурстун жеңүүчүлөрүн, тактап айтканда, беш мамлекеттин өнөрпоздорун түрк элинин белгилүү ырчысы Таркандын композитору жолугушууга чакырып, Темир Назаров Түркияга сапар алды. Темирдин айтымында жол чыгымын композитор өзү көтөрүп, чакырылган ырчыларды Түркиянын кооз жерлеринде эс алдырмакчы. Бул тууралуу кенен маалыматты гезитибиздин кийинки чыгарылыштарынан окуй аласыздар.

Мирбектин ыры Өзбекстанда хит болууда
Буга чейин "бүткөн ишке сынчы көп" дегендей, "жаштар которуп ырдап жатат, уурдап алды" дешип, алы жеткени да жетпегени да сындап жатты эле. Мына ошого жооп болуп жаш ырчы Мирбек Атабековдун "Ошондо жакшы болобу" деген ырын өзбек ырчылары которуп, ал тургай клип тарттырып, Өзбекстанда кыргыз ыры "хит" болуп жаткан учур экен. Албетте, бул биз үчүн кубантаарлык жаңылык. Эмне дейбиз, кыргыздын атын чыгарган чыгаан жаштарыбыз көбөйө берсин.

Байыш бакма балабы?
Бир топ убакыттан бери кыргыз сахнасында кызмат кылып келаткан Жаныш-Байыш Момуновдорду билбеген жан жоктур. Азырга чейин кээ бирөөлөр эки бир тууганды эгиз деп келишсе, учурда эл ичинде "Байыш бакма бала экен"- деген имиштер тарады. Баарыбызга белгилүү болгондой, Байыш Момунов "Замана" студиясында алып баруучу болгондон бери, аталган студияда көп жылдар бою эмгектенип келаткан, белгилүү теле алып баруучу Олжобай Токтосуновго окшоштурушуп "ошол кишинин баласы экен"- деген сөздөрдү көп жерден угуп калдым. Бир кезде уул тилеп жүргөн Момуновдордун атасы Кара-Суулук Маматкул Момунов борбор калаабызга келип, бүгүнкү ыр дүйнөсүндө жылдызы жанып турган Байышты балдар үйүнөн багып алат. Байыш ак жолтой бала болуп иниси Жанышты ээрчитип келген деп Ош жергесинен Бишкекке келаткан машинада сөз болду. Уккан кулагыма ишенбей чын-төгүнүн билүү үчүн Байышка чалып байланыша албай койдум. Арга жок иниси Жаныштан сурасам "Өзүнөн жооп алгыла, азыр шаарда эмес" деп кутулду. Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт" дегендей, Жаныштын жообуна караганда кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар окшойт... Эмнеси болсо да кийинки санга чейин Байыштан так жооп алганга аракет кылабыз.

МажитКе 106 жаштагы аксакал бата берди
Белгилүү чыгармачыл үй-бүлөдөн суурулуп чыккан Мажит Бөрүбаев учурда карындашы Сайкал менен түштүк жергесин түрө кыдырып концерт берип жүргөн чагы. Кызыгы, Жалал-Абаддын Сузак районуна барганда Мажитти кумир туткан жети жаштагы Кудайберди кичинекей куудулду үйүнө ээрчитип барып, 106 жаштагы чоң атасынан бата алып берди.



Александр Ким "Агымды" сатып алды
"Вечерний Бишкек", "МСН" сыяктуу орусча гезиттердин ээси Александр Ким кыргыз тилинде чыга турган жаңы гезит ачууну көздөп жүрүп, аягында элге таанылып калган "Агымды" сатып алууну чечти. Жазга карай аталган гезит жумасына эки жолу, бара -бара күндөлүк гезитке айлантуу аракети жасалмакчы. "Агымдын" алдыңкы журналисттеринин бири Алым Токтомушевдин гезиттин башкы редакторлугуна дайындалышы каралууда. "Агым" гезити жоопкерчилиги чектелген коом, андыктан ал толугу менен мага караштуу болуп калды",-дейт Александр Ким.

Кызыл-Кыядагы жаңы цемент заводу ишке кирет
Ушул жылы кыргыз өкмөтү Кызыл-Кыя шаарындагы жаңы цемент заводунун курулушун аягына чыгарат. Мындай милдет өкмөттүн иш планына киргизилип, ага 70 млн доллар сарпталаары көрсөтүлгөн. Өкмөт планына ылайык бул каражатты Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Кытай берет. Ошондой эле аталган жаңы завод үстүбүздөгү жылы 300 миң тонна цемент чыгараары болжолдонууда.

Исаковго саясий куугунтук жасалуудабы?
Учурда Исмаил Исаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши менен Исаков жана адвокаты Азимбек Бекназаров таанышып бүттү. Адвокаттын айтымында, ал Исмаил Исаковго коюлган айыптарга каршылыгын билдирген жүйөөлөрүн бүгүн-эртең башкы прокуратурага тапшырат. Андан кийин прокуратура ишти Жогорку Сотко тапшырат. Жогорку Сот өз кезегинде ишти кароону Аскердик Сотко өткөрүп берүүгө тийиш. Анткени кылмыш иши жүрүп жаткандардын баары аскер адамдары. Белгилей кетсек, мурунку коргоо министри жана коопсуздук катчысы Исмаил Исаковго Балыкчыдагы аскердик мүлктүн жоголушу, аскердик майрамдарды уюштурууга каражат бөлдү деп айыпталууда. Ал эми Исаков муну Президенттин көрсөтмөсү менен жасалган саясий куугунтук катары баалоодо.

Кризис кыйла адамды курутат
2009-жылы экономикалык кризис дагы 53 млн адамды жакырчылыкка алып келет. "Эгерде калктын аялуу катмарын коргоо боюнча максаттуу аракеттер көрүлбөсө, глобалдык экономикалык кризис өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө гуманитардык кризиске да айланышы мүмкүн"-деп билдирген бүткүл дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зехлик. Анын белгилегенине караганда, 2009-жылы күнүнө бир доллар 25 цент менен жашагандардын саны 46 млн.го, ал эми эки доллар менен жашагандардын саны 53 млн.го өсөт.

Жайма базар жарманкеси
Борбор калаабыздагы Кожомкул атындагы спорт сарайында балдын ар жылкы кышкы жайма базары өтүүдө. Бул жарманкени балчелектердин Чүй облустук коому уюштурган. Мында Чүй, Ысык-Көл облустарынын жана Токтогулдун 40 тан ашык бал челекчиси өз продукциясын көрсөтүүдө. Кошумчалай кетсек, жайма базар 24-февралга чейин улантылат.

Сагынбек Акматалиевдин кечеси
Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси, КРнын эмгек сиңирген артисти Сагынбек Акматалиев чыгармачылык кечесин 27-февралда филармонияда өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Сагынбек Акматалиев жүздөн ашык обонду, ондон ашык күүнү оркестрге салып иштеп чыккан.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan