Пайдалуу кеңештер

Чач боёодогу каталар
Ар бир эле аялзаты чачынын формасын жарашыгына, маанайына жараша өзгөртүп ага түркүн түстөгү боёкторду берип келет. Бирок, үй шартында боёп жатып өзүбүзгө билинбегени менен бир топ жерден одоно каталарды, жаңылыштыктарды кетирет экенбиз. Анын кээ бири чачка сиз күткөндөй өң бербей, таптакыр бузат жана андан тышкары чачтын сапатын начарлатат.

Чачка боёкту кирпигиңиздин, кашыңыздын, албетте бетиңиздин өңүнө карап тандаганыңыз оң. Атайын сулуулук салонуна барып чеберлердин колу менен боётууга мүмкүнчүлүгүңүз келбесе, үй шарты да чачыңызды толук канааттандырат. Ошентсе да төмөнкү каталарга көз жүгүртүп, аларды айланып өтүүгө аракет кылып көрүңүз.

Кутунун сыртындагы сулуу кыздын чачынын өңүндөй түскө ээ болом деген оюңуз жаңылыштык. Анткени, боёгондон кийинки келип чыккан түс сиздин чачыңызга көз каранды. Ал үчүн кутунун артындагы көрсөтүлгөн түстөргө кылдат көз жүгүртүп, сизге керектүүсүн гана тандап алууңуз кажет.

Аллергия болоор- болбосун текшербей туруп дароо боёгонго киришүүгө болбойт. Алгач боёкту кулактын артына, желкеге же болбосо моюнга кичине сүйкөп, байкап көрүңүз. Андан соң денеңизде эч кандай өзгөрүү байкалбаса чачыңызды боёгонго өтүңүз. Эске салчу нерсе, бул анализди эки күн мурда жасоо керек.

Дароо эле чачтын баарын текши боёп салганга да болбойт. Алгач арт жагынан бир аз чачыңызды боёп көрүп, чын эле сиз каалагандай түс келип чыккандан кийин гана калган чачты боёгонго өтүңүз.

Дагы бир одоно каталардын бири чачты боёп жаткан маалда терини, кийимди булгап алуу. Ар кандай химиялык заттар денеге чоң залакасын тийгизип так калтырат. Ошондуктан керексиз эски сүргүнүн да бул тапта пайдасы тийет. Андан тышкары, моюнга так калбаш үчүн майлуу бетмай сүйкөп алса да жакшы жыйынтык берет. Болбой эле мойнуңуз боёк болуп калса спирт лосьонуна малынган кебез менен сүртүңүз.

"Кир, жуулбаган чачка боёк сүртсө бат кирет" деген ой өтө чоң жаңылыштык. Тескерисинче, боёгонго бир ай калганда атайын чачты жумшартыш үчүн маска жаап туруу керек. Боёор алдында чач сөзсүз түрдө таза болуш керек. Анан албетте, учундагы ачакейлерди тегиздеп кыркканды унутпаңыз.

Боёк жакшы кириш үчүн белгиленген убакыттан узагыраак кармоо такыр туура эмес. Мындай кетирген катадан чачыңыз түшүп, суюлушу мүмкүн. Эгерде келип чыккан түс сизди такыр канааттандырбаса, анда кайрадан боёш үчүн эки- үч жума күтө турууңуз керек.

Бир эле убакта чачка эки же андан ашык түс берген туура эмес. Ар кандай түстөрдүн аралашмасы чачыңызга сиз күткөндөй өзгөчө түс бербейт. Тескерисинче, түшүнүксүз өң кайра маанайыңызды түшүрүп, чачыңызга пайдасынан зыянын тийгизет.




  Кызыктар дүйнөсүндө

Эң оор кесиптер
Ар бир кесип ардактуу болгону менен анын ичинен эң оор кесиптерден кур калгандар да жок эмес. Статистика боюнча эң машакаттуу, ден соолукка, өзгөчө нервке терс таасирин тийгизе турган кесиптер аныкталган. Биринчи орунда журналистика турат, кайсыл жерде кандай шартта болбосун, чыгармачылыкка жакын адамдардын нерви бир мүнөткө да эс албай дайыма изденүүнүн, стресстин үстүндө болот экен. Экинчи, үчүнчү орунда маркетологдор жана эл менен көп алака түзгөн кесиптер тураары маалым. Доктурлар жана мугалимдер да бул түйшүктөн алыс эмес. 35 % ак халатчандар жумуштан кийин кадимкидей стресс болорун, мээси чарчап эч нерсеге көңүлү чаппаганын билдиришсе, ушундай "дартка" мугалимдердин 45% кабылган.
Тескерисинче мээнин, нервдин энергиясын көп коротпогон кесиптердин катарын инженер, программисттер жана кароолчулар толуктайт. Мисалы, кароолчулардын 21% стресс деген эмне экенин билишпесе, инженерлердин 60 - 54 % нерв деле коротушпай, тынч, кадимкидей эле күндү өткөрүшөт.


Иттерге түзүлгөн заманбап шарттар
Белгиянын Остенд шаарында кишиге эмес иттерге даараткана ачыла баштады. Атайын ыңгайлуу платформага ит туруп каалаганын кылып басып кеткен соң, автомат дароо астын тазалап, платформанын астына шыпырып салат да канализацияга "жөнөйт". Эмнегедир мындай заманбап аппарат баардык эле иттерди канааттандыра бербейт. Эң алгачкы жолу платформага тургузган ит бул дааратканага баруудан баш тарткан. Ал эми Великобританияда иттер да бири-бирине донор боло алышат. Бир бергенде 200 грамм кан беришет жана бир баштык кургак тамак менен сыйланышат. Ветеринарлардын иттин өмүрүн сактап калууга болгон аракети эми оңой эле ишке ашат.
Муну менен эле чектелбестен адам баласы "жакын досторуна" түзүк эле шарттарды түзүп берип жатат окшойт. Лондондун борборунда атайын иттер үчүн ресторан жайгашкан. Бул тамактануучу жайга кирип, итиңизге 6,5 долларга шорпо, 10 долларга гамбургер алып берсеңиз болот. Ал эми атайын жасалган тамактардын баасы адамдар кирге турган ресторандардыкынан эки - үч эсе кымбат.


Экономикалык кризис адамдын түбүнө жетеби?
Көпчүлүк мамлекеттердин төбөсүн басып келген кризисти өзгөчө россиялыктар оор кабыл алышууда. Анткени, жакынкы эки айдын ичинде эле өз өмүрүнө кол салып жашоосу менен кош айтышкандардын саны эки эсеге өскөн. Медиктер менен эксперттердин берген маалыматына караганда, буга экономикалык кризистин түздөн - түз тиешеси бар. Себеби, жумушунан айрылган карапайым эл ошол эле иш учурунда өзүн-өзү өлтүрсө, жеке ишкерлер карыздарынан кутула албай атынып өлгөн учурлары көп катталууда. Статистикага таянсак, 2008-жылы эле 35 миң адам өзүн-өзү өлтүргөн. Мурда көпчүлүгү жоопсуз сүйүүнүн кесепетинен, же болбосо үй-бүлөдөгү чыр чатактардын айынан өмүрүн кыйса, эми кризис көпчүлүгүбүздүн түбүбүзгө жетет окшойт дешет эксперттер.


Акыл тамчылары…
Акча баарын кыла алат деген адам өзү акча үчүн баарына барат.
Көп акча табуу-эрдик, аны сактоо- акылдуулук, ал эми ал акчаны коротуу - чеберчилик.
Кимде ким өзүнүн каалоосуна чек коё алса, ал адам чынында бай.
Адам чындап эле даракка окшош, канчалык өйдө умтулган сайын тамыры жерге ошончолук терең кирет.
Башканын сөзүн, идеясын туурабай өз алдынча гана ой жүгүртө алган адам күчтүү,эрктүү.
Көз жаш-аял затынын негизги куралы. Эркек сөз менен жете албаган нерсеге аял көз жаш менен жетет. Көп адам көрдүм сыртында кийми жок, көп кийим көрдүм ичинде адамы жок.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева




Чач тууралуу

Эркектердин 66%, айымдардын 38% чачтары көп түшкөндөн жапа чегишет.
Чач күндүз бат өсөт, ал эми кышка караганда күзүндө бат өсөт. Орто эсеп менен бир айда 1 1,5 сантиметрге өсөт.
Бир күндө 60 - 100 тал чач адамдын акылдуу башынан ажырайт. Бул көрүнүш
норма болуп саналат.
Негизинен чач белгиленген убакытта түшөт. Мисалы, 10 жаштан 15 жашка чейин
жыныстык жактан жетилүү маалында, 18 - 22 жаштар аралыгында төрөттөн
кийин, жашаган жеринин абасы жакпаганда, дененин температурасы 39 градустан
ашканда.
Адамдын денесинин 95% чач менен капталган.
Ымыркайдын чачы энесинин жатынында жатканда эле 4-5 айлык кезинде өсө
баштайт.
Айымдардын 84 % чачтарачка барып маанайын көтөрүшөт.
Өсүү стадиясында 90% чач катышса, түшүү стадиясында 10 % чач катышат.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan