Классташ

Бир партада олтуруп, сырыңды билип алгамын
"Бактыяр мектептин дубал газетасынан түшчү эмес"
Классташтарым менин классташтарым,
Бирге билим суусун ичкен булакташтарым.
Канча мезгил канат байлап өтүп кетсе да,
Унуталбадым, унуталбадым -деген ырды укканда балалык баёо сезим, окуучулук алтын күндөр көз алдыңа тартылат. Дал ушул ырдын автору, 13 альбомдун ээси, башкалардан өзгөчө стили менен айырмаланган "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторовдун окуучулук күндөрү жөнүндө кеп кылуу үчүн ырчынын классташы Бегатон Кайыповду маекке тарттык. Бегатон мырза Бактияр Токторов менен Баткен облусунун Лейлек районунун Коммунизм айылындагы "Коммунизм" орто мектебинде чогуу окуган.

Уйкучу окуучу
Билинбегени менен мектепти бүткөнүбүзгө 22 жылдын жүзү болуптур. Бактияр менен 10 жыл мектепте, 5 жыл жогорку окуу жайында чогуу окудум. Биринчи класска жаңыдан барганда бардык мугалимдер менен кол берип саламдашып чыкмай адаты бар болчу. Адегенде эле жалаң окууну "5" деген баа менен баштап, мектепти бүткөнчө классыбыздын класскому болуп турду. Бактиярдын бир кемчилиги сабактан көп кечигет эле. Эртең менен тамак ичмейинче сабакка келчү эмес. Мугалимибиз "Эмнеге кечиктиң?"-десе, "Курсагымды тойгузуп жүрдүм"-деп туурасын айтып таяк жечү. "Аары" деген жалкоолордун, уйкучулардын дубал газетасынан түшчү эмес. Анда Бактиярдын сүрөтүн тартып, жанына саат коюлуп, чоң тамгалар менен "Уйкучу" деген жазуу турчу. Сабак учурунда ар нерселерди айтып, шыкшылыктап күлө бергенинен тажаган мугалимибиз "Токторов бешиңди, билимиңди чөнтөгүңө салып коём" деп ачуусу келип эшикке чыгарып жиберчү.
Чынында Бактиярдын минус жагы дагы, плюс жагы дагы көп болчу. Олимпиадага физика-математикадан Токторов катышат экен дегенде эч ким алдыга чыкчу эмес. Физик мугалимибиз ооруп келбей калса, үйүнө чейин барып сабак алчу. Жогорудагы сабактар боюнча Ош облусуна чейин барып жок эле дегенде 2-орунду алып келчү. Линейкада биринчи күнү "уйкучу, тартиби начар Токторов" аталып башын кашып турса, экинчи жолку линейкада сабактардагы жетишкендиги үчүн деп мактоо баракчасын алып, окуучулардын башын катырчу. Ошондуктан Бактиярды жакшы деп да, жаман деп да айталчу эмеспиз.

Бурулайды бетке чапканда...
- 2-3-классыбызда Бактияр Бурулай деген сабак билбеген кыз менен отурчу. Бир күнү эле тиги кыздын бетине жара чыгып кетип, Бактияр "муну менен олтурбайм"- деп баштады. Эжейибиз урушуп атып кайра отургузуп койду. Буга жинденген Бактыяр Бурулайга "мени карабай отур, менден эч нерсе сурабагын" деп эле божурап аткан. Бир мезгилде Бактияр тарс эттирип Бурулайды жаактан ары бир чапса болобу. Байкуш кыз катуу коркуп кеттиби айтор, отурган жеринен заара ушатып жиберди. Алдыңкы партада отургандыктан заарасы эжейдин алдына чейин агып барды. Мына сага, ызы-чуу башталды. Эжейибиз Бактиярды кулагынан чойгон бойдон доскага алып чыгып, бул эмне кылганың десе: "Анан эмнеге мени карабай отур десем, жара бети менен карайт, кускум келип кетип уруп жибердим" деди. Анан эжейибиз "Сага отурган эмес, доскага турган жарашат" деп 45 мүнөт бир бутун көтөртүп доскага тургузуп койду. Ал гана эмес сабак бүткөндөн кийин баарыбызды чыгарып жиберип, Бактиярды класска камап, сыртынан бекитип салды. Бир сааттан кийин балдар чогулуп алып Бактияр камалган класстын айнегине барсак, терезеде ыйлап олтуруптур. Анан биз эжейге барып "эжей ачып коюңузчу, эми мындай кылбайт"-деп суранып атып досубузду алып чыкканбыз.

Майдаланган жылан
- Анда 7-класс элек. Мен, Бактияр, дагы эки бала болуп төртөөбүз колхоздун өндүрүштүк бригадасында 23 гектар жерге жүгөрү айдап иштегенбиз. Жыйынтыгы жакшы болгондуктан 150 сомдон айлык алып, андан сырткары колхоздун эсебинен Бухарага барып эс алып келгенбиз. Ошондо мейманканага жатып, өмүрүбүздө биринчи жолу кабат үйдүн ичине кирдик. Ажатканасына кирип алып кантип колдонушту билбей, эшикте ажаткана издеп эки саат жүргөнбүз. Лифтке кирип алып башыбыз айланганын айтпа. Ошентип атып эптеп эс алып келип эле кайра колхоздун жумушуна кириштик. План боюнча ар бирибиз он ящиктен өрүк толтурушубуз керек. Баарыбыз өрүктөрдүн башына чыгып өлүп-талып иштеп атсак, бир маалда Бактияр үч метр өрүктүн башынан кыйкырып эле секирип түштү. Көрсө, өрүктүн башында чырмалышкан жылан туруптур. Анан жыландын артынан кубалап жүрүп таш менен ургулап өлтүрүп, ал аз келгенсип кетмен менен майдалап таштаганбыз. Бактияр катуу коркуп калып эртеси бетине учук жайнап кеткен.

Саадат үчүн уурдалган жумуртка
- Бактияр досум бала кезинен эле сулуулукту жакшы көрөт. Азыр деле ошондой. Айылга кайсы сулуу кыз келбесин сөзсүз Бактиярдыкы болчу. Кыздардын жанын койчу эмес. Столдун алдына кирип алып кыздардын балтырынан кармап чоочутчу. 7-класста окуп атканда Саадат деген классташ кызыбызга кат жазып, үйүнөн жумуртка уурдап, ошол кызга шоколад алып берип жүрдү.
Отуруштарга барганда балдар көп болгондуктан кыз жетпей мушташат эле. Эгер ак бий бийлей турган болсок,кыздын тартыштыгынан музыканын жарымына чейин мен, жарымынан кийин Бактияр бийлечү. Ошондо да чыйрактык кылып мага караганда ал көбүрөөк бийлеп алчу.

Өзбек бала өлүп кала жаздады
- Эсимде, 9-классыбызда "Белес" деген пионердик лагерге барганбыз. Ошол лагерде футбол ойноп атып Бактияр өзбек бала менен мушташып кетип, тиги баланы өзөртө тээп, моюнунан муунтуп, өлтүрүп коё жаздаган.

Токтогулдун кербези
- 3-4-класста окуп жүргөндө Талбай деген агайыбыз Бактиярды чакырып алып "Токтогулдун кербезин" ырдата берчү. Бир күнү "кантип ырдап атат экен" деп кызыгып агайдын кабинетине барсак "Манас" айтып аткансып, эки колун тизесине коюп алып көзүн жумуп ырдап атыптыр. Агай болсо күлүмсүрөп коюп отурат. Анан Бактиярга "Токтогулдун кербезин" комуз менен ырдайт, агайга комуз бербесең ырдабайм деп айт"- дедик. Эртеси күнү агай дагы чакырып алып кеткенинен кантти экен деп аңдысак, укасканы кармап алып ырдап отурат. Көрсө, комуз сураса укаска карматып коюптур. Ошондон кийин Бактиярды "укаска" деп чакырчу болдук.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan