Кыргыз шоу дүйнөсү

Жашыбыз тоскоол болбойт бул жашоодо
Адам баласы өмүрлүк жан шеригин туура тандап, жүрөгү менен сүйсө, сүйкүм наристенин татыктуу ата-энеси болсо, бул жашоодо андан өткөн бакыт жоктур. Анан да "Сүйүү башталган жерде акыл аягына чыгат" деген сөз бекер айтылбаган чыгаар. Кээ бирлери түгөйүнүн өң-келбетин, жан дүйнөсүн, акчасын карап сүйсө, айрымдары жашынын улуу-кичүүсүнө карабай турмуш жолуна аттанып келет. Биз дал ушул ортодо кандай гана тоскоолдуктар болсо да баш кошуп, кур намыска алдырбай аруу махабаттын, чын сүйүүнүн бар экендигин даңазалап, бактылуу турмуш куруп, уюткулуу үй-бүлө күткөн белгилүү инсандардын жашоосуна баш бактык.

Мен сени сагынгым келет...
Коомдук ишмер Кубанычбек Жумалиев экинчи жубайы ырчы Роза Амановадан он жети жаш улуу экенин көпчүлүк билбесе керек. Алардын бирге түтүн булаткандарына быйыл он бир жылдын жүзү болуптур. Арстан, Барсбек аттуу балдардын мээримдүү ата-энеси. Роза айымдын биринчи никесинен Алтынай, Чолпон деген сүйкүмдүү кыздары да апасы менен бирге турушат.

Он сегиз жаш тоодо тунук булак белең...
Айдай жүздүү актриса Айжан Акылбекова менен "Замандаш" ассоциасынын мурдагы жетекчиси Мухтар Өмүракуновдун үйлөнгөнүнө быйыл туура төрт жыл болду. Айжан өмүрлүк жолдошунун адамкерчилигин, түшүнүктүүлүгүн баалап, анын өзүнөн он сегиз жаш улуу, үй-бүлөлүү экенине карабастан кол сунган. Учурда балканактай эки уулун тарбиялап, ар кандай айтылган ушак кептерге назарын салбастан, өзү айткандай жолдошуна татыктуу жар болуп жашап келатат.

Сизди сүйдүм жашыңыздан жалтанбай...
Венера Сатылганова Мурат Мамбетов дун экинчи жубайы. Экөө "Тунгуч" театрынан таанышып, беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Болочок күйөө баласынын кызынан он беш жаш улуу, алтургай үй-бүлөсү бар экенин укканда, Венеранын апасы каршы болгон. Бирок, эки ашыктын махабаты ага жол берген эмес. Ырчы айымдын мурда турмушка чыкпаганын эске сала кетели. Азыр экөөнүн ортосунда Нурдан аттуу жети жаштагы баласы бар. Ал эми Мурат мырза биринчи никесиндеги эки уулу менен катышып турат.

Сенсиз, сенсиз...
Ырчы Айчүрөк Иманалиева "Пирамида" телеканалынын алып баруучусу Таалай менен так ушул телевидениеден таанышкан. Көп өтпөй ал жигит ырчыга сезимин арнаган соң, атасыз тарбиялап жаткан уулу Аргенге жасаган мамилесин, камкордугун баалап, анын сунушуна макул болгон. Айчүрөк айым Таалайдын биринчи никеси. Учурда экөөнүн алмончоктой болгон Арлен, Аэлита деген уул-кызы бар.

Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге...
Кенже Кубатова менен улуу комузчу Зайнидин Иманалиев дердин баш кошкондоруна төрт жыл болду. Булбул үндүү ырчыдан жолдошу жыйырма тогуз жаш улуу. Кенже айым 33, Зайнидин ага 62 жашта. Экөөнүн сүйүүсүнөн жаралган кичинекей эки кызы бар. Экөөнүн тең экинчи никелери.

Сүйүүм менден узап кетээрде...
Кубанычбек Сатаев атасынын жолун улап, ырчылык сапарга аттанган соң, көп өтпөй түбөлүктүү сүйүүсүн тапты. Ал сүйүүсүнүн ээси айтылуу аты алыска тараган Саламат Садыкованын тун кызы Кундуз Авашова . Экөө борборубуздагы кафелердин биринен таанышкан. Ошондон баштап экөөнүн ортосунда ыйык сүйүү жаралып, 2009-жылдын 8-октябрында баш кошушкан. Ырчы мырзадан жан шериги ди- джей кыз беш жаш улуу. Бул тууралуу Кундуз сыр кылып жашырганы менен алаканга салгандай эле билинип турбайбы.

Сүйүүнүн керемети...
Сулуу жүздүү, узун чачтуу ырчы айым Дилбар Раимбекова менен белгилүү актёр Марат Алышбаев Чүй областтык театрдан таанышкан. Ошол мезгилде келинчеги менен ыркы келбей жүргөн актёр чыныгы сүйүүсүн табат. Дилбар актёрдон жыйырма жаш кичүү экенине карабастан ага сүйүктүү жар болот. Баса, ырчы кызыбыз мурда турмуш курган эмес. Экөөнүн түтүн булаткандарына он беш жылдын жүзү болду. Азыр эки кызды тарбиялап өстүрүшүүдө.

Кыргыз кызына жетпейт...
Кыргыз ырларын жүрөгү менен ырдап жүрүп Юрий агабыз кыргызга кан-жанын берип, уулун кыргыз кызына үйлөнтүп, акыры өзү дагы кыргызга күйөө бала болуп чыга келди. Тактап айтканда,ал УТРКнын алып баруучусу Асел менен телевидениеден таанышып, бири-бирин жактырып калышат. 1999-жылы туш тараптан чыккан каршылыктарга моюн сунбай, өзүнөн он сегиз жаш кичүү Аселге баш кошот. Бул үчүнчү никесинен бир уул, бир кыздын ардактуу атасы. Жалпы жонунан Юрий агабыздын жети уул -кызы, беш небереси бар.




Клип таржымалы
Сиздер сүйгөн жаш ырчы Айдин Шердин "Тушалган махабат" аттуу ырынын клиби тууралуу "Клип таржымалы" рубрикасында баяндап беребиз.

"Тушалган махабат"
Катышуучулар кыйынчылык менен тандалган
Клип шаардын четиндеги альпинисттер машыкчу жардан тартылган. Эки күн бою тоонун баарын кыдырып, оператор Марлис Мырзакул уулу, Айдин Шер жана продюсери Динара Эсенгулова бул жарды издеп табышкан.
Клипке №18- мектептин окуучулары катышып беришкен. Алгач алдын - ала мектеп жетекчилиги менен сүйлөшүп, макулдук алгандан кийин, эртең менен окуган класстарды түштөн кийинки убакытка калтырып тартышкан. Клипке катышкан катышуучуларга "Обон" гезити аркылуу кастинг жарыяланып, кичинекей кезин чагылдырган эпизодго актёрлук чеберчилиги бар Азиза, Асел аттуу кыздар тандалып алынcа, чоңоюп калган кезине Азия сулуусу - 2007, Туризм сулуусу - 2008 аталган айчырайлуу сулуу кыздары катышкан. Ал эми клиптеги Айдиндин ата-энесинин ролун өзүнүн атасы Касейин, апасы Алтын аткарышкан. Клиптин сценарийи татаал болгондуктан катышуучуларды тандоодо бир топ кыйынчылыктар болгон экен. Кичинекей кызга окшош чоң кызды таппай убара болушса, экинчи ролдо тескерисинче, чоң кызга кичинекей кызды окшоштура албай кыйналышкан. Акырында бардык талапка жооп берген катышуучулардын жардамы менен үч күн дегенде толук кандуу клип жаралган.

Динара Эсенгулова, клиптин режиссёру:
"Клипте Айдин Шер өлбөйт"
- Клиптин негизги идеясы мага таандык. Эки жаштын сүйүшүп жүргөнүнө карабай, ата-энелери башка бирөөгө кудалап, өздөрүнүн досторуна берип, же болбосо, кызды ала качып кетип үйлөнбөй калган учурлар азыр көп болуп жатпайбы.Бул клипте дагы ушул көрүнүш чагылдырылган. Ата-энелер бала кездеринен бери дос болуп жүрүшкөн болушат. Башка мамлекеттен көчүп келген досунун кызы Айдин Шердин классына кирет. Ошентип, экөө бирге окуп калганы менен Айдиндин башка сүйлөшкөн кызы бар болот. Ата-энелер жолугушуп эки классташты үйлөнткөнгө макулдук берип кол алышып коюшат. Айдин да, кыз да каршы болгонуна карашпайт. Айдин достору менен тоого эс алууга барып, жардын үстүнө чыгып, өзүнүн кулап кеткенин, өлүп жатканын, достору жанына келип ыйлаганын, ата-энесинин эки жашты кудалап койгондоруна өкүнүп калгандарын элестетет. Анан кайра "кой андай жаман ойдон алыс болоюнчу" деп өзүн карманып калган жери клипте көрсөтүлөт. Көпчүлүгү Айдинди өлүп калды деп ойлошот экен, чынында клиптин аягында Айдин өлбөйт.

Колдонууга кан таппай, колубузду кестик
Кыйынчылыктар тоонун башында көп болду. Айдинди "кулап кетпесе экен" деп корктук. Кранга видеокамераны орноштуруп тартканыбыз бир топ убакытты алды. Себеби, тоонун башына кранды орнотуш керек болду да. Кызыгы кран свет менен иштейт экен, ал жакта свет жок генератор менен иштегенге туура келди. Крандын дарылдаган үнүнө генератордун дарылдагы кошулуп, тоо жаңырат. Айдиндин тоодон кулап кеткен жерин тартаарда баарыбыз тоого чыгып, даярданып алганыбыз менен колдонула турган канды таптакыр унутуп калыптырбыз. Айлабыз кетип ошол жердеги эс алуучу жайга барып, "канга окшош бир нерсе таап бергилечи" десек, жок болуп чыкты. "Эмне кылабыз, анда бирөөңөр колуңарды кескиле" деп тамашалап жатсак, досу өзүн "жертва" кылып, колун кести. Ал канды Айдиндин бети башына сүйкөдүк. Күлкүлүү окуялар да болбой койгон жок. Аны Айдин өзү айтып берсин.

Айдин Шер: "Күлкүмдү тыя албай, каткыргам"
- Чынында мага сценарий абдан жаккан. Жарда ырдап жатканда коркпогонум менен кулап кеткен жеримде абдан корктум. Мени эки, үч метрдей жерден кулатып, ылдый жактан бризент менен тосуп алышты. Ушул жерди 6-7 дубль менен араң жасадык. Биринчисинде коркконум менен экинчи, үчүнчү ирээт кайра жыгылгым келип, кызыга баштадым. Ал эми күлкүлүү жери болуп, мен жардан жерге кулап түшкөндө досторум "Айдин, Айдин" деп жулкулдатып, ыйлап жаткан жеринде, бир досумдун шилекейи мойнума тамып кетип, күлкүмдү тыя албай бир топко каткырдым. Мени көргөн Динара эжелер да боорлору эзилип калды. Ошол эле жерден дагы бир досум мойнумдагы чынжырымды катуу тартып салып, муунуп калгам. Анан досторум эмес мен катуу кыйкырып, алардын жүрөгүн түшүргөм.
Даярдаган
АйнураСултанова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan