циркдүйнө

Жылдыздар манежде
"Өнөрлүү өлбөйт" деген кыргызда жакшы сөз бар эмеспи. Бир ай убакыттан бери "Жылдыздар манежде" теледолбоору өнөр адамдарына цирктин сыйкырдуу дүйнөсү менен тааныштырып, цирк өнөрүн үйрөтүп келүүдө. Аталган долбоордун катышуучулары "Назик" бий тобунун жетекчиси Назгүл, Жанетта Бобкова, Анжелика, Назира Жетигенова, Назгүл Насиева, Айгүл Чалова, Роза Азимбаева, Адил Кайыпов, Эрмек Маматов, Аскат, Сүйүнаалы, Калыбек аттуу таланттуу улан-кыздарыбыз өздөрүнүн күчүн цирк өнөрүндө сынап жаткан кездери. Учурда жылдыздардын цирк аренасындагы машыгуусу кандай өтүп жаткандыгын билүү максатында эки күн алар менен бирге болдук.

Кыргыз мамлекеттик Циркинин директорунун орун басары Кадырбек Тажиев:
"Баш байгеге жүз миң сом берилет"
- Кадырбек агай, "Жылдыздар манежде" теледолбоорунун идеасы кимге таандык? Негизги максаттары кандай?
- Мамлекеттик Цирк УТРК менен биргеликте бул долбоорду иштеп чыктык. Идеянын автору мен болсом, редактору Элмира Тезекбаева. 17-январда долбоорго тандоо жүрүп, элүү адам кабыл алынган. Анын ичинен отузун тандап алганбыз. Ал эми 1-февралда кастинг өткөрүлүп, он эки артистти "Жылдыздар манежине" катышуучу катары кабыл алдык. Эми аларга цирктин ар түрдүү жанрларын үйрөтүп, март айында биринчи турга чыгарабыз. Теледолбоордун негизги максаты биринчиден цирктин кадыр баркын көтөрүү болсо, экинчиден бул жердеги жылдыздар бир гана ырдап, бийлебестен, цирктин ар кандай жанрларын үйрөнүп чыгышат. Мисалы, акробатика, жанглёр, пара, аттар менен иштешет, абада трюктарды көрсөтүшөт ж.б. Өздөрүнүн жөндөмүнө, шыгына жараша жанрларды тандап алышат да, долбоордун аягына чейин такшалып калышат. Башкача айтканда, орустардын "Цирк со звёздами" телекөрсөтүүсүнүн кыргызча вариантын "Жылдыздар манежде" деп атадык.
- Даярдыктар кандай тартип менен көрсөтүлүп жатат?
- Ар күн сайын саат 11 00дөн 14 00гө чейин машыгуулар болууда. Чынын айтканда цирк кыймылдарына чыдабай чыгып кеткендери да жок эмес. Негизинен жылдыздар физикалык кыймыл жагынан начар болгондуктан, ал жагына көбүрөөк көңүл буруп, болгон аракетибизди аяган жокпуз. Булардын ар кандай себептери көп экен. Гастроль, концерт, жумуш деп даярдыкка убагында келе албай, мындай жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно албай жатышат. Азыр мен бул ырчы жаман, бул бийчи жакшы дегенден алысмын, баары бирдей. Башында он экөө тең бир да кыймыл жасай алышпай кыйналышты эле, азыр өздөрүнүн жанрлары боюнча үйрөнүп, кызыга башташты. Биз катышуучулардын өз каалоолоруна коёбуз, бул жерде кыйноо болбош керек. Күн сайын машыкпаса жакшы натыйжасын бербейт. Ошондуктан биринчи турга пейили менен иштеген мыктылар гана чыгат.
- Жеңүүчүлөргө кандай сыйлыктар берилет?
- Биринчи орунга жүз миң сом акчалай сыйлык болсо, экинчи, үчүнчүлөрү андан кийинки суммадагы сыйлыктарга ээ болот. Негизинен он эки катышуучунун баардыгы куру кетишпейт. Булардын утушу бир гана жеңип акча албастан, өздөрүнүн кийинки чыгармачылыгына керектүү болгон жанрларды үйрөнүп жатышпайбы.




Назгүл, "Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Жерге кулап түштүм"
- Сенин жанрың акробатика экен. Бийчи катары ийилчээктигиң жардам берип жатса керек?
- Жок, мен аткара турган жанрдын бийге таптакыр тиешеси жок. Мен да башында ошентип ойлогом, циркке келгенден кийин бул оюмдан арылдым. Машыгуу учурунда эки тренерим мени асманга ыргытышып, мен абада трюк жасап, кайра алар мени тосуп алышат. Ушул көнүгүүнү кайра- кайра жасап жатып, бир жолкусунда машыктыруучуларымдын айтканын жасабай, өзүм билемдикке салып койдум эле, абадан жерге кулап түштүм. Эртеси күнү денемдин баары көк ала болуп, Гүланданын клибине тартылганга баралбай калдым. Дагы бир топ концерттерден баш тартууга аргасыз болдум.


Роза Азимбаева,
актриса:
"Шпагатка отурганды үйрөнө элекмин"
- Таак... азыр Азамат экөөбүз сиздерге ушул мөөнөткө чейин эмнени өздөштүргөнүбүздү көрсөтөбүз. Ушул тренеримдин салымы чоң, буга чейин циркке катышам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Циркте иштегендердин эмгегин эми түшүнүп олтурам. Абада жасаган трюктарды мындай кой, жердегисин араң жасап жатам. Азыр жадагалса шпагатка отурганды үйрөнө элекмин, алгач ал үчүн булчуңдарды чоюш керек экен.


Анжелика,
ырчы:
"Кыймылдай албай калгам"
Менин жанрым "палотно" деп аталат. Машыктыруучумдун жардамы менен абада ар кандай кыймылдарды көрсөтөм. Алгач келгенде бир топ кыйынчылыктар болгон. Акробатикада машыгып жатканда, кабыргаларым, колу, бутумдун булчуңдары ооруп, кыймылдай албай калгам. Азыр баары жакшы, өзүмдүн тапшырмама толугу менен даярмын.


Адил Кайыпов,
көз боёчу:
"Үч топту ойнотконго жарап калдым"
- Менин жанрымдын аты "жанглеж". Жаңы келгенде эки кичинекей топту кармаганга да эбим жок эле, азыр кудайга шүгүр, бир эмес үч топту ойнотконго жарап калдым. Мындай жетишкендикке машыктыруучумдун салымы өтө чоң.
- Эмне себептен көз боёчулук жагын тандаган жоксуз?
- Жо-ок, анткенге такыр болбойт, мисалы, мен манежге чыгып алып көз боёчу болсом калыстар тобу дароо менден упайларын кемитет. Бул долбоордун негизги максаты белгилүү бир мөөнөттө өзүңө такыр тааныш эмес жанрды эң жогорку деңгээлде өздөштүрүп чыгуу. Өзүңөр көрүп тургандай бул үч чоң топту болушунча ылдам, ыкчам, шамдагай ойнотушум керек.


Эрмек Маматов,
ырчы:
"Денемдин баары көгала болуп..."
- Элдер көнүгүү жасап арыктап жатса, мен тескерисинче долбоорго катышкандан бери булчуңдарым чыгып, толуп калдым окшойт. Менин милдетим оор таштарды асманга ыргытып ойнотуу. Башында таштарды колума кармай албай түшүрүп, денемдин баары көгала болуп көп күн жүрдүм. Эң негизгиси өзүңдү-өзүң кыйнабай, көңүлүңдү коюп жасасаң, бардык кыялдарың акырындык менен орундала берет экен. Эң биринчи келген күнүмдү эстесем күлкүм келет. (Күлүп)Чоң ташты колумдан кайра-кайра түшүргөн олдоксондугумду мен айтпай эле коёюн, силер укпай эле койгула.


Жанетта Бобкова,
ырчы:
"Мен аттарды бийлетем"
- "Жылдыздар манежде" долбооруна катышуумдун себеби, өзүмдү сахнада эле эмес башка тармакта да сынап көрөйүн деп чечтим. Мен аттарды бийлетем, азырынча мага бир топ эле кыйын болуп жатат. Күндө башка -башка идеялар келет, жаңы трюктарды аткарыш керек экен. Буюрса, азыр жакшы эле жыйынтыктарды көрсөтүп калдым. Машыктыруучуларым да "жөндөмүң бар экен" деп жатышат. Бая күнү аттан жыгылып кетип, буттарым ооруп жаткандыктан, азырынча жеңил көнүгүүлөрдү гана жасоодомун.


Назира Жетигенова,
куудул:
"Комузду ары-бери ойнотом"
- Мен аткара турган жанр өзүмдөй болуп башкалардан оригиналдуулугу менен айырмаланат. Тагыраак айтканда, комузду ары-бери ыргытып, ар түрдүү кылып ойнотом. Сыртынан караганда бул жанр оңой көрүнүшү мүмкүн, бирок чынында муну баары эле жасай албайт. Долбоорго катышкандан бери кадимкидей арыктап да калдым окшойт, ха-ха-ха.


Мына, ардактуу окурман! "Жылдыздар манежде" теледолбоорунун катышуучуларынын биринчи турга даярдык көрүп жаткан машыгуулары менен кабардар болдуңуздар. Алардын цирк өнөрүн үйрөнүү үчүн кылган аракеттеринин жыйынтыгына жакында өтүүчү 1-турда чогуу күбө болобуз.

Даярдагандар
Айнура Султанова, Анара Дүйшөналиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan