сырмаек

Бек Борбиев:
"Сүйүүнүн көз жашы эсиңде калат"
Ыр дүйнөсүндө жүрөк эргиткен обондуу ырлары менен элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин биз менен курган маеги сиздер үчүн.


- Бек мырза, жубайыңыз Фарида менен үйлөнүп, бойдокчулукка чекит койгон кезиңиз эсиңиздеби?
- (Күлүп) Мен 20 жашымда бойдокчулук менен коштошком. Азыр ойлосом, кичине эртерээк коштошуп калыптырмын. Ал кезде жашыбыз келип калгандай эле сезилген да. Фарида экөөбүз тең студент болчубуз. Турмуштун кыйынчылыгын биз да жакшы эле көрдүк. Үйлөнгөн жылы кыздуу болдук. Өзүбүз студентпиз, жашпыз, анан кызыбызды апам айылга алып кеткен. Ошол кезде студенттердин жатаканасында жашачубуз. Кийин дагы бир балалуу болдук. Ошентип жүрүп эле бойдокчулуктун дайыны жок болуп кетет экен.
- "Балам балалуу болгондо билээрсиң" деген жакшы сөз бар эмеспи. Учурда канча баланын атасысыз? Балдарды катуу кармайсызбы?
- Улуу кызым Анара, экинчиси Ханбото, үчүнчүсү Бабур, кичинекей үч жаштагы кызым Айдеми. Төрт баланы тарбиялап, бактылуу жашоонун даамын татып жатабыз. Балдарым менен мамилем кадимкидей эле, кээде теңтуш болом, күнөөлөрү бар болсо тилдейм. Катуу боло турган учурда катуу, эркелетчү убакта менден өткөн жумшак адам жок.
- "Кыйынчылыкты жон териң менен сезмейинче жемиштин даамын билбейсиң" дегенге кандай карайсыз?
- Туура. Мен 1-2-курста окуп жүргөндө башымдан кыйынчылыктар көп эле өткөн. Бирок, таптакыр куру жалак калган жокмун. 10-15 тыйын таап дегендей. 2-курсту бүткөндөн кийин аскерге кетип, ал жактан келгенде чыгармачылыкка биротоло кириштим. Биздин кесип жол куруучу болгондуктан практикага жол куруу боюнча ишканаларга бөлүп койчу. Группадан беш-алты бала Совет, Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөгө бөлүнүп иштеп калдык. Ал көпүрөнүн азыркы кебетеси биз студент кезде оңолгон. Ага чейин абалы абдан начар эле. Көпүрөнүн капталындагы цемент, бетон, таштарды тизип практикадан өткөнбүз. Ошол кездер эч эсимден кетпейт. Биз менен бирге практикадан өткөн балдар жайкы эс алууга деп ар кимиси туугандарыныкына кетип калышты. Мен болсо эки бала менен жатаканада жалгыз калгам. Ишенсең, бизден башка студент жок. Курсагыбызды тойгузаарга акча жок, же бара турган тааныш үй таппай катыган бөлкөнү сууга жибитип жеп алчубуз.
- Кой сойгонду качан үйрөндүңүз эле? Деги эле кыргыздын уулу катары эмнелерди жасаганды билесиз?
- Бала кезимден бери эле чоң энем мени мал жанга жакын кылып өстүрдү. Атам жетекчилик кызматтарда иштесе дагы үйгө мал кармап, үй канаттууларын бакканды жакшы көрчү. Короодо жылкы, уй, кой, тоок, үндүктөр сөзсүз түрдө болот эле. Чоң эне, таенелерим менен жайкы эс алуу убагында жайлоого чыкчумун. Менимче, 6-7-класста кой союп, жиликтеп устукандаганды чыгарганды үйрөндүм. Андан сырткары, куран окуганды, кыргыздын каада-салттарын чоң атам Борбуну көрбөсөм да чоң энем үйрөткөн. Ошол кезден азыркы күнгө чейин куранды калтырбай окуйм. Мен кемпирдин колунан тарбия алып, нукура кыргызча тарбияландым.
- "Катын алсаң кайын ал" дегендей, кайын - журтка биринчи күйөө бала болгондо, кой сойгондо кыйналган эмес экенсиз да?
- (Күлүп) Нарынга барып, ата-бабадан бери келаткан ырым-жырым, каада-салтты жасап, кадимкидей кыргызча той өткөрүп үйлөнгөм. Фариданын алдына кудага барганыбызда тойдун ортосуна келип эки тарап бака-шака болуп калганда эшикке чыксам бажаларым мага бычакты сунуп, койду сой деп калышты. Мен болсо шапылдап койду союп баштасам, жезделеримдин бирөөсү: "Койгула эми, кичүү, эрке күйөө балабыз болсо сойдурбай эле коёлу, алгыла бычакты"-деп койду өздөрү союшкан. Мен азыркыга чейин эрке күйөө баламын.
- "Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт" демекчи, чыгармачылыкта кимдир бирөөнү кумир тутуп жакшы жактарын алгандырсыз?
- Негизинен чыгармачылык, искусство жагынан билимди мен абдан кеч алдым. Кечээ жакында эле бүтүрдүм. Ал эми өзүмдүн чыгармачылык көрөңгөм түптөлгөн мезгилден баштап Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай агаларыбыздын, андан кийинки муун Исрадин, Чубак, Ибрагим байкелерибизди устат катары кабыл алып, алардын ырларын ырдап, обондору менен кайрыктарымдын көрөңгөсү уюган. Албетте, алар мага келип түздөн-түз сабак бербесе дагы чыгармаларына таасирленип келем.
- Азыркы чыгып келе жаткан жаш ырчылар сиздин ырларды угуп чоңойду. Жардам сурап, продюсерим болуңуз деген сунуштары менен кайрылгандар да болсо керек?
- Ооба, менден жардам сурагандар абдан көп. Убагында колумдан келип, убактым көбүрөөк болуп турганда жаштардан жардамымды аяган эмесмин. Тилекке каршы, азыр бирөөнү жетелеп "мындай ырда, тигиндей кыл" деп ээрчитип жардам көрсөтүп, убада алганга убактым жок. Мейли деп сөз берип өзүм да калпычы болбой, маданияттуу түрдө "кечирип койгула" деп келип калгандарды кетирип жатам.
- "Калк айтса калп айтпайт дейт". "Бек Борбиев бир концертти бир эле костюм менен бүтүрөт" деген кепти угуп калдык эле...
- Мен азыр деле концерт берип калсам ашып кетсе эки костюм менен ырдап чыгам. Эгерде ортодо антракт болуп кийим которгонго мүмкүнчүлүк болуп калса гана которбосом, көбүнчө алмаштырбайм. Концертте репертуарың начар болуп кийингениң жети түрлүү болсо, кеп анда эмес да. Албетте, көрүүчүлөргө сулуу, жакшынакай көрүнүшүң керек. Жети түрлүү кийимдерди кийип алып сахнада бийлебегенден кийин негизги басымды ырларыма, сахна жасалгасына коём. Ар кайсы формаларды көрсөтүү шоунун башкача түрүнө кирип калат. Андай нерсени мен жактыра бербейм.
- Чыгармаларыңыздын көпчүлүгү сүйүү темасын камтыйт. Учурда белгилүү болуп жаткан "Тамчы шүүдүрүм" деген ырыңыз балким сокур сүйүүдөн улам жаралгандыр?
- Сүйүү деген чыгармалардын булагы десем болот. Бирөөнү сүйбөй туруп, ширин чыгарманы жаратыш кыйын. Сүйүү адамдын өмүрүн узартып, сүйгөнүң үчүн жашагың келет. Сүйүүнүн кереметтери ушунусу менен кызык деп ойлойм. Ал эми "Тамчы шүүдүрүм" деген атайын бир кызга арналган ыр эмес. Чыгармачылыгымда уйгу-туйгу болуп жаткан жан дүйнөмдүн санаасы, шамалынан чыккан ыр десем болот. Бул бир гана менин жүрөгүмдө жашаган сезим эмес да. Ар бир жигит жакшы көргөн адамынын көз жашын көргөн болсо, аны эч убакта унутпайт. Бул сөзсүз түрдө урушуп кеткен көз жаш эмес. Сүйүнүчтүн, сагынычтын, кусалыктын жана сүйүүнүн көз жашы эсиңде калат. Ар кандай сезимдин кайрыктарын туура таап элге жеткирүү биздин милдет.
- "Нан болсо ыр да болот" дегендей, кандай тамактарды жасай аласыз?
- Көңүлүм келип, маанайым жакшы болгон кезде тамак жасаган учурлар болуп калат. (Күлүп) Азыр эстейинчи.. Мм...көптөн бери тамак жасай элек экенмин. Бирок балдарыма, үй-бүлөмө өзүм тамак жасап бергенди жакшы көрөм. Ашты, шишкебекти жигиттер жасай турган тамак деп ойлойм. Оңой жасалган тамактардан дымдама, ашты жасай алам. Күндө эле тамак даярдайм деп айта албайм. Бирок айда-жылда бир даамына чыгарып коём.
- Сизге эркин сөз.
- "Обон" гезитин жүрөгүмө жакын сезем. Ишиңиздерге ийгилик. Уй жылы баарыбызга каймактуу жылдардан болсун.
- Убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн рахмат. Дагы көптөгөн обондорду, ырларды жаратып, көп жашаңыз.
Маектешкен
Айнура Султанова


Кабыл Бөрүбаев:
"Бек тамагымды куйкалап..."
- Кайсы жыл экени эсимде жок. 1991-92 -жылдар болсо керек, мен анда Оштун филармониясында иштечүмүн. Бир күнү Бек мага чалып: "Бишкекке концерт коёюн деп жатам, келип катышып бербейсизби" деди эле, мен дароо макул болдум. Шаарга келип алардын кайда даярданып жатканын угуп барсам, Бек өзү тосуп алды. Анын жанында мен тааныган бир нече сахналаш достору бар экен. Анан "Кабыл аке келишиңиз менен" деп чоң стаканга аракты толтура куюп, тост сүйлөп алып жибериңиз деп калды. Чарчап турган жаным "Бектин концерти жакшы өтсүн, келгиле" деп аракты алып жиберсем, ичим куйкаланып, демим кысылып чыкты. Ары-бери туйлап, кыйкырып суу сурасам, жанымдагылар каткырып суу беришпейт же закуска сунушпайт. Айлам кеткенде Бекке суу берип кой деп жалдырап жатып суу ичип аман калгам. Көрсө, мен келгиче баары сүйлөшүп алышып, мага атайын эч нерсе кошулбаган таза спиртти куюп берип коюшуптур. Ошол кезде таза спирттер мода болуп жатты эле, аз жерден өлүп кала жаздагам. Негизи Бек тамашаны аябай жакшы көрөт. (Күлүп) Ошентип тамашалайм деп тамагымды куйкалап, кайра мени шылдыңдап күлгөн.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan