Жаншерик

Медер Осмоналиев:
"Акчамдын баары Акмаанай менен сүйлөшүүгө кетти"
Эски жылда эски адаттар менен коштошуп, жаңырган уй жылында жаңы жашоо, жаңы турмуш баштагандардын катарында он жылдык тарыхы бар "Кыргызстан обондору" радиосунун продюсери Медер Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токон Эшпаевдин карачечекей эрке кызы Акмаанай Эшпаева турмуштун даңгыр жолуна бирге кол кармашып, жашоонун ачуу-таттуусун, ысык-суугун чогуу татып, түтүн булатып келатканына эки айдын жүзү болуп калды. Бактылуу жаш жубайлар менен кенен олтуруп маек курган элем. Анда, сөздү башынан баштасак.

- Медер, менин билишимче келинчегиңиз экөөңөр аябай тез аралыкта үйлөндүңүздөр. Себеби барбы?
- Чынын айтсам, мен Акмаанайды тойго чейин болгону бир эле жолу көргөнүм болбосо, аны элестете албайт болчумун. Анын орундуу сүйлөгөн сөздөрүнө арбалып, тарбиялуу жердин кызы экенине көзүм жеткен соң үйлөнөм дедим. Өлүмдөн башка кандай гана иш болбосун эрте болгону жакшы деп коюшат эмеспи. Ошол себептен 2008-жылда кетирген катачылыктар, жаман илдеттер жана дагы көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн адаттардын баарын ушул эски жылда калтырып, жаңы-жылга жаңы ой-максаттар менен жалгыз эмес, жуп болуп кирүүнү көздөп, ушунчалык чукул аралыкта баш коштук.
- Бир көргөндө арбап койгонуңузга караганда кантип тааныштыңар эле?
Акмаанай: - Экөөбүздүн таанышканыбыз, үйлөнгөнүбүз боюнча рекорд койдук десем жаңылышпайм. Себеби, бири-бирибизди болгону бир жолу эле көрдүк. Анда да жөн гана жумуш боюнча жолуккан элек. Эсимде, ал күн 1-ноябрь болчу. Мен өзүмдүн жаздырган ырларымды "Кыргызстан обондору" радиосуна алып келгем. Мага Канат байке "барып Медерге жолук" дегенинен, келип жолуктум. "Мен ырларымды алып келгем. Сиздердин радиоңуздарга берейин дедим эле" десем, колума анкета карматып, "Муну толтуруп, дискиңди таштап койсоң болот. Биз өзүбүз карап чыгабыз. Эгерде биздин талапка жооп берсе, сөзсүз кетет" деп кыска жооп берип, ырларымды алып калды. "Тобоо, ушундай да сүрдүү болобу" деп ойлоп кайрадан Ошко келе бергем. Эми өзүң ырдап жаткан ырыңды радиодон уккуң келет да, анан Канат байкеден номерин алып, телефон чалсам "Көркөм кеңештен өттү, жакында радиодон уга аласың"- деп калды. Мен сүйүнүп калдым. Бир күнү эле жумушта олтурсам телефонум шыңгырайт, карасам Медер. Алсам "радиону койсоң, сенин ырың кетип атат"- дегенинен "мен жумуштамын, жанымда радио жок"- деп күлүп койдум. Эртеси маршруткада баратсам дагы чалып "угуп жатасыңбы"- деп калды, мен "жок" десем, "эмне, сага кызыкчылыгы жокпу"- десе аң-таң болуп отуруп калдым. Андан кийин смс аркылуу кат алышып, сүйлөшүп жүрдүк. Негизинен мен радиого "Өзгөчөм", "Сага", "Сагынам" жана "Музыка" деген төрт чыгарма таштагам. Бир күнү "Менин ырларымды уктуңузбу" деп смс жазсам, менин ырларымдын аттарынан "Өзгөчөм, сени өзүңдү сагынып музыка чөйрөсүндө жашап калдым" деп айкалыштырып жооп келсе тамаша иретинде кабыл алып анча деле маани берген эмесмин.
- Бири-бириңерге болгон сезимиңерди кантип билдирдиңер эле?
- Бир күнү үйдө отурсам эртең менен эрте телефон чалып, "радиону койсоң" деп эле өчүрүп койду. Радиону коюп угуп отурсам таңкы эфирде Эдил менен Назира "биз азыр Ошко чыгабыз" деп айтып жатышат. Бир маалда үйдөгү телефон чырылдаса дене боюм дүркүрөп барып трубканы көтөрдүм. "Акмаанай сенин шыңгыр күлкүңө, шайыр мүнөзүңө мас болуп сүйүп калдым" деген каалоо тилектерди айтып калды. Мен "шок" болуп туруп калдым. Түз эфир болуп жаткандыктан, эмне дээримди билбей сөз таппай калсам болобу. "Сизди терең урматтап, сүйүп калган Медер"- деп сөзүн жыйынтыктаганда оозумдан келмем түшүп дендароо болгонумду сураба. Кайра Медерге чалып "Бул кылганыңыз эмне" десем, "Мага канча убакыт бере аласың, качан барсам болот?"- деп суроону кабыргасынан койду. Мен тамашалап аткан го деп күлүп койдум. "50 күн убакыт бер, 50 күндөн кийин мен барам"- деп чечкиндүү жооп бергенде тамашасы жок экенин түшүндүм.
- Медер, Акмаанайды бир эле көрүп, анчалык эмнесине ашык болдуңуз?
- Адамды көрбөй туруп деле сүйлөгөн сөздөрүнөн кандай адам экенин билип койсо болот да. Чындыгында бир эле жолу көрүшкөнүбүз менен телефон аркылуу түнкү саат бир-экиге чейин бирдик калбай калганча сүйлөшүп отурчубуз. (күлүп) Бирдигимдин баары эле Акмаанай менен сүйлөшкөнгө кетти десем да болот. Интернет аркылуу бири-бирибиздин сүрөтүбүздү көрүп алып карагаттай, балбылдап жанган көздөрүнө ашык болдум. Өзү алдап турса да көзү эч качан алдабасына ишендим.
- Ата-энеңиз каршы болгон жокпу?
Акмаанай: - Сүйлөшүп жүргөндө интернеттеги сүрөттөрүн апама алып барып көрсөткөм. Баарынан да кири жок көздөрүн жана кара калың каштары апама аябай жагып "Сага жакса болду. Эң башкысы бактылуу болгула" дегени менен бир аз каршылык көрсөтүп "дагы бир-эки ай сүйлөшүп, бири-бириңерди сынасаңар болмок" деди. "Мен бул жигит менен келечегимди элестете алам десем атам да ак батасын берип көзүнө жаш алганы эсимде. Анан да эң кызыгы, бир аз убакыттан соң сөйкө салып кетишти. Ошондон кийин даярданганды айтпа, апам сеп тигип, мен ага жардам берип. Ошентип отуруп 28-декабрда той боло турган болсо, биз 27-декабрда кенен отуруп тааныштык. 29-декабрда шаарга сапар тарттык.
- Анда келиндик түйшүктү тарткан эмес турбайсызбы?
- Ооба, менин да өкүнгөнүм кайын-журтума ысык чайымды берип, кызмат кыла албаганым. Мен бул жакта бир аз болоюн десем апам (кайненем) "Силердин чогуу болгонуңар биздин бактыбыз"- деп бизди кайра шаарга узатып коюшту.
- Кайын - журтуңузду тергейсизби?
- Албетте, кайын журтумду тергөө бул жолдошумду сыйлаганымдын белгиси деп эсептейм.
- Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
Акмаанай: - Биз телефон аркылуу эле сүйлөшүп жүргөндө Медер менен "Акуся" деп эркелетчү, мен болсо "жан" дейм.
- Сиздин ырдап жүргөнүңүздү кулагыбыз чалган болчу. Жолдошуңуздун калеминен жаралган ырлардан да аткарсам деп ойлойсузбу?
- Албетте, биз сүйлөшүп жүргөндө эле "мага ыр жазып бересизби?" десем "ооба" деген болчу. Андан кийин убактысы жок жаза элек. Кудай бюурса, сөзсүз ырдап чыгам деп айта алам.
- Медер, сиздин дарегиңизге белгилүү Токон Эшпаевдин кызына үйлөнгөндөн кийин эми "Кыргызстан обондорунан" Акмаанай Эшпаеванын ыры түшпөй калат экен да" деген сөздөр айтылууда. Буга кандай карайсыз?
- Мен эч качан өзүмдүн кызматымдан пайдаланган эмесмин жана пайдаланбайм. Эгерде менин ошондой оюм болгондо ушул убакка чейин кайра-кайра радиодон кетирип "горячий хит" ырлардын арасына кошуп коймокмун. Акмаанай ырын алып келгенде жада калса Токон Эшпаевдин кызы экенин да айткан эмес. Мен өзүм эле фамилиясына карап "ошонун кызы окшойт" деп ойлоп койгом. Ал дагы "мен Эшпаевдин кызымын" деп мактанып келсе болот болчу. Бирок, ал кадимки ырчылардын катарында жөн гана таштап койгону да жүрөктү өзгөчө жылытат.
- Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөй, бактылуу жубайлардын катарын толуктап жүрө бериңиздер.
Суроо салган
Нурзат Жусупова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan