Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Таанышуу бурчу
Чоңдорду жактырам. Мисалы, министр, депутат, аким, губернатор, иши кылып айыл өкмөттөн башкасынын баарын. Ушулардын ичинен катын алчулар болсо кайрылгыла. Өзүм жөнүндө айтсам ургаачымын, сулуумун, жашмын. Семанын "90-60-90у" мага чыгарылган. А Кундуз Семанын жанында жөн эле жүрөт. А так мен болмокмун, чынында.

Бул жашоодо өзүм теңдүү түгөй тапкым келет. Мен спортко кызыккан жигитмин. Шашки менен машыгам. Мындан тышкары жетимиш өнөрдү толук билем. Мисалы, ичкенди, чеккенди, сайынганды, уурдаганды, калп айтканды, кидайт эткенди дагы ушу сыяктуулар. Мындан тышкары, бөтөлкөнү көзүм менен сындырып, ичиндегини даамдабай жута алам. Тактайга мыкты чекем менен кагып, тишим менен суурам. Кызыккан ургаачы аттуулар чалгыла. Дарегим түрмөдө. Жыйырма жылдан кийин жолукчу күн алыс эмес.

Эсеп-чотту жакшы билбегендиктен канча жашта экенимди так билбейм. Үч-төрт эрдин башын жеп, дагы беш-алтысы менен ажырашкам. Жашымды ошолор аркылуу эсептеп алсаңар болчудай. Жашка болгон талабым деле жок, болгону эркек болсо болду. Ичпеген, чекпеген, сайынбаган, урушпаган, талашпаган, каяша айтпаган, кол көтөрбөгөн (кол көтөрсө өзү эле таяк жейт, себеби буга чейин мени менен урушкан эркектер качып, же өлүп кутулушчу) эркектаналар менен таанышам. Белинин, чөнтөгүнүн кубаты жоктор тынчымды албагыла. Келбетим, боюм узун, туурам андан дагы. Көзүм, кашым, кирпигим, бетим, денем капкара. Тамакка болгон табитим күчтүү, алдыга келгенин ашай берем. Эркектер, эр болсоңор чалгыла.

Аз да болсо анекдот
Баласы Америкага баратса атасы айтып атат дейт:
- Балам, абайла, Америка дегениңде бузуку кыздар көп болот имиш. Кокус андайларга барып оору жугузуп алсаң сенден келин балага жугат. Келин баладан мага жугат. Менден апаңа жугат. Апаңдан бүт айылга жукпайбы...

Президент элге кайрылып жатат:
- Быйыл экономикабыз 10 пайызга көтөрүлүп биз жыргал жашоодо жашайбыз. Эмдиги жылы 15 пайызга көтөрүлөт. Жашообуз дагы жакшырат.
Анда көпчүлүктүн арасынан бир кемпир:
- Ыя балам, а биз качан жыргап жашайбыз?-дейт имиш кемшеңдеп...

Партияга өтүп жаткан эр жигиттен сурап жатышат:
- Тамеки чекпейсиңби?
- Чекпейм.
- Арак ичпейсиңби?
- Ичпейм.
- Аялдарга барбайсыңбы?
- Барбайм.
- Партия үчүн өлүмгө барасыңбы?
- Барам.
- Эмнеге?
- Мындай жашоонун эмне кереги бар?!.


- О Кудай, жардам бере көр,-деп жалбарат жаңы кыргыз машинесин токтотууга орун таппай атып. Аңгыча ары жактан бир машина чыгып кетип орду бош калат. Анда тиги:
- О, Кудай убара болбой эле кой, орун табылды!-деп кыйкырыптыр.




Тосттор
А дейбиз, бу дейбиз, келгиле, андан көрө биздин жашоо булактын суусундай тунук, а бактыбыз шампандын көбүгүндөй ашып-ташып турушу үчүн калтырбай алып ийели.
х х х
Ичеличи, ичкенде мен ачылып, чачылып, төгүлүп, баарыңар мага жакын сезилип, дос сезилип, өзүмдү укмуш бактылуу сезем. Силер да карап турбагыла, келгиле ичели!
х х х
Арак ак, бирок ичсең мурдуңду кызартып, атагыңа кара так түшүрөт. Андай дейин десең көшөгөңөр көгөрсүн, уучуңар узарсын, уяттуу уул, кызыл кыздуу болуп, балпайган бай байбиче, бай болгула деген алтындай сөздөр кайдан айтылмак эле?! Айла жок, арак ачуу болсо да, тилеги таттуу экен, алып ийели!




Өмүр баян
Мен Баланчаев Түкүнчө Бастанчаевич мындан көп жыл илгери атам менен апамдын жыргалынан төрөлгөм. Бакырып жерге түшкөндө эле үнүм коңур, элге жагымдуу экен. Антип-минтип жерден боорумду көтөрүп, шымымды өйдө кылганга жарап калган кезимде атам өз катынына, апам өз күйөөсүнө кетип калат. Там-туң басканда мени өзүмө окшогон балакасостордун катарына бала бакчага апкелишти. Ал жактан мен көптөгөн билимдерди алдым. Мисалы, сөгүнгөндү, туруп сийгенди, бирөөнүн ашына көз артканды ж.б. үйрөндүм. Ал жактан кээде үйгө алып кетишсе, кээде унутуп калып атышып билимди толук ала албай калдым. Акыры чыгарып алышты. Көп өтпөй мектеп деген имаратка беришет. Бул жактан мен толук беш жылда 28 тамганы 9 цифраны өздөштүрдүм. Мугалимдер акыры менден тажаганда "Сага 28 тамга 9 цифра эле жетет, чоңойгондо министр болмок белең" деген тыянак чыгарышты. Дагы 15 жылдан кийин мектепти өзүмдүн ини-карындаштарымдан кийин бүтүрдүм. Себеби мен ар бир классты улам мыктылап, кайталап атып билимдин артынан түшүп кеткем. Чынында мен мектептен көптү үйрөндүм. Мисалы, кыздардын ажатканасын аңдыганды, калп айтканды, качканды, мугалимди сөккөндү, сабаганды, балакайларга салык салганды үйрөндүм. Кийинчерээк ушул билимдердин пайдасы аябай тийди. Мисалы, Салык инспекциясында иштеп жүргөндө, түрмөдө отурганда, КГБда иштеп турганда, дене тарбия мугалими болгондо, 2000-жылкы олимпиадага катышканда жогорку өнөрлөрүмдү көп колдондум. Билимдин күчү күч экен да.
Мектептен кийин университет деген окуу жай бар экен. Ал жактан адамды "кидала" кылганды, алдаганды, качканды, жатканды иши кылып көп нерсени үйрөндүм. Билимдин артынан сая түшүп алсаң жаман экен, университеттин ар бир курсун үч жолудан бышыктап окуп атып он беш жылда бүтүрдүм. Дагы биртке окуюн дедим эле ректор, декандар жалынып жалбарып атып дипломду колума карматышты да менден кутулгандарына сүйүнүштү. Кийин угушумча менин кеткенимди угушуп бир далай мугалимдер сүйүнүчтөн көз жаш алып, ректор, декан, кураторлорум чака түлөө өткөргөн имиш.
Университеттен деле оңой билим албаптырмын. Кийин депутаттык убада берүүдө аябай жардамы тийди. Министрликти башкарып турганда андан бетер. Универден кийин салык инспекциясына ишке орноштум. Өлкөнүн, өзүмдүн өнүгүшүм үчүн жан үрөп иштедим. Натыйжада бюджет бир далай акчадан куржалак калып, өздүк бюджетимдин киреше бөлүгү аябагандай көбөйдү. Көбөйгөндө да жарыктын ылдамдыгы менен көбөйдү.
(Эмки санда кантип депутат, министр, премьер-министр болгонумду айтып берем).









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan