дарамет

Тынчтык Абылкасымов:
"Сүйүүсүз деле өмүр сүрсө болот"
Мындан бир нече убакыт мурда "Боз салкын" кинотасмасында Сагындын ролун катыра аткарган Тынчтык бир топ эле ийгиликке жетише алган болчу. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, учурда жигиттик милдетти аткарып, аскерде кызмат өтөөдө. Аскердик бөлүккө барып Тынчтыкты таппай кайра кайттым. Качып кеттиби, же болбосо "жылдыз" болуп мөөнөтүнөн мурда бошоп алдыбы деп суроо үстүнөн суроо туулуп, жообу караңгы бойдон калган болчу. Акыры анын эрте бошоп кеткендиги, аскердик жашоонун оош-кыйышы, дегеле эмне себептен кызмат өтөөнү чечкендиги тууралуу баарлашып кайттым.

- Тынчтык, кечээ жакында сен кызмат өтөп жаткан бөлүккө барып, сени таппай калдым. Эмнеге мөөнөтүңдөн мурда кетип калдың?
- Мен жигиттин милдетин өтөп жаткан учурда мага сунуш киргизилип, "Газетчик Дзюйо" фильмине экинчи режиссёр болуп бер деп калышты. А мен болсо "Менин кызматым бар, мөөнөтүм жаз айларында бүтөт. Эгерде мени алып чыга алсаңар макулмун",- деп өзүмдүн макулдугумду берген болчумун. Анан кино союз маданият министрлигине кат жазыптыр, анан алар карап чыгып, коргоо министрлигине кат жөнөтүп мени мөөнөтүмдөн мурда кетишиме түрткү болду. Азыркы учурда жогоруда айтылган фильмде экинчи режиссёрдун кызматын аткарып жатам. Ал орунга жеткенче дагы канчалаган тепкичтерди, кыйынчылыктарды басып өтүүгө туура келет. Бирок, тилекке каршы азыр көпчүлүгү дароо эле режиссёрлукка келип отуруп, же болбосо башкы каармандын ролун аткаргысы келет. Бирок ошого да эмгек кылуусу кажет. Качан гана моюнга илинген оор жүктү көтөрүп кете алган соң, ошондо сага ишеним артылып бир жумушту тапшырат да. Мисалы, мен алгач оператордун жардамчысы болуп иштеп жүргөм. Өмүрүмдө, жада калса өз үйүмдө да боёк кармабаган колум ошол жердеги кардондорду сырдап жүргөндө күйбөгөн жерди күл кылган эле. "Аракетке берекет" демекчи, эми минтип экинчи режиссёрлуктун кызматын кылуудамын. Мен буга абдан кубанычтамын.
- Чыгармачылыкты таштап, күтүүсүздөн аскерге кетип калганыңдын себеби эмнеде?
- Эмнеге чыгармачылыкты таштап коюп кеттим? Менин оюмча аскерге барып мен көптөгөн нерсени үйрөндүм. Балким, кийинчерээк мага жоокердин образын жаратуу үчүн роль берилип калаттыр. Мүмкүн мага аскердик жашоону чагылдыра турган картина тартыш зарылдыр. Мунун баарын жасаш үчүн көзүң менен көргөн нерсе миң уккандан да артык. Анан дагы улуу байкелер менен өзүмдүн досторум менен сүйлөшүп отуруп калганымда алар аскерде жүргөндөгү убактарын эстешип, күлүп калышат. Мен болсо эч нерсеге түшүнбөй дендароо болуп отура берем. Алардын сүйлөгөнү мага таптакыр түшүнүксүз болуп, өздөрүнүн жашыруун тилинде сүйлөп жаткандай сезилчү. Алар эмне жөнүндө баарлашып, эмнелерди талдап жатышканы мен үчүн таптакыр туңгуюк болгондуктан, мен дагы ошолор менен сүйлөшүп отургум келчү. Анан дагы жөп-жөнөкөй аскердик чиндердин кандай аталышын билчү эмесмин. Ушулардын баары мага кызыктуу туюлуп, жоокерлердин жашоосун өз көзүм менен көргүм келди. Анан ойлонуп отурбай Ата-Мекенди коргоо максатта, жазга жуук жигиттик милдетти өтөөгө сапар алдым. Кудай буюрса, кино тартылып бүтсө, кайрадан барып кызматымды улантам деген үмүт бар.
- Кичинекей кезиңде аскерге барам деп ойлончу белең?
- Ооба, мен дагы байкелер сыяктуу аскерге барам, кызмат өтөп келем дечүмүн. Себеби, кичинекей кезибизде аскерге барчу балдарды кадимкидей той кылып узатышчу. Анан кийин алар келгенде кадимкидей өзгөрүлүп, чымыр денелүү болуп кайтып келишчү. Аларды көрүп алып биз дагы аскерге барабыз, Ата-Мекенди коргойбуз деп төш какчубуз. "Жаштын тилегин берет" демекчи, аскердик жашоону өз көзүм менен көрүп отурам. Бул жакка келип ушундай жоопкерчиликтүү жумушту жон терим менен сезип жатканыма абдан кубанычтамын.
- Ошол жакта жүрүп жаңы идеялар, илхом жаралып жоокерлер жөнүндө кино тартсам деген ойлор болдубу?
- Бизде кандай жумуш аткаралы дебейли маселе сөзсүз материалдык каражатка келип такалат. Мен ушунча убакытта канча кызыктуу окуяларга туш келсем дагы толук метраждуу кино жаратчу консепцияга токтоло алган жокмун. Ошон үчүн кино тартыш үчүн дагы көп эмгектениш керек.
- Сени менен чогуу жүргөн жоокерлер сени кандай кабыл алышты?
- Чынын айтыш керек, алгач барганда мени менен чогуу түшкөн балдар бир айча өздөрүнө келе албай жүрүштү. "Кантип эле Сагын биз менен кызмат өтөйт" деп таң калышып, ишенбегендери болгон. Бирок, кийинчерээк баары өз ордуна келип, көнүшүп кеттик.
- Силерден мурунку чакырыктагы жоокерлерден таяк жеп, ачка калып кыйналган күндөр башыңдан өттүбү?
- Мен "дедобщина" дегенге интернатта 5-класста окуп жүргөндө туш болгом. Ал күндөрдү эстесем жүрөгүм шуу дей түшөт. Анда биздин жаткан бөлмө 11-класстын бөлмөсүнүн жанында болчу. Түндөсү уктап жатсак биздин бөлмөгө киришип: "Ким сникерс жейт?" дешчү. Коркконубуздан "мен" дейбиз да. "Ме, же"-деп туруп кир байпактарын колубузга карматып коюшчу. Биз аларды жууп, кургатып берээр элек. Ал эми азыр ал биздин бөлүктө "дед" деген нерсе дээрлик жокко эсе. Балким башкаларда бардыр, бирок бизде жок. Себеби, бизге көпчүлүгү мөөнөтүнөн өтүп кеткендер, же болбосо окуп калып жашы өтүп кеткендер келгендиктен андай нерсеге анча деле маани бербейбиз. Ал эми ачка калуу деген ал жакта жок. Ал жакта жеген тамакты үйдө да бербесе керек. Үч маал ысык тамак, кышында кышкы, жайында жайкы кийимдерди берип турат. Ачка калгандар болсо өздөрүнүн күнөөсү менен гана ачка калышы мүмкүн.
- Мисалы, кандай күнөө?
- Негизгиси тамак ылгап жегендер көп ачка калышат. Кээде тамактын тузу ачуу болуп калса тамак ичпестен, жөн эле нан жеп алышып, курсагы ачка жүрө берет дегендей.
- Апаңдын колун узартып, качан жалгыз башыңды жуп кыласың? Сенин жан шеригиң боло турган бийкеч бар болду бекен?
- Чынын айтсам бул аябай оор суроо. Азыркы учурда жүрөгүм бош. Анан мен жанагы сүйдүм-күйдүм дегендерге түшүнбөйм да. Кантип ошондой болушу мүмкүн. Мен үчүн сүйүү жоктой сезилет. Ромео менен Жульеттанын сүйүүлөрү кандай бекем болгон. Мен үчүн ал нерсе таптакыр жат көрүнүш. Менин өмүрлүк жарым мени менен чогуу жашап кете турган болсо болду. Сүйүүсүз деле өмүр сүрсө болот деп ойлойм. Негизгиси бири-бирин урматтап, сыйлоо.
- Анда ата-энең үйлөн деген кызга үйлөнө бересиңби?
- Бул жерде башка нерсе да. Азыркы учурда деле барып тааныш, көр деп айтып жатышат. Жүрөгүм бош, демек азырынча менин жан шеригим болчу кызга жолуга элекмин. Бойдокчулук менен качан гана сааты чыгып, кудай буюрган күнү коштошом.

Маек курган
Нурзат Жусупова




"Обон"-почта
ОП-53-01. Ой Насыйкат, жоголбой эле мен мында. Кол булгалап салам айтам, сен кайдасың? Сейилдеп жүрөм сүйүү багында. Сүйүшөйүн дедим эле, дос болдук биз башында. Иманбеков Мирбек байке сүйүшөбүз ээ жайында? Жар салгым келди кыргыз калкыма. Ак жоолукту салынтып алып кетчи, Чоң Кара-Буура айылына. Мен сен үчүн баарына даярмын. Эх, алтыным кайгырбачы, кайгырба. Сен адашып башка кызды сагынба. Ар дайым Кудайдан амандыгың тилеймин. Маанайыңды чөктүрүп жаман окуяга эч кабылба. Жаным десе, садага болоюн ий. Сюзана.

ОП-53-02. Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеп жаткан эжебиз Зыягүлдүн 23-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз. Зыягүл эже, сизге чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Инилериңиз Искендер, Майрамбек, келиниңиз Бегимай жана сиңдиңиз Анара.

ОП-53-03. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сымкаттын 87-жылкы балдарына салам. Астанадан Таалай.

ОП-53-04. Мен келгенде жылдын эң жаман жаңылыгы Неля Урматка тийип алганы. Урматик, Аяны сүйчү эмес белең? Эма, Гузел.

ОП-53-05. Кыргыз жери керемет! Салам достор, мен жок зерикпедиңерби? Мени бөлөк жер өзгөртүп салды. Чынында эркелигим, көтөрүмдүүлүгүм калды. Сүйүүнү деле унутуп калдым. Досторум байланышкыла. 0777393735. Эма, Гузел.

ОП-53-06. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына бекем ден соолук, бакыт, өмүр, кетпес дөөлөт, берекелүү ырыскы каалайм. Сиздерди сонун ийгиликтер коштоп жүрсүн. Гүлшан.

ОП-53-07. Салам достор! Бусурманов Урмат, туулган күнүң кут болсун! Жазгүл экөөң бакыбат өмүр сүрүп, наристелүү болуп, үлгүлүү үй-бүлөдөн болгула. Бир туугандары, жеңелери.

ОП-53-08. "Толебай" базарында соода кылган Ноокаттын кулуну Муратка арнаймын. Көздөрүңдөн жылуу нуруң төгүлөт, сени көрсөм оюм онго бөлүнөт. Сүйдүм сени жүрөгүмдөн сагынып, сүйгөндүгүм көздөрүмдөн билинет. Сени көрсөм алыстан мен кубанам. Кубангандан ыйлап алам кусадан. Сени сүйүп, сен деп соккон жүрөгүмдү түшүнбөстөн четке какпачы, суранам. Алыстан көрүп кубанып жүргөн, бир өзүңдү тымызын сүйгөн, сага арнап ыр саптарын түзгөн, айланаңда бир кыз бар. Тараздан К...

ОП-53-09. Ар нерсени көрө билбейт адамдар, жашоосунда сөзсүз түрдө жалган бар. Акыйкаттуу, сөзү таттуу адамда кардан аппак, сүттөн таза сезим бар. Жан дүйнөмдү билбеген бар, билген бар. Сезимимди сезбеген бар, сезген бар. Сездирүүгө билдирүүгө сезимди, он колумда аппак сотка бар. Смс жазгыла, дос болобуз. 0777180289

ОП-53-10. Адабий менен айтып, биология менен кайтып, алгебра менен теңеп, черчение менен ченеп, жүрөк менен таптым. Сен гана мага жактың, жаным Динара. Кербен-Куба.

ОП-53-11. Жалал-Абаддын жаркылдаган сулуусу Гүлистанга салам. Кербен-Куба.

ОП-53-12. Карындаштарым Наристеге, Наргизага, Саламатка супер салам. Ар дайым ата-энеңердин алдында аман болгула! Кербен-Куба.

ОП-53-13. Менин саламым Хан-Шай, Барби, Айдана-Анту, Жака-Жазгүл, ошондой эле досум Тариелге чоң салам. Аяш менен кармашкан колуң түбөлүктүү болсун. 07775703хх

ОП-53-14. Салам "Кыргызстан обондору", биринчиден сиздерге салам. Ак -Өргөөдө жашаган жездем Мырзага, эжем Венерага, карындаштарым Аселяга, Айка, Айзат, Даркүлгө жана иним Адилетке салам. Москвадан Таалай.

ОП-53-15. Кара-Кулжа районундагы Бегиев мектебин 2007-жылы бүткөн 89-жылкы классташтарыма салам. Мен силерди абдан сагындым. Астанадан Санжарбек.

ОП-53-16. Нагима, сен аябай татынакай кызсың. Ар дайым ушундай бол. Жаратканым жакшылыгын аябасын. Бактияр.

ОП-53-17. Акмарал, мен сени сүйөм. Арпа-Сайдан Н...

ОП-53-18. Араван районунун тургуну Айткан, досуң Назгүл сенин кайда жүргөнүңдү билгиси келет. Эгерде смсти окуп калсаң мага телефон чалчы. 89264986407.

ОП-53-19. Урмат, Болот, Өткүл, Адыл, Замир, Марлис, Каныбек, Кенжебек, Темир, Жаныш, Байыш, Дуулан, келе жаткан 23-февраль майрамыңар менен. Айко-90.

ОП-53-20. Супердин сулууларына, аларды купальникчен тарткан сүрөтчүгө, андан кийин аларды гезит бетинен көргөн ата-энесине, туугандарына чоң рахмат. Мейли Малайзияга да барсын. Бирок, аркы дүйнөдөгү Малайзияны да ойлош керек да. Келгиле, намыстуу болуп, намаз окуйлу. Буюрса, мен да намазга жыгылам, даярданып жатам. Кулпунай.

ОП-53-21. Жалал-Абадка чоң салам, өзгөчө Базар-Коргондун окурмандарына. 05432262хх.

ОП-53-22. Кээ бир мектепте бирин-серин жоолук салынгандарга каршы сүйлөбөй, сойкуканада иштеп жаткандарга каршы иш-чара колдонсо болбойбу? Эмне дедиңер, достор? Оштон Нурмухамед.

ОП-53-23. Астанадан Кыргызстанга салам. Артёмдо соода кылган досторумдун иштерине ийгилик. +770256549хх.

ОП-53-24. Араван районунун Төөмоюн 2-бөлүмүндө жашаган Жанара, сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм. Мен сени сүйөм. Азиз.

ОП-53-25. И. Абдыразаковду өтүп кеткен сүйүү күнү менен куттуктайм. Алина-93

ОП-53-26. Чымкентте иштеп жаткан Мамбет жезде, Назгүл эже майрамыңар менен. Балдызыңыз.

ОП-53-27. Чымкенттик досторум, махабат майрамыңар менен! Гүлкайыр.

ОП-53-28. Калининдик Айгерим, Элнурага салам. Алтынбек акеме жана сүйүктүү ырчым М.Иманбековго салам. Айжамал.

ОП-53-29. Сезим козгоп, сулуу кыздар назданат,/ Айткылачы кимдер эми махабаттан кайталат./ Жашоо кызык күндө майрам салтанат,/ Ошондуктан сүйүп жаша жаралбайбыз кайталап. Бакай.

ОП-53-30. Нурмухаммед мен сени сүйөм. Сени менен өткөргөн ошол бир күн түбөлүк эсимде кала бермекчи. Кара көз сулуу кыз.

ОП-53-31. Менин саламым "Шабдан-Ата" орто мектебинде окуган 10-а классына жолдонот. Силерди келе жаткан 23-февраль майрамыңар менен да куттуктайм. Классташыңар Миргүл.

ОП-53-32. Уруксатпы супер СМСчилер, мени да араңарга кошуп алгылачы? Эх-Мембо.

ОП-53-33. "Обон" гезитинин жалпы жамааты, окурман смсчилер амансыңарбы? Мен силерди абдан сагындым. Эми мындан ары бирге болобуз. Албетте, "Обон" гезити аркылуу. Урматым менен Канжар.

ОП-53-34. Саламатсызбы Шайыр эже, сизге каалоо айтыш мен үчүн чоң салтанат. Сизге жолугуш үчүн "Эх Мембо" атанат. Каалайм сизге чың ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт, саламат. Сизди сыйлап Эх-Мембо.

ОП-53-35. "Бекжан" базарында иштеген досум Айгеримге салам. "Самалдан" Мээрикан.

ОП-53-36. Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын Калыбек Сакиев көчөсүндө жашаган Сакиев Ильич акеге салам. Комиссия качан келет? Алмаш.

ОП-53-37. Салам сырдуу кыз, "чёрный" Эрландын кай жерин сүйдүң? +770260626хх.

ОП-53-38. Жетемби мен ойлогон тилегиме, атыңды жазганым жок билегиме. Атыңды өчпөс кылып жазып койдум, бир гана сени сүйгөн жүрөгүмө. А…

ОП-53-39. Саламатсызбы Шайыр эже, мен сизден белек алгым келет. Меда.

ОП-53-40. Өзгөн районунун Мырза-Арык айылындагы туугандарга салам. Бишкектен Венера.

ОП-53-41. Мирбекке куда түшкөн адам Айчүрөк эже менен кызы эмеспи. Гүлнур.

ОП-53-42. Жаным Мадина, мен сени жанымдан артык көрөм. Сенин Азаматың.

ОП-53-43. Адам барбы махабатка чөкпөгөн, азабы арбын деңизинен өтпөгөн. Таасиринен бошоно албай сүйүүнүн, кээде толкуп, кээде күйүп өрттөнөм. Оштон Нурмухаммед.

ОП-53-44. Бакайга ыр: Ырларың сенин бал кымыз, ырахат алат канча кыз. Өрт койсоң да Бакайым, ыраазы болдук жалпыбыз. ОП-52-150, мага каалооңо чоң рахмат. Ыраазычылыгымды билдирем. Оштон Нурмухаммед.

ОП-53-45. "Обонтайга" ангел Асемден жалындуу ысык салам. Жамаатыңарга ийгилик каалайм. Бар бол, ылайым көп жаша. Биз ар дайым сени мененбиз. 07737887хх

ОП-53-46. "Обондун" супер смсчилери Нурмухаммед, Хан-Шай, сиздер менен таанышкым келет. Хан-Шай эже, сиздей акылдуу эжем болушун каалайм. Чымкенттен Мээрикан.

ОП-53-47. Карындашым Делвира, амансыңбы? Дайының жок болуп кетти го. Байкең.

ОП-53-48. Урматтуу СМСчилер, "Обондон" эч качан алыстабагыла. 07771518хх.

ОП-53-49. Мирбек Атабеков мен сизди сүйөм. Эгер окуп калсаңыз 0555817375 номерине бир жолу СМС жазып же чалып коюңузчу? Жазгүл.

ОП-53-50. Ч.Мырзаев, окуп калсаңыз 0555820253 номерине телефон чалып коёсузбу? Элмира.

ОП-53-51. Жаңы супер СМСчилерге айланган же мен тааныша элек СМСчи окурмандарга салам. 0773648574 номерине байланышсаңар болот. Эскертүү: бул номер "Обон" гезитинин окурман СМСчилери үчүн. Канжар.

ОП-53-52. Оштук балдар менен таанышам. 18ден 25 жашка чейин, маякка жооп жок. 0777419847.

ОП-53-53. Салам "Обондун" СМСчилери, силер суперсиңер! 07734217хх.

ОП-53-54. Табышмак азыр мага менин сүйүүм, табалбай жандырмагын жүрөмүн.Тагдыр таап жандырмагын сүйүүмдүн, жолуктурар сени мага күткөнүм. Шумкар.

ОП-53-55. "Обондун" көркүн ачкан досторума, окурмандарга, СМСчилер Кербен-Куба, Хан-Шай, Мемо, Гүлшан, Меришка, Айдеми-Айка, Алтынай, Макуся,Сасиона, Тина, Наргиз жана башкаларга супер салам.Өнөрүңөр өркүндөп, ишиңер илгерилеп, калемиңер курчуй берсин. Канжар.

ОП-53-56. Салам Хан-Шай эже, сиз менен таанышкым келет. +77022694671 Мээрикан.

ОП-53-57. Алёш мен сени абдан сагындым, сага эмне болду? Мага ошону эле айтып койчу? Сага мен өз сүйүүмдү айткым келет. Мээрим.

ОП-53-58. Кымбаттуу Токторбаев Улан, сизди 23-февраль туулган күнүңүз менен куттуктайм. 07728384хх.

ОП-53-59. Атам Сакиев Замирбекти 24-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Ата, ар дайым ден соолукта жүрүңүз, өмүрүңүз узун болсун. Балдарыңыздын урматын, кызыңыздын кызматын көрүңүз. Уулуңуз Манас.

ОП-53-60. Өмүрлүк жарым Айка, алтындай кызым Зайкага салам жолдойм. Алтындарым, ар дайым дениңер сак, асманыңар ачык болсун. Силерсиз жашоом кызыксыз. Силерсиңер менин бул дүйнөдөгү бар байлыгым. Алман-90.

ОП-53-61. Жалбарып суранамын, жардам бергин жаратканым. Бул жашоодон жаңылганым, чын сүйүүдөн айрылганым.Элестейт көз алдыма, айлуу түндө бир жатканым. Жаңырат кулагыма, таң алдында сырдашканым. Мен сүйүүдөн жараландым, жардам бергин Жаратканым. Канжар.

ОП-53-62. Жалал-Абад шаарындагы ИПТ колледжине кайнап турган салам.Анарбү эжекеге ден соолук каалайм. ИПТ биз үчүн алтын. 07771518хх.

ОП-53-63. Дайыр Исмадияров, "Белестин" "Беш ыргайын" сонун алып бардың. Угармандардан келген СМС билдирүүлөргө кат куржунуңду толтуруп кайтсаң керек ээ? Акпери.

ОП-53-64. Апаке, бактымсыз бар жашоомдун байлыгы, жанымда болсоңуз сезбейм эч бир кайгыны. Бир күн жок болсоңуз үйдө билинет сиздин жоктугуңуз. Апаке ар дайым аман болуңуз. Саламат.

ОП-53-65. Байкемди жана анын достору Адилет, Чыңгыз, Аман, Саламатка салам жолдойм. Майрамыңар менен. Ошондой эле досторум Бакир, Марат, Элдияр, Адилет, Урмат, Нурзатка чоң салам. Практиканы жакшы өткөргүлө. Караколдон Гули.

ОП-53-66. Байкем Максатты 25-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Сизге узун өмүр, чын-ден соолук, бакыт каалайм. Жеңем менен түбөлүк бактылуу өмүр сүрүңүз. Жеңе мен сизди жакшы көрөм. Саламат.

ОП-53-67. Чынгыз Мырзаев, эрке карындашыңыз Эркинайдын бетинен сүйүп коюңуз. Нурия.

ОП-53-68. Сапар Эркебаев, сиз меники болосуз. Сизди эч кимге бербеймин. Башкаларга ыраа көрбөймүн. Сиз менин жүрөгүмдүн ээсисиз. Сизди чексиз сүйгөн Турдуева Гүлзат.

ОП-53-69. Сүйүктүү досторум Орозгүлгө жана Наргизага салам. Прелест.

ОП-53-70. Ат-Башы районунун Калинин айылында жашаган досум Нуриланы туулган күнү менен куттуктайм. Айпери.

ОП-53-71. Мен Жашарбек уулу Улан байкени издейм. Улан байке мен сиздин номериңизди жоготуп алдым.Сураныч, мени менен байланышып коюңузчу? Сиздин чалууңузду күтөм. Азыркы номерим 0550068136. Камал кызы Айсулуу.

ОП-53-72. Салам Мери, кыргызда жакшы макал бар го. "Адамды кандай экенин өңүнөн эмес, сүйлөгөн сөзүнөн байка" деген. Ошондуктан мени жигиттериңе теңей бербе, макул. Кербен Куба.

ОП-53-73. Мен телефонумду жоготуп жиберип, жашоомдогу эң керектүү адамымды жоготуп алдым. Миталипов Мелис, сураныч мени менен байланыш. Менин номерим 0550068136. Суранам, кызыңды ойлочу, кызың 7,5 айлык болуп калды. Айка.

ОП-53-74. Салам Кербен Куба. Айбийке чоңоюп жатабы? Бетинен сүйүп кой. Сенин номериңди таппай жатам, байланышып кой досум. 0773648574 Канжар.

ОП-53-75. Салам Рустам аке, сизди 23-февраль майрамыңыз менен куттуктайм.Бар болуңуз, бай болуңуз. Сизди урматтап Каку.

ОП-53-76. Балдар майрамыңар менен! Ева.

ОП-53-77. Досторум Айка, Аська, Ажар, Ума, Иба, Нури, Айко, Айза, Аня, Анаргүлгө салам. Бар болгула кыздар. Айжа.

ОП-53-78. Мирбек, Ильяз, Дайыр, Алихан, Даниель, Урмат, Султан, Акбарга чоң салам.Майрамыңар менен. Чыгармачылык ийгилик, дайыма сахнада жүрө бергиле. Караколдон Гуличка.

ОП-53-79. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жамааты? Сиздерден сураныч, гитара кылын сыздаткан, жүрөктөрдү ыйлаткан, "Таарынба", "Ох, жаным" деп ырдашкан Т.Бектурганов жана Н.Тиллебаев агалар жөнүндө жазыңыздарчы? Эркин КБш.

ОП-53-80. Чымкенттин "Бекжан" базарында иштеп жаткан, дүңүнөн байпак саткан "крутой" досторум Апал, Рахат, Тилек, Бакыт жана эжелерим Феруза, Майрам, Ширин, Айназикке чоң салам. Гүлкайыр.

ОП-53-81. Самат сени сагындым. Чымкенттен жаның Айпери.

ОП-53-82. Баткен облусунун Рават айылынын жашоочуларына салам. Москвадан С.Эрик-85.

ОП-53-83. Чымкенттеги "Бекжан" базарында иштеген Мирбекти майрамы менен куттуктайм. Ар дайым аман бол. Сүйгөн жарың Зарина.

ОП-53-84. Насыйкат, эгер пайдасыз болгондо Аллах пайгамбар жибербейт эле. Адеп, Илим - Ыйман жемиши. Гүлшан.

ОП-53-85. Кыргызстандык жигиттер, баарыңарды 23-февраль майрамыңар менен куттуктайм.Ар дайым бар болгула. Гүлкайыр.

ОП-53-86. Нурмухаммед, сагындым сени. Билем сен да мени сагынасың, бирок мага чала албайсың. Аны да билем. С... (модель).

ОП-53-87. Кошунам Диларага чоң салам. Шайыр менен бактылуу бол. Гүлнур.

ОП-53-88. Саламатсызбы ай чырайлуу, күн десе күндөй, ай десе айдай сулуу, мен кумир туткан Шайыр эжекем.Кудайым сизден жакшылыкты аябасын. Мен да сиздей актриса болгум келет. Талантыңызга таазим. Гүл-Асел-92.

ОП-53-89. Саламым алыста жүргөн сүйүктүү адамым Мелиске жолдонот.23-февраль майрамың менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ар дайым кыргызымдын керегине жараган жигиттерден болушуңду каалайм. Гуля.

ОП-53-90. Алыскы Жалал-Абаддагы досторум Саламат, Делвира, Гуля, Оштогу Аида, Баткендик сулуу кыз, таластык Айназик, көлдүк Аэлита, нарындык Нурсулуу, Чүйлүк Аделина жана Бишкектеги досторум амансыңарбы? Ишиңерге жана окууңарга ийгилик. Канжар.

ОП-53-91. Сүйүү гүлүн колума бекем кармап, ошол күндү күтүп келем күндө самап. Айла жок, болбойт десең ошол күндү. Кала берем, сага жетпей жалгызсырап. Эркин, КБш.

ОП-53-92. Таш-Көмүрлүк Гүлшан жана Нуржанга салам. Дайыма үй телефонуңар иштеп турсун. 07721306хх.

ОП-53-93. Салам айтат Кара-Балта кулуну, кандайсың деп Кант шаарынын сулуусу. Үнүңдү сенин сагындым Гүлбарчын, угузчу сен үнүңдү. Эркин.

ОП-53-94. Салам Хан-Шай, өткөн сандагы смс үчүн кечирим сурайм. Аны мен жазбадым, капа болбо. Сизге амандык, тынчтык тилеп 777013хх23.

ОП-53-95. Адамда бар жалгыз жүрөк, ал жүрөк бирди тандап бирди сүйөт. Менде да бар ал жүрөк, сени тандап сени сүйөт. Улук, мен сени сүйөм. Айка.

ОП-53-96. Мен чыныгы сүйүүмдү тапкым келет. Сиздерден смс күтөм. Лаки, 0777542851.

ОП-53-97. Мээрим, билем азыр смсти окуп жатасың, билсең, бирөөнүн номеринен смс жазганда ойлонуп жазыш керек. Эми ушул 789624 номери сага белек. 07701393хх.

ОП-53-98. Неля, Урмат, бактылуу болгула. Силерге кең келечек, бакыт таалай, чыныгы сүйүү, чыгармачылык ийгилик каалайм. Ангел-Асем.

ОП-53-99. "Обон" сен бар үчүн дүйнө керемет. Нускаң миллионго жетсин. Биз дайым сени мененбиз. 07737884хх.

ОП-53-100. Саламатсызбы Шайыр эже, белгилүү адам катары кайрымдуулук кылдыңыз беле? 0772967172.

ОП-53-101. Атам Каленов Рысбектин 18-февраль туулган күнү, 42 жаш кутман курагы менен куттуктайм. Апам экөө ылайым жүзгө чыгышсын. Эч оорубасын. Ангел-Асема.

ОП-53-102. М.Иманбеков, мен сени сүйөм. Күйөрманың Гүлнур.

ОП-53-103. Оштогу Айпери, Апал деген досторума салам. Папандагы досуңар Гүлнур.

ОП-53-104. Сиңдим Кыялды 20-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Бар бол. Алина-93.

ОП-53-105. "Обондун" жалпы жамаатына чыгармачылык ийгилик каалайм. Смсчилерге супер салам. Калемиңер курчуй берсин. Бар болгула, силерди сыйлап Алина-93.

ОП-53-106. Сүйүү, сүйүү кандай сонун көңүлдүү, сүйбөй дагы өткөрөбү өмүрдү. Сүйүп жүрүп сүйгөнүнө жетпесе, ойлоп көрчү ошол дагы өмүрбү? Гүлзина.

ОП-53-107. Алайдагы атамды жана инилерим Нуржамал, Өмүрбек, Кутболотту майрамдары менен куттуктайм. Мен силерди жакшы көрөм. Нурзат.

ОП-53-108. Саламым оорумду колдон, жеңилимди жерден алган, жамандык, жакшылыкта бирге болгон досторума жолдонот. Жиниңер келгенде күлүп койсоңор жиниңер уят болуп кетип калат. Анан жашооңор меникиндей болот. Нурзат.

ОП-53-109. Мен ыймандуу жигиттер менен үй-бүлө куруу максатында таанышам. Атым Жылдыз. 0773700613.

ОП-53-110. Урматтуу Хан-Шай ыплас иш кандай болоорун билип алып анан сүйлө, жөн эле дөөрүй бербей. Нургазы сендей төмөн деңгээлге түшпөйт. Сонунбек.

ОП-53-111. 17-18 жаштагы кыздар менен таанышам. Атым Таалайбек, маякка жооп жок. 0777196003.

ОП-53-112. Кандай назик күлгөнүңөр сулуулар, таза тунук мага айткан сөзүңөр. Бактылуулук күндөр дагы алдыда, кандай сонун карачы жаштык күндөр. Эркин КБш.

ОП-53-113. Давлет, апаңа түшүндүрүп кой. Мен досторумду телефон чал деген эмесмин сага. Эч кимдин көчөдө калган кызы жок. Азыр 21-кылым. +792583769хх

ОП-53-114. Мирбек Иманбековго: 23-февраль майрамыңыз кут болсун. Башыңызга балбылдаган бакыт консун. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Жамандык кууп жетпесин. Өзүңүз айткандай, ден соолук болсо баары болот. Сюзана.

ОП-53-115. "Обон", элдин купулуна толгон мыкты гезит болупсуздар. Дизайн жагы да эң жакшы. Талыкпаган эмгегиңиздер үчүн рахмат. Ырчылардын паровозу токтобосун. Эң сонун экен. Ийгилик силерге. Камелия, Ош.

ОП-53-116. Саламым супер СМСчилер Хан-Шай, Айгөлөк, мен силер менен таанышкым келет. Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин. 0772334870 Жанус Роза.

ОП-53-117. "Обондон" таанышкан досторго салют. Эльдияр, Макуся, Мери, Маха, Рианна кандайсыңар? Өзгөчө Кербен-Куба сага салам, жубайың менен бактылуу бол. Мага 0777714111ге телефон чалгыла. Бийчи Диана.

ОП-53-118. Саламым алыскы Ноокат районунун Кашкалдак айылындагы 1988-1989-жылкы классташтарыма жолдонот. Силер суперсиңер. Нуржигит.

ОП-53-119. Саламым Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында жашаган досум Осмонова Гүлжанга жолдонот. Досум кай жактасың, кабарыңды билдирчи? Сени сагынып досуң Жийде.

ОП-53-120. Хан-Шай биздин Нургазыга сөз айтпа, этият бол! Лидерлер мектеби-2 ОшТУ.

ОП-53-121. Шайыр деген ысымдын өзү эле сонун сөз. Сиз жашоодо кайталангыс талант, асыл адамсыз. Сиз менен жолугуп, сиздей актриса болгум келет. Жами.

ОП-53-122. Темир толду таштанды болуп тосмо, ракета учуруп жатып космоско. Тазалап баарын ташып кетсин, айтып койгулачы кытай доско. Бакай.

ОП-53-123. Хан-Шай эже мен сизге кошулам, өз намысын билбеген кыздар жок дегенде ата-энесин ойлоп коюшпайбы? Делбира.

ОП-53-124. Супер СМСчилер Кербен Куба байкеге жана Батина эжеге супер салам жолдойм. "Обондун" СМСчи мырзаларын майрамы менен куттуктайм. Шайыр.

ОП-53-125. "Обондон" тапкан эң жакшы көргөн досторум Абда, Барби, Гүлшан, Барчынайга өзгөчө салам. Алланын сүйүктүү пенделеринен болгула. Гүланда.

ОП-53-126. Менин эң жакын досум Делбирага салам жолдойм. Мека.

ОП-53-127. Жаным Султан, сүйүктүүң менен бактылуу бол. Сен ар дайым менин жүрөгүмдөсүң, сенин талантыңа таазим кылган Кадамжайдан Сабира Садыралиева.

ОП-53-128. Урматтуу СМСчилер, силерге эмне болгон ыя? Бири-бириңерди жамандагандан башканы билбейсиңер? Деги эле өзүңөрдү жакшыга чыгарып, бирөөнү жамандагандан уялбайсыңарбы? Өзүңөргө мен киммин деп суроо берип көрсөңөр, сен эч ким эмессиң. Бардык адам бирдей, өз арабасын өзү тартат. 07770386хх.

ОП-53-129. Алматыдагы Айдаралиева Назгүл, Жылдыз эжелериме салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм. Назгүл эже кутман курак 32 жашыңыз кут болсун. Гүлиза-91.

ОП-53-130. Сүйүктүү ырчым Даниелди 20-февраль туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик, тунук сүйүү, бакыт каалайм. Алтыным, жаным аман бол, бактылуу бол. Күйөрманың Фатима.

ОП-53-131. Хан-Шай эже, Нургазы агамды эмнеге капа кылдыңыз? Ал сизди жүрөктөн сүйчү, мындай баланы таппайсыз, эми уялаарсыз. Эржан.

ОП-53-132. Эмнеге адамдар бири-бирин жамандап, ушактап, ак жерден каралашат. Ушул убакка чейин эч кимди жакшы көрбөйм, сүйбөйт да болушум керек дечүмүн, бирок мага да сүйүү сезими келди. Мен ушул убакка чейин күткөн адамга кезиктим. Ал да мени жакшы көрдү, бирок адамдарга айла жок, албетте жакшы адамдар дагы бар. Эмнеге бири-бирин күтүшүп, сүйүшкөндөрдү ажыратканга умтулушат, ушуга түшүнбөйм. Мен дагы ошол калпычылардын алдаганына ишенип, жакшы көргөн адамымды катуу таарынттым. Эми андан кантип кечирим сурайм. Кантип анын көзүн карайм, билбейм. СМСчилер кеңешиңерди аябайсыңар деген үмүттөмүн. Жүрөгү жараланган Нури.

ОП-53-133. Инфакта ЗАККБ тайпасында окушкан Исаш, Акмаш, Адиш, Саип, Дамиш, Гүлмаш, Гүлжаш, Нураш, Салташ, Жанна, Мираш, Элиштерге салам жана ийгилик. Айгерим.

ОП-53-134. Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Чарба айылында жашаган сиңдим Мирбек кызы Айгеримди 5-мартта бирге чыгышы менен куттуктайм. Сага чың ден соолук, узун өмүр жана кыргыздын керегине жараган кыздардан болушуңду каалайм. Эжең Элмира.

ОП-53-135. Кымбаттуу Асема-90, Айка, Мунара, Ерлан-89, Самат-89, Руслан, Рамил-92 силерди өтүп кеткен майрамыңар менен куттуктайм. Элнура-92.

ОП-53-136. Сүйүктүү карындашым Делвира, деги эле кабарың жок да. Хан-Шай номериңди алмаштырдыңбы? СМСиме жооп болбой жатат. Канжар.

ОП-53-137. Борбашев Чынгыз Сарылбековичке чоң салам. Байке сиз эң мыкты спортчусуз. 23-февраль майрамыңыз кут болсун. Бар болуңуз, сиз суперсиз. Ден соолугуңуз темирден да бекем болуп, ак сакалдуу чал болуңуз ээ? Сюзана.

ОП-53-138. Салам "Обонушка", сиздерге жана СМСчилерге салам. Ар дайым асманыңар ачык болсун. Жаратканым жакшылыгын эч качан аябасын. Фирдаус.

ОП-53-139. Саламым "Обондун" СМСчилерине, өзгөчө досторум Аниса, Айгүл, Гүлшан силерди сагындым. Хан-Шай бар болуп, бай болуңуз. Рахима.

ОП-53-140. Саламым Отуз-Адыр айылында жашап жаткан атам Омарга, апам Умсунайга, агам Алтынбекке жолдонот.Силерди жакшы көрөм. Ошондой эле жалпы кыргыз элиме тынчтыкты, токчулукту, молчулукту каалайм. Батыр.

ОП-53-141. Кушу жаным, сени сүйөм. Алтышкаң Каныкей.

ОП-53-142. Кыздар менен таанышам. СМС жазгыла, маяка жооп жок. +77777892899

ОП-53-143. "Обондун" бардык мырзаларын жана жандай көргөн жакын адамым Канжарды майрамы менен куттуктайм. Досум жашоодо эч жамандык көрбө, ар дайым ден соолукта бол. Кыскасы, өзүмө эмне кааласам сага жана сенин үй-бүлөңө андан ашыгы менен каалайм. Урматым менен Сасиона.

ОП-53-144. "Обон" силер азаматсыңар.Окуй турган нерселерди көп жазасыңар.Өткөндө айылга алып барсам атам окуп көрүп, салмактуу гезит экен деди.Калемиңер курчуй берсин.Ийгилик силерге. Душмандарыңарга моюн сунбагыла деп "Обон" менен ооруган Бегимай.

ОП-53-145. Досум Бактияр, 23-февраль майрамың мнен куттуктайм. Сага чың ден соолук, иштериңе ийгилик, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Аяна.

ОП-53-146. Атабеков Мирбек 23-февраль майрамың менен куттуктайм. Гүлнур.

ОП-53-147. Жаным Элзатты 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Мен сени аябай жакшы көрөм. Ар дайым бар болуңуз. Сиздин "алтын балыгыңыз".

ОП-53-148. Саламым "Обондун" СМСчилерине, окурмандарына жана Элзатка жолдонот. Бардык мырзаларды 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Наристе.

ОП-53-149. Даниелди 20-февраль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул өмүрдө бактылуумун сен барыңа, махабаттын тайгалак ашуусунда. Мен дагы жылдыз болгум келет сага окшоп, жалгыз калдым келчи кучагыма. Данчик, туулган күнүң кут болсун, бакыт таалай куш консун. Ден соолугуң бек болсун, арчадай өмүрүң узун болсун. Макуся.

ОП-53-150. Салам алейкум кыргыз элинин намыскөй жигиттери! Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Узун өмүр, бекем ден соолук,бакубат турмуш, жарык маанай, жүрөгүңүздөр ыймандуу, санааңыздар тынч, кирешеңиздер, ырыскыңыздар берекелүү болсун. Аман болуңуздар. Гүлшан, Барби.

ОП-53-151. Продюсер Канат Култаевдин кенжетай эрке уулу Даниелди 20-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым ата-энең сыймыктанган кыргыздын патриот мырзасы бол! Сасиона.

ОП-53-152. Таластын Өзгөрүш айылында жашаган атам Маратты, иним Бекзатты 23-февраль майрамы менен куттуктайм. Ар дайым биздин бактыбызга бар болуңуздар. Насыйкат.

ОП-53-153. Байкелерим Теки, Сашка, Кыдыш, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм. Ар убак бар болгула, бай болгула. Айкөкүл.

ОП-53-154. Саламым Осмонов Санжар, Алмаз, Чыны акелериме, Бекжан, Медер, Кубаныч инилериме, Нурлан жездеме жолдонот. Майрамдары менен куттуктайм. Зайка.

ОП-53-155. Кыргыздын чыныгы мырзаларын майрамдары менен куттуктайм. Силерге дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин. Жанус-Роза.

ОП-53-156. Сабира, 24-февраль туулган күнүң менен. Базар-Коргондон Назгүл.

ОП-53-157. Шумкар, майрамың менен! Мен сени сүйөм. Сүйгөнүң Алина.

ОП-53-158. Саламым Шайырбек акеме жолдонот. Кеч болсо да майрамыңыз менен куттуктайм. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин, оорубаңыз. Мен сизге ишенем, сиз менен сыймыктанам, тилегениңизге жетип, бактылуу болуңуз. Карындашыңыз Камелия.

ОП-53-159. Сүйүктүү ырчым Даниель, сени 20-февралдагы туулган күнүң менен куттуктайм. Айпери.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan