Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтаарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Үңкүргө улам чукулдаган сайын Нуракты коркунуч бийлеп алды.
- Атаны курган бала ай-е! Бөөдө жырткычтарга жем болгон экен,э! -деп алды. Анткени, үңкүрдүн оозунда толтура издер жаткан. Ар нерсеге даяр боло үңкүргө жакындады. Ич жакта деле эч шыбыш билинбейт. Ичкери кирип, көзүн үйралдыра, төр жакты көздөй басты.
- Токуш... Э, Токуш...
Жооп болбоду. Эми улам арылай, тээ төр жакта узунунан жаткан караанды байкады. Жетип барып, кыймылсыз жаткан Токушту, анын үстүндөгү суналган жырткычты көрдү:
- О, кудай, бул эмнеси?! Э, Токуш! Эмне болду, Токуш?!-дегиче жырткычты бери тартып кирди. Оңой менен оодарыла бербегенде күч менен тартып атып байкады... Токуштун карышкан колу кармаган бычак жырткычтын көкүрөгүнө кадалып, катып калган. Эптеп бошонуп, жырткычты бери жакка сүйрөп салды. Торпоктой болгон карышкырдын көкжалы экен. Токушка жетип, жаакка чапкылай, колдорун ары-бери силкип кирди. Бери жакта турган көө баскан чайнекти ала калып, бетине суу чачып кирди. Бир маалда Токушка жан кирип, кыңкыстай көзүн ачты. Нурак Токуштун башын көтөрө берип, колуна урунган канды байкады.
- Ох, башым!..-деген Токуш Нуракты тааный таңгалып да, башын кармалай өйдө боло албай атты.
- Эмне болду, Токуш?! Кудай сактаптыр да, сени!-деп чебелектеген Нурак Токушту өйдө кылып отургузду да, от жагууга киришти.
Кайрадан караан түн түнөрдү
Коюн жайган Нурак мылтыгын ийинине асына, төрдү көздөй бастырып келаткан. Адатынча төргө чейин жайып келип, Токушка азык жеткирмек. Улам эки жакка дүрбү сала, киши-кара көрүнбөйбү дегендей карайт.
Карлуу тоонун этегине жетип, койду күңгөйлөтө жайып койду да, жылгачаны көздөй жөнөй берип, тык токтоду. Анткени, тээ ылдыйда каптал жол менен бастырып келаткан атчанды көрдү. Атайын карабаса аны байкамак эмес. Аттан түшө калып, дүрбү салды. Ким экенин байкай албай калды. Себеби, тиги атчан эмнегедир заматта көрүнбөй калды. Нурак андан шекший:
- Бул жерде кеп бар. Тигил атчан жылгачага кирип кетти окшойт. Балким, байкап калып, мени аңдып жүрбөсүн. Эмнеси болсо да байкайынчы...-деп күбүрөнө, атын тушай салып, суур уулаган немедей жашырына басып жөнөдү. Бир кыраңчага чыга берип, жанагы атчанды байкай баштады. Акыры көрдү. Атчан да жылгачада жашырынып, атын откоро, дүрбү салып атыптыр. Эми тааныды, жылкычы Жапар экен. Качан болбосун бирдин ичинен чыгып жүрчү, "чоңдорго" кошаматчы, "ачык ооз" аталган, көпчүлүккө жакпаган адам эле.
- Бул шүмшүк бирдемени билип калган экен, э?.. Эми мындан кутулуш кыйын! Бүгүн Токушка барбай эле коюш керек. Ка-ап, наны калбай калыптыр эмес беле. Ысык тамак да алдым эле байкуш балага. Деги, мен да кызыкмын. Башыма балээ үйүп, бул баланы эмне катып жатам десең. Тээтиги шүмшүк билдирип койсо, "жашырып" деп мен кошо илинбесем экен. Деги мени өлтүрүп койчу киши жок! Гүкү деле кемирип-кесип жеп коймой болду, ушул баланы катасың деп. Кокус, алдап койсо койнумдагы Гүкү айтпай коёт дейсиңби. Бир балээден кутулуш үчүн деле айтып койсочу. Менин кесилип кетээрим менен иши барбы? Эмне болсо да тиги шүмшүккө жолугуп көрөйүн, эмне дээр экен-деп кобуранган Нурак атайын эле дөңсөөгө барып отурду. Кой жайып, жамбаштап жаткан түр көрсөткөнү эле. Ал дөңдөн этек жактын баары алаканга салгандай көрүнчү. Демек, тиги атчан да көпкө жашырына албайт эле.
Айткандай эле атчан жана кандай жоголуп кетсе, ошондой эле капыстан чыгып, түз эле Нуракты көздөй бастырып келди. Жакындап келип, калп күлүп, ат үстүнөн салам берип, түшүп келди.
- Ассалоом алейким, Нурак. "Жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да..." деп коюп жатасың, хе-хе-хе...
- Анан эмне кылабыз?.. Силердей колу-жолубуз бош болбосо. Коюбуз жоголбосун, ит-кушка жем болбосун, эттенип, семирсин деп эле ак койдун артынан жүрмөй да, биздики...-деген Нурак Жапардын колун алаар-алмаксан болду. Жапар Нурактын жанына отура, эки-жакка көз жүгүртө, баягы эле калп күлгөн абалында үн катты:
- Сонун жерге келип жайчу болуптурсуң. Ылдый жак бүт алаканга салгандай көрүнөт экен. Демейде, бул жакка чейин жайып келчү эмес элең го, ыя?..
- Азыр төрдүн кары кетип чөбү күчүнө кирген маал эмеспи. Бетегени беш чайнаганча, сарымсактуу жаш чөптү эки чайнаса малга жакшы эмеспи...
Нурактын оозуна ушул келди. Бир чети чынында эле ошондой болчу да.
- Мылтыгыңды асынып жүрүпсүң, кийикке чыгып атасыңбы? Эмне атып жатасың?
- Ушул коркутканга эле атылчу кош ооз менен кийик аталамбы, Жапаке. Азыркы суурлар да амалкөй болуп калган. Кош ооздун огу жетээр жерге баргыча эле "култ" этип ийинге кире качат экен.
- Бир кездерде "Сапарбай" төрдүн башында кийик көп болоор эле...




Бир маалда эсиме келдим. Эртеңки күндү, андагы жарыкчылыкты, ата-энемдин уят-сыйытын, өзүмдүн кыздык намысымды эстегенде уйкум умачтай ачылды. Үстүмдө жаткан Бахидди кандай алып ыргытып жибергенимди билбейм. Бирок баары кеч болуп калганын түшүндүм. Ушундай капкайдагы бирөөнүн кир төшөгүнүн үстүндө, маанисиз караңгы түндө ушундай иш болгонуна абдан ызаландым. Көзүмө жаш тегеренди. Менин ызаланып турганымды билгендей Бахид мойнуман кучактап:
- Ыйлабачы, баары бир сен меники болмоксуң, жаркыным, - деди. Өзүмдү кармай албай аны жаактан ары чаап жибердим. Ал күнөөсүн мойнуна алгандай кайрадан асылып эркелетип кирди. Мен ага такыр көңүл бурбай, эртеңким жөнүндө ойлоно баштадым. "Эми мамама эмне деп айтып, эмне деп түшүндүрөм? "Кызымдын жакшылыгын көрөм, тоюн өткөрүп салтанат менен күйөөгө берем" деп жүргөн асыл тилектерин мына ушул түндө талкалап салганымды эми сездим. Башымды жерге койсом да ал мезгил - кыз кезим эми кайрылбасын акырындап түшүнө баштадым. Акыл-эсимен танып, эмне кылар айламды таппай төшөктүн үстүндө отурдум. Бир топ ыйлагандан кийин кайра өзүмдү өзүм сооротуп, буга бир гана өзүм күнөөлүү экенимди сезип, шаабайым сууган бойдон эми эмне кылуу керектигин ойлонууга кириштим.
"Чынында Бахидде эмне күнөө? Эгер мен мында самсаалап ээрчип келбегенде баары башкача болмок. Кыздардын жанында жүрүп эркектер алардан эмнеси менен айырмаланарын таптакыр ойлобоптурмун. Эмне үчүн эркектерге ишенүү мүмкүн эместигин мен азыр жон терим менен сезип отурам. Бирок баары кеч, ошол эле учурда Бахид мени жипсиз байлап алганын да байкадым. Мен келесоомун. Менин акылсыз экендигимди билип апам мени дайыма кайтарып жүргөн турбайбы". Ушинтип мен башымды ташка койгулап өзүмдү каргап шилеп жаттым.
Каалаган ой-тилегин ишке ашыргандан кийин Бахид магдырагансып менин башымды сылап отурат. Кыжырым кайнады, бирок эмне кыла алмак элем. Унчукпай, башымды тосуп берүүгө аргасызмын. Ушул тапта мени бир нерсе кыйнап жатты. Апамдын уккандан кийинки абалы көз алдыма элестеп, андан аркысын эмне деп түшүндүрөөрүмдү билбей башым ооруп чыкты.
"Айтпай койсомчу дейм өзүмчө. Ал мени такып сурамак беле. Бая кыздар менен шарактап таң тоскондой эле, жакшы маанай менен кирип барсам, ушул түндө эмне болгонун билип коюптурбу". Башымда чаташкан ойлордун баары тең ушул жерге келип такалып жатты. Менин акыркы чечимим дагы ошол жерге келип токтоду. Мына дейм ичимен, турмуштун каардуу чындыгы, кааласаң да каалабаcaң да моюнга алыш керек...
Мен ушинтип тагдырдын мага арнаган каардуу сыноосу менен күрөшүп бүткөнчө таң атты. Бахид мени үйге чейин узатып койду да өзү эч нерсе көрүп-билбегендей сабакка кетти. Биринчи жолу бул турмуштун артисти болуп апамдын алдында роль аткарып, жан дүйнөмдөгу бороонду жаап жашырып жаттым. Бирок эненин жүрөгү сезди. Ал менин көзүмдү тике карап, кандайдыр бир сыр катылып жаткандай теше тиктеп түндөгу чындыкты издөөдө. Биринчи жолу аткарган ролум ордунан чыкты. Жан дүйнөмдү, алтургай акыл-эсимди эзип жаткан азаптуу бурганакты мен апама сездирбедим.
Өзүмдүн бөлмөмө кирдим да уктай турган киши болуп төшөккө боюмду таштадым. Бирок уктамак турсун кечээки көрүнүш көз алдыма элестеп, көңүлүмдү бурду. Апама айтайын деп чечтим, бирок кантип айтам, кайсы бетим менен айтып бермек элем...
Түндү уйкусуз өткөрүп, ар кандай сапырылган санаа менен таң атыргандыктан баары бир уйку мени жеңди.
***
Арадан эки жума өттү, баары акырындап унутула баштагансыды. Чынын айтсам унутулган жок, болгону "мен жаңы турмушка ылайыкташа баштасам керек го" деп ойлонгуча дагы бир шумдук башын көтөрдү. Ошол күнү эмнегедир өзүмдү жакшы сезбей сабактан эрте келгем. Үйге кирсем апам ыйлап отуруптур, эки көзү тоодой. Мен кирээрим менен беттен алды.
- Мен кыз туубай эле бир балакет тууган экенмин да. Элдикиндей он кызым болсо эмне, бир кыз туусам аным да акылы жок болуп минтип мени элге шылдың кылып отурат. Ушундан көрө ошол төрөгөн күнү эле өлүп калсам эмне!
- Апам сүйлөп да, ыйлап да жатты. Кептин нугу кай тарапка баратканын мен илгиртпей эле сездим. Ошол турмуш менин тагдырым деп мойнума алып калгандыктан болсо керек, өзүмдү анча оор иш кылгандай күнөөлөгөн жокмун. Бул менин эле башыма туш келип, башкалар эмне андан тышкары калыптырбы деп ойлодум да жосунсуз нерсе катары кабылдабадым. Чынымды айтсам, ар бир аялзат андай кырдаалды башынан өткөрүп, кайсы бир учурда кыз кези менен коштошоорун өз көңүлүмдө мисалга тартып турдум.
Апам баары бир болбой буркан-шаркан түшүп жатты. Анын ушундай учурда албууттанып кетмей жайы болгондуктан мындай көрүнүштү далай башыбыздан өткөргөндүктөн мен аны анча деле терең албадым. Ал апамдын кыжырын ого бетер келтирди:
- Сен эмне, кылган ишиңди билинбей калат деп ойлодуңбу? Бул жашоодо эртеби-кечпи баары билинет. Сен жашырганың менен башкалар айтып келишти.
- Апам абдан маанилүү чоң









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan