Кумир менен баарлашуу

"Чындык бар, бирок чыгышы, орун алышы кыйын"
Кумир менен баарлашуу...
Аталган рубриканын төрүнөн буга чейин сахна жылдыздары орун алса, бу сапар ары түйшүктүү, ары жооптуу, ары кызыктуу кесипти аркалап, көптөгөн күйөрмандарынын кумирине айланган теле жылдыз, УТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу Космос Чыдынов болду. Белгилей кетсек, Космос мырза Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган. Он бир туугандын тогузунчусу. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы. Ош мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Чынара
Кайыпова
- Космос, атыңыз менен фамилияңыз өзүңүзгө төп келип, куп жарашып турат. Ушул өзгөчө ысымды сизге ким ыйгарды эле?
- 12-апрель космонавттар күнү экенин баарыбыз билебиз. Азыр анча маани берилбегени менен мурда 12-апрель чоң майрам катары белгиленчү. Мен 1980-жылы ушул күнү төрөлүп, атам жакшы ниет менен атымды Космос деп коюптур.
- Сизди Ошто окуп жүргөндө көп кыздардын сезимине чок салып, далай кыздарга жигит болгон дешет. Жубайыңыз Айгерим менен кантип табышып калдыңыз?
- "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" дегендей, жаш маалында бардыгы сүйлөшөт, сүйөт. Туура, мен дагы бир учурда эки-үчөө менен катар сүйлөшкөн күндөрүм болгон. Аны мен мойнума алам. Ал эми Айгеримге акыл токтотуп, өйдө-ылдыйды түшүнүп, адам болуунун жолуна түшүп калганда жолуктум. Ал менен Ошко бир досумдун тоюна барып калып, бирөөлөр аркылуу таанышып, насип, тагдыр буюруп эки жылдан бери бирге түтүн булатып келатабыз. Азыр Нурдөөлөт аттуу бир уулубуз бар.
- Келинчегиңиз сизден канча жаш кичүү?
- Он жаш.
- А эмнеге нике шакегин тагынган жоксуз?
- Нике шакегим бар. Бирок, көп тагынбайм. А бул шакекти болсо жакындарым 3-курста белек кылышкан. Муну деле анча-мынча тагынып коём. Анткени, негедир менин алтындан аллергиям бар.

Айжан
Кемелова
- Адахан Мадумаровду сиздин "крышаңыз" деп угам. Ушул чынбы?
- Ха-ха-ха. Ал киши менен иштешип калганым үчүн эле ушундай имиштер чыккан го кыязы. Ушул убакка чейин өзүмдүн аракетим, өзүмдүн күчүм менен эле өзүмө анан кудайга ишенип эле жашап келатам. Негизи мен өмүрү бирөөгө таянган адам эмесмин. Андыктан муну жөн гана ушак деп билиңиздер.
- Кесип алмаштырайын деген оюңуз барбы?
- Көп эле жерде айтып келгенимдей журналистика менин түбөлүктүү кесибим эмес. Журналистикадан сырткары Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу адистигин аяктаганмын. Кудай буюрса, убакыт, мезгил келип жеткенде экинчи кесибим боюнча элге кызмат кылам деген ниетим бар.
- УТРКда атмосфера начар, интрига көп деп айтышат. Сизге да бут тосуулар болобу?
- Өнүгүү болгон жерде атаандашуу болот, а атаандашуу болгон жерде сөзсүз бут тосуулар болооруна шек жок. Мага деле бут тосуулар болгон, болуп деле келатат. Бирок, мен ага моюн сунбайм. "Мени ушинтти" деп мөгдүрөп олтуруп калбай андай жагдайлардан буйтап өтүп, замандын агымынан артта калбаганга аракет кылыш керек да.
- Журналистикага чымыны бар адамдар келет экен го. Сиз да ыр жазасызбы?
- Мен өмүрүмдө эки сапты бириктирип ыр жазган эмесмин. Талантым балким сүйлөгөндөдүр. Чынын айтсам, ырдай да албайм, ыр да жазалбайм. Анан ыр жазгандарды абдан сыйлап, урматтайм.

Бурулкан
Абыкеева
- Элибизди эмне аксатып жатат деп ойлойсуз?
- Бүгүнкү күндө бизди тил маселеси жүдөтүп жатат. Көптөгөн күчүндө турган мамлекеттердин тили биздин тилибизди муунтуп коюп атат. Буга бир эле мисал, өлкөбүздөгү Түркия негиздеген ишкананын кайсынысына барбагын сөзсүз түрдө ошол жерде иштеген биздин улан-кыздарыбыз түркчө сүйлөшөт. Аларда каалайбы, каалабайбы түрк ишканасында иштегенден соң түрк тилин билиш керек деген ураан бар. А эмне үчүн биз кыргыздар кайсы улут болбосун Кыргызстанда жашагандан кийин кыргыз тилинде сүйлөй билиши керек деп айталбайбыз. Баш манканын баары өзүбүздө да. Өз эне тилибизди жээрип, тилибиз келсе келбесе, күчүбүз жетсе жетпесе орусча сүйлөгөнгө аракет кылып, балдарыбызды эне-ата дедирбей, папа-мама дедирип атсак кайдагы ураан. Бир сөз менен айтканда бизде элим, жерим, тилим, дилим деген патриоттор аз. Элибиздин өнүгүп-өсүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде ушул көрүнүш да кедергисин тийгизип жатат.
- Мамлекетибизде чындык бар экенине ишенесизби?
- Дүйнөнүн баарында чындык бар. Бирок анын чыгышы, орун алышы кыйын.
- Эгер Президент болуп калсаңыз кыргыздын кайсы кемтигин бүтөмөксүз?
- "Генерал болууну самабаган солдат солдат эмес" дегендей, кудай буюрса, биздин келечек алдыда. Эгер мен президент болуп калсам же президентке кеңеш айта турган шарт болуп калса жогоруда айтылган эне тилди колго алып, бөтөн элде, бөтөн жерде чачылып жүргөн кыргыздарды чогулталы демекмин.

Гүлсия
Эрменбетова
- Эмнени аткаралбайм деп ойлойсуз?
- (Ойлонуп) Адам баласы эч качан эненин ак сүтүн актап бүтө албайбыз. Энебизди ажыга жөө көтөрүп барып келсек бир түндүк уйкусун араң актайт экенбиз. Он ай онтоп, тогуз ай толготуп сай-сөөгү сыздап бизди жарык дүйнөгө алып келгени не деген түйшүк. Эне деген кайталангыс, кайра жаралгыс жан. Ошон үчүн "Катын жолдо, бала белде" деп бекер айтылбаган чыгар. Аялды, баланы тапса болот, а энени кайра жарата албайбыз.
- Жашоодогу урааныңыз?
- Алыс деп андан чочуба,
Акыры бир күн жетээрсиң.
Агарган бийик чокуга- демекчи, артка жол жок, бир гана алга деген ураан менен жашап келем.
- Эфир учурундагы кызыктардан айтып бербейсизби?
- Күлкүлүү жагдайлардын баары түз эфирде болот. Бир учурду айтсам, башында мен Ошто чоңойгон үчүн менде акцент көп болгон. Биринчи жолу эфирге чыкканда элүү деген санды элик деп айтып таштап, эфир бүткөндөн кийин Мырзакул Мамбеталиев деген продюсерибиз "Ай сен элигиңди Ошуңа барып айт" деп урушкан. Андан сырткары түз эфир убагында грипп болуп атып чүчкүрүп жиберген, мурдумду ушалап алган учурларым болгон.

Айсулуу
Болотбек кызы
- Жубайыңызды кызганасызбы?
- Эгер себеп болсо кызганат элем. Азыр эми үйдө эле бала карап отурат. Анан эмнеге кызганам.
- Алчы?
- Менин бир эле сүйүнгөнүм келинчегимден ушул убакка чейин "Каякта жүрөсүң, качан келесиң" деген сөздү уга элекмин. Мындан ары да укпай эле коёюн. Анткени менин эң жаман көргөнүм ушул сөз.
- Келинчегиңиз иштейм десе уруксаат бересизби?
- Ал иштейин дегиче эле, өзүм иште деп атам. Мен дайыма досторума акылыңар болсо аялыңарды үйгө отургузбагыла деп айтып келем. Себеби, сиз белгилеп аткан кызганыч, уруш-талаш, ар кандай балакет ойлор бекер отургандан келип чыгат. Ошондуктан келинчегимди мүмкүн болушунча иштеткенге аракет кылам.
- Биринчи жолу кайсы гезитке интервью бердиңиз эле?
- Мм... Оштогу "Нур" деген гезитке, ал эми КТРге келгенде мамлекеттик "Эркинтоо" гезитине интервью бергем.

Уюштурган Ж.БОРОЕВА










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan