Спорт

Джо Кальзаге спорттук карьерасын аяктады
Гезитибиздин өткөн №51- санында англиялык "Италия ажыдаары" Джо Кальзагенин бокс менен коштошкону тууралуу маалымдаганбыз. Анын толук аты Джозеф Уильям Кальзаге. 1972-жылы 23-мартта Англиянын Хаммерсмит шаарында жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн профессионалдык карьерасында 46 жолу беттеш өткөрүп, бир да жолу атаандашына жеңилип берген эмес жана чемпиондук титулду 21 ирет коргоп, абсолюттук рекорд койгон.
Салмак категориясы- 76.2 кг. Боюнун узундугу 182 см болгон, бокс тарыхында жеңилбей кеткен чемпиондордун катарына кирген Джо Кальзаге тууралуу ушул макаладан табасыз.

Атадан балага
өткөн талант
Джонун бокс менен машыгып калуусуна атасы италиялык эмигрант Энцо Кальзагенин таасири чоң. Энцо жаш кезинде футбол менен машыгып, андан соң музыкага байланып, кийинчерээк гана бокс менен машыгууну баштаган. Энцонун да бокс менен машыгуусуна Джонун чоң атасы себепчи болгон. Баласын өзүн-өзү коргоп жүрсүн деген максатта биринчи жолу Ньюбридждеги бокс залына киргизген. Энцо бокста чоң ийгиликтерди жаратпаса да, балалуу болгондон кийин баласын сөзсүз түрдө чоң боксчу кылам деп ниеттенген. Уельстен келген Жованна аттуу кызга үйлөнүп, Жозеф аттуу балалуу болушкан. Качан гана Джо беш жашка чыкканда, атасы уулунун туулган күнүнө башкаларга окшоп оюнчук машина бербей, "пневмогрушаны" белекке берген. Ушул "грушаны" соккулап жүргөн Жозеф чыныгы боксчуларга тиешелүү сапаттарды өнүктүргөн, тогуз жашка толгондо Энцо баласын атайын машыктыруучунун колуна тапшырган. Так ошол машыгуу залынан Джонун мушкердик таланты ачылып, бокс сүйүүчүлор арасындагы мелдештерге катыша баштаган. Улуу Британиянын өспүрүмдөр арасында төрт жыл катарынан чемпион аталып 1991-1993-жылдар аралыгында чоңдор ортосунда үч жолу ар башка салмак категориясында чемпион болуп, супер оор салмактагы келечектин чемпиону Крис Берддун үстүнөн эки жолу жеңишке жетишкен. Публиканын сүймөнчүлүгүнө айланган Джо жеңилүүнүн да даамын татып көргөн. Ошол учурдагы жеңилүү ызасы эсинде түбөлүк сакталып, келечекте такыр жеңилбес боксчу болуп чыгуусуна түрткү берген. Чон ийгиликтерге жетүүсүнө атасы себепчи экендигин айтып, терең ыраазычылыктарын билдирип келген.

Татаал жол менен жеткен табылга
Джо профессионалдык карьерасын 1993-жылдын ноябрь айынан баштаган. Катарынан беттештерди өткөруп жүргөн Джо жыйырма эки жолу атаандаштарын утуп, Европанын абройлуу боксчусу болуп калат. Женилүүнү билбеген Жозефке көрө албастар тарабынан ар түрдүү сын пикирлер айтыла баштаган. Душмандарынын сындарына биринчи кезекте атасы Энцо аябай ачууланып, суроо берген репортёрду катуу тап берген учурлар болгон. Айтылган пикирлерге жооп катары Джо дагы бир беттешти жеңиш керек эле. 1997-жылы бул беттеш өткөрүлүп, анын кезектеги каршылашы IBF версиясынын чемпиону Крис Юбекке каршы чыгат. Крис Юбекк менен болгон таймаш Джонун пайдасына чечилип, публиканын сүйүүсүн гана эмес IBF, WBO наамдарынын чемпиону болот. Ушул салгылашууну карьерасындагы эң оор жеништеринин бири катары белгилейт.

Акыркы беттеш
Джо өзүнүн өткөргөн таймаштарынын 99%ын Англиядан өткөргөн. Андыктан америкалыктар Кальзагени бокс генийи катары кабыл албай коюшкан. Эми Джого жаңы жеңиштерди, жаңы аудиторияны багынтыш керек болот. Дал ушул максатта ал американын сүймөнчүк мушкерлери менен күч сынашууга камынып, биринчи кезекте эле штат чемпиону Джеф Лейсини техникалык нокаут менен жеңет.
2007-жылдын ноябрь айында WBA, WBC титулдары үчүн Миккел Кесслерге каршы күч сынашууга чыгат. Калыстар тобу тарабынан жеңүүчү болуп аныкталат. Бул беттеш "жылдын боксу" деп табылып Джо "жылдын боксчусу" деген кошумча наамдарга жетишет. Алдыда Кальзагени 43 жаштагы Американын мурунку чемпиону Бернард Хопкинс менен боло турган беттешке даярдык көрө баштайт. Көптөн күткөн күн келип 2008-жылдын апрель айында рингге чыгышып жыйынтыгында жеңишке жетет. Жеңүүчү болгондон кийин Джо карьерасындагы эң акыркы беттеш өткөрөөрүн жана ал беттеш элдин эсинде түбөлүк калгыдай болушу керектигин айтып өткөн. Демек, "италиялык ажыдаардын" акыркы атаандашы кайра эле Бернард Хопкинс же Рой Жонс кичүүсү менен Келли Павликти көрсөтүшөт. Бокс легендасы болгон Рой Жонско токтолуп өзүнүн чыныгы чемпион экендигин дагы бир ирет далилдөө максатта акыркы беттешин 2008-жылдын 8-ноябрь күнү өткөргөн. Раунддун биринчи мунөттөрүндө эле ногдаунга учурайт. Джо ыкчамдык менен салгылашып калган он бир раунд бою бокстун легендасын дем алууга жол бербей, өз карьерасындагы акыркы жеңишти багындырган.
Ушул жылдын жетинчи февраль күнү Джо Кользаге өзүнүн спорттук карьерасын аяктаарын жана бокстон жеңилбей кетип жатканын сыймыктануу менен билдирген. Мындай кадамга барышына атасы Энцо жана кесиптештери болгон Леннокс Луис, Рикки Хаттон себеп болушкан. Мындан кийинки өмүрү ата энесине үй бүлөсүнө жана бизнеске арнаарын айтып өткөн.
Голливуд жылдызы Сильвестер Сталлонне сүйүктүү мушкери Джо Кальзагенин мындай чечимге барышын баалап, аны легендарлуу Рокки Марчианолордун катарына кошкон. Балким, мындан кийин биз сүйүктүү темир муштумду кино экрандардан көрүп калышыбыз да мүмкүн.
Даярдаган
Темирбек Матаев









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan