Күүгүмдөгү сырдашуу

Шахрезада Аскарова:
"Азыркы "жөжөлөр" эстраданын, сахнанын күзгүсүбү?"
Шахрезада Аскарова... - бул ысымды укканда назик үндүн коштоосундагы:
Кетээрде көңүл жазылбай кеткен,
Көрүнөт жүздөн капалык чеккен.
Кош эми жаным жылмайып койчу,
Жүрөктөн букту чыгарып эстен.

Тамаша айтсам күлөсүңбү,
Таарынбай мага жүрөсүңбү.
Таарынба мага жайдары кара,
Өзгөртчү эми мүнөзүңдү,- деген ыр кайрыктары эске келет. Эстраданын алгачкы каркыраларынын бири Шахрезада Аскарова ыр дүйнөсүнө отуз жылдан ашык кызмат кылган десек жаңылышпайбыз. А бирок, өкмөт тараптан ырчынын эмгегин, талантын баалаган эч ким болгон жок. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин ырчыга эч кандай наам бериле элек. Ошентсе да аны кыргыз эли сыйлап, талантын баалап келет. Шахрезада Аскарованын ал-акыбалын сурап, бүгүнкү күндөгү жашоосу, эмне менен алек болуп жатканын билүү үчүн сыртта кар жаап жатканына карабай, жакында эле жаңы конуштардын биринен алган үйүнө бардым. Ырчы айым жаркылдаган маанай менен тосуп алды.

- Конушуңуз жайлуу болсун! Жаңы журт, жаңы үйдөгү жашооңуз кандай өтүп жатат?
- Рахмат, өзүң көрүп жаткандай биринчиден кудайдын буйругу менен, туз насип буюруп, экинчиден азиздер менен дүлөйлөрдүн республикалык коомунун төрагасы Мамбетакунов Калык Барктабасович эл үчүн кам көрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жакшынакай шарты менен турак жай бөлүп берди. Азыркы заманда бул чоң эрдик, мен башымды ийип таазим этем. Кенен басып, кенен туруп жыргап эле калдык. Бул үйдү кызыма алдым. Турмушта өйдө-ылдый болот экенсиң, анын баары өтөт, кетет. Бирок оорукчан балаң болсо турмуштун чечилбей калган көйгөйлөрү менен кошо жүк кылып артынып келе берет экенсиң. Улам күн өтүп, жыл өтүп жатса дагы оору деген өмүр бою сени менен калат. Оорулуу баланы баккан адамга дагы өзүнчө бир чоң түйшүк экен. Өкмөткө да ыраазыбыз, бул үйдү бизге бекер салып берди. Азыркыдай кыйын заманда деле элге көңүл бөлүп, эмнеге муктаж болсо жардам бергенге, каражат тапканга болот экен. Жакында дагы эки үй берилип, биздин жаныбызга дагы бир үй салынганы жатат. 2008-жыл үйгө муктаж болгон адамдар үчүн жемиштүү эле болду деп ойлойм. Кыргызстан өнүгүп, өсүп, кризистен чыгып кетсек, өкмөт элге кайрымдуу болуп дагы ушундай жылыштарды жасаса эртеңки жашообуз жакшы болот деген ойдомун.
- Чоң эне болуп, небере жытын жыттаган учуруңуз экен. Канча небереңиз бар?
- Уулум Рустам Шахтын эки уулу бар. Небере деген баладан дагы таттуу, ысык болот деген чын экен. Ачыгын айтсам неберелерим дегенде жанымды берем. Улуу неберем Эмирге эки жаш жети ай, андан кийинки неберем Ратмирге бир жаш бир ай болуп калды.
- Бүгүн чоң эне, кайнене болуп отурасыз. Жаштыгыңызды көп эстейсизби?
- Менин жаштыгым советтик доордо өттү. Жаштыгымды эстеген сайын мурунку Фрунзе шаарын эстеп алып ушунчалык жүрөгүм ачышат. Мурун шаардын ичи аябай таза, кооз, бак-дарактар, өзгөчө гүлдөр аябай көп болчу. Азыр болсо шаарда киши көп, адамдар дагы көчөдө спорттук кийим менен, алтургай үйдөн кие турган бут кийим менен жүрүшөт. Ушунусу мага жакпайт. Илгери заводдо иштесе дагы чыкчыйып таза, тыкан жүрүшчү.Себеби, мурда шаарда интелигенттүү, билимдүү, маданияттуу адамдар көп болчу. Азырчы? Азыр шаардын бетинин баары эле Ош базар. Менин ошого жүрөгүм ооруйт. Мен көчөгө чыкканда сүйлөшө турган киши жок, баары мен үчүн таптакыр бөлөк адамдардай сезилет. Алар менен сүйлөшкөнгө да сөз жок. Баягы интелигенттүү адамдар кайда кеткенин билбейм. Фрунзе учурунда элдер жайдары болчу. Азыр болсо баары эртеңки келечектен, жашоосунан чоочулашат.
- Жаш кезиңизде кандай элеңиз? Дегеним, мүнөзүңүз өзгөрүлдүбү?
- Мен жаш кезимде абдан шайдоот болчумун. Ошол мүнөзүм дагы деле бар. Азыр ойлосом мен өмүр бою компания болобу, коллектив болобу, үй-бүлө болобу дайыма баланс болуп жүрүптүрмүн. Баланс дегеним мен кандай кирип келдим дароо баардыгынын көңүлү ачылат. Кээ бир адамдар бар, сүйлөбөй, түнт болуп же кишини жактырбай, бир башкача боло берет. А мен арабызда ошондой адамдар болсо да аларды сүйлөтүп, күлдүрүп, сөз менен жайкап, арабызга заматта кошуп алам. Тааныштарым "сүйлөбөгөндү сүйлөтөм, көңүлүн ачам деп сага эмне азап" деп калышат. Бир-эки жолу унчукпай койсом, кайра "Сен эмне ооруп калдыңбы? Эмне сүйлөбөй калгансың, эмне күлбөй калгансың" деп кыйнашат. Мен акыркы жылдары байкап калдым, адамдын мүнөзүнөн дагы көп нерсе чечилип, көп нерсеге таасир берет экен. Менин чынчылдыгым чынчыл бойдон калды, уят деген сезим да ошол бойдон калды. Кээ бир адамдар боло берет деп болбой турган нерсени кыла беришет го. А мен анте албайм. Мурда менде жетишпеген мүнөз жумшактык болчу. Азыр болсо катуулукка үйрөндүм, талап койгонду билдим десем болот. Андан сырткары "бергенге бер" деген принцип менен алака түзгөнгө да үйрөндүм. Болбосо, ким болбосун жардамымды берип, кыйынчылык кезинде пайдам тийген тааныштарым кайра мага жакшылыктуу жооп беришкен жок. Ошондуктан мени пайдаланган адамдарды мен дагы пайдаланышым керек экенин түшүндүм.
- Учурда эмне иш кылып жатасыз?
- Домком болуп иштеп жатам. Көбүнчө үйдө кызымды карап отургандыктан, биз жашаган үйдөгү балдарга, ата-энелерге атайын хор бөлүмүн ачып койдум. Кудай буюрса, Ноорузда ырдайбыз.
- Бүгүнкү күнгө чейин наам ала элексиз. Сахнага канча жашыңызда келдиңиз эле?
- Ыр дүйнөсүнө, дегеним, чоң сахнага чыккан кезимди эсептесем, 21-22 жашымда келдим. Наам алыш үчүн элдер чуркашат экен, алар үчүн бирөө чуркайт экен. Мен азыр наам дегенди ойлогон жокмун. Азыр мен өзүмдүн тиричилигимди, жашоомду араң ойлоп жатам.
- Сиздин жылдызыңыз жанып, атыңыз чыгып турган кезде көрө албастык, бут тосууларга туш болдуңуз беле?
- Биздин убакта тоскоолдуктар болгон жок. Мен филармонияда иштедим, эч кандай тоскоолдук деген жок, телевидение десе телевидениеге тартылып, жер кыдырмай десе жер кыдырып, өкмөт көңүл буруп, баары ойдогудай болчу. Ал кезде баардыгы ирээти менен болчу. Анткени атайын көркөм кеңеш карап, кандай костюм кийесиң, кандай ыр ырдайсың, кайсыл жерге концерт менен барасың бүт баарын көзөмөлдөп турчу. Ашык басмай жок, өзүнчө концерт бермей жок, Кыргызстандын, филармониянын атынан барасың. Эч кандай көрө албастык, бут тосуу деген болчу эмес. Мына азыр бири-бирине атаандашуу, бут тосуу, көрө албастык деген бар.
- Азыркы ырчыларга болгон көз карашыңыз?
- Азыр биринчиден ырчы көп, экинчиден ырлар көп. Радионун баары ырлар, бир гана кемчилик саны бар, сапаты жок. Мисалы, Москвада Кобзондон баштап кийинки чыккан жаш ырчыларга чейин бирге иштешип, бирге аралашып жүрүшөт. А бизде андай жок, жалаң эле жөжөлөр. Ошолор эстраданын, сахнанын күзгүсүбү?
- Алар сахнаны ээлеп, сиздерге орун жок дейсизби...
- Орун жок эмес, булардын политикасы башка болуп жатпайбы.Ошол жөжөлөр картайбайбы, же ошол жөжөлөрдүн убактысы бүткөндө аларды азыр колдоп, ырдаткандар башка жөжөлөрдү алабы? Анда ал жөжөлөр кайда барат? Негизи улуу муундагы ырчылардан баштап ырдатыш керек болчу. Буга маданият министри көзөмөл болуп, чоң концерттерге Зейнеп Шакеева, Алтынбек Сапаралиев, Каныкей Эралиева, андан кийин Шахрезада Аскарова, Гүлнур, Динара, Айчүрөк, Алиналарды чыгарып, андан кийин анан жөжөлөрдү кошуп коё берсин. Чоң-чоң майрамдык концерттерде жалаң бири-бирине окшош жөжөлөр. Жаш ырчылар каалагандай өздөрүнүн концерттерин коё берсин. Бирок маданият министри баарына бирдей көңүл бөлүшү керек да. Россиянын майрамдык кечелеринде улуу муунун, ортоңку муунун, кичүү муунун да көрө аласың. А биздечи, бизде андай жок. Маданият күнүндө эски ырчылардан эч ким чакырылбайт. Мен деле маданияттын бир майрамына өмүрү чакырылган жокмун. А учурунда мен жалгыз "жылдыз" болчумун, эми мактанып коёюнчу. Түрмө, балдар үйү, завод, фабрика, Кыргызстандын болгон булуң-бурчун кыдырып, өкмөт, партияга иштегем. Наамды азыр берсе да албайм. Анткени мен убагында маданияттан эч кандай жардам көргөн жокмун. Менин жашоом оор, кыйын болду. Азыр мага маданият министрлигинин да кереги жок. Кечээги эле бир ыр ырдаган ырчыларга "маданияттын отличниги", маданияттын мыкты кызматкери" деген наамдарды берип жатышат. Ошолор азыр Кыргызстандын баардык жерин кыдырып, эмгек кылып, элге кызмат кылышсын. Мага эч нерсенин кереги жок, кудайга шүгүр атым бар, элим бар, барган жерден дайыма сый көрөм. Үйүм бар, балдарым бар.
- Сиздин эмгегиңизди, талантыңызды эл билип, эл сыйлайт. Эң башкысы ден соолугуңуз бекем болуп, үй-бүлөңүз менен аман болуңуз.
- Атайын келип менин абалымды сурап, унутпаганыңар үчүн силерге рахмат. "Обон" гезити оболой берсин.
Даркүл Кемелова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan