Күн сүрөт

Майда, бирок маанилүү кесиптер
Бүгүнкү күндө баарыбыз тең бул кесиптерге көп маани бербей келебиз. Бирок ошол эле учурда ар бир экинчи жаран дал ушул майда, бирок маанилүү кесиптерди аркалаган адамдардын көрсөткөн кызматына муктаж болуп келишет.
Бул кесиптер жашообузга канчалык зарыл экенин билсек дагы, билмексенге салып, аларды теңибизге албай, көмүскөгө калтырып келебиз. Буга чейин жогорку даражадагы диплом ээлеринин эмгек акылары, аткарган кызматтары тууралуу кабардар болуп келсек, бу жолу эртеден кечке таманынан сыз өтүп, ысыкка күйүп, суукка тоңуп өз кесиптерин аркалап келаткан адамдар менен баарлаштык.

Эртең менен эрте көчө аралап баратканыбызда быссымылда дегенде эле таштандыны атайын унаага жүктөп жаткан жумушчулар көзгө урунду. Мындай жумушчулар болбосо шаардын таштандыга көмүлүп, көркү кетип калаары турган иш. Эң оор деп эсептелинген кесиптин ээлерин маекке тартып, алардын иши тууралуу аздыр-көптүр маалымат алдык.
Шаардын тургундары шалаакы....
Өзүн Владимир деп тааныштырган жумушчу бул кесипти он эки жылдан бери аркалап келет. Жумушуна нааразы болбогону менен айтымына караганда, шаардын көп кабаттуу үйлөрүндө жашаган тургундар эшикке таштанды төккөндөн эринип, балкондон ыргытып жиберген шаардын тургундарынын шалаакылыгы зээнин кейитип, жинин келтирет. Ал тургай бир жолу мындай көрүнүшкө күбө болгон. Бир баштык таштанды төртүнчү кабаттан ыргытылып, эшиктин алдында ойноп жаткан жети жаштагы баланы көмүп калыптыр. Алган айлыгынын канча экенин ачык айтпаса дагы үй-бүлөсүн ушул кесип менен багып келет.

Бөтөлкө менен жан багам
Андан ары сапарыбызды улап, "Достук" сейил багына барганыбызда жыйырма жылдан бери бөтөлкө чогултуп бала-чакасын багып келаткан корей улутундагы кыргызстандык алтымыш эки жаштагы кемпирди сөзгө тартууга аракет кылдык. Биздин гезиттен экенибизди укканда жүзүн жашырып жооп бергенден баш тартты. Албетте, мынча жылдан бери башка кесип тандабай ушул иш менен алектенип келаткан кемпирдин иши бизди кызыктырып, маалымат алуу максатында ага жардам катары биз да бөтөлкө издеп жөнөдүк. "Жакшы сөз жан эргитет" дегендей, биздин жылуу мамилебизге ичи жылыган кемпир иши тууралуу кыскача айтып берди.
Бир күндө 150-300 сомго чейин таап, өзүнө керектүү азык-түлүк менен балдарын багып келет. Көп жылдан бери аны жакшы тааныган кошуналары бөтөлкөлөрдүн түрлөрүн бул кемпирге 1 сом 50 тыйындан өткөрөт экен. Ал бөтөлкөлөрдү таза жууп, Ош базарына алып барып 2 сом 50 тыйындан өткөрөт. Ар бир иштин ыгы болот эмеспи, үч күн бою үйүндө бөтөлкө кабыл алса, эки күн бою колун суудан чыгарбай аларды жууп, тазалап чыгаарын билдик.

Бут кийим тазалаган өспүрүмдөр
Сооданын чордону болгон Ош базарына жеткенде жерге шаймандарын жайып алып бут кийим тазалап жаткан өспүрүмдөрдүн жанына басып бардык. Али эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар жанталашып "эже бутуңузду мен тазалап берейинчи"деп чурулдап алдыбызды торой басышты. Алардын көңүлүн кыя албай, зарылчылыгы жок болсо деле 10 сом берип бут кийимибизди тазалаттык . Журналист экенибизди айтып, алардын машакаттуу кесиби тууралуу сураганыбызда төмөнкүлөрдү айтып беришти. Он төрт жаштагы Азат азыр каникулда, бирок акчанын кыныгын таап алганын жашырбай "окууга деле барбайм" дейт. Мектепке баргандан көрө иштеп, бир күндө 300 сом таап алганы артык экен. Албетте, жумушунун да кыйынчылыктары болбой койбойт. Кээде чоң эле кишилер бутун тазалатып алышып акчасын бербей мурду менен бир тийип, корсулдап басып кетишет. Мындай учурда артынан ээрчип, ыйламсырап жатышып акчасын араң алышат. Ал эми кээ бир учурларда акча алмак тургай таяк дагы жеп калышат. Эч нерсе менен иши жок, курсагын тойгузуунун амалын көргөн өспүрүмдөрдүн иштерине ийгилик каалап, сапарыбызды андан ары уладык.

Таразаңды талкалайм!
Жолдун боюнда кардар күтүп, көзүн жалдыратып турган таразачылар эки сомго бир адамдын салмагын өлчөшөт. Мындай ишти кесип кылып алышкандардын жаш курагы кичинекей балдардан оор жумушка жараксыз болуп калган кемпир - чалдар басымдуулук кылышат. Бул жумуш тууралуу тагыраак билиш үчүн орто жаштагы эженин жанына басып бардык. Өзүнүн атын айтуудан баш тартканы менен иши тууралуу айтып берди.
"Мен бир күндө жарыбаган эле акча табам, бирок үйдө бош отурганча тапкан акчам деле тыгынчык болот. Үйгө нан чай алып барсам жаманбы, бош отурганда мага ал акчаны ким берет? Орточо 60-70 киши салмагын өлчөтөт. Кызыктуу окуялардан кур эмесмин. Бир жигит сүйлөшкөн кызы менен салмагын ченетип калды. Анан салмагы 78кг болуп, кызыныкы 49кг салмакты көрсөттү. Экөө эмне деп мелдешип кеткендерин билбейм, жигит ызырынып, мага ачууланып кирди. Мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. "Таразаң туура эмес экен. Эмнеге бул жерде олтурасың элдин баарын алдап, азыр таразаңды талкалап салайынбы?" деди эле, менин оозум ачылып ары жактагы досторумду чакырганга жетиштим. Болбогон жерден мени коркуткан балага жиним келбей, тескерисинче эртерээк кетип калса экен деп тилендим. Анткени базарда мындай ызы-чуунун айынан арты жаман менен бүткөн иштер көп кездешет.

Кардарлар кээде өздөрү жаңылат
Шаардын ар бир көчөсүнүн бурчунда түрдүү ачкычтардын үлгүсүн жасап, документтердин сыртын сырттап акча тапкандарды баарыбыз эле билсек керек. Ал эми мындай жумушту аркалагандар канча акча табаарын Азамат аттуу бала айтып берди.
"Биздин максат кандай гана ачкычтын үлгүсү болбосун, мисалы, машинабы, үйбү, кеңсеби, кыскасы, ачкычтын тиштери туура жасалса болду. Колдон келишинче сапаттуу жасап берсек дагы адамдарга эч нерсе жакпай догуруна беришет. Бир ачкычты мурда 20 сомдон жасасак, азыр баары кымбаттабадыбы, биз да он сомго кымбаттаттык. Канча сом табаарымды айтпай эле коёюнчу, ар кандай болот. Бир жолу супсулуу эже келип ачкычын көрсөтүп заказ берип калды. Мен үлгүсүн жасап берсем эки күндөн кийин келип алып, "туура эмес жасаптырсың, эшикке түшпөй жатат" деп аңкылдап, базарды башына кийип алды. Сиз деле элестетиңиз, эки күндөн кийин ага ким ишенет. Түшпөсө ошол күнү келбейби. Акырында убактымды алганы аз келгенсип, колундагы ачкычы башка ачкыч болуп чыккан".

Баштык алабызбы же араба түртөбүзбү?
Күнүмдүк тиричиликке суу менен абадай керек болгон баштык, сумкалар кимге гана пайдасын тийгизбейт. Колуңузда баштыгыңыз жок базарда азык-түлүк, кийим-кече алып жүргөнүңүз өзүңүзгө бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ошол кыйынчылыгыбызды жеңилдетип, оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алган араба түрткөндөрдүн орду чоң болсо, баштык саткандардыкы андан кем эмес. Өзүнүн бою көрүнбөй калганча баштык, сумканын түрүн колуна илип алган 30-35 жаштагы эженин абалын көрүп боорубуз ачыды. Эртеден кечке базар ичин кыдырып тамагы айрылганча "баштык алыңыз" деп кыйкырып жүргөн сатуучу кечке жуук бир орунга туруп эс алып жаткан кези экен. Бул иштин да канчалык деңгээлде кыйынчылыгы болгону менен ууру кылып, жаман ишти жасаганча адал эмгек экени анык эмеспи. Ал эми араба түрткөндөр жөнүндө гезит беттеринде ар кандай макалалар жазылып келсе да алардын эмгеги негизги орунда турат. Алардын бир айлык эмгегин чогултканда болжол менен 25-30 миң сомду түзөөрүн билдиришти.
Мына, урматтуу окурман! Уурулук, тоноочулук, зөөкүрчүлүк, сойкулук, алдамчылык арам иштер менен алектенип жүргөн адамдарга караганда, таман-акы, маңдай-тер менен тапкан адал эмгек артык эмеспи. Азыркы замандын кыйынчылыктарына моюн сунбай, майда болсо да, жеңил эмес жумуштар менен алектенип келген майда кесиптердин ээлери менен аз болсо да пикир алышып кайттык. Эмне демекчибиз, ар бир эмгек акыры бааланат дегендей, сиздердин да эмгегиңизди баалаган инсандар бар экени талашсыз.
Даярдагандар
А.Султанова, А.Дүйшөналиева.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan