улуулар унутулбайт

Тарыхта изи калган инсан
СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик
сыйлыктын лауреаты Абдылас Малдыбаев
Болот Малдыбаев тууралуу айта кетчү кызык тагдыр бар. Ата-энеси Абдылас менен Батипа кичинекей Болотту бала бактыруучуга калтырып эртеден кечке театрда. Бир күнү адаттагыдай жумуштан келишип, баласын таштанды салган чакадан табышат. Үйдөгү көзүнө көрүнгөн буюм-тайымдарын алып алты айлык Болотту кароосуз калтырып,бала багуучу качып кеткен экен. Мына- мына деп көз алдыларында жаны учуп кетчүдөй турган ымыркайды араң эсине келтирип, апа деп калган таенеси Каным Ат-Башыга алып кетип айыктырып, чоңойткон. Болот деген ысымды - ал кезде кошуна жашаган Касымалы Жантөшев койгон экен.


Кыргыздын профессионал музыкасы менен театр өнөрүнүн өнүгүшүндө Абдылас Малдыбаевдин эмгеги ат көтөргүс десек аша чаппайбыз. Театрга аты берилип, улуттук бир сомдук банкнотко сүрөтү чагылдырылган атактуу адамдын артында калган уул-кыздары да атанын жолун жолдошуп, өз өмүрлөрүн музыкага арнашып, музыка сүйүүчүлөргө таалим-тарбия берип келишет. Улуу уулу Абылай Малдыбаев гана инженер - куруучуулук кесипти аркалап кеткен. КызыТолкун Малдыбаева - белгилүү пианист, билим берүүнүн отличниги.
Кызы Жылдыз Малдыбаева, профессор, "Даңк" орденинин ээси:
"Кыргыз музыкасынын баштоочусу, пионери атам эле"
- Мен чоң атамды көрбөй калдым, бирок чоң энемдин колунда чоңойдум. Ушундай таза киши эле. Аты да Деилде деп, чанда учураган ат эле. Сөздүктөн карасам Деилде сейрек кездешүүчү кымбат баалуу материал экен. Аябай музыкага берилген адам эле. Биздин баарыбызда музыканы сүйүү ата-бабаларыбыздан берилсе керек деп ойлоп калдым.
Атам болсо апамды он үчүндө эле жактырып алып алган экен. Өзүмдүн оюм боюнча илгеркилердин кызды эрте турмушка узатканынын бир жакшы себеби - кызды алган үй-бүлө өздөрүнүн тарбиясына көндүрүп, тарбиялап алышчу тура. Бул да өзүнчө чоң психология да. Бир үйдө өсүп, кийин башка бирөөгө көнүп кетиш да кыйын эмеспи. Муну менен эмне айтылмакчы? Апам атамдын турмуш жолунда чоң жөлөк таяк болуп берди. (Батипа Малдыбаева Кыргыз ССРнин Эл артисти - М.М) Өзү да театрда иштегенине карабай, төрт баланы тарбиялап, багып чоңойтуп, киши-кара үзүлбөгөн үй түйшүгү бүт апамдын мойнунда болчу. Атамдын акыркы жылдарында көзү көрбөй калып, апам өзү багып, жанында болбодубу.
Атамды элестетип эскерсем аябай жоош мүнөздөгү, эмгекчил адам экен. Эртең менен репетиция деп кетет, ыр, музыкасын жазат, кечинде кайра спектаклге катышат. Кантип баарына жетишчү деп таң калам. Бизди "андай бол, тигиндей кыл" деп деле айтканы эсимде жок. Өзүбүз эле бизди курчаган айлана-чөйрөнүн таасири менен багыт алдык. Үйгө эмне деген гана залкар, улуу музыканттар келбеди! Үйдө музыка ойнолуп, бапырашып сүйлөшүп, талкуулашып эле олтурушчу. Орустардан Виноградов, Власов менен Фере деген таанымал музыканттар атамды аябай жакшы көрүп, катташып, сыйлаша турган.
Атам өтө боорукер болчу. Боорукерлигинен боорго тебилгендей да болду го. "Кыргыз балдары өссүн, окуп, билим алышсын" деп өзү композиторлор Союзун жетектеп, депутат болуп турганда чуркап Москвага окууга өткөрүп, чөнтөгүнөн билет алып берип поездге салган, атамдын эмгеги менен өнүп-өскөн композиторлор кийин, көзү өтүп кеткенде "ким эле?" дегендей мамиле жасагандарына өзүм күбө болуп, зээним кейиди. Азыр кайсы депутат ошентип "кыргыз балдары" деп күйүп атат?!
Адамдын жакшылыгын унутпай эстеп, жакшылык мен жооп бергенге эмне жетсин! 78-жылы көзү өтүп, театрга атын берээрде канча сөз болду. Жер жамандап барбасын, бирок белгилүү эле чоң жазуучубуз "Эмнеге театрга менин атым берилбейт" деп чыкпадыбы. Жазуучунун опера театрына кандай тиешеси бар түшүнгөн жокмун. Анын баары ичитарлык, көралбастыктан улам келип чыгып атат да. Атамдын өз коллективи колдоп, жумушчу классы колдошсун деген заман эле. Ленин заводундагылар кол коюшуп, аты коюлсун дешип колдоо көрсөтүлүп, көтөрүп чыгышкан. Чындыгында опера театрын түптөгөндөрдүн бири Абдылас Малдыбаев болгон да. Кыргыз музыкасынын кайсы жанрын алба, мейли романс, мейли опера болобу, баштоочусу, пионери атабыз эле да. Эмгеги бааланып сомго киргизилди, өкмөт тарабынан. Артында эмгеги, биз барбыз.
Уулу Болот Малдыбаев, профессор:
"Атамдын "Өлбөс чыгармалары" өлбөсө экен"
- Турмуш жаңыланып алдыга жыла берген сайын, кийинки келечек жаштарыбыз тарыхта аты калып, көзү өтүп кеткен кишилерди билбей, эмгектери көмүскөдө кала берет турбайбы. Көмүскөдө калып баратканы атабыздын 100 жылдыгын өткөрөөрдө көрүнүп калды. Эгерде үй-бүлө, туугандары чуркабасак, 100 жылдыгы өтсүн деп көтөрүп чыкпасак өтпөй деле калат беле, ким билет?.. Антип айтканымдын себеби, токсон жылдыгы 96-жылы белгиленбей эле, унутта калган кишидей калып калбадыбы. 80 жылдыгында мамлекет өзү колдоп, эки самолёт менен опера театры, филармониянын оркестрлери, артисттери Москвага барып, Союз үйүнүн чоң залында концерти өтүп, белгиленген эле да. Мен ошондой күткөн элем. 2006-жылы өзүбүз уюштурдук. Премьер-министр Кулов эле өткөрүлсүн деген чечим чыгаргандан кийин министрлик да колдоп берди. Менимче жаман болгон жок. Өзүнүн "Айчүрөк" операсы, "Ажал ордуна" музыкалуу драмасын коюшту театрдагылар. "Ажал ордунаны" тим эле жоктон жаратышкандай болушту. Анткени кийимдери бүт эскирип, жаңылаганга каражат каяктан?! Спектакль концерттик вариантта коюлуп калды. Мен ошондон кийин коркуп жүрөм, көңүлүмдү өйүп жүрөт. Атамдын үйдөгү кол жазмаларын мамлекеттин архивине өткөрүп берип атканда чоң-чоң папкалардын үстүнө "өлбөс менин чыгармаларым" деп жазып койгонун көргөн элем. Андан бери канча жыл өттү. 30-40-жылдары кол менен жазылган чыгармалар да. Болгону эле чычкан, күбө жеп, эскилигинен жыртылып калбады бекен деп кыжаалат болом. Театрдын китепканасында калдыбы, барбы дейм? Жоголуп кеткен болсо, өлбөс чыгармалардын өлгөнү ошол да. Бул жерде бирөөнү күнөөлөш туура эмес. Болгону эле Өкмөт, министрлик көңүлүнө алып, атайын комиссия түзүлүп, улуу-улуу композиторлордун чыгармалары каралып, толукталып, жаңыртылып, жакшы сактаганга шарт, каражат каралып берилсе деген эле кеп. Мисал менен айтсам, Францияда "Үч мушкетёрдун" кол жазмасын көрүү үчүн өкмөттүн президентинин колу коюлган уруксаат кагазынан кийин гана Алтын Фонддон көрсөң болот экен. Бизде да ошондой бааланып, сакталса деген ой келет. Алар жоголсо музыкалык Алтын Фондубуз жоголгонго барабар. Ушуларды чоңдорубуз көзөмөлгө алышаар. Классика деп коёбуз... Кыргыздын классикалык музыкасы болуп калды. Малдыбаев, Молдобасанов, Абдраевдердин эмгектерин он-он беш жылда бир басмадан чыгарып, концерттери коюлуп, жаштар билип өсүшсө жакшы болот эле.
Атабыздын тогуз операсынын ичинен азыр "Айчүрөк" эле аткарылып жүрөт. Орус досу, таанымал Виноградов Виктор-Сергеевичти - Бектур деп коёт эле, айтканы бар: "Ички дүйнөсү бай, анан да элдик музыканы кыйын билип, баа бере алган Абдыластай киши жок"-деп. "Атай, Мусанын баары гениалдуу, чыныгы талант экендиктери талашсыз. Бирок Абдылас жаңыча турмуш менен жаралган жаңыча музыкага көңүл бөлүп, нота үйрөнө калып атпайбы" дегени бар. Сурап калдың, СССРдин, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп көп эле эмгектерди жасады. Аны мен айткандан көрө эл айтканы жакшы. "Акча, үй маселелерин чечтирип, балдарыбызды окууга өткөзүп бер, жардам бер" дешип көптөр кайрылышчу. Эч жардамын аячу эмес. Кайыргүл Сартбаева Женпедге келип окуп калса: "Биздин айылда Сартбайдын үнүндөй үн бар беле" деп сууруп келип Консерваторияга окуткан. Атасы кыйын ырдаган киши экен да. Көрөөр көздүк кылганын карабайсызбы. Кайыргүл Сартбаева СССРдин Эл артисти эмеспи.
Айткандарымдан тыянак чыгарсак, атабызды эскерип эстелип атканы жакшы. Жаштар билип өссө, улуу маданиятын унутпаган эл-өзү да унутта калбайт да.
Малдыбаевдин сүрөтү коюлган бир сомдук
- Бир күнү Ак үйдөн телефон чалып "атаңыздын сүрөтүн алып келиңиз, сомго чыгат" деп чакырып калышты. Үйдөн он чакты сүрөтүн алып барып бердим. Арасынан тандалып азыркы сүрөтүн чыгарышыптыр, бирок андан да жакшы сүрөттөрү бар эле. "Эмне үчүн атаңызды башка акчага чыгарбай, бир сомдук кылып койду?" дешип мага тийиштик кылып, чукуп суроо бергендер да көп болду. Мен мындай жооп берип жүрөм. Америкада эң биринчи Президентин бир долларга чыгарышкан. Бул улуу дегендик, биринчи, бийик деп баалагандык. Бир сом сомдордун башында турат. Бир сом өзгөрсө баардык акча өзгөрөт да. Ошол кездеги акчага атабыздын сүрөтүн жайгаштыруу үчүн түзүлгөн комиссия деле ушундай ой менен бир сомго чыгарышты деп ойлойм. Өзү айылдан эле чыккан койчунун баласы болсо да, 33 жашында Эл артистигин алып, бүт элге алынып-таанылган, демократ киши болчу. Эл менен эл болгон, улуу менен да кичүү менен да тил табыша билген адам эле. Өзүнүн мүнөзүндөй болуп бир сомдук селсаяк-кайырчыда да, акчалуу байда да бар. Биз үй-бүлөбүз менен сүйүнөбүз атабыздын аты Улуттук сомдо жүргөнүнө.
Жанаша жүргөн достордун кесилишкен көчөлөрү
Бул да кызык нерсе... Ал убакта азыркыча шаардын мэрин-горисполком деп койчу, Медеров деген эле. Экөөбүз №5 мектепте окуп, мамилебиз да жакшы болчу. Бир күнү кезигип калсам: "Боке, атаңдын атын Набережныйга койдук. Көрөсүң, кийин ал абдан таанымал көчө болот" деген эле. Айткандай эле суу бойлой кеткен көчө-азыркы Малдыбаев көчөсү болбодубу. Медеров айткандай чоң-чоң үйлөр салынып, жакшы көчө болду. Анан да суу деген таза да, ыйык да. Эң кызыгы, Иса Ахунбаев экөө абдан жакшы достордон эле. Исакем атама белекке берген операциялык бычак, араалары азыркыга чейин үйдө аяр сакталуу турат. Муну менен айтайын дегеним, көздөрү тирүү кезиндеги жанаша жүрүшкөн достор, көздөрү өткөндө да көчөлөрү кесилишип, күмбөздөрү да бири-бирине жакын жайгашкан.
Туулган жер менен коштошуу
- "Балдарым этсиреп калды" деп азыркы опера театрынын артында базар бар эле, өзү барып жылкынын этин, чучугунан сатып келип, бышыртып, өзү колго майда туурап анан берчү. Кыргыздын улуттук тамактарын аябай жакшы көрчү. Тиягы Ат-Башы, Нарын, башы Москвадан музыканттар, өнөр адамдары келип, үйдөн конок үзүлчү эмес. Эт салдырып анан бизге үйрөтөөр эле: "Уят кылбай куш тил кылып туурагыла", же аксакалдар болуп калса "күл майда кылгыла" деп эт туурагандын эле, үч-төрт түрүн билчү, аябай чоң маани берчү.
Көрөгөч адам окшобойбу деп калдым. Анткени акыркы жылдары ооруп, көзү да көрбөй калбадыбы. Бир күнү айылга барып келели деп калды. Барып, кетээрибизге келгенде "Болот, Кара-Сеңир жакты көздөй айдачы",- деп калды. Ал айылдан чыкканда тоо тараптагы чоң-чоң таштары бар жер. Түшүп, таштарды колу менен кармалап, "Он кадамдай басалычы" деди да, "мына мен ушул жерде боз үйдө төрөлгөм" деп атпайбы. Баарысын алдын-ала ойлой, сезе билген адам туулган жери менен коштошуп атат го деп ойлоп койдум.

М.Молдобекова




Малдыбаев баскан жол
1906-жылы Кичи-Кеминдин Кара-Булак деген айылында жарык дүйнөгө келет.
Атасы Малдыбай көп бүлөлүү, колунан көөрү төгүлгөн уста, комузда кол ойноткон, ыр-күүгө жакын адам болот. Айылдын той-топурунда ооз комузда ойноп, созолонто ырдай билген энеси Деилденин да Абдыласты бешик ырын ырдап чоңойтушу чоң таасир берет. "Эх, бул Мукенин күүсү! Мен андай ойносом кана!" деп атамдан көп укканым менен "Муке" деген ким экени жөнүндө түшүнүгүм жок кезимде, биздин айыл бир күнү чуу түшүп, айылдын аксакалы болгон аталарыбыз Байбосундун үйүнө чогулуп калышты. Көрсө жанына да өзүндөй өнөр адамдарын ээрчитип Муратаалы Күреңкеев келген экен. Элдин көптүгүнөн боз үйдүн ичинде комуз черткендерди көрбөгөнүм менен ошондогу комуз менен кыл кыяктын күүсү өмүр бою эсимде сакталып, менин тагдырымда чыгармачыл адам болуума чоң салымын кошкон",-деп жазылыптыр эскермесинде.
Кичинекей Абдылас 8 жашка келгенде байдын койчусу болуп, кой кайтарат. Ысык-суукта, жамгырлуу күндөрдө кой артынан жүргөн балага жаратылыштын кооздугу көңүлүн кытыгылап толкуткан. Андайда бала тоо-талааны жаңыртып ырдап кирет. Байкап, угуп калышкан айылдаштары, той-тамашаларда Абдыласты ырдатып, черлери жазылган.
1916-жылы Үркүндө айылдаштары менен Кытайга барып, кыйынчылык күндөрдү башынан кечирип кайтып келген Абдылас бир өзбекке жалданып иштейт, бала да багат, үй-жумуштарына жардам берет. Андан кийин чөптөн дары-дармек жасаган кемпирдин колунда да чөп чогултуп, отун-суусун ташып иштеп жүрөт.
1920-жылдары Абдыластын эң алгачкы чыгармасы "Акинай" жаралат. Эл арасына кеңири тарап кеткен лирикалуу ырынан кийин музыкант болом деген тилегин ишке ашыргысы келген Абдылас 1922-жылы Алма-Атага окууга бармакчы болот. Жөө-жалаңдап, ашуу ашып бир жума дегенде жеткен Абдыластын мүдөөсү ишке ашып Казак Институтуна кабыл алынган.
1926-жылы Фрунзедеги педтехникум ачылып, Алматада окуган кыргыз жаштары өз жеринде окууга которулат. Ушул эле жылы Кыргызстанда улуттук театр студиясы уюштурулуп, Малдыбаев үзбөй катышат. Кийин завуч болуп иштейт.
1938-жылы 26-мартта "Ажал ордуна" музыкалуу спектаклинин бет ачаары болот. Бул үч чыгармачыл достун биргелешип жасаган эмгеги эле. "Ажал ордунанын" автору гана болбостон Бектурдун образын эл алдына алып чыгат.
1939-жылы 12-апрелде эң алгач кыргыз операсынын ичин жаңырта кол чабуулар коштоп, Малдыбаев бул операда да автор гана эмес, Күлчоро баатырдын партиясын ырдайт.
Малдыбаевдин ырчы, аткаруучу, композитор катары жылдызы жанган учур 1939-жылы (26-май - 6-июнь) Москвада өткөн Декадага туш келет. Кыргыз музыканттары Москвалыктарга "Алтын кыз", "Ажал ордуна" музыкалуу драмасын жана "Айчүрөк" операсын тартуулашат. Ошондой эле жыйынтыктоочу күнү элдик өнөр чеберлеринин катышуусунда чоң концерт коюлуп, анда Малдыбаев Токтогул Сатылгановдун "Өмүр", "Алымкан" аттуу ырларына эскирбес обондорду жазып, ырдап чыгат.
1939-жылы 7-июнда Абдылас Малдыбаевге СССРдин Жогорку Кеңешинин буйругу менен "СССРдин Эл артисти" деген наам ыйгарылып, Ленин ордени менен сыйланат.
1942-жылы 17-августта Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театры түзүлөт.
1950-51-жылдары "Көл боюнда" операсы Касымаалы Баялиновдун "Бакыт" повестинин негизинде жазылат.
1956-жылы Малдыбаев менен Мукаш Абдраев улуу акын Токтогул Сатылгановдун өмүр-жолунун негизинде "Токтогул" операсын жазышкан. 1958-жылы кайра оңдолуп, толукталып Бөкөнбаев менен Маликовдун либреттосуна - Власов, Фере, Малдыбаев үчөө операны коюшкан. 1970-жылы "Манас" операсы үчүн Малдыбаев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси болот.
1978-жылы 31-майда жарык дүйнө менен кош айтышат.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan