Адабият айдыңы

Акын Кыялбек Урманбетов:
"Өзүмдү башы жок чабандестей сезем..."
- Быйыл эр ортону элүүгө келипсиз, атаңыз Совет Урманбетовдун да 75 жылдык юбилейи экен, кут болсун!
- Ырахмат.
- Адегенде кепти ошол ата-баланын ортосундагы бир окуядан баштасак. Сиз атаңызга таарынып, "ыр жазбайм" деп айныган учуруңуз болгон дешет го?
- Атама таарынган эмесмин, анын жоро-жолдошторуна нааразы болгонум бар. Анда 8-класста окусам керек. Бир күнү атам үйгө капалуу келди. "Балаңа ыр жазып бергениңди токтотпойсуңбу, сенин көзүң өткөндө анын убалы кимге дешпедиби жанагылар!" деп туталанып алыптыр. Аны уккан мен да чыртыя түштүм. "Деги жазбай койсом кутуламбы" деп ыр калемин алыс ыргыттым. "Уулум, ар ким оюна келгенин оттой берсин, сен андан бийик болуп, ансайын өчөшүп жакшы жазышың керек!"- деп атам байкуш өчкөн отту жандыргысы келгендей чырылдайт. "Жок!" деп көгөргөн мен керосин куйса да күйбөчүдөй көгөрөм. Ошентип жан дүйнөм эки жылдай ырдан кысыр калды. Айылдагы Түкү деген классташ досум суранганда гана эки-үч сүйүү ырын жазып бергем, ошо кездеги белгилүү бир обондорго салып. Ой, анан жаман гитараны асынып алып, классташтар түн ичинде Торайгырдын көчөсүн жаңыртчубуз. Чынында атама көрсөтпөй кез-кез жазып деле жүрдүм. Бирок сыртыңа чыкпагандан кийин өзүңө батпай, бук болуп кетет экенсиң. Анын үстүнө алгачкы сүйүүм ойгонуп, күйүп-жанып жүргөн кезим болсо. Бир күнү ачыкка чыктым, мындай бир сегиз сапты бетиме кармап алып:
Атасы эле көздөнүп,
"Атасынын өзү" деп.
Айтпасаңчы агатай,
Кантип ошол сөзүң эп.
Көз отумду бөлүшүп,
Болгум келбейт ортоктош.
Өжөрлүгүм жетишет,
Атам мага өзү окшош!..
- Поэзияны ат майдан, акындарды чабандес деп элестетсек, азыр сиз атаңыздан озуп чыктыңызбы?
- Балээнинби! Тамеки чеккен жагынан эле ашпасам, теңелиш кыйын. Атам Совет- башы бар чабандес, поэтикалык ойду карманып, түбөлүгүн ойлоп салмактуу жазчу. Андыктан оңой менен ырларына обон чыкпайт, он чактысы гана ырдалып жүрөт. Ага салыштырмалуу мен өзүмдү башы жок чабандестей сезем. Заман агымына ылайык обондуу ырларга басым жасап, заказ менен жазып жүрбөймүнбү. Элге жакканына караганда жаман жазбасам керек. Азыр китеп бетин ачпай калган адамдар деңиз түбүндө чөгүп жаткан берметти байкабай, үстүндө калкыган булутту гана көрөт тура. Ошондуктан өлгөн жолборстон тирүү мышык артык болуп мен жүрөм "атам Советтин арбагы ыраазы болсун" деп коюп.
- "Азыркы обондуу ырлардын мааниси тайкы болуп кетти"- дегенге кандай карайсыз?
- Түз карайм, "калк айтса, калп айтпайт" да. Чын-чынына келгенде мааниси жок ырлар деле көп жаралчу, бирок көркөм кеңеш деген электен өтүп, мыктылары гана элге тартууланчу. Мурда өнөрпоздор атын чыгарып, даңаза болгонго умтулса, эми тыйын-тыпыр тапканга, эптеп кара жанды бакканга басым жасап калбадыкпы. Мурдагылардын дагы бир артыкчылыгы-адегенде мыкты тексти тандап алып, анан ошого ылайык обон жаратчу. Эски ырлардын сөзү-обону жуурулушуп, төгөрөгү төп келип, бир бүтүн денедей туюлганы ошондон. Азыр болсо... Андыктан саны бар, сапаты жок ырчылар да көбөйүп, өз билгендериндей талкан чалууда. Чыгармачылыктагы анархия - башаламандык өкүм сүрүүдө деп чорт кесе айтсак деле болчудай. Маданият министри Султан Раев суй жыгылып, "обондуу чыгармаларды чыпкалап иргеп, орду-ордуна койбосок болбой калды" деп канкакшап жүргөнү бекеринен эмес. Эгер бул күрөштө Султан палван чындап көкжалдыгын көргөзүп, алиги ээ-жаа бербеген ээнбаш анархияны чалкасынан түшүрсө, элибиз чоң жеңишке туйтунат. "Илгеркидей жугумдуусу жок" деп арман кылбай, угумдуу ырларды сезимге уютабыз.
- Сиз Гүлнур, Актан, Ырыскелдилер менен алака түзүп, тыгыз байланышта иштешип келесиз. Ал эми азыркы жаш ырчыларга мамилеңиз?
- "Үйрөнүшкөн жоо атышканга жакшы" демекчи, көптөн бери иштешкендер сырдана болуп, көңүлдүн төрүндө ар убак. Жаш ырчыларга деле көзүм түз. Өнөр дүйнөсүндө өйдө-төмөн болот, бирок аял-эркек, улуу-кичүү деп бөлбөй, жакшы чыгарма деп гана жанды отко ташташ керек. "Сотка" аркылуу кайрылган жаштар арбын эле, соодалаша келгенде көбү четке чыга беришет. Кыязы, ары-бери чүргөй салган бекер оокатка кынык алышса керек. Алардын баарына түтө аламбы! Ыр-менин наным, бирок нан заводундай бир калыпка салып, күнү-түнү күргүштөтө кантип "оптом" чыгарасың? Ар бир ырдын өзүнчө даамы, жыты, калыбы болушу шарт. Кээде бир обонго үч-төрт ырдын үлгүсүн жазууга туура келет. Соңку кезде Ома, Гүлзинат, Нурзат, Айгүл Чалова сындуу жаш ырчылар заказ берип жүрүшөт. Алардын үмүтүн актадымбы деп адегенде чочулайт экенсиң, анткени азыркы жаштардын суроо-талабы, сүйүүсү да башкача. Жакында Гүлнур Сатылганованын сиңдиси Наристе да бир жакшы обонду тандап алыптыр, ошого ыр заказ берди. Ал өз репертуарына эмитен аяр мамиле жасап, булбул таңшык эжесинин үнүн гана үлгү кылбай, марттыгын кошо мурастаса жаман ырчы болбойт...
- Китебиңиз качан чыгат? "Кош жылдыз" деген ырыңыздын таржымалын айтсаңыз?
- Чынында 1990-жылдан бери китебим жарык көрбөптүр. Ырдалып жүргөн ырлардын күчү менен эле эл оозуна эптеп илээшип жүрсөм керек. Буюрса, ушул күзгө чейин эки-үч китеп чыгарууга далалат бар. Каражат жагын караштырып жатам. Атам Советтин да юбилейлик китеби моюнда дегендей. "Кош жылдыздын" шумдуктуу деле тарыхы жок. Үй-бүлө өзүнчө мамлекет болсо, үч ыйыгы болушу керек эмеспи. Гербим-ата-бабамдан мурастаган аты-жөнүм, желегим-балдарым, толук кандуу мамлекетке гимн гана жетишпейт турбайбы деп атайын жазгам. Аялым экөөбүз үй-бүлөлүк салтанаттарда ырдап калабыз. Бирок биздин обонубуз Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов ырдагандан такыр башкача. Ошентип, "Кош жылдыздан" кийин ата-энемден бөлүнүп чыгып, өз алдынча түтүн булатып мамлекет болгом.

М.Молдобекова




  Ак санат

Сөзү Кыялбек Урманбетовдуку
Обону Эркин Мээркановдуку
Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Адам болуп жаралып,
Дүйнөгө бир келген конокпуз.
Кадырлашып калалык,
Бүгүн конок, эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбе,
Тилегиңе жаркын үмүт кош.
Кейисең да кечинде,
Эртең менен күндү күлүп тос.

Күмүш күндөр миң,
Бирок, досум, түшүнгүн,
Эң кымбатың -эртең эмес, ушул күн!

Кайырма:
Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби, шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын!

Өмүр бою өчүрбөй,
Жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө.
Өткөн ишке өкүнбөй,
Кубанычты чакыр үйүңө.
Көңүл эзген муң жаман,
Көзүбүздөн кээде жаш тамып.
Бузулса да бул заман,
Адам бойдон калгын сакталып!

Тагдыр ушу деп,
Таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыма жетем деп.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan