саресеп

Досум дос элең го коон үзгөндө...
Аялзаты гүлдөй назик, мамилеге ийкемдүү болгону менен желдей жеңил, достукка туруксуз келет деп айтып жүрүшөт. Көбүнчө айымдардын достугун материалдык кызыкчылык, жумуштагы аброй, жарашыктуу кийим же келишимдүү келбет бекемдеп, ортолорун ушак-айың, көралбастык, же мырзаларды талашуу да ажыратып салат. Бирок ошол эле учурда бири-бирине жөлөк таяк болуп, чыгармачылыкта да, жеке жашоодо да, үй-бүлөдө да мамилелерин сактап, достошуп жүргөн айымдарыбыз деле жок эмес. Эмесе, айымдардын достугу, дегеле аларды эмне байланыштыраарын аздыр-көптүр билип берүүгө аракеттендик.

Чыгармачылыкта чырмалышкан достук
Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева
Кыргыздын көрүнүктүү акын кыздары Бактыгүл Чотурова менен Жыпара Исабаева эже-сиңди катары бири-биринен акыл, кеңеш сурашып, чыгармачылыкта достошуп келе жатышат. Экөөнүн бир кеңседе бетме-бет олтуруп, эртеден кечке чогуу болгондугу да алардын мамилелерин бекемдеп, жылдыздарын жакындатып турган сыяктуу. Бактыгүл айым досунун жароокер, ишенчээк, ийменчээк мүнөзүн баалап, жашы кыркка таяп, небере көрүп калса да, анын бала мүнөз эркелиги калбагандыгын ар дайым айтып жүрөт. Ал эми Исабаева болсо Чотурованын сылыктыгы, ак көңүлдүгү анын өзүнө жарашкан мүнөзү деп белгилейт. Айтор, эки акын тең жараткан чыгармаларын, жазган ырларын бири-биринин уруксаатысыз башкаларга көргөзүүгө ыраа көрүшпөйт.

Узакка узабаган достук
Бактыгүл Бадыева, Неля
Медалдын эки бети болгон сыяктуу эле, жашоодо да ысык суук, ачуу-таттуу көрүнүштөр чогуу жүрөт эмеспи. Дегеним, мындан эки жыл мурун чыгармачылык жактан жакшы достордун катарын толуктаган айдай сулуу Бактыгүл Бадыева менен Неля айымды бүгүн көрсөң достошмок тургай аттарын уккусу келбейт. Себеби эмнеде? Балким, Урмат болгондур. Бактыгүл экөөнүн мамилеси, атүгүл кинодо да чагылдырылып кетпеди беле. Шамал болбосо дарактын башы кайдан кыймылдасын. Балким достукту сүйүү жеңип кеткендир. Эмне деген күндө да Неля мындан аркы үй-бүлөлүк мамилесине досторунун шамалынан сактап калса экен деген чын ниетибизди билдирели.


балачак достук
Айжан Газиева,
Аида Кулуева
Кенедей кездеринен бери жарты нанды бөлүп жеп, жарым кашык сууну бөлүп ичип чоңоюшкан бул ырчылардын бүгүнкүгө чейин мамилеси сууй элек. "Аманчылык болсо өмүр бою достошууга даярбыз" деген айымдардын мүнөздөрү таптакыр эки башка. Ачуусу келгенде эркек-аялга карабай кармашып кетүүдөн кайра тартпаган, мүнөзү эркектердикине окшош Аида Кулуеванын ачуусу бат келип, бат таркайт. Бирок назик, тим эле созулуп сүйлөгөн Айжан Газиева менен кантип достошуп жүрөт деп ойлобой койбойсуң. Анткени менен "Биздин жигиттерге болгон табитибиз эки башка, бирок, ойлорубуз ар дайым бир максатта чыга келет" дешсе, талаша турган эч нерсеси болбосо чын эле достор го деген бүтүм чыгарат экенсиң. Экөөнүн башы бириксе эле кызыктуу окуялардын чордону болот да калат. Мисалы, ушул эле жылдын жаңырышында бирин-бири куттуктап бир кафеде майрамдап олтурушса, кошуна столдогу кызып калган мырзалар айымдарга тийише беришет. Жөнү жок эле тийишкен аларга ушунчалык жини келген Айжан бирөөсүн жеп жаткан торт менен бет талаштыра бир чабат. Досуна кайдыгер карап тура албаган Аида ичип жаткан шампанын экинчисинин башынан ылдый куюп жибериптир.

Үй-бүлөлүк достук
Гүлбүбү Иманалиева,
Айчүрөк Султанова
Чыгармачылык чөйрөгө сегиз жылдан ашуун убакыттан бери аралашып жүргөн Айчүрөк Султанова мындан беш жыл илгери акын Элмирбек Иманалиевге ыр жаздырганы барган. Акындын жубайы менен ошондо таанышып, айымдардын мамилеси ынак болуп кетет. Экөөнүн чыгармачылык байланыштан да үй-бүлөлүк мамилелери жакын болуп, шерине-отуруштарда да чогуу отуруп, "сен, мен" дебей достошуп келе жатышат. Айчүрөк айым эки уулдун энеси болсо. Гүлбүбү эки кыздын апасы. "Эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт, эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт" деген жакшы сөз бар эмеспи. Балким, тагдыр буйруп, таттуу достор таттуу кудагыйларга айланып калаары бардыр.

Даярдаган Кыял ОРОЗБЕКОВА





Радик:
"Өз арабамды
өзүм тартып келатам"
Кыргыз шоу дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган жаш таланттар күн санап көбөйүүдө. Албетте, бул көрүнүш акырындап сандан сапатка өтөт деген ойдобуз. Алардын катарын толуктап "Тартынбачы", "Ишенчи" деген ырлары менен эл алдына чыгып калаткан Радик мырза менен тааныштырабыз.

Радик Ашырбеков Ысык-Көл областынын Чоң-Сары-Ой районуна караштуу Чоктал айылында 1991-жылы төрөлгөн. Үч бир туугандын улуусу. Учурда Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада бөлүмүндө 1-курста окуйт.

- Радик, ырчылык кесипти тандап алышыңа ким түрткү берди?
- Биздин үй-бүлөдөн апам абдан жакшы ырдайт. Андыктан апамдан кандайдыр бир деңгээлде таасир алдым деп ойлойм. Ошондой эле өзүмдүн ырдаганга жөндөмүм бар болчу. Ошондон улам музыка жаатына тапшырып окуп калдым. Көп өтпөй Сүйүн Жусупов деген ырчы байке менен таанышып калып, андан сахнанын өйдө-ылдыйын үйрөндүм. Ошентип, эң алгачкы өзүмдүн "Тартынбачы" деген ырымды жаздырып, элге тартууладым.
- Чыгырмачылыгыңды ата-энең колдоп турабы же ырдаганыңа каршыбы?
- Башында апам каршы чыкты. Бирок, менин тырышчаактыгым баарын жеңди окшойт. Алардан каражат жагынан жардам сурабайын деп "Дордой" базарына телевизор, DVD сатып иштегенге туура келди. Ал жерде азыр деле апам экөөбүз соода кылабыз. Базардан ыр жаздырууга бир аз акча топтодум. Бирок, ошентсе да эне эч түтпөйт экен. Биринчи ырымды жаздырганга 12 миң сом берди. Ошондон баштап ата-энем менден жардамын аябай келет. Учурда эки ырыма клип тарттырдым. Ырларымды радилорго бергем, кудай буюрса, акырындап кетип жатат. Кыскасы өз арабамды өзүм тартып келатам.
- Базарда да иштеп жатсаң окууңа тоскоолдуктар болгон жокпу?
- Жок. Адам чын көңүлү менен иштесе баарына жетише алат. Болушунча убакытты туура пайдаланганга аракет кылам. "Иштесең тиштейсиң" дегендей, жаш кезде иштеп алган оң го.
- Жаш ырчылырдан эмнең менен өзгөчөлөнөсүң?
- Куудулдук өнөрүм бар. Ошондуктан экөөнү бирдей алып кетсем деп ойлойм. Жездем куйкум сөздүү, аябай сөзмөр киши, анын жанында жүрсөң эч зерикпейсиң. Экөөбүз дайыма бирге жүргөндүктөн, мен да ал чөйрөнүн адамы болуп калдым. Мени тааныгандар "куудул эле болуп албайсыңбы" деген ойлорун айтып калышат. Ошондой эле Назира Жетигенова эженин талантына таасирленем. Анын талантын чын жүрөгүмдөн баалайм. Сахнадагы алгачкы тушоом эженин концертинде кесилген болчу. Мына ушундан кийин мен үчүн башка концерттерге жол ачылган. Азыр ар кандай кечелерге, концерттерге катыша баштадым.
Суроо салган
Аймира БУКАБАЕВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan