маалымат

Саламат Садыкова
Голландияда
Кыргызстанда биринчилерден болуп Испания, Москва шаарларында өзүнүн жеке концертин берген КРнын Эл артисти Саламат Садыкова 24-февралдан март айына чейин Голландиядагы "RASA -2009" фестивалына Орто Азиянын өкүлү катары катышат. Аталган дүйнөлүк фестивалга келишим бир жыл мурун түзүлүп, анын негизинде Голландиянын алты шаарында Саламат Садыкова өзүнүн жеке концертин тартуулайт. Кыргыздын желегин дүйнө жүзүнө желбиретип, нукура кыргыз ырларын башка өлкөлөргө жайылтып келаткан Саламат эженин чыгармачылык сапары байсалдуу болсун демекчибиз.

Назгүл Насиева абакта кароо-
сынак өткөрөт
Белгилүү продюсер Назгүл Насиева жаз майрамдарына карата түрмөлөрдү кыдырып, кароо-сынак өткөрөт. Адегенде Аялдар түзөтүү колониясында сулуулар конкурсун, андан соң № 8-колонияда эркектер үчүн кол күрөш боюнча күч сыналмакчы. Белгилей кетсек, мындай сынактар тогуз жылдан бери Назгүл Насиева тарабынан уюштурулуп келет. Дагы бир айта кетчү жагдай, аталган кароо-сынактын жыйынтыгын жакында УТРКнын "Ильич иликтейт" программасынан жана "Обон" гезитинен окуй аласыздар.

Урмат, Неля
түштүккө той берет
Кош жылдызга айланган Урмат менен Неля борборубуз Бишкек шаарында сүйүшкөндөр күнүнө чоң белек катары той концерт берген эле. Ушул эле той концертин чыдамсыздык менен күтүп жаткан күйөрмандарга эми алар 27-28-февраль күндөрү киндик кан тамган жери Талас шаарында өткөрсө, түштүк жергесине 6-8-март күндөрү унутулгус кече тартуулашат. Мындай бата алуу той концерттен соң, эки жаш Бишкек шаарындагы белгилүү ресторандардын биринде үйлөнүү тоюн өткөрүшөт.

Букаев жаңы
китеп жазды
Мындан 26-27 жыл мурун бүткүл союздук "Пионерская правда" жана республикалык "Кыргызстан пионери" гезиттеринде окурмандардын бүйүрүн кызыткан макалалары байма-бай жарыяланып турган бир таанымал жаш журналист бар эле. Ал бүгүнкү күндүн белгилүү шоумени Бакыт Букаев.
Бакыт мырза кайрадан колуна калем кармап, беш бөлүктөн турган Айчүрөк Иманалиева жөнүндө китеп жазып, аталган китептин бет ачары борборубуздагы "Аска" кафесинде болуп өттү. Бет ачардын жүрүшүндө кеченин алпаруучулары Элмара Турсуналиева менен Нурдөөлөт Копоевдер уюштурган "Сулуулар конкурсунан" Назира Жетигенова жеңүүчү аталды. Ал эми "чымыр денелүү эркектер" оюнуна телеалыпбаруучулар Эрмек Нурбаев, Нургазы Матцаев, Нурдөөлөт Копоевдер катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Кечеге белгилүү журналисттер, кыргыз шоу-дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышканы менен негедир китептин каарманы Айчүрөк айым көрүнгөн жок...

Маараке үчүн тартылган маанилүү клип
Ырчы Алмаз Абдылдаев "Классташтар" аттуу жаңы ырына клип тарттырып бүттү. Клиптин өзгөчөлүгү, мында ырчынын классташтары образ жаратып, клиптин каражатын өздөрү каржылашкан. Ошондой эле алардын балалык чагын дагы өздөрүнүн балдары чагылдырган. "Быйыл мектепти бүткөнүбүзгө 20 жыл болот, ошол мааракеде классташтарыма белек кылайын дген максатта аталган ырды жараттым"-дейт Алмаз Абдылдаев. Буюрса, көп эмгекти талап кылган клипти жакын арада эфирден көрө аласыздар.

Укпадым, Көрбөдүм дебеңиз!
"WELLBE" деп аталган жаңы бий тобу өз ишин баштады. Мыкты бийчилерден түзүлгөн бул топ мектептеги кечелерден баштап, той, концерттердин көркүн ачып, кызыктуу шоу тартуулай алышат. Аталган бий тобунда бийдин миң түркүн өнөрүн билген, тажрыйбалуу улан-кыздар каалоочуларга бий өнөрүн үйрөтөт. Индия, хип-хоп жана заманбап бий түрлөрүнө кайдыгер болбосоңуз, талантыңызды байкап көрсөңүз болот. Байланыш телефону:
0772 90-80-63.

Рустам Аташов кастинг жарыялайт
Гезитибиздин өткөн санында кинорежиссёр Рустам Аташов жаз мезгили менен жаңы кино тартууну көздөп жатканын айтып берди эле. Эми ал кинонун спорттук эпизоддоруна 24-февралдан тартып кастинг башталды. Буга чейин киного тартылам деп кыялданып, өзүн спорт чеберчилигинде мыкты көрсөтө алган улан-кыздар үчүн эшик ачык. Дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү кечки саат 19.30да Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан "Жаштык" спорт комплексине кайрылсаңыздар болот. Байланыш телефону 0777685270.

"Атамдын
эле уулумун"
Гезитибиздин өткөн санында эл ичиндеги имиштерден улам "Байыш бакма балабы?" деген маалымат кетти эле. Тактоо иретинде кайрылдык
- Ха-ха-ха. Окудум. Ошондон кийин жезде-бажаларым, досторум тынбай чалып жатышат. Чынында мындай "божомолдорду" Заманага" баргандан кийин өзүм да уга баштагам. Бирок, маалымат туура эмес. Балким мен Олжобай Токтосуновго окшоштугумдан улам чыккан сөздүр. Атамдын эле уулумун.




 

АКШнын аскер базасы
кыргызстандан чыгарылат
Президент К. Бакиев аскердик база жөнүндө АКШ менен болгон келишимди токтотуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги авиабазаны чыгаруу жөнүндө кыргыз бийлигинин чечимин Вашингтонго билдириши керек. Ошондон кийин 180 күн аралыгында АКШ "Манас" аба майданындагы аскердик базасын көчүрүп чыгып кетүүгө тийиш.
"Манас" аскердик аба базасы жөнүндө АКШ менен келишимди токтотуу маселесин Жогорку Кеңеш бир күн мурда карап, колдоп берген. Бир гана Социал-демократтар фракциясы ага каршы чыккан.
Бөлөкбаевдин соту
26-февралга которулду
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин кылмыш ишин Биринчи май райондук соту 26-февралда карайт деп күтүлүүдө. Буга чейин сот отуруму ар кандай себептер менен бир нече ирет кийинкиге жылдырылган. Бөлөкбаев карикатуралар аркылуу президент Курманбек Бакиевдин беделине доо кетирди деп күнөөлөнүүдө. Партиянын кеңсесин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча баш прокуратура ушундай арыз менен сотко кайрылган болчу. Баш прокуратуранын аракетин куугунтук деп эсептеген партия лидери тагылган күнөөнү негизсиз деп жатат.
Депутаттар аймактарга аттанды
Бүгүндөн баштап Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо округдарында иштеп, жолугушуу бир аптага созулат. Регламенттин негизинде мындай чечимди Жогорку Кеңеш жума күнкү отурумунда кабыл алды. Депутаттардын айрымдары ай сайын шайлоочуларга баруу каржылык жактан өзүн актабайт деп, регламентке өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда.
Калимбетова
кайрымдуулук иш жасайт
Быйыл кайрымдуулук иштерине бир жарым миллиондон ашуун сом жумшалат. Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетованын айтымында, Соцфонд баардык аймактарда өткөрүлө турчу иш-чараларды пландаштырып жатат. "Азыркы күндө майыптар, Ооган жана Улуу Ата Мекендик согушунyн ардагерлери менен майыптарынын бир катар кошундары бар. Быйыл биз аларга социалдык фонддун резервинен жардам берели деп ниеттенип жатабыз. Бул багытта кайрымдуулук иш-чараларына 1 миллион 785 миң сом жумшалат",- дейт Калимбетова.
Тогуз кыргыз
кытай түрмөсүндө
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тогуз кыргыз атуулу Кытайдын аймагында карактап кол салып адам өмүрүн кыйгандыгы, баңги соодасы, контрабанда өңдүү кылмыш жасагандыгы үчүн кытай абактарына кесилген. Алардын ичинен бирөөсү өлүм жазасына кесилип, кийин жазасы 19 жылдык түрмө мөөнөтүнө алмаштырылган. Дагы төртөө узак убакытка кесилип, экөө өмүрүнүн акырына дейре эркинен ажыратылган. Ал эми азыркы учурда эки кытай жаранын өлтүрдү деп айыпталган үч кыргызстандыктын үстүнөн соттук териштирүү өтүүдө. 2008-жылдын июнь айында Гуандун провинциясынын Улуттук сотунда аларды өлүм жазасына тартуу өкүмү угузулган. Бирок бул өкүмдү кайра карап чыгуу арызы ошол эле провинциянын жогорку сот инстанциясына тапшырылгандыктан аталган иш кайрадан каралууда. Бул маселе Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жана ошондой эле Бээжиндеги кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынган.
"Жаңы муун" кароосуз
балдарды калкалайт
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Бакытбек Жекшеновдун билдиргенине караганда, министрлик тарабынан кароосуз калган балдардын көбөйүшүнүн алдын алуу боюнча жигердүү иш аракеттер болуп жатат. Бул багытта ички иштер, билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу болуп, эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги "Жаңы муун" аттуу долбоорунун алкагында иш алып барууда. Белгилей кетсек, өткөн жылы кароосуз калган балдардын көбөйүшүн токтотууга мамлекеттик бюджеттен беш миллиондой сом бөлүнгөн.




  саламат плюс

Республикалык кан борборунун башкы директору Турсунбаев Мухаметалим Сатканкулович:
"Ден соолугу чың адам гана донор боло алат"
Кимдер донор боло алышпайт?
l ?ВИЧ, сифилис, гепатит В, гепатит С, бруцеллёз, туберкулёз жана психикалык жактан ооруган адамдар эч качан донор боло алышпайт.
l ?Суук тийип сасык тумоолоп же жөтөлүп дары-дармек ичип жүргөн адамдар да ошол учурда кан берүүгө мүмкүн эмес. Бир айдан кийин гана кан тапшырса болот.

Кан тапшырууга келгендердин эсине!
l ?18 жаштан 60 жашка чейинки, ден соолугу чың адамдар гана донор боло алышат.
l ?Түн ичинде жакшы, тынч уктап, эс алыш керек. Эртең менен тамактанууда майлуу, куурулган тамак-аш, айран-сүт ичүүгө болбойт. Суюктукту-чай, сок, компотту көбүрөөк ичсе кан суюулуп, кандын көлөмү көбөйөт, бул жакшы. Мүмкүн болушунча эртең менен саат 11ге чейин келип тапшырса жакшы мезгил. Адам чарчабай, ачка болбой, өзүн жакшы сезип турган учур болот.
l ?Сөзсүз түрдө донордун паспорту, же ким экенин, кайсыл даректе жашаары көрсөтүлгөн күбөлүгү болууга тийиш.

Кандын баасы канча?
Бир жолу кан тапшырган донорго 300 сом өлчөмүндө акча берилет. Эгер плазмалык кан тапшыруу болсо, бул эки жолу үчүн - 500 сом. Кан керек деп келгендер үчүн, эки жолу бар. Донор болуп берип, ордун алып кетишсе болот, шашылыш, донор болгонго туугандары жок учурда айла жок сатууга туура келет. 100 мл кан 150 сом турат. Анткени бүгүнкү күндө донордон кан алып, анын жарактуу же жараксызын текшерүү үчүн миң сомдун тегерегиндеги акча жумшалат. Демек, чыгым акталбай калып атат. Мамлекет чыгымын мойнуна алып калкты кан менен камсыз кылып жатабыз.

- Мухаметалим Сатканкулович, учурда донор маселеси кандай болуп жатат?
- Учурда биз массалык-маалымат каражаттарынын жардамына муктажбыз. Анткени, биздин эң негизги көйгөй ыктыярдуу түрдө кан тапшыруучу донорлордун жетишсиздиги жөнүндө калктын маалыматы болбой жатат деп ойлойбуз. Эгерде маалыматы, кабары болсо, биздин өтө түшүнүктүү, боорукер эл керек болгон учурда эч качан жардамдан баш тартпайт. Донор маселеси кыйын деп айтыш туура эмес, бирок өтө орчундуу. Жок эмес бар, күнүнө 40-50дөй адам келип кан тапшырып жатышат. Бирок булар кимдер? Аргасыздан, башына мүшкүл иш түшкөндөн улам, жакын туугандары ооруп, кырсыктап, канга муктаж болгондо гана келе калып кан тапшырып, кан алып кетип жаткандар. Алар туугандары үчүн тапшырып, кайра эле ордун алып кетип жатышпайбы. Кээ бир учурларда тапшыргандан да эки-үч эсе көп алып кетишет. Демек, бизде көп запас топтоого мүмкүнчүлүк аз, кампабыз бош дегендей. Ал эми ыктыярдуу түрдө, жакшы маанай, жакшы ой-тилеги менен келип "Менин каным кимдир бирөөнүн жанын аман алып калганга керектелсин. Менин тууган-туушкандарым деле аман-эсен, акчанын деле кереги жок" деген донорлор жокко эсе.
Адам баласында төрт топтогу кан болсо, оң жана терс резус факторлору менен сегиз түрлүү кан болуп жатпайбы. Кээ бирде бардык топтогу кандар запаста бар, бирок ошол керектүү шашылыш мүнөттө бир гана топтогу кан жок болуп калган учурлар да кездешет. Ошондо эки тарап тең кейип, врачтар баш болуп кыйналып калабыз. Ал группадагы кан болот, бирок кандайдыр бир убакыт күтүүгө туура келип калат. Анан нааразычылык чыгып: "Күндө эле келип кан тапшырып жатышпайбы, кана?" деген сөздөр айтылат экен, түшүнбөстүктөн улам. Жогору жакта иштегендердин арасынан же акчалуу адамдардан кан керек болуп калганда келе калышып, опузалап, коркутушуп, "Мага баланча группадагы кан керек" деп, аталган топтогу кан ошол мүнөттөрдө жок болсо катуу айтканга чейин барышат, мына акча дешет. Ошол учурда ойлонуп, донор болуп кан тапшырып коюу керектигин эске алышса жакшы болбойт беле.
- "Атын атаса куту сүйүнөт" дегендей, ардактуу донорлор жөнүндө айтып, ысымдарын атай кетсеңиз...
- 45 жолу кан тапшырган адамга мурда "ардактуу донор" деген наам берилчү. 45 жолу кан тапшырат деген эмне? Бир жолу донор болгон адам бир-эки адамдын өмүрүн алып калганга барабар болсо, алар канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калып жатышат?! Бизде болсо жаштарга үлгү болчу Асанов Леонид, Айтпаев деген рекордсмен донорлорубуз бар.
- Донорлор үчүн кан тапшыруунун кандай пайдалуу жана зыяндуу жактары бар?
- Медицинада - кан кызматында иштегендердин "Максимум пользы для больного, и никакого вреда донору" деген урааны бар, ошону менен иштейбиз. Демек, донорго пайдасы чоң, зыяны жок. Адам кан тапшырып аткан учурда буулуп, токтотуп туруп алышат да, ошондо организм стресстик абалда болуп туруп, кайра өлчөмдүү түрдө кан жоготкондо уктап жаткан резервдик мүмкүнчүлүктүн баары ойгонот да, организм активдүү иштей баштайт. Жоготкон канды кайра бат эле калыбына келтирип, толукташ үчүн организмдин жакшы иштешинен, кан айлануусунан иммунитет көтөрүлүп, адам аз ооруйт, көп жашайт.
- Бир жолку кан тапшырууда адам канча кан жоготот?
- Атайын белгиленген дүйнөлүк стандарт боюнча бир жолку кан тапшырууда 420-450 мл өлчөмдө кан алышат. Андан кем да эмес, көп да эмес. Эгер көп же аз өлчөмдө алынып калса, демек, ал кан туура эмес кан болуп калат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, кан алууда атайын бир эле жолу колдонулуучу стерилденген баштыкчаларга алынат, ичинде атайын суюктугу менен. Ошондуктан ал баштыкчага көп алып алууга эч мүмкүн эмес. Элдин арасында айтылып жүргөндөй "Канча алганын билбейм, көргөн жокмун. Бир литр канымды алып алды окшойт, ошондон бери алсырап, ооруп калдым" деген сөздөр туура эмес.
- Кан берип аткан адам өзүнүн жугуштуу оору менен оорурун билбей эле кан тапшырып койсочу? Деги эле текшерүү кандай жүргүзүүлөрүнө токтолсоңуз?
- Алдын-ала текшербей эле ала бересиңерби деген туура, ар бир айткан адамдын анткенге акысы бар. Бирок, "Кан тапшырам" деп толкунданып, чечим кабыл алып атайын келген донордун ошол каалоосун муздатып "үч күндөн кийин кайра кел, анализиң чыгат, жарайбы, жарабайбы айтабыз" дей албайбыз. Дүйнөлүк көз караш деле ушундай. Балким ал адам үч күндөн кийин күнүмдүк тиричиликтен колу бошобой, же дагы бир башка себептер чыгып калат. Ошондуктан биз донорлордон алдын-ала суроо-жооп алып, кандай оорусу бар экенин тактап, врачтар абалын карап көрүп, суроо-жооптун аягында "Кандайдыр бир оорум бар экенин билип туруп жашырып, кан тапшырып, бирөөнүн өмүрүнө атайын зыян келтиргеним үчүн жооп берем" деп кол койдуруп анан алынат. Ошон үчүн ким экенин аныктай турган документсиз кан алынбайт да. Алынган кан атайын адистер тарабынан сөзсүз түрдө толугу менен текшерүүдөн өтөт. Жалпылап алганда 16% ар кандай оорулар, көбүнчөсүндө сарык оорусу чыгып калып атат. Демек, ал кан жарабайт. Сөзсүз жокко чыгарылат. Кан текшерилмейинче эч качан берилбейт.
"Кан берген - жан бергенге барабар" дешет. Донор болом дегендер үчүн ар дайым эшик ачык. Дарегибиз: Тынчтык проспекти 60




  Билип алса, эң пайда

Чычырканактын сырлары
Жыйноо
Ушул кезде чычырканактын ашы, чычырканактын майы кеңири сатылууда. Чычырканактын ашын кышында жыйнаганынын себеби, бышып, серпилгичтиги аш сакталып турган болот. Тоңгон мөмөлөр бутактарды какканда эле оңой үзүлүп түшөт. Тоңгон боюнча, күн бүркөктө жыйноо талапка ылайык.
Майы
Чычырканактын майын даярдоо үчүн жемишти шире сыккычтан өткөрүп, же кол менен мыжып эзип алып туруп, алган маңызга шекер кошуу менен пайдаланса болот. Ал эми сыккандан кийинки массаны кургатып, майдалап, үстүнө тиешелүү өлчөмдө күнкарама майын кошот. Үйдүн температурасында эки-үч жума сактайт. Убагы менен аралаштырып туруу керек. Андан кийин аны тундуруп сүзүп туруп айнек идишке сактайт.
Чычырканак майы жаратты тез айыктырат жана ооруну жеңилдетет. Медицинада үшүк алганга, күйүккө, жаратка, ар түрдүү тери ооруларына, ашказан менен он эки ичеги жараларына колдонушат.
Шекер кошулган ашы
Чычырканактын ашын жууп, тазалап, сыр идишке салып, ага теңме - тең көлөмдөгү шекерди кошуп, аралаштырып туруп, жарым литрлик шишелерге салып, оозун пергамент кагазы менен жаап, жип менен бекитет.
Мындай даядалган аш көпкө чейин бузулбай, ошо бойдон сакталат.
Ширеси
Жакшы бышкан мөмөнү жууп, темир электен сыгып өткөрүп алат да, шекер менен (1 кг ашка 0,5 кг шекер) аралаштырат. Алынган пюрени стерилденген айнек шишелерге оозун бекитип сактайт.
Маңызы
Жакшы бышкан мөмөнү жууп, жыгач токмокчо менен талкалап жанчып туруп, аны 40 градуска чейин ысыган сууга кошот (1 кг жемиш үчүн 1 стакан суу, 200 гр шекер керек). Сууну отко койгон боюнча ысытып, кайнаганга жеткирет, бирок кайнатпайт. Маңыз сызгычтан өткөрүп, маңызын бөлүп алат да, айнек идиштерге куюп стерилизациялайт.
Желеси
Маңызына (1 литрге 600 гр өлчөмүндө) шекер кошуп, жай отко кайнатышат. Кайнап аткан учурда 35-40 гр желтин кошуп жиберет. Кайнап бүткөндөн кийин кичине суутуп туруп, калыпчаларга бөлүп куюп коёт. Чычырканактын желеси даяр болот.
Даярдаган А.Ажиев




Өзүңдү өзүң дарыла!
1 литр аракка 1 стакандан сабиздин, кызылчанын, түрптүн согун бал кошуп аралаштырып айнек идишке куюп, күн тийбеген салкын жерде эки жума сактоо керек. Алынган аралашманы күнүнө үч маал эки чоң кашыктан тамактын алдында ичип турса, кан тазарып, ден соолугуңуз чыңдалат.
х х х
Аты жаман оору деп коюшкан сыздоок чыкса "болду эми тогуз жерге чыкмайын токтобойт" деп коюшат. Сыздооктон айыгуу үчүн кан да алмаштырышат. Эл ичинде колдонуп жүрүүчү ыкмалардын бири - ак кайыңдын жалбырагынан алты-жетини алып, үстүнө кайнак суу жаба куюп, кадимки кир самын менен сүртүп туруп, сыздооктун үстүнө коюп таңып коёт. Так калтырбай айыктырат.
х х х
Кургак учук (туберкулёз) оорусу менен ооруп калсаңыз (өтүшүп кетелек түрүндө) 1 стакан эчкинин сүтүнө 1 чай кашыктай майдаланган чеснокту аралаштырып, үч маал бир айдай ичсе жардамы жакшы тиет.
х х х
Эгер унутчаак болуп баратканыңызды байкасаңыз, төмөндөгү кеңешке көңүл буруңуз. Бир баш чеснокту тазалап алып, аябай майдалап, айнек идишке салып, бир стакан күн караманын майын куясыз. Бир күн салкын жерде кармап, эртеси бир чоң кашык алынган аралашманын үстүнө ушундай өлчөмдөгү лимондун согун кошуп, үч маал тамактын алдында ичсеңиз болот. Чеснок майы ичкерип кеткен кан тамырларды тазалоочу, кеңейтүүчү бай касиетке ээ.
х х х
Ичеги куртуңуз бар экени белгилүү болсо (белгилери: адам өтө эле арыктап, түн ичинде тиштерин кычыратат) майда тууралган пияздын үстүнө бир стакан кайнак суу куюп, 1-2 саат коюп коёт. Андан соң чыпкалап алып, күнүнө эки маал жарым стакандан төрт күн катары менен ичиңиз.
х х х
4-5 лавр жалбырагын бир стакан сууга кайнатып алган соң, жылуулай 1/3 өлчөмүндө күнүнө үч маал ичсе көздүн көрүүсүн курчутат.
М. Молдобекова
Г.АХМЕДОВА











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan