Билгениң оң

Телефондун пайдасы жана зыяны
Бүгүнкү күндө тили чыккан кичинекей баладан өйдө көтөрүп жүргөн уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны жөнүндө маалыматыңыз барбы? Чынында ыңгайлуулугу, зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.
Эң биринчи зыян
Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар экен.
Францияда катуу жаан жаап, чагылган түшүп жатканда жашоочуларга уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салынган. Анткени электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилүү.
Швецияда кээ бир уюлдук телефондон адамдар аллергия болушат. Ушундай илдетке кабылгандарга мамлекеттик бюджеттен 250 миң доллар төлөнүп берилет. Ал акчаны алган Швециянын жараны борбордун четиндеги телефон тартпаган райондордун бирине көчүп кетүүгө акысы бар.
Болжол менен...
Дүйнө жүзү боюнча 3,3 млрд телефон бар. Болжолдуу түрдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккан үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаңы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдүү келишет экен. Анткени телефондун улам жаңы чыккан моделине ээ болушат.
Кичи мамлекет Эстонияда шайлоо эми бюллетен менен эмес, уюлдук телефон менен өтөт. Тагыраак айтканда, эстониялыктар жактырган талапкерлерине үйдө отуруп эле смс жөнөтсө болот. Белгилей кетсек, эң биринчи жолу уюлдук телефон 1983-жылы чыккан. "Motorolla Dyla THC 8000X" маркасындагы телефон 25 жыл мурда чыгыптыр.
Статистика боюнча кореялык өспүрүм телефондон бир жылда 20000 смс, бир күндө 60 смс жөнөтөт. Ал эми 30% бир күндө эле 100 смс жазып жөнөткөнгө үлгүрөт. Кайсыл учурда окуганга үлгүрөт деген суроо туулбай койбойт. Деги эле колундагы телефонду көпчүлүгү фонарик катары пайдаланышат. Ал эми Англияда телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн көрүнүштөр модага айлангандай эле. Япониялыктар ойлоп тапкан мобилдик телефондон китеп окуганга да болот. Тагыраак айтканда, каалаган китебиңизди телефонуңузга жүктөп алып кайсы убакыт болбосун окуй аласыз.




  Кызыктар дүйнөсү

Шоколад кантип пайда болгон
Баарыбыз жакшы көргөн эң таттуу азык кантип, качан пайда болгону тууралуу маалыматыңыз барбы? Болжол менен биздин кылымга чейин 1500 жыл мурда Мексикада алгач какао пайда болуп, байыркы уруулардын бири какаону суусундук катары ичишип, аны атайын императору Монтесумга гана арнашкан. Бул суусундукту жогорку кызматта турган ак сөөктөр ичүүгө укугу бар болчу. Ал эми ацтек уруусу шоколадды эң кымбат азык катары санашып, жүз шоколадга бир кул сатып алууга мүмкүн болсо, сойкуларды какаонун алты данына гана сатып ала алышкан. 1502-жылы Гуанажа аралына саякаттап келген Кристофер Колумбга аралдын жашоочулары кымбат делинген какаону белек кылышат. 1517-жылы Мексикага испаниялык Эрнан Кортес саякатка келсе аны ацтек уруусу кудайындай кабыл алып император Монтесум өз колу менен мейманына какао багын тартуу кылган. Ушул тапта Эрнан Кортеске Мексиканы багындыруу жана дүйнө жүзүнө чоң ачылыш жасоо идеясы келет. Албетте, Картес жаңылган эмес. Испания эли анын шоколадды ойлоп тапканына сыймыктанып, кантип жасалаарынын сырын бир топ жыл бою эч кимге айтпай катуу сыр бойдон сактап келишкен. Алгач ачуу шоколадды татуу азык катары эмес ачуу дары деп кабыл алышкан. Шоколадды азыркы деңгээлге жеткириш үчүн туптуура эки кылым керектелген. Анткени 19-кылымда англиялык Джозеф Фрай шоколадга кумшекер кошсо, 1876 - жылы швецариялык Даниель Петер сүт кошкон.
Көпчүлүк адамдар шоколадга ар кандай кошулмаларды кошуп, жакшыртуу менен бирге дүйнө жүзүнө таанылган. Мисалы 1876-жылы Жан Тоблер ээрий турган түрүн ойлоп тапса, Милтон Херши жаңгак кошулган түрүн ойлоп тапкан.
Мына ошентип урматтуу окурман, шоколаддын кабыгын ачып, тамшануу менен жеп жатканда анын пайда болуу тарыхы тууралуу ойлонбосоңуз деле керек. Көрсө, эң сүйүктүү таттуу азык жогоркудай жолду басып өтүптүр.




Бананды түздөгөнгө болобу?
Германиянын тургуну дал ушундай банан түздөгөн машина ойлоп тапкан, Карл Фридрих Ленценин айтымында ага карапайым элдерден суроо талап келип түшкөн. Суранычты жерге таштай албаган Карл бир топ жыл баш көтөрбөй эмгектенип, эми анын үзүрүн көрүп жаткан кези. Ийилген бананга караганда түздөлгөн бананды жегенге да, сактаганга да ыңгайлуу. Азыркы тапта 56 жаштагы Карл Ленце мыйзамдуу түрдө машинаны ишке киргизүүнүн аракетин көрүп жүргөн маалы. Эске салсак, мурда бул ойлоп тапкыч "Аяз Ата жок, болгон да эмес" деген далилдерин ишке ашыра албай көпчүлүккө таанылган.


Таман акы маңдай тер менен табылган акча
Өмүр бою ак эмгеги, адал иши менен күн кечирип келген бир карыянын ак каптал, оозу менен орок оргон, бойго жеткен жалгыз уулу болгон экен. Атасынын таап келген тамагын жеп, атасынын эмгегин баалабай, күнүн жалаң уйку, күлкү менен өткөргөн уулун көрүп, карыя аны эл катарына кошуп, кара жумушка тарбиялоону чечет. Аны бир манапка ээрчитип барып "бир жыл иштетип көр да, акысына бир эле алтын тыйын бер" дейт. Баланын жумушка көңүлү жок экенин көргөн бай аны жумушка деле кыйнабай, жылдын аягында бир алтын тыйын берип үйүнө жөнөтөт. Тыйынды атасына берсе аны карабай туруп сууга ыргытып жиберет. Жигит бул нерсеге маани деле бербептир. Баласынын ого бетер семирип алганын көргөн атасы эч кандай жыйынтык чыкпаганын көрүп дагы бир байга ошол эле шарт менен баласын жалдап берет. Бир жылдан кийин ошол эле көрүнүш кайталанат. Эмне кылаар айласын таппаган карыя үчүнчү жолу баласын дыйканга ээрчитип барат. Иштин көзүн дароо түшүнгөн дыйкан баланы болушунча иштетип, эртең менен таң атпай ойготуп, кечинде элдин эң артында жаткырып, айтор, болушунча иштетип туруп бир жылдан кийин бир тыйын берип үйүнө жөнөтөт.
Баласынын арыктаган кебетесин, тытылган кийимин, чор болгон колун көрүп атасы мыйыгынан күлөт. Берген бир тыйынын атасы сууга ыргытмак болгондо уулу атасынын колун кармап: - Ата мен бул акчаны өтө кыйын эмгек менен таптым,-дейт. Атасы жылмайып:- Көрдүңбү уулум, таман акы, маңдай тер менен тапкан акча канчалык кымбат болоорун-дептир.


Тишиң барда таш чайна…
Адамдын жашоосунда эң оор, жоопкерчиликтүү функцияны аткарган 32 тиш тууралуу баардык маалыматтан кабарыңыз барбы? Тишти туура тазалап, ага керектүү кам көрүп, анын өмүрүн бир топко узарта аласыз.
1.Тишти кантип туура тазалоо керек? Тиш текши бир калыпта тазаланыш үчүн көнгөн адатча солдон оңго эмес, үстүнөн ылдый көздөй тазалаган туура. Эки тиштин ортолорун тазалаш үчүн атайын ылайыкталган жипти колдонгон жакшы жыйынтык берет. Көпчүлүгүбүз маани бербейбиз, бирок тишти тазалоого жок дегенде эле үч мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүү ылайык. Чылым тишке чоң зыянын тийгизет. Тамекидеги кошулмалары менен андан чыккан түтүн тиштин өңүн начарлатса, андан тышкары ооздун ичиндеги кан айланууну бузат. Эстен чыгарбаңыз, тиш паста тишти кальций жана фтор менен 30% менен гана камсыз кылат. Калган пайдалуу нерсени сүт азыктарынан, көк чайдан алууга болот.
Таттуу азыктардын тишке канчалык зыян экенин айтпаса да белгилүү. Эгерде печенье же конфет жегенден кийин жумшак (абразин кошулбаган) гел менен тазалоо керек. Тилекке каршы, бул абалдан сизди сагыз куткарбайт.


Тишке пайдалуу кеңештер
l ?Тиш щётканы эки-үч айда (жок дегенде) бир алмаштыруу зарыл.
l ?Өтө ысык же өтө муздак нерсе тишке өтө зыян. Ал эми экөөнү аралаштыруу кооптуу, өзгөчө тиштин эмалына чоң залакасын тийгизет.
l ?Тиш щётка канчалык катуу болсо ошончолук пайдалуу. Ал эми жумшак щётканын гигиеналык жактан алганда пайдасы деле жок.
l ?Адамдардын 10%ы тишти кантип тазалоонун эрежесин билишпесе, 58,9%ы тиштин гигиенасы тууралуу эч кандай маалыматтары жок. Ал эми 24,2%ы тиштерин күн алыс тазалашат.
l ?Ал эми тиш пастаны тандоодо 39,5%ы сырткы кооздугуна карап, анын пайда - зыянын кылдаттык менен карабай ала беришсе, 28,4%ы ата-энелеринин, туугандарынын берген кеңешине гана моюн сунушат. 14%ы гана эл стоматологдордун үндөөсү менен тиш паста алышат. Белгилей кетчү нерсе, көпчүлүгү таттуу тиш пасталарга басым жасашат. Чынында керектүү фторлордун баары ачуу тиш пастада болот.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan