Классташ

Бир партада олтуруп, сырыңды билип алгамын
Тегирменден бүтүн, суудан кургак чыккан Асылбек Өзүбеков
Окуучулук күндөрдү чагылдырган "Классташ" рубрикасынын бул жолку меймандары мындан 30 жыл мурун "Фарида" аттуу ыры менен эл оозуна алынган көп кырдуу таланттын ээси Асылбек Өзүбековдун классташтары болмокчу.


Класстын көзүрү
Эсенгул Осмоналиев
- Асылбек менен Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектепте чогу окудум. Биздин балалыгыбыз айылдын боз топурагында, таш урушуп ойномой менен өттү. Асыкем абдан шок, зирек, айтканынан кайтпаган көк бет бала болчу. Тентектиги жанда жок эле. Чыгармачыл жагы бала кезинен эле байкалчу. Мектептен чыккандан кийин баарыбызды алдына салып алып үйлөрүбүзгө жеткенче марш тептирип ырдатып барчу. Ошондогу "көзүрлүгү" азыр деле бар. Бир ишти баштаса аягына чыкмайынча жаны калчу эмес. Балдардан тыйын жыйнап майрам сайын отуруш уюштурат эле. Анан мугалимдер кармап алып ким уюштурду десе мени көрсөтүп коюп, мен байкуш күнөөсүз жерден шапалак жеп кала берет элем. Муну менен эмне айткым келет. Асылбек жөндөмдүү, шыктуу класстын ишенген көзгө басар окуучусу эле.

карыны жарылган Асылбек
Жакыпбек Өзүбеков
- Асылбек экөөбүз эки бир туугандын балдарыбыз, бир үйдө чоң энебиздин колунда чоңоюп, бир класста окудук. Асылбек аябай эрке болчу. Бир нерсени бөлүп жей турган болсок сөзсүз ал чоңун алчу. Ошондо эле башы күчтүү эле. Бардык нерсени биринчи баштачу. Чоң энебиз алманы кампага бекитип койсо, узун укурукту жасап, алманы сайып алып чыкчу. Анда да курту жок, кыпкызылын өзү жеп, артканын мага берчү. Бир жолу жаан жаап аткан мезгилде алма бакка чыгам деп тайгаланып кетип карыны жарылып калган. Кыскасы будуң-чаңы түшүп эле тентектигинин азабын тартып жүрчү. Анда 2-класс элек. Асылбек шоктоно бергенинен Базарбай деген агабыз чакага салып бакка илип койсо, чаканын сабы үзүлүп кетип бактын бооруна кагылган мык Асылбектин белинен далысына чейин тилип кеткен. Ошондо кан токтобой, кызыл жаян кылып ооруканага алып барып тиктирип келишкени эсимде. Ошол жери азыр тыртык болуп калган

Айылдын артист балдары
Татыбек Дүйшеев
- Асыке менен бир класста окуп, кошуна жашадык. Ошондуктан мунун "кокуйларын" жакшы билем. Бир нерселерди ойлоп тапканга абдан жөндөмдүү болчу. Биз тоок уурдасак, ал бизден өзгөчөлөнүп индук же короз уурдачу. Экөөбүздүн окшош радиобуз бар эле. Кыйындыгын карабайсыңбы. Узун сары зымды радиосуна улап (кай жагына улаганын билбейм) менин үйүмө тартып келип, бир жагын менин радиомо улап, экөөбүз радио аркылуу сүйлөшчүбүз. Эртең менен бири-бирибизди тургузуп, биринчи сабакка барбай эле коёлу деп кайра жатып алчубуз. Кыскасы үйдөн чыкпай эле бир-эки айдай радио менен ооруп калганбыз. Асылбек аккордеондо, мен гитарада, Мелис деген классташыбыз барабанда ойноп, Асылбектин үйүнүн алдында концерт койчубуз. Кошуна-колоңдордун баары жыйналып, кичинекей балдардан чал-кемпирлерге чейин келип, биздин концертибизди көрүшөт эле. Асыкем эжесинин көйнөгүн кийип алып Гүлсүн Мамашова болсо, мен Зейнеп Шакеева болуп, үнүбүз бүтүп, курсагыбыз ачканча ырдайт элек. Ошондон улам бизди көчөдөн көргөндөр артист балдар деп чакырышчу.


Талашта калган
аккордеон
Жолдошбек Исраилов
- Жогоруда балдар айтканда чынында Асыкем бала кезинен эле акылы тетик, сүйлөгөн сөзүнөн, кийген кийимине чейин башкалардан айырмаланып турчу. Анын велосипединен тартып эшегине чейин эмнегедир кооз болчу. Эшегинин куйругуна бантиктерди тагып, ал тургай жуунтат эле. Анан дагы үй сырдаганды жакшы көрчү. Каникул мезгилинде качан барсаң үйүн сырдап отурган болот эле. Мектепте да анча-мынча кыздарга караганда таза кийинип жүрчү. Сабактан болсо баарыбыз эки алган күндө да эмнегедир мугалимдер Асылбекке "2" койчу эмес. Сабактардан качып кетсе деле урушчу эмес. Бирок кароо-сынактарда мектептин атын чыгарат эле. Мектептин болгону бир аккордеону болсо, аны да Асылбек менчиктеп, үйүнө алып барып койчу. Аккордеонду берип турчу, үйгө барып ойноп келейин десең "Ойносоң ушул жерден ойно, болбосом кете бер" деп өзүнүн бөлмөсүнөн карыш жылдырчу эмес. Бир сөз менен айтканда Асылбек досум тегирменден бүтүн, суудан кургак чыгып, ошондо да жөн чыкпай бир балык, бир мүшөк ун көтөрө чыкчу.

Сүйүн Жунусова:
"Балалык сүйүүм
менен жашап келем"
- Асылбек бала кезинде кулагы делдейген, абдан кежир бала болчу. Дегеле көңүл бурчу эмесмин. Биздин мектепте 4-класска чейин окуп, андан кийин Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайга келе берген. Анан 9-класста эр жетип калган кезде кайрадан биздин класска барып окуду. Мен биринчи партада ал экинчи партада олтурчу. Улам бир тал чачымды тартып коёт, кайрылып карасам эч нерсе билбеген адамдай жазымыш болуп олтуруп калчу. Ошентип биринчи сезим Асылбекте пайда болуп, менин чачымдан тартып, колумдан кайрып атып мени да өзүнө арбап алды. Чындыгында экөөбүздүн сүйүүбүз Тору-Айгыр айылын таң калтырган сүйүү болду. Бири-бирибизди көрүүгө ашыгып, сагынып жолукканда сөзүбүз түгөнчү эмес. Алтынчы күн болбосо экен дечүбүз. Мектептен чыгып алып жашынып турган жерибизден мугалимдерге кармалчубуз. Бирок, жашсыңар деп ата-энебиз эле каршы болгону болбосо, калган бир да адам экөөбүздүн сүйүүбүзгө каршы болгон жок. Ошентип 9-класстан сүйлөшүп жүрүп, онду бүтөөрүбүз менен баш коштук. Ошондон бери балалык сүйүүм менен жашап келем. Он жыл мектепте чогуу окудук, үйлөнгөнүбүзгө отуз төрт жыл болду. Ошондо жалпысынан Асылбек экөөбүздүн бири-бирибизди жакындан билгенибизге кырк төрт жыл болуптур.














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan