8-март сулуулуктун майрамы

Жаздай сулуу күндөй жаркын аялзат,
Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат!
Назиктикти, аруулукту, сулуулукту даңазалаган жаз мезгили кандай гана жагымдуу. Жаз жыттанган 8- март аялдардын Эл аралык майрамын ар бир аялзат чыдамсыздык менен күтөт эмеспи. "Аял-эне, аял-жар, аял-жашоо" деген сөздөр бир гана сиздерге татыктуу урматтуу аялзаты! Сиздер сулуу гана эмес улуусуздар.
Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер,
Жазды мына силер алып келдиңер.
Ай көрүнүп, бириңерден-бириңер,
Эргүү берет, жашоо берет демиңер.
Жаздай жаркын, күндөй жаркын аялзат,
Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат.
Силер барда дүйнө сулуу, дүйнө кооз,
Демиңерден көңүл жаркып баратат,-деген саптар, улуу акындардын калеминен аялзатына багышталып, алтын сыя менен жазылган. Келе жаткан айымдардын 8-март майрамы менен куттуктап, аялзатынын урматына төмөнкү макаланы тартуулайбыз.

Акыл тамчылары
s Бешик терметкен кол дүйнөнү бийлейт
s Айланадагы адамдарды алдоо сиз үчүн көп деле кыйынчылык жаратпайт. Ал эми эненин жүрөгүн, анын мээримдүү көздөрүн карап, калп айтууга ар бир эле адамдын кудурети жетпейт.
s Эненин физикалык жактан жетишпеген жалгыз нерсеси- анын болгону эки эле колу бар.
s Аялзаты менен өткөргөн убакытты текке кетти деп эсептөөгө болбойт.
s Сулуу бийкечти алаканга салып бакканга болот, бирок колдон келишинче моюнга чыгарбоо керек.

8-марттын пайда болуу тарыхы
Эл аралык аялдар күнүн аялзатынын укугун коргоо ниетинде ойлоп табышкан. 1910- жылы аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн төңкөрүшчү айым Клара Цеткина эл аралык жыйында 8- мартты аялдардын майрамы катары кабыл алуу сунушун киргизип, 1911-жылы 19-марта эң биринчи жолу Австралия, Германия, Дания, Швецария өлкөлөрүндө белгилене баштайт. Дал ушул мезгилден баштап, аялдар эркектер менен тең таймаша иштеп, мамлекеттик кызматтардан орун алып, тең укукта маанилүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Совет бийлигинин биринчи күндөрүнөн баштап эле 8-март майрамы мамлекеттик деңгээлдеги майрам катары кабыл алынган. Ал эми 1965-жылы 8-март "иш күн эмес" деп жарыяланган. Азыркы күндө кээ бир мамлекеттер бул майрамды майрамдык маанайда өткөрүшпөсө, айрым өлкөлөрдө Аялдардын Эл аралык күнү күндөн-күнгө күч алып, жогорку деңгээлде белгиленип келет. Алардын катарында биздин өлкө Кыргызстан да бар.


Кандай белек күтүп жатасыз?

Элмара Турсуналиева, ди-джей:
- "Тишиң барда таш чайна" дегендей, быйылкы 8-мартты иштеп өткөрөм. 8-мартка карата 6-8-мартта корпоративдүү кечелерди алып барам. Башка жылдардан айырмаланып, быйыл эмнегедир белекке атыр алгым келип жатат. "Эмне белек кылайын?"деп сураган жакындарыма ойлонбостон атырды айтып жатам. Ал эми өзүм кимдин эмнеси жок болсо, ошол жок нерсесин белек кылганды жакшы көрөм. Себеби, атайын арнап жаткандан кийин ал белекти өзү пайдаланса жакшы да.

Кыял Шаршеева, теле алыпбаруучу:
- 8-мартты жыл сайын белектердин коштоосунда өткөрөм. Айымдардын көпчүлүгүнө жаккан гүлдү мен да абдан жакшы көрөм. Негизи атайын белек болбосо деле, жакшы сөз айтып, же болбосо смс- кат жазып койсо, маанайым көтөрүлүп калат. Ал эми келе жаткан 8-мартка жолдошум "сага быйылкы майрамыңда ноутбук белек кылам" деген. Балким, ал белектин ээси болуп калам. Анткени, учурда илимий иштер менен алек болуп жаттым эле.


Сапар Сопубеков, ырчы:
- Айымдардын майрамы өзгөчө маанайыңды көтөрөт. Жаздын алгачкы күндөрү бак-дарактар бүчүр байлап, сулуулук байкалат. Келе жаткан айымдардын майрамына даярдыктарым абдан жакшы. Жакындарымдын көңүлдөрүн алганга аракет кылам. Айымдарга гүл берген мага өзгөчө жагат. Кудай буюрса, 8-март күнү Токмок шаарында Назми экөөбүз гүл десте катары концерт берген турабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып апаларыбызды 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Жеңишбек Токтобеков, төкмө акын:
- Мен үчүн 8-март чоң майрам эмес. Мындай майрамдарга мусулманчылыкта тыюу салынган. "Сүйүшкөндөр күнү" деп катардагы 14-февраль күндү майрам кылып алышып, туура эмес иштерге жол ачып жатышпайбы. Мен деле эл катары жубайыма, энелерге жыл сайын белек арнап коём. Жубайыма арнаган белегим азырынча сыр бойдон эле калсын. Негизинен мындай майрамдарды катуу деле белгилебейм.

Алтынбек Алымов, ырчы:
- Мен "Курман айт", "Орозо айт", "Нооруз" майрамдарын гана майрамдабасам, калган майрамдар катардагы күндөй эле өтөт. Негизи башка бирөөлөрдөн көп белек албайм. Ал эми кыздарга жүрөктөн чыккан белек жакса керек. Кээде байпак берип койсоң деле, сүйүнүп калышат го. 8-март күнү Баткен жергесинде концерт беребиз. Белек тандаганга табитим начар болсо да, жакшы белек алып коюуну ойлонуштуруп жатам.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan