Кыргыз шоу дүйнөсү

Бала кезинен сахнаны байырлагандар
Эки - үч жыл ичинде эле жаңы ысымдар, "жылдыздар", деги эле ырчы аттуулар көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Азыр таш ыргытсаң ырчынын башына тие турган болду . Албетте, алардын ар бири өзүнүн имиджи, үнү, стили менен бири -биринен айырмалана алышат. Акыркы убакта ырчылыктан башка кесип, хобби табылбай калганбы деген да ойго кетет экенсиң. Ал эми буту басып, тили чыккандан бери сахнаны байырлап, сахнада чоңойгон ырчылардан да уучубуз кур эмес.

Клара Алибекова
Кыргызымдын жигиттеринин амандыгын тилеп,аларды асмандагы айга, күлүк тулпарга салыштырып ырдаган кичинекей кыз эсиңиздеби? Ооба, Клара Алибекованы тааныбаган жан жок болуш керек. Учурда "кичинекей" Клара бир уулдун энеси, жеке ырчы. Убагында мен-мен деген ырчылардын катарын толуктаган Клара учурда сахнадан оолактап, чыгармачылыктан четтеп калганы өкүндүрбөй койбойт. Бир убакта Байыш Момунов менен тун сүйүүсүн даңазалап, бир топ дуэттерди жаратып, жакшы эле ийгиликке жетише баштады эле, тилекке каршы, ойлорун кыстаган турмушка жеңдирип, канаты кайрылып кала берди. Заманыбыз түлкү,бөрү болуп жаткан тапта Клара Алибекова көп эле созолонбой, бир аз жандуурак болсо, балким, азыр санда бар сапаты жок, капчыгы калың кээ бир ырчыларды чаңында калтырат беле, ким билсин.

Анжелика Бекболиева
120 пайыз эмгегин жумшап, чыгармачылык жактан колдоо көрсөткөн Айчүрөк Иманалиеванын окуучусу Анжелика азыр анда-санда бирден ыр жаратып коюп, сахнада ордун жоготпой келе жатат. Кичинекей Анжелика менен азыркы Анжеликанын эмне айырмасы бар? Азыр Анжелика Турдушаева эмес - Анжелика Бекболиева, Айым аттуу кыздын энеси, бир бүлөнүн ээси. Түйшүгү көбөйгөн сайын адам чыйрак болобу, айтор, Анжелика Бекболиева чыгармачылыгынан тышкары жеке ишканасын да иштетип жаткан кези. Фамилиясын өзгөрткөнүн көпчүлүк таң калуу менен кабыл алышууда. Сыягы, ырчы айым "Манастан Чубак кем бекен" деп турмуш жолуна аттанган эжелерин туураганы го.

Сайкал Садыбакасова
Мугалимдердин берген билим менен тарбиясына кат-кат ыраазычылыгын билдирген секелек кызды азыр да сахнадан көрүп жүрөбүз. Азыркы тапта Сайкал Садыбакасова "Кыз бурак"тобунун кымча бел кыздарынын бири. Таянган тооң канчалык бийик болсо, ыргыткан ташың ошончолук алыска кулайт эмеспи. Айтайын дегеним, азыр Сайкалды туш тарабынан колдоп, аны сахнага жетелегендердин саны арбын. Кэчээ эле сахнада чимирилип бийлеген секелек кыздын бой жетип чоңойгонун мындан билиңиз, бүгүн жоопсуз калган сүйүүнү даңазалап, "Эстей жүр", "Кайдасың" деген ырларды аткарып, өзгөчө стили менен көп ырчылардын арасынан айырмаланып келе жатат.

Гүлмира Рыспаева
Бүлдүркөн терип, Абдумалик Шерматовго көтөртүп алып эркелеп ырдаган Гүлмира Рыспаева азыр өзү Абдумаликти көтөрүп ырдаганга жарап калыптыр. Атагы жакшы эле таш жарып келе жатып кумга сиңген суудай жок болду го. "Эл оозунда элек жок" дегендей, азыр калк ичинде Гүлмирага байланыштуу бир топ эле айың сөздөрдү кулагың чалат, кайсы бирине ишенээриңди билбейсиң. Кээ бири Динара Акулова менен тил табыш албай кетти дешсе, кээ бири турмушка чыгып күйөөсү чыгармачылык жактан колдоо көрсөтпөй жатыптыр дешет. Эмнеси болсо да, Гүлмира Рыспаева элдин көзүнө көрүнүп, бир дарегин билдирип койсо жаман болбос эле…

Даярдаган А.ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Күндөлүк
Жетимиш көгүчкөн жеген
Нурдөөлөт

Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болуп калган талант ээлеринин алгачкы окуяларын даталары менен азил-чыны аралаш "Күндөлүк" рубрикасы чагылдырып берет.
s Копоев Нурдөөлөт Азизович - 1979-жылы 20-июнда Ат -Башы районунун Кара-Булуң айылында уста-уздун үй-бүлөсүндө, он алты баланын он үчүнчүсү болуп төрөлгөн.
s Апасы Ырыскан ай-күнүнө жетип көз жараарда түш көрүп, түшүндө өзүнүн апасы "уул төрөйсүң, уулуңдун атын Нурдөөлөт кой" деп аян берет. Ошол түштөн кийин эле уул төрөлүп, атын Нурдөөлөт коюшуптур.
s Бир жашында "апа" деп тили чыгып, бир жаш тогуз айында буту басыптыр.
s Беш жашында биринчи жолу камера, кино деген түшүнүктөр менен таанышкан. Т.Океев болочоктогу актёрдун уста, ууз атасы менен апасына арналган документалдуу фильм тарткан. Ошондон улам киного болгон кызыгуусу пайда болгон.
s Алты жашына чейин апасынын көйнөгүнүн жеңине сөөмөйүн салып, ороп алмай адаты бар экен. Бир жолу кыска көйнөгүнүн жеңине дагы колун ороп алып, апасы тура калса, колу чыкпай калып, апасынан катуу уруш жептир. Кызыгы Нурдөөлөт ыйлаганда упчу, оюнчук берип сооротпостон, жеңди карматып коюшчу экен.
s Алты жашында Абыл Искендеров атындагы орто мектепке даярдоо сабагына барат. Сабактан кийин күрөң папкасын көтөрүп, "Мен обком болом" деп ары-бери басып, чоң кишилерди туураган жайы да бар экен. Аны көргөн атасы "Менин балам Сталин болот" деп сыймыктанчу.
s Жети жашында шоктугунун айынан актёр болом деп Жеки Чанды туурап, терезеден секирип, бир тишин сындырган.
- 2-классында атасына ооз комуз жасатып, классташтарына, эжейине чертип берген. Туулган күндөрдө атасынын жанын койбой ооз комуз жасатып, досторуна белек кылганды адат кылып алган.
s 3-классында өзүнөн алты жаш улуу Токтокан аттуу кызды жактырып калат. Эжелери менен урушуп кеткенде, "бар Токтоканыңа" деп кубалашчу экен.
s 5-9-класска чейин мектептин тартип сектору болуп иштесе, 10-11-класстарда мектеп президенти болгон.
s 7-класста окуп жүргөн кезинде 8-март майрамында балдар чогулуп, жетимиш көгүчкөн союп, кыздарга тамак жасап беришкен. "Ошондон кийин көгүчкөндүн этин жегис болгом" дейт.
s Он төрт жашында биринчи жолу вино ичкен. Үйүнө барганда мас экенин билдирбегенге аракет кылса да, күлкүсү келип, бир топко чейин каткыра бергенинен улам, эжелери шекшип, билип алышкан. Катуу уруш жебесе дагы Нурдөөлөт эжелеринин лекцияларын жакшы эле уккан.
s 1992-жылды тосуп жатканда үйгө келген конокторго эжеси экөө концерт коюп, ырдап жатышып, ашканадагы мантынын бышып жатканын унутуп калышат. Суусу соолуп, куйкаланып, мантылар көрүнбөй калган экен. Үйдө меймандар бар үчүн апасынан тил угушкан эмес. Ошентип Жаңы жылдын тамагынан да куру калышкан.
s 9-класста окуп жүргөндө чыныгы, алгачкы махабатына жолуккан. Сүйүү каттарын жазып, "жооп бербесең йод ичип өлөм" деген сөздөрдү чагылдырып, балдарга кат жазганды үйрөткөн.
s 1996-жылы мектепти эң мыкты баалар менен аяктап, атасынын ак батасын, апасынын оролгон оромосун жана Турсунбүбү чоң апасынын өрүк, мейизин баштыкка салып алып, "быссымылда" деп биринчи жолу Бишкекке сапар тартат.
s 17 жашында эң улуу Нурила эжесинин кеңеши менен Токтоболот Абдымомунов атындагы КМАДТ нын актёрлук факультетине тапшырат. Биринчи устаты Дүйшөн Байдөбөтовдон актёрлук чеберчиликтин сырларын үйрөнөт. Учурда Дүйшөн агайын "ата" деп айтат экен.
s 1997-жылы Москва шаарындагы "Щепкин" атындагы театр институтуна тапшырып, 2001-жылы "Театр жана кино актёру" дипломун колуна алат.
s 1997-98-жылдар кризис убагында ачкачылыктан бир топ кыйналып, нанга жетпей ар кандай жумуштарда иштегенге туура келген. Сабактан сырткары "Сатира" театрында короо шыпыргыч, "Планета-Голливуд" ресторанында официант, "Global USA" супермаркетинде пол жуугуч болуп иштеген. Эң алгачкы эмгек маянасына 2000 рубль алып, группалаштарына, досторуна торт, шоколад алып берген. Ошондой эле отуз нан алып койгонун эстеп, жылмайып алды. Себеби, эки-үч күнгө чейин нан жебей калган учурлары көп болгон.
s 2001-жылы КТРдин алдында түзүлгөн "Учур" телетеатрына актёр жана гримдөөчү болуп ишке кирет.
s 21жашында биринчи жолу Улуттук филармонияда "Кубулжу менин ырларым" аттуу концертти үч күн жалгыз алып барып, алып баруучулук чеберчилигинин тушоосу кесилген. Андан кийин сунуштар түшө баштаган да, радиолордун жарнак роликтерин окуганга өткөн.
s 2002-жылы КТРдин "Ардак" громатасына арзыган.
s 2006-жылы өкмөт башчысы К.Бакиевдин колунан "Мыкты алып баруучу" деген сыйлык алган.
s 2006-жылдын 30-декабрь күнү "Бител" компаниясы уюштурган "смс" лотореясынан "TOYOTA KAROLLA" маркасындагы авто машинаны жеңип алган. Жаңы жылдын алдында мындай күтүлбөгөн жеңишке жетишем деп, үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып, маңдайы жарыла сүйүнгөн.
s 2009-жылы сүйүктүү актёрубуз күркүрөгөн күздө той берип, бойдокчулук менен коштошоорун айтты.
Даярдаган Акыл Карачач










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan