Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Куудулдардын кутулганы
(Сахналык
Интермедия
Рахман, Күмөндөр, Абдылда, Жакут болуп Кытайга барып калышат. Кыдырып-кыдырып жүрүшүп, акыры Кыргызстанга кайтмакчы болуп жаңы эле аэропортко келишет. Аңгыча баштарына маска кийген, тапанчачан эки кылжыйган кытай пайда болуп, бирөөсү кычырап кийинген Күмөндөрдүн чекесине тапанча такап, бирөөсү Абдылданы көрсөтүп кыйкырат:
- Эй, кыргыз, сен булардын шефи окшойсуң. Мынабу немеңди калтырып кет. Иштетебиз!
Күмөндөр Абдылдага сөөмөй кезеп илгиртпей жооп берет:
- Ой, ырас болбодубу! Тамак берсе тойбогон, мен жандык дегенди койбой мойсогон, муштасаң бүт денеси карын неме тоготпогон, атсаң кирген жеринен кан чыкпаган немеден кантип кутулам деп жүрдүм эле!-дейт. Анда бирөөсү:
- Тур, тойбогон неме жакпайсың!-деп Абдылданы түртүп салып, Жакутту башка мээлейт.
- Мынабу узун неме экен! Иштин баарын ушул кылат окшойт! Ушуну алып калабыз.
Анда Күмөндөр каткырып:
- Хи-хи-хи!..Туп-туура кыласыңар! Ийне жутуп алып турбайбы, кылжыйып. Күрөк менен кошо кулаган немеден кутула албай жүрдүм эле. Алып калгыла!
- Э, сен да жарабайсың, жогол!-деген тиги эми Рахманга тапанча мээлейт:
- Мына муну алып калабыз. Өгүздөй иштейт болуш керек.
Күмөндөр тигилерге жагалданган түр көрсөтүп:
- Ой, эң эле сонун болот да! Сууга салса балондой болуп чөкпөгөн, көккө ыргытса оордугунан учпаган, атса ок өтпөгөн териси чымыр неме!.. Анан, бар эмеспи, барган жерде келин-кызды койбогон, айрыкча шефинин сулууларын жайлаган кыргызда жок гигант бул. Ушуну алып калгыла, кытайдын сулууларын төрөтүп, кыргыз жайнатсын...-дейт, алактап. Анда тиги Рахманды да коё берип, экөөлөп Күмөндөргө тапанча кезеп:
- Өзүңдөн өтөөрү жок окшойт. Башы иштеген киши шеф болот да, сага көп иш кылдырабыз!-дешет. Ошондо берки үчөө жарыша:
- Сооп болот! Бизди эмне мынча кошуналарга жамандайсың, авторитетти кетирип! Кыйын экенсиң, бошонуп ал!-деп кетип калышат. Ошондо башын мыкчыган Күмөндөр көзүнүн жашын көл кылып, тизелеп отура калып бакырып атат:
- Э, кокуй, мен накта келесоомун! Эптеп буларды куткарып алам деп атып өзүм калдымбы, кытайга кор болуп! Өз элимде өлбөй, бөтөн элде чирип жок боломбу! Үү!.. Уу!.. Мен келесоо!.. Мен чумоо!.. Жеткен чумоомун мен!.. Чумоо болбосом тигилер каткырып кетишет беле!
Бул сөздү угуп тиги экөө чочуп кетет.
- Ой, "чумамын" дейби?!
- Келесоо да неме экен!..
- Кой кокуй, ансыз да көбөйтө албай жаткан Кытайга чума жуктуруп кырып албайлы! Ташта, кеттик!..
Экөөнүн качып кеткенин көргөн Күмөндөр өйдө болуп, кийимин күбүнө, жасана таранып:
- Кыргыздарды оңой ойлошот экен да булар, койдой эле жумшап алабыз деп. Өздөрү мыш болуштубу! Хи-хи-хи!.. Менин чумоолугумдун пайдасы өзүмө тийбедиби. Кой, тигилердин артынан барайын, чын көрүп калышты окшойт...

Асанбек
Кулманбетов




  Өмүр баян

(Башталышы өткөн санда)
Салык кызматында иштеп, өздүк бюджетим толуп-ташып турганда кайдагы бир кеңкелес менин үстүмөн жогору жакка тоголок арыз жаза койгон экен, жыйынтыгында түрмөгө да отуруп чыга калдым. Көп эмес, аз отурдум. Аз болсо да саз болсун дедим да, ал жактан билимимди өркүндөтүп, суудан кургак чыкканды, коркутканды, үркүткөндү үйрөнө чыктым. Пайдасы тийди, түз эле келип министр болдум. Министрлик дегениң сонун кызмат болот экен кысталак, айыл чарбасын аз жерден ала-салдырып жибере жаздадым. Так ошол жылы төрт түлүк кызыр кылып айгыр, бука, кочкор аттуунун баары ургаачы аттууга көңүл бурбай калса болобу. Себеби, менин бийлигимдин алдында үй-бүлөнү пландоо деген программа каралган болчу. Так ошол жылы мал аттуунун баары үй-бүлөнү пландоого өтүп алышыптыр. Кийинки жылы малга чөп-чарды кенен камдаттым да "иштегиле" деген буйрук бердим. Эркек аттуунун баары ургаачынын артында иштеп атышты. Акыбет кайтты, алды бештен, арты экиден балалуу болушту. Иштин көзүн билген мендей жетекчини жөн коюшабы, дароо өйдөлөтүштү. Министрлердин үстүнөн карай баштадым.
Аларга да айыл-чарбасында жүргөндөгү тажрыйбамды колдонуп жибердим эле, алды беш-алты, арты үчтөн катын ала коюшту. Депутаттар аны мыйзамдаштырып жибере жаздашты. Себеби катуу иштеп жатканбыз. Өзүм болсо катчы кыздарды төрт ай сайын алмаштырып турдум. Анткени баарынын курсагын өзүм чыгарып турдум. Ошентип төл жагынан жыйынтыктар алгылыктуу болуп турду.
Бирок "иш" деп жүрүп чыныгы иштерди унутуп койгон экенбиз, ажобуз бир күнү сылык-сыпаа гана көчүккө тээп узатып койду. Мендей эр жерде калмак беле, оппозицияга өтө качтым. Бул жакта кыйналбайт деле экенсиң, болгону "эл" деп кыйкыра бер бүттү. Канчалык катуу кыйкырсаң, ошончолук аптарыйкатың арбый берет экен. Ошентип иштеп атабыз. Эл үчүн деп кыйкырып жатабыз. Элден айланса болот дечү өзү, элди айдаса да болот. Ушундай...










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan