Мырза максаты

Куудул Жамбыл Камчиев:
"Улутту сакташ үчүн төрт аял алышым мүмкүн"
- Жамбыл аке, күйөө бала кут болсун! Кызыңызды узатып жатып ичиңиз ачыштыбы?
- Рахмат. Кызымды кыргыздын салты менен турмушка бердим. 14-февралда өзүнүн туулган күнүндө сөйкө салышып, 24-февралда той менен алып кетишти. Мен биринчи сөйкө салган күнү эле алып кетип калат экен деп ыйлап алыптырмын. Көрсө, анда жөн эле куда түштү болуптур. Чынында кызыңды бирөөгө бүлө кылып бериш кыйын тура. Бул бир чети кубанычтуу, бир чети аянычтуу экен. Азыркыга чейин бир жерим тызылдап ачышып турат. Анча-мынча ыйлабаган эркек кыз бергенде кантип жашыганын билбей калат турбайбы. Жаныбек Алыкуловдун үйү куудулдардын борбору болуп калган. Анткени Жаныбекке ошол үйдү куудулдар топтолуп алып бергенбиз. Жаке досум көлөмүнө жараша кең пейил, колу ачык жигит. Өзүмдүн үйүмдө тоскондой кудаларымды ошол жерден узаттым. Себеби, борбордо менин үйүм жок.
- Жеңемди сөйкө салып алдыңыз беле же...
- Жеңеңерди отузга чыкканымда ала качып алгам. Ага чейин төрт жолу кыз ала качып төртөө тең олтурбай койгон. Биринчиси ыйлай бергенинен мага тийчү кыз ыйлабай сүйүнүп келиш керек деп өзүм жеткирип койгом. Экинчиси менен үчүнчүсүн да ата-энеси алып кетип калган. Төртүнчүсүнө болсо мен жакпай калгам. Анан тобокелге салып, азыркы зайыбымды алып качып келсем, мени уят кылбай олтуруп калды.
- Азыр Ошто жашайсызбы же Жалал-Абаддабы?
- (Күлүп) Сөзүңдүн төркүнүнө түшүндүм. Байбичеңиз менен жашайсызбы же жаш аялыңыз мененби дегени турасың го. Учурда Ошто эле байбичем менен жашайм. Ошентсе да байбичем нааразы. Негизи үстүнө аял алдырганга, экинчи аял болушка кыргыз аялзатынын психологиясы даяр эмес экен.
- Сөзүңүзгө караганда экинчи аялыңыз өкүнөт окшойт?
- Кээде өкүнөт.
- Эки аял алган адам катары эркектерге кандай кеңеш берет элеңиз?
- Күчүңөр жетип, тең карап бага ала турган болсоңор ала бергиле дейм. Азыр биздин кыздарыбыз Кытайга тийип жатат. Менин угушумча 200 кыз кытай жигиттерине турмушка чыгыптыр. Жигиттик намыс менен улутту сактап калыш үчүн шарты бар кыргыз эркектери кантип көп аял алганга болбосун.
- Демек, сизде шарт болсо дагы алмак турбайсызбы?
- Ооба. Мен азыр экономикалык бир иш жасаган жатам. Ошол ишим оңунан чыгып калса, жогоруда айтып өткөндөй улутту сакташ үчүн төрт аял алышым мүмкүн.
- Кыздарыңыз Бегимай менен Сезимайды катташтырдыңызбы?
- Азырынча катташа элек. Бегимайга мен өлгөндө жалгыз ыйлабай Сезимай экөөң ыйлайсың деп айттым. Кантсе да кыз бала да, унчукпастан башын ийкеп койду. Кудай буюрса, экөөнү тааныштырып, катташтырам.
- Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө да азын-оолак айтып өтсөңүз?
- Атам сатира-юморду абдан жакшы түшүнгөн сөзмөр адам эле. Кандай кырдаал болбосун сөзү менен чыгып кетчү. Апам болсо кошокчу болчу. Насирдин Исанов каза болгондо кошок ырын жазып, райондук гезитке жарыяланган. Бизде кыз жок, жалаң эркек балдарбыз. Жети бир тууган элек, азыр бешөөбүз калдык.
- Эми теманы сиздин чыгармачылыгыңызга бурсак. Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?
- "Жаз келгенде жадырап, Жамбыл күлкү жаадырат"-деген аталышта түштүк жергесинде концерт коёюн деп даярдыктарды көрүп жатам. Андан сырткары "Ош таймс" деген гезитимди "Кыргыз таймс" деп өзгөртүп республикага таратсам деген оюм бар. Бул сөз эркиндигин толук пайдаланып, улуттук кызыкчылыкты коргогон гезит болот.
- Куудулдук өнөр сизге эмне берди?
- Жамбыл Камчиев деген ат берди. Мени азыр бүткүл Кыргызстан тааныйт. Кудайга шүгүр, кай жерге барбайын сый үстүндөмүн. Мен үчүн мындан өткөн бакыт жок.
- Эмне үчүн куудулдардан байып кеткени чанда болот?
- Анткени, куудулдар ачуу чындыкты бетке айткан калкпыз. Ошол үчүн бизди бийликтегилер колдобойт, наам да бербейт, теле-радиолордон да кенен орун берип, жарнама кылдырбайт. Биз башкаларга окшоп кошоматтанбай, болгонун болгондой айткан үчүн жакпайбыз. Мына биздин залкар жазуучуларыбыз Райхан менен Мидин дагы чоңдордун "былыгын" чукуп жүрүп, наам да албай, байлыкка да жетпей, үйү да жок, жакшы турмушту көрбөй өтүп кетишти. Ошондуктан булар көп ичишкен. Бирок, Союз мезгилиндеги 300-400 жазуучунун ичинен Мидин менен Райхан анекдот боюнча элдин эсинде калды.
- Борончу, Кубик Калыков сыяктуу куудулдар ырдап чыгышты. Сиз да ушул жагынан күч сынап көрбөйсүзбү?
- Азыр техника өнүккөн маалында баарын жасаса болчудай. Компьютер деген абийир жапкыч тондон чыгып, ритмден түшүп кеткендердин үндөрүн жай-жайына коюп коёт экен. Анан коңур, мукамдуу үндүү ырчы болуп чыга калышат тура. Эгер жандуу үн менен ырдагандардын кароо-сынагын өткөрсө биздин ырчы сөрөйлөрүбүздүн көбү кулап калмак.
- Бүгүнкү күндө сизди түйшөлткөн, сизди ойлонткон маселе барбы?
- Улут деп күйгөн жаным дагы деле болсо мени тил маселеси түйшөлтөт. Орусча, өзбекче, англисче кинолордун баарын тез аранын ичинде кыргыз тилине которуш керек. Болбосо түндүгүң орусташып, түштүгүң өзбектешип кеткени калды. Эми кайсы телеканал башка тилде кино койсо мыйзам чегинде жоопко тартыш керек. Мындайларды кыргызды жок кылгысы келген кылмышкерлер деп ойлойм.
- Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңизде ийгилик болсун.

Маектешкен Ж.Калдарова




"Обон"-почта
ОП-54-01. Кара-Көлдөгү М.В.Фрунзе атындагы № 3 мектепте окуп жаткан 91-жылкыларга салам. Достор, силердин номерлериңерди билбейт экенмин. Мага СМС жазып койгулачы. +77022607912 Чымкенттен Солнышко.

ОП-54-02. Менин СМСимди ким окуса, ага чың ден соолук, узак өмүр, арчадай жаштык, айрандай актык, аруулукка бай болсун. Ыйман нуру, бакыт гүлү эч өчпөсүн. Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. СМС жазып тургула. Макуся.

ОП-54-03. Отуз-Адырдагы апама, Айна, Турдукан, Турна эжелериме, жеңелериме, Гулиза, Роза, Төрөбек, Эламан, Сюита, Беку, Жора баарыңарга чоң салам. Алматыдан Жылдыз.

ОП-54-04. Гүлкайыр, мен сени сүйөм. Экинчи кабаттан бир жигит.

ОП-54-05. Алматыдагы Ч, Ж, мен силер деп баш оорутпайм. Менин жүрөгүм Питердеги "жандар" деп согот. Ч. Эгер СМСти окусаң күндө келип айнектен аңдыбачы? Баары бир чыкпайм го, менден да бир жаш кичүүсүң. Айка.

ОП-54-06. Атаке, 4-март туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Сизге узун өмүр, чың ден соолук, биздин бактыбызга ар дайым бар болуңуз. Ишиңизге ийгилик. Уул-кыздарыңыз Наристе, Наргиза, Минура, Эламан.

ОП-54-07. М.Иманбековдун продюсери Асыл эжеге салам жолдойм. Биз сиз менен ар убак сыймыктанабыз. Бул жашоодогу эң бактылуу көз ирмемдердин баарын каалайм. Насыйкат.

ОП-54-08. Барби, мээримдүү кыз экенсиң, намазың кабыл болсун. Сырдуу жигит.

ОП-54-09. Аксыдагы №36 Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучуларына салам. Өзгөчө 10-класстын окуучулары, 91-92-93-жылкыларга. Саламат.

ОП-54-10. Алихан, мен сени сүйөм. 07702417хх.

ОП-54-11. Беркуловдордун үй-бүлөсүнө чоң салам жолдойм. Базар-Коргондон Назгүл.

ОП-54-12. Кандайсыңар "60 К" тобу? Самат, куш бооң бек болсун. Бар болгула, бай болгула. Жадиза.

ОП-54-13. Мен жүрөм жараланган аккуу болуп, тамыры талкаланган гүлдөй соолуп. Ал гүлдүн сырты жылуу болсо дагы, ичтен сызып жүрө берет жүрөгү ооруп. Жаштар барсыңарбы? 07771802хх.

ОП-54-14. "Обонтайдын" СМСчилери мени да кошуп алгылачы? Саламым апама жана үй-бүлөмө жолдонот. Ден соолукта, бай, бактылуу жашагыла. Love.

ОП-54-15. Жарыгыңыз өчпөсүн, тарыхыңыз өлбөсүн. Татына сулуу периште эркек астынан өтпөсүн, Токтогул ГЭСи чөкпөсүн. Кыргыздар Орусияга көчпөсүн, карыялар кекиртекке арак төкпөсүн. Сүйгөнүңдү өзүңдөн бөлөк өппөсүн, акыйкат келет көрөсүң. Жараткан сен көктөсүң, баарыбызга төрөсүң. Таха.

ОП-54-16. Шумкар, эмнеге 0550181236 номериңди өчүрүп койдуң? Суранам тамызып койчу? Алина.

ОП-54-17. "Обонду" менден талашып окуган казак кызы Салтага салам жолдойм. Артём.

ОП-54-18. Ардактуу ыйык туткан ата-энем, эмгегиң актоо менен башым ийем. Ар дайым төрүбүздүн куту болуп, болгулачы бактыбызга аман-эсен. Өзгөндүн Куршаб айылында турган асыл энебиз Бурабляга, ардактуу атабыз Төлөгөнгө салам жолдойм. Кызыңар Камелия.

ОП-54-19. Алтынай жаным, бул ыр саптар сага арналат. Жүрөк согот бир башкача дүкүлдөп, көкүрөктө алоолонгон от күйөт. Соткамды алып жазам сага ырларды, жүрөк сырым СМСтен төгүлөт. Аттиң ай, акын болуп калганымда, сага арнап ыр китеп чыгармакмын. Сүйгөнүң МНБ.

ОП-54-20. Салам "Обон", келе жаткан жаз майрамыңыздар менен куттуктайм. Ылайым ушул кыштан кутулалы, аябай кыйнадың го адамдарды. Аяна.

ОП-54-21. Салам достор, мен өткөн аптада сүйүктүү гезитим "Обонду" 4-күнү араң алдым. Себеби, бизге гезит ташуучу эжелер кырсыкка кабылган. Эми Кудайым шыпаасын берип, айыгып кетишсин. Анан да мага гезит ташыган Назгүл эже сизге ийгилик. Ылайым "Обондун" артынан байып кетиңиз. Алматыдан Аясал.

ОП-54-22. Өткөн күндөр өттү бизден, ойдон кетпейт көргөнүм. Бирок кетпейт эч эсимден, Мырза-Арыкта ойноп жүргөн балалык кезим. Айгөлөк.

ОП-54-23. Апа, 8- март майрамыңыз менен! Өмүрүңүз узун болсун. Көңүлүңүз эч качан чөкпөсүн, ар дайым ден соолукта болуңуз. Бизге сизден башка эң кымбат нерсе жок. Ар дайым бар болуңуз. Кызыңыз Саламат.

ОП-54-24. М.Атабеков, И.Абдыразаков, Б.Бадыева, мен силерди жакшы көрөм. Телефонуңарды бергилечи. 0772617195.

ОП-54-25. Урмат, Неля идеалдуу түгөйлөр.Неляда сулуулук, үн, фигура, адамдык жакшы сапаттардын баары бар. Динара.

ОП-54-26. Салам Канжар, билесиңби, махабатка малынса эки жүрөк, ал жүрөктү сүйүү оту коштоп жүрөт. Айла жок ал жүрөктөн айрылган соң,адашпастан табышыңды каалайт жүрөк. Г.Г.

ОП-54-27. Күн болсо күлөт, жер болсо айланат. Салам айтат Кант шаарынан Кара-Балтанын кулуну Эркин деген балага. Саламыңа ыраазымын. Г.Г.

ОП-54-28. Бал ширин түгөйлөр Неля, Урмат, бактылуу болгула. Эма -Гузель сага кошулбайм, тескерисинче жылдын жакшы жаңылыгы кош жылдыздардын баш кошкону болду го. Наргиза, Жеңиш кроша,Мая.

ОП-54-29. Салам Майрам, билем, сен "Обонду" ар дайым окуйсуң. Менин СМСимди окуп калсаң кабарлаш. 0550941319 Золушка.

ОП-54-30. Салам "Обон" жана супер СМСчилер. Урматтуу Эма-Гузель сен үчүн Неля менен Урматтын үйлөнгөнү жагымсыз жаңылык болсо, алардын күйөрмандары үчүн көптөн күткөн жагымдуу жаңылык. Бакыт каалоо менен Золушка, Дина, Марлис.

ОП-54-31. "Обондун"окурманы табигат сырдуу Алтынай, жигитиң сени таарынтып алса, байкуш эмне кылаар экен ээ? Менин жүрөгүм кысылып кетти. Саламат.

ОП-54-32. Адыранов орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм. Сапарыңар байсалдуу болсун. 07771232хх.

ОП-54-33. Базарбаева Айгерим Мирбековнаны 4-март туулган күнү менен куттуктайм. Сага чың ден соолук,узун өмүр каалайм. Ата-энеңди, бир туугандарыңды сыйлаган, кыргыздын керегине жараган кыздардан бол. Эжелериң Элмира, Чынара, Уулкан, Зирек, Кенжегүл, тагаң Нуртилек.

ОП-54-34. Саламым сүйүктүү ата-энеме. Өмүрүңөр узун болсун. Сүйүктүү кызыңыздар Айсулуу.

ОП-54-35. Мирбек Иманбеков, Бактыгүл Бадыева силердин авторитетиңер күчтүү. Силерди сүйөм, силер алдыдасыңар. Махабат-90.

ОП-54-36. Биз Сабитов Исламды издейбиз. Ал Бишкекте турат. 1987-жылкы. Ислам менен 4-класска чейин чогуу окуганбыз. Аны билгендер болсо +77011444497 номерине кабарлап койгула. Ислам, биз сени унута элекпиз. Таалай, Замир, Аскар.

ОП-54-37. Саламатсыздарбы, Аалы, Азамат? Куйкум сөздүү, тилинен чаң, суудан кургак чыккан кыргыз. Күйөрман.

ОП-54-38. ЕГФтин П-08 группасына супер салам. 07775403хх.

ОП-54-39. Алматы шаарындагы жандай көргөн сиңдим Айнускага, Шарипа эжеге салам жолдойм. Узун өмүр, бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалайм. 8-март майрамыңар менен. Аялзатына жарашыктуу мыкты сапаттарга ээ болушуңарга тилектешмин. Карабаева Айнагүл Курманбаевна.

ОП-54-40. Айланам сенден Алайкуум, айткым да келет термеден. Дабышы чыгып шаркырап,сууларың агат жергемден. Мелтиреп бийик аскасы, кыналып барат башкасы. Кытайга чектеш жерибиз, кымыздык бышкан Кашка-Суу. Маанилүү жерин айталык, Манастын ээри жайкалып. Атайлап чегип койгондой, алыстан турат байкалып. Колоту сайын карагай, кол менен эгип салгандай. Кош колдоп элим турсаңчы, кооздоп айтам ар кандай. Марат Жумашов.

ОП-54-41. "Обондун" окурманы Тинатин, кайда кеттиң, дайыныңды билдирсең боло? Саламат.

ОП-54-42. Саламым Алматы шаарында иштеген Карабаев Мырзабек байкеме, жеңем Казипага, сиңдим Калияга жолдонот. Силерди бардык жакшылыктар коштоп жүрсүн. Иштериңерге ийгилик, бекем ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалайм. Карабаева Айнагүл Курманбаевна.

ОП-54-43. Саламым Бишкекте жүргөн классташтарым Улан, Нурлан, Тариэл, Кадырбек, Изат, Дамирбек, Наргиза, Мээрис, Наку, Шахра, Рыскүл, Элнура, Ренат, Сабаленге жана жээним Хан-Шайга жолдонот. Астанадан Марат.

ОП-54-44. Саламым апам Айсалкынга, сиңдим Мээримге, таенеме жолдонот. 07701307хх.

ОП-54-45. Саламым Өзгөндүн Кароол айылындагы классташтарыма жолдонот. Силерди аябай сагындым. +79269701649 номерине телефон чалгыла. Эч болбосо СМС жазгыла. Москвадан Жанара.

ОП-54-46. Козгобочу жүрөгүмдүн жарасын, мен да сүйгөм бирөөнүн баласын. Жетпей калып жүрөгүмдү жаралап, жашап келем үмүт менен дарылап. Оштон Нурмухамед.

ОП-54-47. Салам Ош! Эрлан, Заир, Рома, Ороз, Макс кандайсыңар? 1989-жылкы бирөө.

ОП-54-48. Жака-Жазгүл, сен мен ойлогондон да жакшы, акылдуу,сабырдуу кыз экенсиң. Эгерде сенден башка бирөө болсо, мени качан эле урушуп, же болбосо сөгүп жиберет эле. Сага ыраазы болдум, маяк үчүн кечирим сурайм. Бар бол. 0773788474.

ОП-54-49. Саламым мен кыргызмын дегендерге. Айдана-94.

ОП-54-50. Буулугуп ички сырым батыра албай, буйдалам сансыз ойдон кутула албайм. Буулугам булут сымал нөшөрлөп, жамгыр болуп төгүлө албай. Буулукса булут төгүлө албай, чагылган жарк-журк этип жаркылдаган Жарылып эт жүрөгү болкулдаган. Оштон Нурмухамед.

ОП-54-51. Маңдайыбызда дайыма бар болуңуз апаке. Бишкекке кыйналбай эле келип алдыңыз бекен. Бишкекке келип дарыланууңуз ийгиликтүү болсун



Алматыдан уулуңуз Нурик.

ОП-54-52. Эжем Нурзатты 27-февраль туулган күнү менен куттуктайм.Каалайм сизге турмуштагы максатты, каалайм сизге турмуштагы бакытты. Каалайм сизге муңайбаган үндөрдү, каалайм сизге соолубаган гүлдөрдү. Бактылуу болуңуз. Асел.

ОП-54-53. Асел, Нурзат 0777187836 номерине чалып койгулачы? Айдай.

ОП-54-54. Урматтуу Нургазы, жаштардын тил комиссиясынын төрагасы болушуң менен куттуктайм. Хан-Шайга теңелбе. Аида.

ОП-54-55. Он сегиз миң ааламдын жаратуучусу, мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү, кечиримдүүлөрдүн кечиримдүүсү, улуу, ыйык Алла Таалага чексиз мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухамед САВга чексиз салаваттар болсун. 0773788474.

ОП-54-56. Даниелге ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалайм. Нурай.

ОП-54-57. Жалал-Абад шаарындагы ИПТ колледжинде окуп жаткан ПС-2-08 группасындагы Рус, Асел, Айсулуу, Айпери, Күмүшай, Гүлкайыр, Иродага салам. Эх Мамбо.

ОП-54-58. Ыймандуу кыз-жигиттер менен дос болом. 0777116619.

ОП-54-59. Оштук, баткендик ыймандуу кыздар менен таанышам. 0772393099.

ОП-54-60. Менин жаным мага капа болуп жатат. Билбейм, эмнеге? Кеңеш бергиле суранам. Маку.

ОП-54-61. Бадыева эмне иш кылып машиналарды, квартираларды алып жатасың? Канча ырың бар деги? Боря.

ОП-54-62. Сагынып сени күн өттү, сагыныч мени жүдөттү. Сыздатпа сенден суранам, сагынычка толгон жүрөктү. 0550920534.

ОП-54-63. Салам СМСчилер. Жашоо, турмуш уланат, силерде кандай болуп атат? Сагынамын силерди, көргүм келет, кадалат. Кезигүүнү көп эңсейм. 05504965244.

ОП-54-64. "Обондун" жалпы Кербен-Куба, Саматик, Асыл, Бакай, Хан-Шай, Айгөлөк ж,б окурмандарга супер салам жолдойм. Шайыр.

ОП-54-65. Бишкекте иштеп жүрүшкөн досторум Туйгун, Гуля, Күмүшайга чоң салам жолдойм.Иштерине ийгилик каалайм. Силерди сагындым. Алайдын Үч-Төбө айылынан досуңар Улан.

ОП-54-66. Майлуу-Суу шаарындагы атам Ыманга, апам Айнагүлгө, акем Максатка, сиңдилерим Айчүрөк, Зымыратка чоң салам. Силерди сагындым. Фарида.

ОП-54-67. Кыздар, балдардын артынан чуркабагылачы, сураныч? (Катуу тийсе кечиргиле). Артынан чуркасаң эле көтөрүлө беришет. Ошондуктан, сүйрөлүп атып жетишсин. Кыргыз кыздары чүрөкпүз да. Бөлөк өлкөдөгүлөр суктанып жатышпайбы, чынбы? Мага кошуласыңар да ээ кыздар? Кидалшиктерге: Кээ бир жигит убадага жок болот, сени сүйөм түбөлүккө деп коёт. Капысынан кээ бирөөлөр сураса, койчу ошону ал күнүмдүк деп коёт. Макуся.

ОП-54-68. Бактияр Токторовдун "Классташтар" деген ырын гезитке чыгарып койгулачы, сураныч? "Биз" тобунун күйөрманы.

ОП-54-69. Супер СМСчилер жана досторум Батина, Кербен-Куба, Хан-Шай жана Канттын тургуну Макусяга чоң салам. Бар болгула достор. Канттан Г.Г.

ОП-54-70. Жаным, жалгызым Марат, мен сиз гана дейм. Сиз менин жүрөгүмдөн орун алгансыз. Сизди эч кимге ыраа көрбөйм. Сизди сүйөм. Периштеңиз Маку.

ОП-54-71. Урматтуу жаштар, кыргыз тили биздин келечек. Нургазы Каримов.

ОП-54-72. Нуку кандай, телефонуң иштеп жатабы? СМС жазып тур. +79266930154.

ОП-54-73. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Булак айылындагы досторго салам жолдойм. Досуңар Жунусбек.

ОП-54-74. Көпкө олтуруп ойлонуп ойго батам. Жүрөк ооруп жалгыздыктан жабыр тарткан. Эх чиркин, турмуш деген ушундайбы? Жалгыздыктан өтөт өмүр кыбыраган. Нури.

ОП-54-75. Аалыдай төкмө акынды баалабасак, калың журт жоготобуз тилибизди. Жолугуп сырдашууну каалабасак, кантип биз тазалайбыз дилибизди. 05550700хх.

ОП-54-76. Өзгөндүн Зергер айылындагы атам Кутман, апам Базаркүлгө, бир туугандарыма салам. Мен силерди сагындым. Москвадан Айгүл.

ОП-54-77. Аалы, жараткан берген талантың, эл-журтуң угуп кубансын. Өксүбөй бакыт, ден-соолук, өмүрүң узак улансын. Мира.

ОП-54-78. Саламым сүйүктүү ырчыларым Урмат, Неляга жолдонот. Силерге ийгилик, бакыт. Эмнеге түштүккө барып, а көлгө койбойсуздар? "Обон" жооп алып бергилечи, сураныч? 0555610687ге Урмат менен Неля СМС жазышса абдан бактылуу болмокмун. Алардан СМСин үмүтүм үзүлгүчө күтөм. Ысык-Көлдөн Асел.

ОП-54-79. Аалы, Азамат, силердей адамдар бар кыргыздын улуу мурасы, эне тили эч качан жоголбойт. Силер табигат жараткан талантсыңар. Үмүтай.

ОП-54-80. "Обондун" супер СМСчилери менен достошкум келет. Наристе.

ОП-54-81. 8-март айымдардын майрамы менен куттуктайм. Апамды, Гүлнара, Айгүл, Фарида, Аида жана Еленора эжелеримди 8-март майрамы менен куттуктайм. Эркин -КБш.

ОП-54-82. Досторум Айгүл, Шербет, Элиза, Жеңишбек дайыма жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин. Бактылуу инсандардан болгула. Маму, акылдуу кыз болуп чоңоё бер. Гүланда.

ОП-54-83. Астанадагы сулуу кыздар менен таанышкым келет. +77022860783.

ОП-54-84. Нури, баарын түшүндүргөнгө аракет жасап, жалган сөзгө ишенгениңди айтып кечирим сура. Мүмкүн, ал да сени унута электир. ххх

ОП-54-85. Саламым Азамат жана Аалы байкелерге жолдонот. Сиздерге чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Мираида.

ОП-54-86. Кыргызымдын таңы аткандай, бар бол төкмө ак таңдай. Куюлтуп сөздү ар кандай, чындыкты айткан жалтанбай. Тура албайм силерди айтып мактанбай, арышы зор тулпар сымал тапталган. Төксө тажабай уккум келет кайтадан, ырга кошуп оюн элге айта алган. Аман бол төкмө тилинен бал тамган, Азамат, Аалы булбул болуп таңшыгыла. Ишиңерге ийгилик. Жалпы төкмө акындарга баш ийип таазим этем. Бакай.

ОП-54-87. Ат-Башыдагы ата-энеме салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Бегай.

ОП-54-88. Алтынбек Борошев, сизге чыгармачылык ийгилик. Өзгөндөн Айганыш.

ОП-54-89. Супер СМСчилерге супер салам. СМСчилер Гүлшан, Мемо, күлкүчү Гүлбарчын, Жака, Чопа, Кейси, Барби эже, Абда, Аська, Рианна кандайсыңар? Амансыңарбы? Сагындым силерди. "Обонду" унуттуңарбы? Унутпагыла, ал биздин нан да, туурабы? СМС жазгыла. Баса, кризис деген үйдүн артынан качып кетсин, туугандар. Макуся.

ОП-54-90. Аксыда жашап жаткан Тамара чоң апама чың ден соолук каалайм. Жакшы болуп кетиңиз. 8-март майрамыңыз менен! Бишкектен Наристе.

ОП-54-91. Капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан. Кыргыздын чечен жигиттери, кадырлап-барктап сөз баккан. Уйкаштырып сүйлөсөңөр өнөрүңөргө таң калам. Талантыңарга таазим кылам. Аалы, Азамат силерге ийгилик. Жамиля.

ОП-54-92. Жээним Самираны 3-март туулган күнү менен куттуктайм. Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сени жакшы көрөм. Ошто окуп жаткан эжем Гүлнур, көңүлүңүздө арман болбосун, оозуңуздан күлкү, жүрөгүңүздөн сүйүү, башыңыздан бакыт кетпесин. Майрамыңыз менен. Аксыдан Саламат.

ОП-54-93. СМСчилер силерден суранаарым, азан чакырылып коюлган атыңар менен эле СМС жазгылачы? Кайдагы Прелестти айтасыңар. Рамиля.

ОП-54-94. 8-март майрамыңар менен кыздар жана менин туугандарым. Элдияр.

ОП-54-95. Жаным Куба, эсиңдеби, дарыя бойлоп жүргөнүбүз. Мен анда мектеп окуучусу болчумун. Андан бери канча убакыт өттү. Менин көз алдымда, ал кез дале турат. Сени сагынган Динара.

ОП-54-96. Саламым атам Рахман, апам Этибар, байкем Замир, Зайыр, Тынчтык, эжем Зарина, сиңдим Зейнеп, Аидага жолдонот. Бар болгула. Замира.

ОП-54-97. Ильяз Абдыразаков, мына сүйүү көзүмө лупа такты да, дароо сизди көрдү. Сиз ыйык Валентинден ыйык сүйүү суранган элеңиз, ошол ыйык сүйүү, ошол сиз суранган ыйык Валентинден келди. Андыктан чамдаңыз. 0777274310.

ОП-54-98. Шахрезада Аскарова, "Жөжөлөр" деп азыркы ырчыларды жаман кемсинтип, көрө албай сүйлөпсүң го. 21-кылымдын ырчылары супер. Сен деле убагында "Жөжө" болчусуң. Эмне, биринчи эле "маки" болуп чыга келдиң беле. Ичи тар адамга наам да берилбейт. Окурман.

ОП-54-99. Гүлкайыр жеңе, Айнура дос, майрамыңар менен. Оштон Мээрим.

ОП-54-100. Нургазы хандын куйруктары этият бол деп коркутуп кыйшаңдаптыр го ыя Хан-Шайга. Супер сасык лидерлер мектеби-2 Ошту көп сасыта бербегилечи, а то "сасыктарга каршы" деген дары сээп салам. Мына мен да коркутканды билем. Этият болгула. Боксёрка Дина.

ОП-54-101. ОшТУда окуган досум Ренатты 27-февралдагы туулган күнү менен куттуктайм. Ренат сага узак өмүр, тунук сүйүү каалайм. Талант.

ОП-54-102. Неля, Урматты эмне арыктатып жибердиң? Зайка.

ОП-54-103. Эстеп гана ойлоп сени жүрөмүн, сени гана жалгыз өзүм сүйөмүн.Түнү-күнү уктабастан дүкүлдөп. Жалгыз гана "сен" деп согот жүрөгүм. Чынгыз Мырзаев 0555820253 номерине чалып койчу.

ОП-54-104. Түн айтат неге жалгыз олтурасың, күйүттү арман коштоп тургандайсың. Келе бер барактагы ырларыңды, жеткирем ардагыңа окуп алсын. Ишенип түнгө бердим ырларымды, убакыт учкан куштай тез баратты. Күтүүдөн карек талып көз ирмелди, аңгыча жер агарып таң да атты. Нурзат.

ОП-54-105. М.Иманбековго: Түшүнбөдүм мен сени сүйөрүмдү, сезбедим сен үчүн күйөрүмдү. Түшүнөм сен да сүйөсүң бир адамды, сен жашайсың ар дайым жүрөгүмдө. 07771302хх

ОП-54-106. Ат-Башылык Кундузга салам. Кундуз СМС жазып койсоң боло. Досуң Бегай.

ОП-54-107. Апам Осмонова Кундузду, таенем Бактыканды, эжелерим Гүкү, Нурия, жеңем Тинатинди, бөбөктөрүм Рахат, Даткайым, Мээримдерди 8-март майрамдары менен куттуктайм. Зайка.

ОП-54-108. Жалпы атбашылыктарга салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Бегимай.

ОП-54-109. Жылдыздар, эки жолу телеге чыгып эле жылдызмын дебегиле. Таке.

ОП-54-110. Салам, Нурмухамед азаматсың, сага кошулам. Эля.

ОП-54-111. "Обондун" супер СМСчилери келгиле дос болобуз. Кыздар майрамыңар менен. +77011444497.

ОП-54-112. Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында жашаган апам Гүлмираны 4-март туулган күнү менен куттуктайм. Апа каалайм сизге узун өмүр, чексиз бакыт, чың ден соолук. Ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей нур таралып турсун. Атам экөөң бири-бириңерге жөлөк болуп, биздин тойлорубузду, балдарыбыздын тойлорун көргөндү Аллах насип этсин. Апа, атам экөөңөр биздин келечегибизге жол башчы болуп, биздин бактыбызга бар болгула. Самат, Айпери, Токтокан, Динара, Бектур, Эх Мембо.

ОП-54-113. Султан, чындап ак сүйүүңдү таптыңбы? Сен деле аячы биздин жүрөктөрдү? Сендей адамга кандай бактылуу кыз жар болот экен. Ах, арман сүйүү. Таластан Акылай.

ОП-54-114. Досторум Адис, Нурбек, Нурпаис, Инка окууларыңарга ийгилик. Достордун арасында ар дайым атыңар өчпөсүн. Абди-90.

ОП-54-115. Ноокаттын Көк-Жар айылындагы Анара мен сени сагындым. Телефонуңду жандырчы? 07731657хх.


ОП-54-116. Салам Сокулук. Чика кандайсың, иштер жакшыбы? Армияга жакшы барып кел. Багиня.

ОП-54-117. Урмат Усенов, сизге аппак аруу таңдын абасын, нурлуу күндүн жылуусун, адал жандын мээримин каалайм. Эч качан оорубаңыз, эч качан кайгырбаңыз. Гүлшан.

ОП-54-118. Рахима, Адина барсыңарбы? Бар болсоңор эле болду, алтындарым. Гүлшан эжеме чоң салам, ишиңизге ийгилик. Айганыш.

ОП-54-119. Менин сагынычтуу саламым Гүланда, Макуся, Саадатка. Жүзүңөрдө кайгы-капа деген болбосун. Ар дайым аман болгула. Гүлшан.

ОП-54-120. Б.Бадыевага. Жылдыз сымал жайнап турсаң асманда, жерден туруп ашыгамын садага. Желпип учкан желдин кармап канатын, жакын барып бир сылачу арманым. Майрамың менен Бакуля. Шумкар.

ОП-54-121. Талас облусуна караштуу Калба айылында өзүм көрбөгөн туугандарымды издейм. Мен Жуманазардын баласы болом. Эгер туугандарым окусаңар кабарлашкыла, суранам. 0772963770 же +77022652728 Абдыислам.

ОП-54-122. Салам алейкум Нуриса эже жана Айчүрөк эже. Сиздердин ЭлТРге берген маегиңиздерге аябай таң калдым. Намаз окуганга азыр эрте деген сөзүңүздөр туура эмес го. Мусулманбыз, балдарга 12, кыздарга 9 жаштан ыйык намаз окууну Аллах парз кылып буюрган. Аман болуңуздар. Гүлшан.

ОП-54-123. Апаке, кара чачың агарып, жүзүңө бырыш салып убакыт. Таш боор мезгил камчыланат дем албай, өткөн күндө сезилбептир эч кандай. Сага арнап ырлар жазсам канча ирет, бир тамчы ак сүтүңө тең келбейт. Мен үчүн уйкусуз өткөн түнүңө, Айтчы апа эмне кылсам тең келет? Апа, майрамыңыз менен! Уулуңуз Шумкар.

ОП-54-124. "Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм, эрдиңден качан сүйөмүн" деп сыздаган Мирбек Иманбеков, сени түбөлүк сүйөм. Балким, менин бактым сендедир, жаным. Махабат-90.

ОП-54-125. Алматыдагы досум Аксана, саламыңды алик алдым. Мага телефон чал. Каныкей.

ОП-54-126. Аида сени сүйүп калдым. Сени бир күн көрбөй калсам бир кылым көрбөгөндөй болом. Сен менин жанымда болсоң дүйнөдөгү эң бактылуу мырза менмин. Сен мени сүйбөсөң, менин сүйүүм экөөбүзгө жетет. Макс.

ОП-54-127. Саламатсыздарбы СМСчилер? Келе жаткан жаз айынын алгачкы, айымдардын 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм. Эркин КБш.

ОП-54-128. Макуся, Айгөлөк, Хан-Шай жана СМСчи кыздар, келе жаткан 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Ар дайым кыргызымдын керегине жараган, ата-энеңерди сыйлаган, ыймандуу кыздардан болгула. МАУПФИБге супер салам. Жанус-Роза.

ОП-54-129. Салам айтам апам Гүлайша, атам Рысбекке. Ар дайым биздин бактыбызга маңдайыбызда жаркырап жүрө бергиле. Кызыңар Наргиза.

ОП-54-130. Улуу урматтуу Ислам Акматов, сизди өтүп кеткен майрамыңыз менен куттуктайм. Өткөндө сизди аэропорттон көрүп аябай кубандым, автографка рахмат. Гуляжан.

ОП-54-131. Таланты таш жарган төкмө акын А.Туткучев, талантыңызга таазим. Сиз менен баарлашкым келет. Чыгармачылык ийгилик, бар болуңуз. Ислам.

ОП-54-132. Кара-Сууда жашаган 79-жылкы Алтын, 0777289170ке чалып койчу?

ОП-54-133. Салам алейкум Нурмухамед. Айткан сөзүңө кошулам. Хиджаб кийип жүргөн кыздарды абдан баалайм. Баарыбыздын жүрөгүбүзгө ыймандын нуру толуп, Алланын парздарын толук аткарсак экен. Ошондо эки дүйнөнүн бактылуу ачкычын табаар элек. Гүлшан.

ОП-54-134. Чымкенттин "Бекжан" базарында иштеген эжелерим Калыс, Калыйпа, Жайнагүл, Сайраш, карындашым Наргиза 8- март майрамыңар менен куттуктайм. Бакыт.

ОП-54-135. Ата келди жашыңыз 71ге, оору сизди курчап алды билбейм неге? Ар дайым бар болуп биздин төрүбүздө, жаратканым ден соолук берсин сизге. 8-март туулган күнүңүз менен куттуктайм. Эркин КБш.

ОП-54-136. Сенин оюңа кошулам Нурмухамед. Мен да Оштон болом, дос болбойлубу? 0770341819 Лео.

ОП-54-137. Айымдардын баарын 8-март майрамы менен куттуктайм. Наристе.

ОП-54-138. Ай нурдуу жүзү бар татына ырчы кыз Гүланданы 8-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Алтышка, ар дайым жүзүңөн жылмаюу кетпесин, жамандык кууп жетпесин. Аккан суудай узун болсун өмүрүң, асмандай ачык болсун көңүлүң. Ар дайым жарык болсун маанайың. Эң биринчи ден соолук дегендей, эч качан ооруба. Акбары, Айзада.

ОП-54-139. М.Иманбеков асманыңыз ачык болсун, башыңызга бакыт консун, сиз басчу кенен жолдор ачылып гүлгө толсун. Гули, Сара.

ОП-54-140. Алишер, мен сени сагындым. Эмнеге көрүнбөй калдың? Мен билем сен дагы мени сүйөсүң. Эмнеге айтпайсың? 07776431хх.

ОП-54-141. ОшТУда иштеген эжем Каримова Гүлзат Абдыкадыровнаны 8-март майрамы жана 10- март туулган күнү менен куттуктайбыз. Дайыма аман болуңуз, сизге узун өмүр, ишиңизге ийгилик каалайбыз. Нургазы, Эржан.

ОП-54-142. Бакайга: Ыр менен сунган кесени, ышкыбоз күтүп нечени. Ыргагы келди толкутуп, ырыңды күтүп турабыз. Оштон Нурмухамед.

ОП-54-143. Сулууларга: Аккуу болуп сулууланган назик кыздар, неге менин жүрөгүмдү кыйнадыңар. Сүйүү ырын ырдап берсем болор бекен, айткылачы кана эми сулуулар. Кылча-кылча басканыңар сулуулар, басканыңар ар адамды кызыктыраар. Алоолонуп турган кезде жүрөктөр, көргөн адам аркаңардан көпкө караар. Кең аскада өсүп чыккан гүлдөйсүңөр, бул жашоодо ээн эркин жүрөсүңөр. Махабаттын тизгинин колуңарга алып, байкабастан силер дайым күлөсүңөр. Силерсиңер бул дүйнөнүн сулуусу, силерсиңер муздак жандын жылуусу. Сыр чечишип бирге басып сейилдеп,бул күндөрдү бирге өткөрсөк болбойбу? Сулуулар 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Эркин КБш.

ОП-54-144. Сүйүүнүн сырын чечпедим, сырдашып бирге баспадым. Сырдашып көңүл таппадым, сыйкырдуу сүйүү дастанын. Адашпай адам жолунан, Кудайдын жолун тандадым. Айыгар алсыз жаным деп, бардыгын артка таштадым. Оштон Нурмухамед.

ОП-54-145. Аалы, сизди жактырамын башынан, көрүп калсам сүрдөнүп мен жашынам. Сүйлөшөм дейм түз олтуруп сиз менен, уруксат берип, кел десеңиз шашылам. Урматым менен Айзада.

ОП-54-146. Саламатсыздарбы "Обондун" жалпы жамааты жана СМСчилер. Баарыңарды 8- март майрамыңар менен куттуктайм. Ошондой эле Алматыда иштеген эжелерим Жийде, Жыпара, Анараны жаз жана 8-март майрамдары менен куттуктайм. Иштерине ийгилик каалайм. Бактылуу болгула. Асел.

ОП-54-147. Достор, үнү жакшы, таланттуу жигиттерге маанилүү тексти, талапка жооп берген ырлар обону менен берилет. 0770353386.

ОП-54-148. 1994-жылкыларга супер салам. Шери, 31-мектеп.

ОП-54-149. Чернявканын "Жети асыл" базарында иштеген апам Жылдызды 8-март майрамы менен куттуктайбыз. Балдары Бакыт, Бактияр, Алберт, Арген.

ОП-54-150. Салам Мирбек. Эх махабат мынчалык татаалсың? Сенин ушул кыйырың жок. Бирде тикен, бирде саз жолуңду басып өтүү канчалык кыйын экенин билгенимде эч качан өзүмдү мынчалык кыйнамак эмесмин. Кана менин балалык сезимдерим, кыялдарым? Бир кезде тынч, бир калыпта согуп жаткан жүрөгүм эми минтип тыбырчылап сен үчүн гана согуп жатат. Урматтуу асыл жан Иманбеков Мирбек Асылканович. Сюзана.

ОП-54-151. Ыр менен СМС жазып кураган, СМСчи көбөйдү мен абдан кубанам. Таштабай эми өркүндөтүп ары улаган, акындардан болсо дейм ташы өйдө кулаган. СМСчилер ыр менен алга. Бакай.

ОП-54-152. Айдаралиев Мырзабек Төлөнович, сизди 6-март туулган күнүңүз менен куттуктайм. Чың ден соолук, түгөнгүс талант, кажыбас кайрат каалайм. Эч качан оорубаңыз. Айзада.

ОП-54-153. "Бекжан" базарынын сулуулары Нури, Асел, Аксана, Айнура,Калыс эже, Айсалкын эже, 8-март майрамыңыздар менен. Ар дайым маанайыңар ачык, соодаңар кыргын болсун. Оштон Мээрим.

ОП-54-154. Достор, дегеле бүт окурмандарга, СМСчилерге сагынычтуу супер салам. Кандайсыңар? Ден соолук, маанай, баары ойдогудайбы? Баарыңарды сагындым. Мен жокто эмне жаңылык болду? Мындан ары кайрадан силер менен бирге болом. Силерден алыстап кеттим окшойт ээ. Кечирип койгула. Кеминдик Наргиз.

ОП-54-155. "Самал" базарында ич кийим саткан сүйүктүү сүйгөнүм Бегайга салам жолдойм. Жаным, мени кор кылып таштап кетип бактылуу жашап жатканыңды көрүп жатам. Сен баары бир меникисиң. Мен сени сүйөм. Жаным, ажыраш, экөөбүз бирге болобуз. Сени урбайм, сөкпөйм, кучагыма алам кайра. "Б" аттуу сырдуу жигит.

ОП-54-156. Апам Кулпунайды 8-март майрамы менен куттуктайм. Бар болуңуз. Ошондой эле Өзгөн районунун айымдарын майрамы менен куттуктайм. Венера.

ОП-54-157. Менин карындашым жаңы эле шоу бизнеске аралашты эле, ийгилик каалайм. Туке

ОП-54-158. Өзгөрүп кээде ай чыгат, өрүктү каптап ак бубак. Өксүгөн күлүк сыяктуу, өмүрдүн гүлү кайсы убак? Айгөлөк.

ОП-54-159. Менин саламым ата-энеме, бир туугандарыма. Жазгүл.

ОП-54-160. Айымдардын баарын келе жаткан майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ишиңиздерге дайым ийгилик. Жизя.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan