Шайыр Касымалиева:
"Чыныгы сүйүүмө жеткен жокмун"
Жүздөгөн ролдордун ажаатын ачып, бараандуу жолдо, караандуу келаткан Шайыр Касымалиеванын ким экенин айтпасак да жалпыга маалым. Көптөгөн окурмандардын суроолору боюнча КРнын эмгек сиңирген артисти, Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын, Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын ээси, кино жана театр актрисасы Шайыр Касымалиева өз күйөрмандары менен ой бөлүштү. Белгилей кетсек, Шайыр айым 1967-жылы 9-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. М.С. Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайынын театр жана кино факультетин бүтүргөн. Бир кыздын энеси,бир уулдун таянеси.

Зыягүл
- Шайыр эже, биринчиден сиз менен жолугушуп олтурганыма кубанычтамын. Сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм. Эже айтсаңыз, бала кезден көксөгөн максатыңызга жеттиңизби?
- Чоң рахмат. Сизге да жакшылык каалайм. Сурооңузга жооп бере турган болсом кудайга шүгүр, тилегиме жеттим. Балыкчы шаарында жашап жүргөнүбүздө ата-энем маданият үйүндө иштечү. Кийин ата-энемдин таланты бааланып Нарын театрына чакырылганда мен таянемдин колунда калдым. Анан мен он жашка чыкканда Фрунзеге көчүп келип, атам менен апам азыркы Т.Абдумомунов атындагы улуттук кыргыз драма театрына киришти. Атам абдан таланттуу, эмгекчил артист болчу. Апам болсо иним экөөбүздү тарбиялаш үчүн өзүнүн адистигин таштап, грим сүрөтчүсү болуп эмгектенди. Апам азыр да менин жанымда иштейт. Бала кезимде атам менен апамдай артист болсом деп кыялданчу элем, ошол көксөгөн максатым орундалды.
- Эне-баланын бир жерде иштегени кандай болот экен?
Эң сонун. Үйдө да, жумушта да биргебиз. Апамдын алдында өзүмдү баягыдай эле жапжаш, секелек кыз сезем.
- Турмушка чыгайын деген оюңуз барбы?
- Эптеп эле эр болсо болду деп кадырыңа жетпеген бирөөгө тийип алгандан көрө, жакшы адам жолукпагандан кийин ушул кезге чейин түгөйсүз эле жашап келатам. Эми ушинтип эле жалгыз өтмөк белем. Кудай буюруп, насип кылса менин да маңдайыма жазылган адам бар.
- "Ат айланып казыгын табат" дегендей Абдумалик Шерматов кайрылып келсе эмне кыласыз?
- Айрылып калган көйнөгүңдү жамасаң, ошол жери билинип калат. Анын сыңарындай, бир ажыраган үй-бүлө кайра жарашса да мурунку жарака ошол бойдон тура берет. Андай жараканын мага да, кызыма да жана ошол эле сунуш кылган адамга да кереги жок. Кыскасы, үзүлгөн жип уланбайт.
Абдырахман
- Биринчи жолу эне болгонуңузда кандай сезимдер болгон?
- Бала эмчекти соргондо аялзатынын энелик мээрими, энелик касиети козголуп, жаныңды, жүрөгүңдү кошо сууруп алгандай бир башкача сезим пайда болот. Ал кубанычты сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Муну энелер гана сезип, туя алат.
- "Небере балаңдан да таттуу болот" дешет. Угушумча сиздин да небере жытына мас болуп турган кезиңиз экен...
- Кыргыздын ар бир сөзү тегин жерден чыкпайт. Бул да так, таамай айтылган накыл кеп. Неберем Темирлан буюрса жакында бир жашка чыгат. Азыр өнөрү чыгып талпынып турган кези. Неберемди колума алып эркелеткенде тим эле элжиреп кетем.
- Кинодо, спектаклде образга кире албай калган учурларыңыз болдубу?
- Данды тегирмен кандай талкаласа, образды да ошондой майдалап, жан дүйнөгө сиңирип, жүрөгүңдү берип туруп алып чыгышың керек. Ансыз артист боло албайсың. Бирок, мен жашыраак кезимде "Майраш" спектаклинде негедир башка ролдорума караганда кыйналып жүрдүм.
- Азыр профессионал артисттерди эмес, жөнөкөй эле карапайым элдин ичинен алып чыгып кино тартып жатышат. Акыркы кинолордогу жаштардын аткарган ролдору сизди канааттандырабы?
- Ушул нерсеге кээде мен аябай нааразы болуп кетем. Билими жок, образ эмне экенин түшүнбөгөн артист сымалдар бизге окшогон артситтердин деңгээлин төмөн түшүрүп койгондой сезилет. Туура, карапайым элден чыккан тубаса таланттар деле жок эмес, бирок өтө эле сейрек. Андайларга ак жол. Ал эми башка максатта жөн эле киного тартылгысы келгендер элди, кино сүйүүчүлөрдү ирээнжитип жатат. Режиссёрлор да кино тартып жатканда ролду туура бөлүштүрсө жакшы болмок.
Аида
- Шайыр эже, келе жаткан майрамыңыз менен куттуктайм. Кандай белек алганды жакшы көрөсүз?
- Айымдардын баарына эле гүл алуу жакса керек. Мен да бала кезден эле тюлпан гүлүн жактырам.
- Чыныгы сүйүүгө жолуктуңуз беле?
- Чыныгы сүйүүгө 15 жашымда жолугуп, өзүмдөн он жаш улуу жигитти жактыргам. Ал Москвада окучу. Мен 10-классты бүткөнчө ал үйлөнүп алып, чыныгы сүйүүмө жетпей калгам.
- Ал сиздин сүйөөрүңүздү билчү беле?
- Ооба. Бири-бирибизди аябай сүйчүбүз. Тилекке каршы, бир боло алган жокпуз.
- Бала кезибизде биз сизди капкара узун чачыңыздан таанычубуз. Бизди суктандырган чачыңызды эмнеге кыркып таштадыңыз?
- Чачымды жакшы эле багып, аярлачумун. Жыл өтүп, жашың жогорулаган сайын адам дагы жышылып, чачтын деле көркү кетет экен. Чачым суюлуп баштаганынан кестиргенге туура келди.
Элиза
- Динара Акулова менен мамилеңиз кандай?
- Мамилем башынан эле жаман болгон эмес, азыр дагы жаман эмес. Эгер мурун Динара экөөбүз курбу болуп жүрүп күйөөмдү тартып алса мамилем жаман, тиги, бу дейт элем. Биз ажырашкандан кийин Абдумалик экөө үйлөндү. Динаранын чыгармачылыгын сыйлайм, баалайм. Аныкындай кубулжуган үн эч кимде жок. Ал чынында таланттуу айым.
- Кызыңыз турмушка чыкканда атасы келдиби?
- Ооба. Кызымдын тоюна келди. Кызым атасы менен тыгыз катташпаса да, телефон аркылуу байланышып турат. Ата-балага мен жолтоо боло албайм.
- Мээрим менен Малика катышабы?
- Эже-сиңди болуп катышып, майрамдарда белек беришип, бири-бирин куттуктап турушат.
- "Кошок" киносунда айткан кошогуңуз эсиңиздеби?
- (Күлүп) Андан бери 19 жыл өттү. Азыр эсимде калган жок. Кошоктун үнү эле жаман да, мен үйдөн даярданганда кызым: "Апа антип ырдабаңызчы" деп уккусу келчү эмес. Анан киного тартыларда "Арашан" деген жазуучулардын эс алган жериндеги шаркыраган суунун жээгине барып, чоң таштын үстүнө отуруп алып кайра-кайра кайталап атып жаттагам.
Садыраалы
- Бир спектаклди чыгарыш үчүн канча убакыт даярданасыздар?
- Жок эле дегенде үч-төрт ай убакыт керек. Бир айткан сөздү миң кайталап, бир баскан жерди жүз басып атып май талканын чыгарып анан эл алдына тартуулайбыз. Ошон үчүн актёрдук кесип билимди, талапты, чыдамкайлыкты, нервди көп талап кылат.
- Учурда асмандагы жылдыздардан да жердеги "жылдыздар" көбөйүп кетти. Азыркы жаш ырчылардын арасынан кимди баалайсыз?
- Чынында азыр таланты бары деле, жогу деле, күчү жеткени, жетпегени деле ырдап жатышат. Албетте, кудай берген талант эч качан жерде калбайт. Баары бир, кандай кырдаал болбосун жеңип чыгат. Азыр кары-жаш дебей бардык муундун жүрөгүнөн орун алган Мирбек Атабековду таланттуу ырчы деп айта алам.
-Бир күндө канча ирет күзгүгө каранасыз?
- Жакшы суроо экен. Кичинекей кезимде бантикти өзүм байлачумун. Анан мектепке келгенде бузулуп калган жокпу деп улам күзгүгө карана берет элем. Күзгүнүн маңдайына туруп алып күлүп, ыйлап ролдорду аткарчумун. А азыр болсо эртең менен бир, анан жумуштан кайтканда бир каранам.
- Кино жаатында сиз жакшы ролдорду жаратып жатасыз. Жашыруун болбосо гонорарыңыз кандай төлөнөт?
- Жакшы эле. Бирок кыргыз киносу жаш бала жаңыдан кадам койгон сыяктуу чуркай элек кези.
- Кыргыздын канына сиңген "көралбастык", "ичи тардык" ооруларынан жабыр тарткан жоксузбу?
- Билесиңби, мындай жагдай адам баласынын башынан өтө турган көрүнүш. Анткени биздин кыргыз журтчулугунда көралбастык көбүрөөк өөрчүптүр. Ич күйдүлүк деген өнөкөт да күчтүү. Жаш кезимде мындай көрүнүштөргө тушукканда ыйлай берчүмүн. Азыр көп нерсени баштан өткөрүп, түшүнүп калгандан соң, болуп жаткан окуяларга көңүл кош мамиле жасачу болдум. Мындай соккуну чыдамкайлык менен гана жеңип чыгат экенсиң. Ошон үчүн "Чыгаан талант чачылбайт, чындык колдоп басынбайт" деп бекер айтылбаптыр.

Эки саатка созулган баарлашуубуз күлкү-шат менен коштолуп, демейдегиден көңүлдүү өттү. "Жумушум бар эле,шашып аттым эле"- деп асманды караган айрым "жылдыздарыбыз" бир топ жылдан бери сахнанын суугуна күйүп, ысыгына тоңгон Шайыр Касымалиевадан үлгү алса болчудай. Өзүн,күйөрмандарын сыйлаган актрисабыз белгиленген убакыттан эрте келип,зарыл жумуштарына карабай окурмандардын оюндагыдай маек куруп берди. Кумиринин жөнөкөйлүгүнө баа берген күйөрмандар "Шайыр эженин мындай деп ойлогон эмеспиз" деген пикирлерин айтып, ыраазы болуп кайтышты.
Уюштурган Ж.КАЛДАРОВА









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan