Сырмаек

Кыргыз Республикасынын
Эл артисти Керим Турапов:
"Поезддерде жүк түшүрүп, көчө шыпырып иштедим"
Керим Тураповдун өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу буга чейин маалымат булактарынан далай ирет таанышып, кабардар болсоңуздар керек. Бу сапар бул атактуу адамдын адамдык сапаттары, жашоого болгон көз карашы тууралуу маек курдук.


маектеш жөнүндө маалымат
Туулган жылы: 1959-жыл, 1-октябрь
Кичи мекени: Ош облусунун Кызыл-Суу айылы.
Билими: Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун опера бөлүмүн аяктаган.
Үй-бүлөсү: Бир кыз, бир уулдун атасы.
Наамдары : Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору.
Чет өлкөлөрдө: Германия, Франция, Индия, Корея, Исландия, Турция ж.б.
Чыгармалары: Аткаруучулук, дүйнөлүк классикалык операларда башкы ролдорду ойнойт. "Альфед", "Ленский", "Герцик", "Болот", "Гүлчоро" ж.б.

- "Ааламга жол айылдан башталат" дегендей, өзүңүздүн айылда өткөргөн жалындуу жаштыгыңыз, жагымдуу сезимдериңиз, алгачкы махабатыңыз тууралуу айтып бербейсизби?
- Биздин бактылуу балалык, жалындуу жаштык совет дооруна туура келбедиби.Жаман эмес, эң сонун эсте калаарлык окуялар, күндөр көп болду. Жылына жайында мектеп окуучулары чөп жыйнаганга барчубуз. Күзүндө пахта тергени жөнөтчү. Ал кездеги коомго чоң күч бергендер мектеп окуучулары болоор эле. Кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө палаткалар тигилип, күндүзү жалкоолук дегенди билбей чын жүрөгүбүздөн иштейбиз. Кечкисин көңүл ачуу үчүн жакшы оюндарды уюштуруп, чарчаганыбызды унуткарабыз. Мына ошол ата энебизден алыска кетип, достордун, класташтардын жанында болгон учурларда, кыз-жигиттердин мамилесине ыңгайлуу шарт түзүлөт эле. Андан соң сүйүүгө жол ачылып, сүйүшүп, достошуп кетчүбүз. Айылга кино келсе, кол кармашып жөнөп калабыз. Айтор, ал кездеги кыздарды сыйлоо, ал эми кыздардагы ийменүү, намыс деген күчтүү болчу. Бирок мен "алгачкы сүйүүм бул эле" же "ушул кызды сүйдүм эле" дегендей сүйүүгө кезиккен жокмун. Достор менен кыздарга кат жазчубуз, кат алчубуз.Бала мүнөз жаштыктын шары менен, көп кызыктуу күндөрдү өткөрдүк. Бирок сүйүп, күйүп кыздардын артынан чуркаган эмесмин.
- Эгерде азыр,ошол кездегидей ата- энеден алыс, узак убакытка кете турган болсо, бир эле палаткага жашап, эки экиден үйлөнүп алышмак. Дегеним, ал заман менен биздин замандын айырмасы эмнеде?
- Ал кезде коомго болгон көз караш башкача болчу.Кыргыздын үрп-адат, салт-санаасына астейдил мамиле жасашчу. Мисалы,коноктун колуна суу куйгандан баштап, төрдү кимге берүү, жиликти кимге тартуу сыяктуу эрежелердин баары каада-салт, үрп-адаты негизги идеология. Демек, ал замандагы идеология башкача болчу, тартип катуу эле. Азыр андагыга караганда тарбия солгундап баратат. Албетте, ата - энелер болгон тарбиясын аябайт деңизчи. Бирок, жаштардын кабыл алуусу башкача. Биз менен чет мамлекеттердин ортосунда көшөгө жок.Телевизордон, интернет булактарынан биздин менталитетке туура келген да, туура келбеген да нерселерди үйрөнүп жатышпайбы.Чындыгында үй-бүлө менен чогуу отуруп телевизор көрүүдөн чоочулап калбадыкпы, "Эмнени көргөзүп жиберет?" -деп.Таптакыр аралашпаган адам артта калат.Ошентип акырындап өзүбүздү өзүбүз бузуп жатабыз. Биздин учурда болсо, азыркыдай чет мамлекеттерден маалымат ала алчу эмеспиз. Кыргыздын каада - салтын мыкты билип маани берчүбүз. Эгерде салтка салкын мамиле жасабасак, улут көпкө жашап, ыйман, тарбия күчтүү болот. Учурда, жаштарыбыз каада-салтка кайдыгер карашат. Ал эмес шылдыңдап да күлүшөт. Ошондуктан ата-эненин уруксаатысыз үйлөнүп алуу, жашап алуу деген түшүнүктөр көнүмүш болуп баратпайбы.
- Замандын оорчулугу сизге да кедергисин тийгизип жатабы?
- "Заманыбыз оор, жашоо жаман" эле дей беребиз. Өзгөчө революциядан кийин элдин психологиясы кескин өзгөрдү. Басып өткөн тарыхыбызды унутуп салдык. Илгери ата-энелерибиз сокмо тамда жашап, бирине жетсе, бирине жетпей эле кайран өмүрлөрүн өткөрүп жиберишкен. Азыр эмне, өлкөбүз эгемендүү, аракеттенсең аз эле убакыттын ичинде там саласың, машина аласың. Айтор, иштесең тиштейсиң, иштебесең каласың деген заман. Айта кетүүчү нерсе, ошол эле учурда эптеген жашоосу болсо да каниет алып жашаган адамдар бар. Алар өздөрүнө ыраазы, алардын мүнөзү ошондой, заманга нааразы болушпайт. Анан аларды көрүп деле "заман жаман" дей беребиз. Бул туура эмес. Аттуу-баштуу эле чиновниктерибиз Америкага барганда ал жактын саясатчыларына "бизде аябай кыйынчылык, мамлекет кыйналып жатат" деп арызданышыптыр. Антүүнүн кереги эмне? Же биздин жашоону ошол англичандар оңдоп бермек беле? Антип душманга тилибизди көргөзгөндөн көрө, өзүбүз аракеттенели. Эгер мен ошолордун ордунда болсом "бизде жашоо жакшы, сонун жашап жатабыз" демекмин. Албетте, өлкөбүздө кыйналуу бар. Ошол кыйынчылыкты өзүбүз эле жеңсек болот. Антпесек жашоонун маңызын унутуп калабыз. Мисалы, мен убагында аябай кыйналып жашадым. Жүк түшүрүп, поезддерде иштеп жүрдүм. Көчө шыпыргыч да болдум. Студенттик алты жылда он алты батир которгом. Айтор, мен иштебеген иш, жасабаган жумуш калган жок. Ошентсе да ошол күндөр жүрөгүмө жакын сезилет. Антпесек жашоо болмок беле.
- Өзүңүздү бай адамдардын катарына кошосузбу?
- Албетте баймын. Мен жөн эле бай эмес, аябай баймын. Телерадиолордо жазылган чыгармаларым, канчалаган билим алган студенттерим, миңдеген күйөрмандарым бар. Аздыр-көптүр күйөрмандарымдан күнүнө минтип кат келип турат. (Дареги Талас шаарын далилдеген стол үстүндөгү эки үч катты көргөздү). Буюрса, эл арасында чыныгы таланты бар, бирок таанышы жок жүргөн жаштар үчүн мектеп ачып, акысыз билим берип, эл алдына алып чыксам деген пландарым бар. Эгер ушул оюм ишке ашып калса, "өмүр өтсө эл эмгектен эскерсин" деп Аалы Токомбаев айткандай, көңүлүм ток болуп аябай байыйт элем.
- Ырчы демекчи, бүгүнкү күндөгү жаш ырчыларга көз карашыңыз кандай?
- Жаш ырчылар бүгүнкү күндө эстрадада төө көтөргүс эмгекти алып баратышат. Мисалы, бир ырды ырдап чыгуу үчүн ал канча күч-кубат коротот. Сырттан караганда жеңил эле ырчы болуп калгандай сезилет. Бирок, ырчылык өтө түйшүктүү кесип. Болгону бизде ошол жаш ырчыларга, ыр тандоодо ырдап чыгуу да, дегеле, ырдоо маданиятына багыт берген система жок болуп жатат. Мааниси жок, чаржайыт болуусу ошол себептен. Болбосо менин жаш ырчыларга болгон көз карашым түз эле.
- Аткарган чыгармаларыңыздын көпчүлүгү ата-эне, Ата мекен, жаратылыш темасында. Эмне үчүн сүйүү темасында көп ырдабайсыз?
- Чын эле сүйүү темасында илхом келбейт. Канчалык аракеттенсем дагы эмнегедир ата-эне, мекен темасы жүрөгүмө жакын. Ал эми үчүнчү тема патриоттук ырлар. Негизи биз, өзгөчө жаштар бир нерсени унутпашыбыз керек. Биздин Кыргызстан башка өлкөлөрдө кездешкис, сулуулугу керемет, ар бир ташы, топурагы алтын. Мисалы, май, июнь айларында талаада айдап койгондой гүлдөр, ошол эле мезгилде тоолордун чокуларында аппак кар жатат. Шаарыбыз жапжашыл, бейиштин төрүндөй көрүнөт. Мына ушундай кереметти баалай билишибиз керек. Мен өзүм жерде тоголонуп жаткан ар бир ташка маани берем.
- Тоого чыгып эс алганды жакшы көрөсүз го...
- Ооба, тоодо эс алганды аябай жакшы көрөм. Достор менен чыгып, арак ичип, ырдап чардап эмес... Жалгыз чыгып, табият менен сырдашканды жактырам.
- Маек куруп бергениңизге чоң рахмат. Чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Кыял Орозбекова










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan