Күн сүрөт

Кыз ала качуу кылмышпы?..
Дүйнө жүзүндө канчалаган улут бар. Алар эмнеси менен айырмаланат? Албетте, бири-бирине окшобой өзгөчөлөнүп турган үрп- адаттары, каада-салттары, тили, дили менен улуттун улут экенин көрсөтүп турат. Кылымдарды карыткан кыргыз эли канчалаган кыйын кезеңди башынан өткөрүп, аларга моюн сунбаган жан келебиз. Өз кыздарын бир ууч талкан үчүн бай - манаптарга берип койгон көрүнүштөр да болбой койгон эмес. Учурда глобалдуу теманын катарын толуктап, канча жылдан
бери түйүнү чечилбей келе
жаткан ала качуу
боюнча бүгүн сөз
козгойбуз.

Бүгүнкү күндө окуу менен биргеликте өзүнүн колунан келе турган жумуш менен алектенген студенттер четтен табылса керек. Мен да ошолордун катарында сабактан кийин шаардагы чакан дүкөндөрдүн биринде эжеме каралашаар элем. Жашаган жерим дүкөнгө жакын болгондуктан жумуштан кийин үйгө жөө кетчүмүн. Адаттагыдай капарсыз дүкөндү бекитип жатып ары жакта турган машинага көзүм түштү. Алгач жүрөгүм шуу дей түшкөнү менен анча маани бербедим. Себеби ал жерде машина үзүлчү эмес. Оюмда эч нерсе жок үйгө баратсам, артымдан машина токтоп, ой боюма койбой унаага отургуза башташты, мен кай тарапка, кимге баратканымды да билген жокмун. Анткени мага тааныш караан көзүмө учураган жок. Мен кичинекей кезимден беттегенимди бербей, көздөгөнүмдү койбогон көк бет болчумун. Ал сапатым азыркыга чейин сакталып калган. Кээ бир учурда бул сапатым аркылуу жапа чексем бул жолу жардамын берди. Себеби, көгөрүп отуруп көзүмө жаш алган жокмун, үйгө алып барып отургузуп, башыма жоолук салганы жеңелер баш бакса да мени ким алып келди, ошону чакыргыла деп жоолук салмак тургай жаныма жолотпой койдум. Мени ала качкан жигит менен көптөн бери дос болуп жүргөндүктөн менден качып бөлмөгө кирбей койду. Өзүмдүн көк беттигиме салып баланын апасы менен сүйлөшүп, отурбай кетип калдым. Мени каргадыбы, жокпу айтор, алардын өз иши. Мен аларды бир гана Кудайга койдум. Таш түшкөн жеринде оор, эгерде баш аттап кетип калсаң күйөөгө чыга албай каласың деген сөздөр да айтылып келүүдө. Бирок, мен буга таптакыр кошулбайм. Азыркы учурда мени урматтап, сыйлап турчу жүрөгүмдүн ээсин таптым десем болот. Кудай буюрса мен ал жигит менен бактылуу болууга толук көзүм жетет. Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты, менин бул катты жазып жатканымдын себеби, жаш кыздарды койдой кылып баса калып ала качып жаткан мырзаларга каршы күрөшүп, жаш кыздарга көмөк берип койсоңор деген эле максат. Антпесе биздин аймончоктой кыздар өз сүйүүсүнө жетпей, аргасыз турмуш курганы жан кейитет.
Нури, Бишкек шаары

Ала качуунун тарыхы
Үй-бүлө - бул кичинекей мамлекет, ал эми ошол мамлекетти кандай жол менен курушат. Кээ бирөөлөрү сүйүшүп-күйүшүп, ата-энесинин макулдугу менен же болбосо кыргыздын салты менен сөйкө салып үйлөнүшсө, кай бирлери бул кыргыздын үрп-адаты деп ала качуу жол менен турмуш курушууда. Чындыгында ала качуу салтпы же кылмышпы? Дегеле, ала качуу канчадан бери биздин жашообузда орун алган? Алгач, бул салттын тарыхы тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, доцент, этнолог Алымкулова Сынара Кадыровнага суроо узаттык.
"Илгери кыздын макулдугу менен гана ала каччу"
- Сиздердин бул теманы козгоп жатканыңар абдан жакшы. Себеби, бүгүнкү күндө кыргыздын канына сиңген үрп- адаттарды жаңы муун бурмалап, бузуп жатышпайбы. Илгерки салт менен бүгүнкүнү салыштырууга таптакыр болбойт. Бүгүнкү күндө ала качуунун терс таасири гана же болбосо бул адаттар таптакыр өзгөрүп аты эле калды. Ала качуу салты кыргыз элинин канында илгертеден бери сакталып келет. Себеби, кыргыз эли көчүп-конуп жашагандыктан алар кышындасы кыштоого, же болбосо жазында кайрадан жайлоого чыгып кетип жатканда бөтөнчө курч алган. Себеби, үйлөнүү мүмкүнчүлүк көч учурунда абдан маанилүү эле. Жайлоого отурукташып алгандан кийин бир уруудан экинчи уруу бири-бирине жолугушуусуна бир топ тоскоолдуктар болгон. Анда да кээ бир урууларга баш кошууга тыюу салынган. Кыргыз элинин тарыхында кызды эки гана учурда ала каччу. Биринчи учурда кыз менен баланын ата-энеси калыңдын төлөмүн сүйлөшкөндө, бала тарап калың төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок, бирок кыз менен бала бири-бири менен жашап кеткенге даяр болуп кыздын макулдугу менен акырын ала качып кетчү. Ошондо да бала өз үйүнө алып барбай, жакын туугандарынын үйүнө алып барып, качан гана кыз жактан адамдар келип кыздын макулдугун алган соң өз үйүнө алып бараар эле. Экинчиси ата-энеси каршы чыкса, эки жаш тоскоолдуктарга моюн сунбай, бактысы үчүн күрөшкөндө ала качып кетишчү эле. Ал эми ХIХ кылымдын аяк ченинде, өзгөчө ХХ кылымдын башынан бери кыз ала качуу дегенге терс маани берилип, кыз өзүнүн макулдугун бербесе деле ала кача баштады.
Ала качуунун тарыхын билген соң бул нерсе ислам дининде кандай орун алганын билүү үчүн Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовго кайрылдык.
"Бактысы үчүн кемпирди да аттаганга болот"
- Кыз-бул эне, үй-бүлөнүн куту. Бир гана кыздарды антип мажбурлап эмес, дегеле аялзатын мажбурлаганга жол берилбейт. Ала качууну көпчүлүгү салт деп жүрүшөт, кыздын макулдугусуз уурдап баса берген качан эле салт болуп калды эле дейм да. Бүгүнкү күндө бул абдан опурталдуу көрүнүшкө айланып баратат. Ал кыздарды алып барышып, эгерде отурбай кетип калсаң кийин күйөөгө тие албайсың деп каргашат экен. Каргап жаткан адамды да Кудай жараткан. Алланын айтканына кантип тетири чыгып алардын айтканы орундалып калат дейсиз. Эгерде, кыз ал балага турмушка чыгууну каалабаса, жолго кемпирди жаткырып, бешикти койсо да эч кандай коркпой эле чыгып кетсе болот. Кемпирлердин каргаганынан да кыздын келечеги өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө жаш кыздарыбыз ушул нерсеге көп маани беришпей, өзүнүн келечегине кантип балта чапканын билбей маң болушат. Макул, үйлөнгөндөн кийин бактылуу жашап кетсе, унчукпайбыз. Бирок, тилекке каршы, учурдагы көптөгөн үй-бүлөнүн бузулушуна ала качуу чоң себеп болуп жатканы жүрөктүн үшүн алат. Менин болочок энелерге айтаарым эч кандай тоскоолдуктарга карабай, ала качкан жерден коркпой баса беришсе.

Беш жылга эркинен ажыратылат
Кундуз чачтуу кыргыз кыздарын өз каалоосуна каршы мажбурлап отургузуп койгон учурлар көп эле кездешет. Эгерде кыздын макулдугусуз уурдап кетишсе, аялды зордуктоодо, мажбурлап ала качууда, алдап талап-тоноодо моралдык доо кетиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 155-беренесине ылайык 10-20 миң сомго чейин айып төлөп, же болбосо 5 жыл эркинен ажыратылат.

Кыз-келиндердин укуктары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн "Юр-эксима" юридикалык компаниясынын директору Керимкулов Эдил Кемеловичке кайрылдык.
"Ар бир адам өз укугун тепселетпесе..."
- Кызды ала качкан учурда кандай жолдор менен өз укугун коргогонго болот?
- Көпчүлүк учурда өз укугун билбегендик өз оозундагы ашты алдырып коюуга жөрөлгө болот. Мындай көрүнүш айрыкча айыл жергесинде курч алган десем да жаңылышпайм. Мектептерде да атайын ушул тууралуу сабак өтүлгөнү менен аларга кыргызчылык кылып кол шилтеп койгондуктан, атайын кеңеш алуу үчүн адистерге кайрылбагандыктан мындай көрүнүш улана берет. Ар бир атуул өз укуктарын тепселетпей, өз милдеттерин билген учурда гана бардык нерсе мыйзам чегинде жаза алат. КРнын Кылмыш жана Жаза кодексинде ушулардын баары айдан ачык жазылган. Анда 155-берене боюнча 5 жылдан эркинен ажыратылат же 10-20 миң сомго чейин айып төлөшөт. Өз бактысы, келечеги үчүн эринбей эле мыйзамды кызыгып окуп койсо өзү үчүн гана кереги чоң.
- Кызды ала качуу жолу менен мажбурлап үйлөнгөн соң, боюнда бар жубайын айылга таштап башкага үйлөнүп алган жигит тууралуу бизге кат келген эле. Азыр деле жолдошун жоопко тартууга болобу?
- Ар бир кылган жазасын моюну менен тартышы керек. Ал албетте жоопсуз калбайт. Ага сөзсүз түрдө кызды ала качып кеткенин далилдөөчү күбөлөр керек. Ала качканы чын болсо, ичиндеги бала ошол кишиден экени далилденген соң, мыйзам чегинде жооп берип, бала он сегиз жашка толгончо алимент төлөтүп алууга укуктуу.

Биз атайын сурамжылоо жүргүзсөк, бойго жеткен уландардын 40% "Кызым менен сүйлөшүп жүрсөм, "ата-энеси башкага берем деп жатса мен кантип карап турам, ала качып кетем да" десе, "мен жакшы көргөн кыз мени тоготпой койсо мажбурлап алып кеткенден башка айла жок" дегендер 25% ды түздү, калган 35%ы "ала качууга таптакыр каршымын" дегендер болду. Кыздардын 60%ы "мен баары бир отурмак эмесмин" десе, калгандары "айла жоктон I LOVE YOU деп отуруп калгандан башка арга жок да. Мен отурбай кетип калсам мени ким алмак эле" дегендер да арасында жок эмес экен.
Урматтуу окурман, биз муну менен ала качып кетсе отурбаңыз дегенден таптакыр алыспыз. Бирок сактанганды сактайм деген экен Жараткан. Антейин десек, 5-6 жыл сүйлөшүп жүрүп бир ай жашап-жашабай ажырашып кеткендер да толтура. Эмне дейбиз, ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп, келечектин пайдубалын жан шериги менен бирге тургузуп, бактылуулардын катарын толуктаса деп гана тилек кылабыз.

Эң көп ала качуу Талас жергесинде
Кыргызстандын кыз ала качуу салтына кызыккандар да арабызда жок эмес. Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча жаңы илимий изилдөөнүн автору, АКШдагы Филадельфия университетинин социология илимдеринин доктору, профессор Расс Л. Кляйнбах жана Кыргызстандагы гендер маселелери боюнча изилдөөчү Газбүбү Бабаярованын биргелешкен илимий иликтөөсүндө акыркы жылдары кызды макулдугусуз ала качкан эң көп жер Талас облусунда катталып, анын көрсөткүчү 86%ды түзсө, эң аз көрсөткүч 38% менен Ысык-Көл облусуна тиешелүү. Өзүнүн макулдугу менен ала качылган кыздар 17%дын тегерегинде болуп чыккан.

Даярдаган Нурзат Жусупова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan