2009-жыл - китеп жылы!

"Нуска" китеп дүкөнүнүн башчысы Садыкулова Анаркан Рыскулбековна:
"... Айтматовдун "Маңкуртундай" болуп калышпайбы?"
- Окурмандар арасында китептерге болгон кызыгуулар канчалык деңгээлде, суроо-талап кандай?
- Жеке эле борборубуз үчүн эмес, Кыргызстан боюнча жалгыз кыргыз китеп дүкөнү биздики. Китепке кызыгып, сатып алып окугандар дагы деле мурунку муундар болуп атат. Жаштарыбыз компьютер, интернет дешип, китепке болгон кызыгуу Союз учурундагы жаштардыкындай эмес. Ал доордо чыккан китептерди үзбөй чогултуп, керек болсо сыртына карап эле алгандар деле болчу. А бирок таптакыр эле жаштар китептен алыс деп да айта албайм. Учурдун талабына жараша китеп сүйүүчүлөр бар үчүн иштеп жатабыз. Келип, издеп, сурап жатышат. Бирок көбүнчө алардын талаптарын орундатар китептер жок болуп жатканында. Талапка жараша жакшы китеп чыкпай жатат. Мектеп окуучулары, студенттер үчүн керектүү китептер жокко эсе. Ушуга көңүл бурулса. Көркөм адабиятта көзү өтүп кеткен, улуу-улуу жазуучуларыбыз Сыдыкбековдун, Токомбаевдин, Турусбековдун, Тыныстановдордун китептери бизде жок. Мурун өкмөт каржылачу эле. Азыр болсо "энциклопедия" гана өкмөттүн эсебинен чыгып жатат. Жазуучуларыбыздын китептери китеп жылы болуп жаткандан кийин "кайсыл китеп бар, жок, кайсыл китеп жөн эле чаң басып жатат" деп каралып, жаңыртып чыгарышса окурмандар үчүн жакшы эле болмок. Дагы жакшы, Айтматовдун сегиз томдугу чыкты. Бизде бар. Отуз сегиз жылдан бери кыргыз китебинде үзбөй иштеп байкап, билип калат экенсиң. Кээде жаштарга "Мобул китепти окуп көрчү, ичинде жакшылары бар экен" деп билип алса деген ойдо багыт көргөзүп айтсаң, мен ал китепти өткөзө албай айтып аткансып кыйгач көз караш менен карашат. Анан таарына түшөм. Азыр унчукпай да калдым.
- Балдар адабияты кандай болуп атат?
- Негизи балдар үчүн жазган саналуу гана жазуучубуз бар да. Аракет кылып жазып жатышат. "Манас" жөнүндө мектеп программасында да бар экен. Китептерин издеп келишет. Бизде жокко эсе. Жакында Каралаев менен Орозбаковдун вариантындагы мурунку китептеринен алып келишет, күтүп жатабыз. Негизи "Манасты" окутууда мектеп окуучулары үчүн оорураак болуп калат экен. Атайын балдарга ылайыкташтырып чыгарышса деп ойлонуп, Мар Байжиевге бир айттым эле. Чоң рахмат, оюна алып, жазып келиптир. Тим эле күзгүдөй балдар кызыгып окугудай китеп болуптур. Болгону ал орус тилинде. Ал китептин катарында ошондой эле кыргызчасы да турса жакшы болмок. Негизи эле балдарды башынан китеп окутуп, үйрөтүп тарбиялабаса Айтматовдун "Маңкуртундай" болуп калышпайбы деп ойлоносуң.
- Учурдун адабияты тууралуу эмнелерди айта аласыз? Дегеним, кайсыл жанрда жазылган китептер өтүмдүү болуп жатат?
- Азыр акча табуунун аракети менен эле жылына эки-үчтөн китептерин жазып чыгара калгандар көп. Бирөөнүн керт башынан өткөн окуясын баяндап элүү барактай жазылган китептер чыгып атат. Ал китеп эмес, гезит окугандай эле да, жакшы олтуруп окусаң эки саатта бүтөсүң, ойлонбойсуң, жан дүйнөң деле козголбойт. Сапаты да гезиттин кагазы болгондуктан тытылып, аз жылда жок болот, келечек муун үчүн китеп болуп калбайт, сакталбайт. Бир четинен элдин, окурмандардын да деңгээли ошондой төмөндөп кеткендейби деп ойлойсуң? Анткени окулуп атат, жазып жатышат. Китеп деген көлөмдүү, көркөмдүү, ички дүйнөңдү байыта ала турган болуп жазылса кандай жакшы. Айтматовдун "Жамийласы" чыкканда окурмандар арасында кандай гана талкууга түшүп, кандай уруш болгон. "Кыргыз кызынын антип кеткени туура эмес" дешип окурмандар эки тарап ойдо болушуп, чоң кызыгууну туудурган чыгарма болгон да.
Ыр китептерин көтөрүп келген жаштарга: "Ар кимиң өз алдыңча эмес, чогулуп, биригип алып ыр китептериңерди чыгарсаңар, бири-бириңдикин окуп, талкууга да аласыңар" дейм. Өтпөй турса кичинекей дүкөнүбүздө "орун жок, алып кет" дей албайсың, алардын да, өзүңдүн да жүрөгүң ооруйт. Китебиң окулабы, окулбайбы, келечеги кандай болот деп анан чыгарышса жакшы да.
Мурунку көзү өтүп кеткен классик акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларына кайрылып, китеп чыгарып жатышат. Мисалы, Алыкул Осмонов жөнүндө жазылган китепти айтсам болот. Окусаң жалаң эле айылдаш-жердештеринин өмүр-таржымалы жазылган. Анын кереги канча? Окурманга ырларынын өзү керек да. Учурдун адабиятында китептер көп, бирок зарыл болгон китептер жокко эсе.

М.Молдобекова




  Сойку болуп төрөлбөйт

Эркектерди жек көрөм
(Башталышы өткөн санда)
Мен дагы ага көнүп кеттим. Таттуу кыялымда ал экөөбүздүн бактылуу үй-бүлөбүздү таттуу турмушубузду элестетип төбөм көккө жетет. Бирок бактылуу бул күндөр да көпкө узаган жок. Туура бир ай өткөндөн кийин жигитим дайын дареги жок жоголду. Жашаган батиринен да бир эле түндө көчүп кетиптир. Көргөн көзүмө, уккан кулагыма ишенбей, кайра-кайра бара бердим. Тажаганынан батирдин кожойкеси "Ой, кандай түшүнбөгөн немесиң? Ал көчүп кеткен, бул жерде утурумдук жашачу" деп кубалаганга чейин барды. Ошентип колунан нанын жулдурган жаш бала сыяктуу томсоруп кала бердим. Кайрадан эле баягы күңүрттөнгөн күндүн кучагына баттым. Курсагымды эжекем, жездемдерден жашырып, көп учурда бөлмөмдөн чыкпай жатам. Болбосо чоң жоолукту оронуп алып кир жууйм. "Ашказаным ооруп жатат"-деп шылтоо айтып, кабагымды ачпай чыртыйып калам. Айтор, курсагым чоңойгон сайын айлам куруду. Алар болсо "Сен үйдө иштебей жата берип толуп кеттиң, иштесең боло, арыктайсың" деп тамашалап калышат. Анткен сайын жүрөгүм зырпылдап айтып жиберүүгө оозумду таптап барып араң токтоном.
Бир күнү эртең менен турдум да "Дордойго" жөнөп кеттим. Эч максатсыз эле базарды аралап жүрө бердим. Же колумда бир тыйын акчам жок. Темселеп басып жүргөнгө чарчадымбы, же кыйналдымбы билбейм, ичим бир кезде түйүлүп ооруп чыкты. Ага да болбой "эмне болсоң ошо бол" деп ооруса да өчөшүп отура бердим. Базардагылардын таң калганы алая карап, таң калбаганы шылдыңдап өтүп жатышты. Ошентип жүрүп мурда кафеде чогуу иштеген бир байкеге кезигип калдым. Менин кебетемди көрүп боору ооруду окшойт. Элден четирээк чыгып, жанына отургузуп алып баштан аяк сурап кирди. Көзүмдөн жашым тыйылбай айта да бердим, ыйлай да бердим. Азыр түшүнбөйм, ымандай сырымды жатындаш эжекеме айтпай, жат эле эркекке эмне үчүн айттым экен? Ошентип байке баардык кыйынчылыгымды укту да желкесин тырмап отуруп калды. "Болоору болуптур, ыйлаба эми, мен сага жардам берем. Курсагыңда бала кичине кезинде эле жок кылып салсаң болмок экен. Эми кечигип калды. Аны жок кылам деп өзүң да жок болуп калышың мүмкүн. А сенин өмүрүң мага аябай керек. Мен сени аябай жакшы көрөм. Эң алгач биздин жумушка иштегени келгенде эле жактырып калгам. Бирок сага айта алчу эмесмин. Билесиңби, бир жолу бир кардар сага акчаңды бербей качканда, артынан барып, мушташып жатып акчаңды кайрып бербедим беле. Ошондо эмне, кафенин кожоюну банкрот болбосун деп ойлоду дейсиңби? Жо-ок, сага жагынайын дегеним. Билсең, мен сени жумушка келбей калгандан бери кайдан издээримди билбей эсим ооп жүргөм" деди өпкө-жүрөгүн чаап. Мен анчалык ишенбей турсам дагы "жардамы тиеби" деген ойдо айласыз башымды ийкеп отурдум. Ал кайрадан сөзүн улады. "Кел эми кеңешип, сени бул кыйынчылыктан сууруп чыгалы. Мен азыр өзүм жалгыз бир бөлмөлүү батирде жашап жатам. Кечке иштейм, кечинде жумуштан барганда жаздыкты кучактап уктап калам. Тамак-аштан го проблема жок дечи. Бирок кирдеген кийимдеримди жууп алганга чолоом тийбейт. Кыскасы, сөздүн ачыгы сен мени менен жаша, кечке үйдө болосуң. Кыйналгыдай, же тиги эмне дейт деп чүнчүй турган эч ким жок. Кечке маал мен барып калам. Кааласаң тамак жасап, киримди жууп коёрсуң. Каалабасаң тим деле кой. Айтор, менин жанымда эле болсоң болгону. Анан да менден коркпо. Эч кайда качпайм. Эптеп сен төрөгүчө жашырынып жашай туралы. Төрөп бошонуп алсаң, анан айылдагы ата-энеме көптөн бери эле жашап жүрөбүз деп билдиребиз. Алар каршы чыкпайт деп ойлойм. Ал эми балаңды болсо төрөтканага, же балдар үйүнө берип коёбуз. Баары бир сен аны бакпайм деп жатпайсыңбы. Эгер багам десең анын деле айласын табабыз. Ар ким өз ырыскысы менен да",- деди менин салыңкы түшкөн кабагымды бир карап алып. Ошентип ары- бери сүйлөп жатып макулдугумду алып алды. Эки ойдо элдир-селдир болуп калдым. "Эмнеси болсо да көрдүм да" деген бүтүмгө келип үйүн көздөй жөнөдүм. Эжеме келип, кыздар менен батирге жашаганы жатам, бүгүн кетишим керек десем аябай капа болду. "Эмне, сени биз кууп жатабызбы? Жашай бербейсиңби, же эмне өзүңдү өзүң билип, эркин жүргүң келип жатабы? Эмнегедир акыркы күндөрү сабырың суз. Айтчы, катуу ооруп жүрөсүңбү? Кечээ жездең сени "толуп баратат, толуп эле баратат, ушунун боюнда жокпу, сурачы" деди. "Жинди болбочу дөөрүбөй, деп кыйкырып сен үчүн экөөбүз урушуп кеттик"-деди баёо гана. Эмне деп жооп берээримди билбей денем дүркүрөп кетти. Айласыз "мен үчүн силердин мамилеңер бузулбасын деген ойдо кетейин деп чечтим" дедим да кийимдеримди салыштырып, үйдөн чыгып кеттим. Айтылган дарек боюнча байкенин үйүн таап бардым. Тамекинин жыты, тердин жыты, андан дагы иретсиз чачылган эркектин кийимдери чакан бөлмөнү ого бетер кунарсыз көргөзүп, көңүлдү айнытып турат экен.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan